Кызык инсан Хохолдор шайлаган президент Украинанын Жогорку Радасынын мурунку депутаты Виктор Янукович 2004-жылы эле Украинанын президенти болгусу келген. Бирок, "адашы" Виктор Ющенкодон утулуп калып, ыза болгон. Күрөшкө тойбогон Янукович 2010-жылы кайрадан президенттикке талапкерлигин коюп, бул жолу "утуу бактысына" ээ болуп отурат. Ошентип, президенттик такка жаңы эле отуруп, "Ө-хх" деп жеңилдеп турган Виктор Федорович Янукович жөнүндө кеп кылсак . Бешиктен бели чыкпай жатып түрмөгө түшүп… Янукович ата-энесинен эрте ажыраган. Эки жашында апасынан ажыраса, беш жашында атасынан ажырап, чоң-энесинин колунда тарбияланган. Мектепти аяктаган Витя Енакиевкийдеги Тоо-кен техникумуна тапшырат. Техникумдан эки жыл окуп окуй электе эле "талап-тоногуч" атка конуп, өзү теңдүү өспүрүмдөр менен бирге жашы жете элек балдар колониясына айдалат. 1969-жылы жакшы жүрүм-туруму үчүн ал жерден мөөнөтүнөн эрте бошотулат. Жыл айланбай кайра эле бирөөнү токмоктогону үчүн эки жылга түрмөгө түшөт. Тууганыбы, таанышыбы ким билсин, СССРдин жогорку советинин депутаты, летчик-космонавт Георгий Берегов Януковичти темир тордон чыгарып өзүнө жардамчы кылып алган. Азыркы президент кийин ал "кара тамга" менен жазылып калган окуяны жокко чыгаргысы келип, "биринчи жолу "талап тоноо үчүн" эмес, мушташып жаткан балдарды четте карап турганым үчүн, экинчи жолу бир кызды хулигандардан коргойм деп камалгам" деп актанган. Ушунусун саясаттагы "санаалаштары" Януковичти дискредитациялоо үчүн көп жолу колдонушкан. Ал жөнүндө аз аздан… - Ю.Тимошенко эгерде Янукович президент болуп калса өлкөнү "смотрящийлер" тейлеп калаарынан коркот. - Виктор Янукович Юлия Тимошенкону 3,48% айырма менен жеңип алган. -Янукович Ю.Тимошенко менен бирге чакырылган теледебатка келген эмес. - Януковичтин экинчи уулу Виктор да саясатчы. Ал Украинанын Жогорку Радасынын депутаты. - Янукович көгүчкөндү багып, аны көкөлөтүп учургандан рахат алат. Буга карама-каршы келген дагы хоббиси-бул аң улоо. Ал аң улоого чыгаардын астында топозду кантип колго түшүрүү схемасын чийип алат. - Январь айында грузиндердин ММКсы "Виктор Янукович Грузиянын экс-президенти Эдуард Шеварнадзенин никесиз уулу" деп жазып чыгышкан. Аны уккан Янукович боору эзилгиче күлгөн. - "Биз Кудайдын алдында пенде болгонубуз менен кээде жылдыз төлгөнү окуп коём" деп айткан. Муну уккан журналисттер жөн турбай, Януковичтин жылдыз белгиси боюнча сюжет даярдап жиберишкен. Аны көргөн президент "Дароо айтам, муну мен заказ кылган эмесмин" деп кутулган. Янукович "профессор" Виктор Януковичтин эки жогорку билими бар деп айтылган менен анын "профессор" деген какшык аты бар. Докторлук диссертациясын жактап, 50 монографиялык иштердин авторлошу болгону менен андан документтерди толтурууда, сүйлөгөндө кетирген орфографиялык жана грамматикалык каталарды байкоого болот экенин ММКтары какшап келишет. Мисалы үчүн, анкетасында даражасы деген жерде профессор деп жазылган "профессор" бир курдай эл алдында сүйлөп жатып Афон тоосу Палестинада жайгашкан деп оозу-мурду кыйшайбай туруп айткан. Ошондой эле белгилүү жазуучу А.