Айымдар мырзаларга

Жан шеригиңизге эмне белек бересиз?
Аялзаты белек алуу үчүн жаралгандай сезилет. А эркектер белек берүү үчүн. Ошого карабастан эркектер жылына эки жолу айымдарга эркелеп алышат экен. Туулган күнүндө жана 23-февралда. Бүгүн Ата Мекенди коргоо күнүндө белгилүү жигиттердин айымдары эмне белек даярдап сүйүнтөт болду экен. Чогуу билели анда.


Назира Айтбекова:
"Акырын кылтыйып качып кетем"
- Биз негизи 23-февраль күнүнө анча маани бербейбиз. 23үн аттап эле 8-мартка кирип кетебиз. Мен 23-февралды эркектердин майрамы эмес, жоокерлердин майрамы деп эсептейм. Искендер деле аскерге барган, бирок бул майрамды "чек арачылардын, аскерлердин майрамы" деп билем. "Менин күйөөмдүн ал жакка тиешеси жок" деген шылтоого жамынып алып, акырын кылтыйып качып кетем.

Гүланда:
"Аны оригиналдуу белек күтөт"
- Мен алдын-ала бир нерсени пландабай "шарт" эле бир нерсе ойлоп тапканды жакшы көрөм. Бүгүн деле дүкөндөрдү кыдырып, оригиналдуу белек алганга али убакыт бар. Мен кандай нерсе алсам да жолдошума жагаарына ишенем.

Айида Дөөлөтбакова:
"Өз колумдан оригиналдуу белек бар"
- Саматка керектүү болгон буюм-тайымдардын бардыгы эле бар. Азыр даяр белектерди даярдап саткан жайлар толтура эмеспи. Бирок мен андай даяр белекти сатып алып бергим келбейт. Өзүм бир нерсени фантазиям менен даярдаганды жакшы көрөм. Анткени өзүңдүн фантазияң менен гана оригиналдуу белек даярдай аласың. Өз колум менен жасаган белекке кошуп, куттуктоо баракчасын да кошо берем. Куттуктоо баракчасы да өз колумдан жасалат. Ал эми оригиналдуу белектин атын атабайм. Анткени Самат силердин гезитти таң атпай алып окуйт. Окуп алса, кызыксыз болуп калат да.

Кыял
Шаршеева: "Өзүм белекмин"
- Мен белек бергенден да алганды абдан жакшы көрөм. А бирок туулган күнүндө белек бергенди унутпайм. Ал эми бир гана 23-февраль эмес, башка майрамдарда да куттуктаганды унутуп калсам, Кайрат "Мага өзүң эле белексиң" деп калат. Ошондуктан бул күнү да ага өзүм эле белекмин.

Айчүрөк Иманалиева: "Чөнтөгүмө карап анан…"
- Биз эми майрамдарда дайыма эле иштейбиз да. Элдин көңүлүн көтөрүп дегендей. Мен бир гана жездеңерди эмес, үч эркекти куттукташым керек. Биздин үй-бүлөдө үч эркек да. Буюрса, бул күнү чөнтөгүмө карап анан көңүлүмөн чыккан белегимди берем.

Саадат
Карасартова:
"Атыр алып
койдум"
- Быйылкы жылы Ата Мекенди коргоо күнүнө өзгөчө даярданып жатам. Буюрса, дасторконумду кенен жайып, Токтобек жакшы көргөн тамак-аштардын бардыгын жайнатам. Жолдошум көптөн бери эле бир атырды айтып, алам деп деп жүргөн. Ошол атырын алып койдум. Анан жакшы сөз жан эргитет дегендей, тамак алдында жакшы сөздөрдү айтып, майрамы менен куттуктайм.

Лира Медетбек кызы: "Өзгөчө
майрамдатам"
- Эмне белек берээримди дагы эле ойлонуп бүтө элекмин. Башкысы, Замирди быйыл өзгөчө майрамдатам.

Назгүл Үмүталиева:
"Эртең менен эрте
керебетке…"
- Жолдошум төшөктөн тура электе жаткан жерине даамдуу тамак жана кофе алып барып берем. Анан белек тапшырам. Негизи мен ага жаккан же жок нерсесин акырын алып коём. Көбүнчө кийим-кечек белекке бергенди жакшы көрөм. Бул жолкусунда Максатка спорттук кийим алып койдум. Бирок, жолдошум менден белек алганды жаман көрөт. А мен ага көнбөй эле ар кандай "сюрприз" кылганды жакшы көрөм.

Төлөбүбү Касымалиева