Жылдыздуу үй-бүлө

Бакыт Байсариев:
"Машинама караганда аялыма көп акча жумшайм"
- Бакыт, учурда эмне менен алектенип жатасыздар?
- Той-топур, үйлөнүү той, кечелерди уюштурабыз. Ызы-чуу болгон жерде биз жүрөбүз дегендей… "Сейтек" борборунда мен балдарга бий үйрөтөм. Жубайым да бийден сабак берет. Экөөбүз кесиптешпиз, жумушта да, үйдө да чогуу жүрөбүз. Наргиза Таластын кызы болот, мен спорт клубдардын биринде иштеп жүргөндө чыгыш бийи боюнча Наргиза сабак бергени келди. Бири-бирибизге жардамдашып, сүйлөшүп, достошуп жүрүп бир жылдан кийин кыз-жигит болдук. Төрт жыл сүйүшүп жүрүп, 2008-жылдын октябрь айында баш коштук.
- Жубайыңызды Таластын салты менен алдыңызбы?
- Бишкектин салты менен эле алдым. Таластын салтын карасам үч күн мурда келип минтип кет, беш күндөн кийин келип тигинтип кет, бир жумадан кийин антип кет дегендери эле көп экен. Эки жагын байкап отуруп өзүбүздүкүндөй эле жол-жобо менен баш кошолу деп чечтик.
- Кайын журтуңузга барганда кызмат кылып кой соёсузбу?
- Жок, эрке күйөө баламын. Кайненеме "апа, тамак жасадыңызбы" деп муздаткычты ачып калмайым бар. Кой сойгонду деле билбейм, бир-эки жолу айылдан терисин сыйрыганга жардам берип үйрөнүмүш болгом. Жиликтердин атын билгеним менен жакшы жиликтей албайм.
- Жубайыңыз менен төрт жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштуңуз. Сүйлөшүп жүргөн менен үй-бүлө күткөндүн айырмасы кандай экен?
- Үйүнө жеткизбей калдым, чогуу бир үйдө жашап калдык болгон айырма ошол. Маршрут өзгөрдү дебейинби… Мурда сүйлөшүп жүргөндө биринчи Наргизаны үйүнө жеткирип анан мен өз үйүмө кетчүмүн. Азыр болсо түз эле үйгө карай жол тартабыз.
- Бийчи болууңузга ким түрткү болгон?
- Кичинекей кезимде үйгө коноктор келсе "не в тему" бийлей берчүмүн. Апам бир күнү "Сейтекке" алып барды. Кичинемден окуган жерде азыр өзүм сабак берип жатам.
- Бий сиз үчүн эмне?
- Мага бир акылдуу адам минтип айткан да, "Танцы это такое дело куда надо вкладовать, вкладовать и в один прекрасный день ты будешь вытаскивать нереально" деп. Ал кезде мен кичинекей бала болгондуктан ал сөздөргө маани деле берген эмесмин. Азыр ошол сөздөр кулагымда жаңырып турат. Чынында мен бийге баш-отум менен берилип, сабактан калбай жакшы эле эмгек жумшагам. Эми үзүрүн көрүп белгилүү бийчи болуп отурам. Бий мен үчүн ырахат ала турган, жакшы акча таба турган кесип.
- Бир кезде сиздин "бийден чарчадым" дегениңизди окудум эле?
- Кандай десем? Бийлегенге кээде беш-алты жерге чакырышат, ал эми тамада болгондо бир эле тойду алып барасың. Анан беш-алты жерге чуркап барып кийимди улам-улам которгондон чарчагам. Жогорудагы сөздү да ушул мааниде айткам.
- Ата-энеңиздин кимисине ынаксыз?
- Апама жакынмын, мен карындашым төрөлгөнчө эрке өстүм. Он беш жашка чыкканда апам кыз төрөдү. Эрке болдум дейин десем он жашыман баштап иштептирмин, мектептен сагыз сатып акча таап иймей адатым бар болчу, бешинчи классымда троллейбуста кондуктор болуп иштедим. Ата - энеме ашыкча эркелеп "муну алып бер, тигини алып бер" деп кыйнаганым деле жок.
- Машинаңызга кантип кам көрөсүз?
- Убагында оңдотуп-түзөтүп турам. Мен унааны мактаныч үчүн эмес, бир орундан экинчи орунга барыш үчүн колдоном. Үч машинам бар, бирөөнү мен, бирөөнү келинчегим, үчүнчүсүн атам айдайт. Унааң дайыма оң болуп турса жүргөнүңө, жумуш бүтүргөнүңө деле жакшы эмеспи.
- Машинаңызга көп акча жумшайсызбы же жубайыңызгабы?
(Жубайы Наргиза сөзгө аралашып) - Машинасына көп акча жумшайт…
Бакыт: - Жубайыма көп акча коротом. (Күлүп)Мисалы, менин машинамдын төрт дөңгөлөгүнө төрт миң сом кетти, Наргизанын эки дөңгөлөгүнө беш миң сом кетти. Жубайымдын шубасы эки жүз доллар, машинамдын жабуусу эки миң сом, айырмасы бар бекен? Бир жылда төрт же беш жолу машина алмаштырам, азыр айдап жүргөн унаам эсебим боюнча тогузунчусу же онунчусу. Машинаны көп кармаган болбойт, бир жылга чейин айдап жүргөн унаа бат-баттан бузулуп оңдотконго акча кетет. Андан көрө ошол акчаны чогултуп башкасын алган оң. Анын үстүнө кечке эле бир машина айдап жүргөндөн адам тажайт.