Чеховду акын деп атап, белгилүү акын аял Анна Ахматованы Анна Ахметова деп алып уят болгон. Жер-жерлерди кыдырып үгүт иштерин жүргүзүп жүргөн кезинде Львов шаарына барып калат. Анда Львов шаарынын жашоочуларын өлкөнүн эң сонун "геноциди" деп атаган. Качан гана жанындагы жардамчысы кулагына бирдемени шыбыраган соң, "генофондду" "геноцидге" алмаштырып алганын айтып кечирим сураган. "Үч бурчтук" Жаңы шайланган президенттин инаугурациясы 25-февралда Киевде өтөт. Украинанын үчүнчү жана эми экс-президенти Виктор Ющенко инаугурацияга катышпасын билдирди. Анүстүнө Юлия Тимошенко шайлоо учурунда бузулган мыйзамдын тогуз томун (документтерди, видеоматериалды) чогултуп сотко өткөргөн. Ющенконун жаман оюнда сот туура чечимин чыгарса, инаугурация болбой да калышы мүмкүн. Учурда инаугурацияны өз орду менен өткөргөнгө Украинанын казынасында акча жок. Негизи бул иш-чарага 10 млн. гривен каралыш керек. Ал эми 2005-жылы Ющенко инаугурацияга 4,5 млн гривен сарптаган. Акчанын суммасы эле көп нерсени айтып турса да Янукович "Мен эл алдында шоу тартуулагым келбейт" дейт.Эмне болсо дагы Виктор Ющенко президент деген статус менен 23-февралда акыркы жолу туулган күнүн белгилейт. Ал 16-февралда акыркы коштошуу пресс-конференциясын өткөрдү. Ал өз сөзүндө "Мен өлкөнү оңдош үчүн күрөшкөн кичинекей солдат болдум. Мен жакшы иштеп келатканда…" деген сыяктуу сөздөрдү сүйлөдү. Ющенко минтип сүйлөгөнүнө карабай, экономика министри Сергей Тигипко "Ал эмгекти сүйбөгөн адам. Ал түнкү саат 2-3 кө чейин уктабаганынын кесепетинен, маанилүү жолугушууларга 2-3 саат деле кечигип келген учурлары болгон. Анын столунун үстү дайыма чачык болуп турчу" деп абийирин ачкан. Бул сөздү ал жаңы президентке сабак болуш үчүн айтканыбы же… Ал эми Янукович Ю.Тимошенкодон эмнеси менен айырмаланаарын сураган журналисттерге "Мен андай көп сүйлөбөйм. Анын көп учурда сөзү менен иши дал келбей калат. А мага сүйлөгөндөн көрө иштеген жеңилирээк" деп жооп берген. Саясаттагы бул "үч бурчтук" канчага чейин кармаалар экен. Же экөө биригип бирөөнө кайым айтышып жүрө беришеби, аны да турмуш өзү көрсөтөт. Аялы кандай болду экен? В. Януковичтин жубайы Людмила Александровна жакын адамдардын айтымында "Үйдө жакшы жар жана жакшы эне. Ал ар адамга сүйлөшкөндөн кийин жакшы таасир калтыра алат. Бирок, сөзгө чечен эмес. Тескерисинче токтоо, адамдарга ыңгайлуу шарт түзүп бергенди жактырган айым". Анын токтоолугун ушундан да байкасак болот: 2004-жылдагы "кызгылтым революция" учурунда башкалардын экинчи түгөйлөрүндөй болуп "фондон" бир да көрүнгөн эмес. Токтоо Людмила ырдаганды абдан жакшы көрөт. Бирок, өзүнүн бул талантын публикага көп жерде такыр көрсөтпөйт. Ал эми үй-бүлөлүк майрамдарда, мисалы, Жаңы жылда жолдошуна арнап ырдагандан тартынбайт. Людмила жолдошуна ыраазы болуп, "Бизди Кудай табыштырган" деп көп айтат. Кудай аларды Виктор 19, Люда 20 жашында табыштырган. Енакиевскийдеги металлургиялык заводдо иштеп жүргөн Людмиланын бир күнү кокусунан бутуна кирпич түшүп кетет. Ал жерде газовщик болуп иштеген Витя жардамга чуркайт. Жардамга муктаж кызды "каптеркасына" алып барып, ысык чайдан берип, сооротуп… Ошентип, экөөнүн ортосунда сүйүү пайда болгон. Азыр президенттин жубайы "Жүрөктөн жүрөккө" кайрымдуулук фондун жетектейт. Людмила Киев жана Донецк шаарында алмак-салмак күн кечирет. Донбасстагы жергиликтүү театрдын актерлору ойногон спектаклдерди үзбөй көрөт. Бет-ачаар спектаклдер болгон сайын театрдын уюштуруучулары атайын ак сөөк айымга арнап эки билет алдыңкы орундан алып коюшат. Ошондой эле президенттин аялы супермаркеттерге өзү кирип кыдыргандан уялбайт. Бир нече күн мурда эле журналисттер анын супермаркетте жүргөнүн көрүшкөн. Анын сүйрөп жүргөн "тележкасынын" ичинен полго салган кичинекей килемче, сыр менен колбаса жана аялдарга керектүү косметикалык буюмдарын байкашкан Эльмира Мадиева |