Дүйнө тааным үчүн

Техаста чупакбара табылды
Техастын Форт-Уорт шаарында таңкалыштуу жаныбардын өлүгү табылды. Форт-Уорд зоопаркынын кызматкерлери жаныбардын сөөгүн текшерүүдөн өткөрүп, буга чейин мындай укмуштуу нерсени көрбөгөнүн айтышып азырынча жыйынтык чыгарууга шашкан жок. Же итке, же карышкырга окшобогон жандык илимде чупакбара деген атка конду. Шаардын четинде жашаган тургундар жайыттан малга белгисиз жырткыч кол салып жатканын кабарлашкан. Эми бул жаңы ачылыштын чоо-жайы такталып эмне болгон жандык экени аныкталат.

Презервативди өлчөөчү кесип талашка айланабы?
2007-жылы "Durex" компаниясы эң кызыктуу кесип ачышкан. Тактап айтканда презервативди өлчөп иштегиси келген уландарга сынак жарыялашкан. Анда иштегиси келген жигиттин жашы он сегиз жаштан кем болбошу керек болчу. Ал эми кызматтын акысы 800 долларга бааланган. Сынактан 200 улан өтүп, компаниянын ити чөп жей баштаганы көпчүлүккө маалым. Бирок, аталган компания "эркектердин аң-сезимин бузуп, ойго келбеген жорукту баштап жатышат" деген пикирлерин билдиргендердин саны күн санап өсүүдө. Эгерде компанияларга каршылаштар көбөйсө эксперттер "Durex" ишканасы жабылышы да мүмкүн деген пикирлерин билдиришүүдө.

Күндүн кескин жылышы айрым өлкөлөрдүн жоголушуна өбөлгө түзөт
Окумуштуулардын айтымында күндүн жылышы бир нече өлкөлөрдүн жоголушуна түрткү болот. Алтымыш жылдан кийин болгон муздун баары ээрип, жашоо таптакыр башка нукка өзгөрөт. Антрактидада акыркы элүү жылдан бери аба ырайы 2,5 градуска жылыды. Ал аймакта азыркы тапта кардын ордуна жаан жаап жаткан учур. Окумуштуулар көптөн бери баш катырып абанын жылышына Күн себеп болгонун аныкташты. Анткени күн аябай катуу тийгендиктен Марста да муздар ээрип баштады.

Адам эмнеге бат картаят?
Өз жашынан алда канча улуу көрүнгөн адамдарга көп эле кездешип жүрсөңүз керек. Эмнеден улам адам өз жашынан кары көрүнөт деген суроого Британиялык адистер төмөндөгүдөй түшүндүрмө беришти. Айрым ата-энелердин генинде биологиялык белгилер бар. Бул белгилер илимий тилде "катализатор" деп аталат. Статистика боюнча "катализатор" адамдардын 7% да кездешсе, 55% мындай белги караманча жок. Ошондон улам адамдын тез картаюусу убакытка, жаман адаттарга эле эмес, гендерге да байланыштуу. Кээ бир адамдар жаңы төрөлгөндө эле бул белги дароо байкалат.




Маалымат майданында
Курманбек Бакиев АКШдан
келген атайын өкүл менен жолугушту
Афганистан менен Пакистандагы АКШнын атайын өкүлүн өлкө башчы кабыл алды. Жолугушуу учурунда өкүл Кыргызстан АКШ менен болгон кызматташууга жакшы маани берип жатканын баса белгиледи. Курманбек Бакиев өлкөнүн кырдаалын кыскача баяндап, экономикалык өсүштөр болуп жатканын баса белгиледи. Ричард Холбурк журналисттер менен жолугушкан жок, сапарын андан ары Душанбеде улады.


"Өзбекстангаз"
Ош облусуна газды көбүрөөк өлчөмдө берет
Үстүбүздөгү жылдын 21-февралынан баштап Ош облусуна газды көбүрөөк өлчөмдө бере баштайт. Бул маалыматты Ош облусунун газ чарбасынын башчысы Пакир Алимов билдирди. Мурда коңшу өлкө 40% газ менен камсыз кылса, азыр ал көрсөткүч 60% ды түздү. Өзбекстан Ош шаарынын 80% газ менен камсыздай алат.

Таласта РЭСтин орун басары пара алган деп шектелүүдө
Талас облусунун Райондук Электр Станциясынын башчысынын орун басары пара алганы үчүн сурак берип жатат. 21-февраль күнү Көпүрө-Базар айылынын тургуну милиция кызматкерлерине кайрылган. Арызында башчынын орун базары электрэсептегич орноткону үчүн 1000 сом менен бир кой талап кылган. Териштирүү иштери жүрүп, жыйынтыгында 1963-жылкы Таластын РЭСинин орун басары Д.Н. кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Нарын облусунда кар көчкү аттырылат
24-февралдан баштап Бишкек-Нарын-Торугарт, Арал-Миңкуш, Казарман-Кош-Дөбө, Казарман-Нарын жолунда кар көчкүлөр аттырылат. Аттыруу учурунда коопсуздук кызматкерлери жүргүнчүлөрдү кылдаттык менен карап, жогорудагы аталган жолдор убактылуу жабылышы мүмкүн. 24-февраль күнү коопсуздук кызматкерлери Нарын облусуна аттангандарга өзгөчө кылдат болуусун эскертишет.