- Наргиза, тойлордо бийлегенде акча кыстармай адат бар эмеспи, жолдошуңуз ошондой учурларда кызганбайбы?
- Той-топурда андай көрүнүштөр боло берет. Кээде Бакыт башка менен, мен башка менен бийлеп калган учурлар болот. Ал үчүн Бакыт экөөбүз урушпайбыз деле. Ал эми тойлордо акча кыстарган жагдайлар көп эле кездешет. Айрымдар орой кыстарышат, чоң ата, чоң апалар баш кийимге кыстарып, колго беришет. Анын үстүнө бийлегенде мен өтө ачык кийинбейм, менин оюмча элдер сенин денеңе эмес, бийлегениңе суктанышы керек. Тилекке каршы көп бийчилер ушуну эске албай жарым-жылаңач бойдон чыга беришет. Бий менин сүйүктүү жумушум, мага 55-58 жаштагы аялдар келип бий үйрөнүшөт. Рахматын айтышканда ырахат алам, ошол эле учурда жакшы акча табам дегендей.
- Жубайыңыз кайсы тамактын "майын" чыгара жасайт?
- Жаңы үйлөнгөндө тамак жасаганды билчү эмес, азыр болсо менин жубайыма айрым ашпозчулар жетпей калат. Элде жок салаттын түрүн жасайт, биз болсо конок келгенде кызылча менен оливье салат жасап көнүп калганбыз да, Наргиза болсо түрү менен жасагандан эринбейт. Үйгө келген коноктор да "Алмагүл эже, дасторконуңуз өзгөрүп калганбы" деп күлүп калышат.
- Экөөңүздөрдүн ортоңуздарда эмнеден улам таарыныч чыгышы мүмкүн?
- Бүгүн эртең менен тур десем турбай койду, мен да тултуюп жатып алдым. Кайра Наргиза мени тур десе мен болбой койдум. Ушул сыяктуу эркелешүүлөр көп эле болот. Көбүнчө мен Наргизаны таарынтып алып, биринчи кечирим сурайм.
- Жиниңиз келгенде кимден чыгарасыз?
- Менин жиниме тийиш үчүн көп күч жумшаш керек, ал эми жиним келгенде оңой менен токтото албайсың. Эмне кыларымды билбей калам, учурда бирөө алдыман чыгып калса ошол адамдан чыгарышым мүмкүн, эгер эч ким алдыман чыкпай калса жыйырма мүнөткө жетпей жиним тарайт.
- Кантип эс алганды жакшы көрөсүз?
- Шеринелеш достор менен кечинде кафеге барып чай ичип, чер жазышып сүйлөшүп, "Мафия" деген оюнубуз бар ошону ойнойбуз. Андан тышкары кальян чегип коём, кайда барбайлы жубайым экөөбүз бирге жүрөбүз. Жашообуз дайыма шаан-шөкөт менен коштолуп жүрөт.
- Кайсыл өлкөлөргө чыктыңыз эле?
- Дубайга январдын сегизинде кетип он сегизинде келдик. Жубайым менен эл көрөлү, жер көрөлү, бий көрөлү деп ошол эле учурда концерт уюштура келели деген жакшы максаттар менен аттанганбыз. Кудайга шүгүр, бардык ой-тилегибиз ишке ашты. Жети килограмм кийим ала кеткенбиз, кайра келээрде жетимиш килограмм болуп, аэропорттон кимдин жүгү аз деп кыргыздарды карасам алардыкы меникинен көп, Дубайды көчүрүп келишти окшойт.
- Дубайдын эмнеси жакты, эмнеси жаккан жок?
- Баардык мааниде алып караганда "порядок" бар экен. Шаар таза, эли тартиптүү, уруп кетейин, согуп кетейин, алып-жулуп тоноп кетейин деген түшүнүк жок экен. Он күндөй эле жүргөндүктөн жакпаган жактарын байкай алган жокмун.
- Канча тилде сүйлөй аласыз?
- Түркчө, өзбекче, уйгурча, орусча, кыргызча, француз тилдеринде сүйлөй алам. Уйгур, өзбектердин тоюн алып барып алардын тилдерин өздөштүрдүм. Түрк досторум бар алар менен сүйлөшүп жүрүп түрк тилинде сүйлөгөнгө жетиштим. Француз тилин университеттен окудум.
- Алдыга койгон пландарыңыз?
- Там салуу, бак тигүү, толтура балалуу болуу. (Күлүп) Дагы бир топ машина алмаштыруу деген пландар бар. Дубайга да балалуу болууну пландап барганбыз. Негизи үйлөнгөндөн кийин бир жыл өзүбүз үчүн жашап, анан балалуу болууну максат кылдык. Анткени, баласы бар досторумду карасам конокко бири барса, экинчиси бала карап калып калат, экөө тең келсе "үйдө сиңдим же иним бала карап калды эле" дешип кеткиче шашышат. Айтор, ыңгайсыздыктар көп эле болот экен. Ушул жагдайларды эске алдык, мен тараптан, Наргиза тараптан эч ким сурабайт, дос-тааныштарым эле "качан балалуу болосуңар?" деп сурай беришип тажатышты.
Анара Дүйшөналиева