Эки жолу кыз зордуктаган зөөкүрдүн иши каралат
Жогорку сотто эки ирет кыз зордуктаган Хамзы Шоруевдин иши каралат. Эсиңизге салсак, Хамзы Шоруев кыз зордуктап камакка алынгандан кийин жаза мөөнөтү бүтө электе эле белгисиз себептер менен бошотулуп, азаттыкка чыгаары менен сегиз жаштагы бир кызды зордуктап камалган. Бул чуулгандуу окуя Көк-Жаңгак шаарынын тургундарынын нааразычылыгын туудуруп, 400 адам көтөрүлүшкө чыгышкан. Учурда кылмышкердин иши облустук соттон Жогорку сотко өткөрүлүп берилди. Шураевдин кандай жаза алаары 25-февраль күнү чечилет.

Уурунун жолу кууш
Ош шаарынын 42 жаштагы тургуну 19-февраль күнү дүкөнүн тонотуп 107 миң 400 сомдук товарын жоготконун билдирген. Милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп, Ош шаарынын тургуну 21 жаштагы М. А. шектүү деп кармашты. Үйүнөн айрым товарлар табылып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.




  Спорт-world

Олимпиададан акыркы жаңылыктар
20-февралдагы мелдештин жыйынтыгында австриялык, швейцариялык, швециялык, түштүк кореялык голландиялык жана кытайлык спортчулар өнөрү менен таанылып баш байгелерге ээ болушту.
Лыжа менен бийиктиктен секирүү-трамплин мелдештеринде швейцариялык Симон Амманн биринчи орунду ээлеп, 144 метрден алыс секире алды. Экинчи орунду Польшалык Адам Малыш ээлеп күмүш байгеге, ал эми австарлиялык Грегор Шлиренцауэрг коло медалга арзыды.
Кыз-келиндер арасында тоо лыжасынын супер-гигант жарыштарында австриялык Андреа Фишбахер алтын медалга, Словениялык Тина Мазе экинчи, АКШынын өкүлү Линдсей Вонн үчүнчү орунга татыды.
Эр-азаматтар 30 чакырым аралыкка лыжа менен жарышып төмөндөгүдөй байгелерге ээ болушту. 24 жаштагы швед Маркус Халлер бардык атаандаштарын артка калтырып Ванкувер олимпиадасынын чемпиону аталып алтын медалга арзыды. Анын өнөгү, мекендеши Юхан Олссон марага үчүнчү келип коло медаль тагынса, германиялык Тобиас Ангерер күмүш байгеге татыды.
Эр-азаматтар 1000 метрге шорк-трек коньки мелдешинде таймашып, мыктылары иргелип алынды.
Акыркы финалдык жарышта түштүк кореялык Юнг-Су Ли олимпиадалык рекордго чек коюп баш байгенин ээси болду, анын мекендеши Хо Сук Ли дагы чеберчилиги менен айырмаланып марага экинчи болуп келип күмүш медаль тагынды. Жарышта үчүнчү болуп келип Америкалык Антон Оно Аполо коло медалга ээ болду.
Кыз-келиндер 1500 метрге шорт-трек коньки жарыштарында күч сынашты. Жыйынтыгында кытайлык Чжау Ян марага озуп келип, Ванкувер олимпиадасынын чемпиону аталып, алтын байгени олжолоп кетти. Түштүк Корея өлкөсүнүн өкүлдөрү Юн Бюл Ли жана Сын Хи Пак шорт-трек жарыштарында мыкты даярдыгын айгинелеп, күмүш жана коло байгени колдон чыгарышкан жок.
Ванкувер олимпиадасында лидерликти Америка Кошмо Штаттарынын командасы колдон чыгарбай, биринчи орунда ишенимдүү баратат. Учурда алар 6 алтын, 7 күмүш жана 11 коло медаль утуп, бардыгы 24 байгелүү болушту.
Экинчи орундагы Норвегия өлкөсү учурда 5 алтын, 3 күмүш жана 3 коло медаль утуп алышты.
Учурда жеңип алган 4 алтын, 6 күмүш жана 4 коло медалдары менен Германия өлкөсү үчүнчү катарда турат.
Кечээ оюн ээси - Канада өлкөсү 4 алтын, 3 күмүш жана 1 коло байгени утуп алуу менен төртүнчү орунда келаткан болсо, учурда Түштүк Корея аларды бир тепкичке ылдый түшүрдү. Себеби кореялыктардын бир күмүш байгеси канадалыктардан көп.
Азия аймагынан Кытай өлкөсү да таанылып, 5 медаль утуп алууга жетишти. Анын үчөө алтын, бирден күмүш жана коло байге болуп саналат.
Орусия болсо учурда 1 алтын, 2 күмүш жана 2 коло байгеси менен 12-орунда турат. Бир күмүш медалы менен Казакстан учурда 23-орунда келатат.
Олимпиадалык мөөрөй талашып жаткан 82 өлкөнүн ичинен 26 мамлекет гана байгелүү орундарга жетишти.
Өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун айтымына караганда кыргызстандык Дмитрий Трелевский тоо лыжасынын слалом жарышына катышып, 23-февралда өлкөнүн намысын коргойт. Ал эми Кыргызстандан барган Ольга Решетникова спринтте жарышып 54-орунга ээ болду.
Маалымат "Азаттык"
сайтынан алынды