Өнөр өргөөсү

Эрнияз Анарбай уулу:
"Ар бир ишимде жылкы жаныбары бар"
Шаарыбыздагы белгилүү "ЭРНАРТ" дизайн студиясынын жетекчиси, скульптор, сүрөтчү, заманбап дизайнер ошондой эле "Обон" гезити уюштурган "Эң мыкты эл ырчысы-2008" сыйлык кубогунун автору, Эрнияз Анарбай уулу биздин мейманда.

- Эрнияз, быйыл Курманжан Датканын 200 жылдыгына карата конкурска катышып жатыпсыз...?
- Курманжан Датканын 200 жылдыгына карата конкурс уюштурулуп, ага мен эки-үч композициямды таштап келдим. Азырынча конкурстун жыйынтыгы чыга элек.
- Конкурстун талабы боюнча сиздер кандай ишти аткардыңыздар?
- Бул жерде болгону жасаган жумушуңа номер коюп, алып барып тапшырасың. Аты-жөнүң, даректериң жазылбайт. Комиссия карап чыгат да жаккан номерин тандашат.
- Учурда дагы кандай композицияларды жаратуудасыз?
- Учурда дагы деле кыргыздын колоритин сактаган эмгектерди жаратып, "Кыз куумай", "Көк бөрү", "Ат чабыш", "Мөөр атуу"ж.б бир топ улуттук оюндарды чагылдырган чакан скульптураларды жасоодомун. Биздин оюндар казактардыкына окшошуп кетет го, ошон үчүн алар дайыма мага заказ берип турушат. Былтыркыга караганда быйыл реклама менен көп иштебестен, скульптура жасоого басым жасап жатам. Мен жылкыга абдан жакынмын. Кандай гана композициям болбосун сөзсүз түрдө жылкы жаныбары кошулат. 2008-жылы сиздердин "Обон" гезити уюштурган "Эң мыкты эл ырчысы-2008" сыйлыгынын кубогун жасап бербедим беле. "Обон" дегенди укканда эле терең ойлонуп баштагам. Анткени, гезит публиканыкы болгондуктан "Арзандын тузу татыбайт" дегендей кылбай, сыйлыктын мыкты болушуна абдан аракет кылгам. Кыргызда "Түндүгүбүз бийик болсун", "Түндүк кулабасын" деген улуу сөздөр бар эмеспи. Анан мен түндүктү алып, кыргыздын обону комузда сакталгандыктан, үч кыл комузду түндүккө отургузгам. А быйылкы "Алтын комуз" сыйлыгын жасоодо да өзгөчө идеялар келип жатат. Быйыл ошол эле түндүк менен комузга Ала-Тоонун кылымдан бери ээрибей келе жаткан ак мөңгүлөрдү хрусталь менен жасап, анын үстүнө түндүк менен комузду отургузабыз. "Обон", "Алтын комуз" деген жазуулар алтын тамгалар менен жазылат. Түндүктөн тийип турган күн, мөңгүлөр, комуз, кыскасы кыргыз элинин жашоосун, жүзүн чагылдырат. Мындай сыйлык буга чейин Кыргызстанда болгон эмес. Керек болсо "Алтын комуз" сыйлыгын мамлекеттик деңгээлде тапшырса болот. Эмне үчүн эмгеги сиңген ишмерлерге, Эл артистерине мындай сыйлыктарды берсек жарашпасын.
- Скульптурага керектелүүчү материалдарды кайсыл жактан алып келесиз?
- Сапаттуу мрамор таштарды Өзбекстандан өзүм алып келем. Кыргызстанда деле таштардын бир нече түрү бар. Бирок, аларды кесип, тазалап, даяр кылуучу техникалар жок. Ошондуктан даяр таштарды чет жактан алып келебиз. Андан сырткары Пекинде иштеген достор менен келишим түзүп, чоң долбоордун үстүндө иштейин деп, Кытайдан скульптурага керектелүүчү жабдыктарды, аппараттарды алып келейин деген пландарым бар. Келишимдерди иш жүзүнө ашырып алсам, буюрса, шаардын борборуна скульптура боюнча өзүмдүн жеке фирмамды ачам. Чет өлкөлүктөр биздин улуттук оюндарга, каада-салтыбызга, улуттук буюмдарбызга абдан кызыгышат эмеспи.
- Ар бир жасаган эмгектериңизди кантип сактап каласыз?
- Жасаган эмгектерди бирден сактап койгонго эмнеге болбосун. Бирок, тилекке каршы менин андайга азыр шартым жок. Анткени, бир скульптуранын баасы болжолдуу түрдө беш миң доллар турат. Ошондуктан азырынча ар бир жасаган композицияларымды жөн гана сүрөткө тартып алуудамын.
- Сизге заказ кылынган буюмдар кардарга жакпай калган учурлар болобу?
- Андай учурлар менин практикамда кездеше элек. Себеби, кардар менен олуттуу мамиле жасайбыз. Башта айтып өткөндөй бир эле композицияны жасаш үчүн бир айдан ашык убакыт талап кылынат дебедимби. Ошон үчүн кардар нааразы болбогондой, алгач буюмдун формасын чоподон, жумшак материалдан жасап, кардардын өзүнө каалагандай өзгөртүп, оюндагыдай кылып көрсөтүп беребиз. Кардар "Бүттү, ушундай болуш керек" деген чечим чыгаргандан кийин гана катуу материалга которобуз. Андан кийин эч кандай ката кетпейт.
- Жаштар департаментинин мамлекеттик сыйлыгында сиздин фамилия барбы?
- Азыр ал сыйлык Чыңгыз Айтматов атындагы болуп калбадыбы. Өзүмдүн эмгектеримди карап отуруп, эки жыл катары менен документтеримди тапшыргам. Эч кандай жыйынтык болгон жок. Менимче, жасаган эмгегиңди көрсөтпөй эле, акча берип, ортого тааныш-билиш салсаң алат окшойсуң. Анткени, колунда бар адамдар, анан да мурунку жылы алгандар кайра алып жаткандарына караганда.
- Буга чейин сизге мамлекеттик кызматтарда иштөө боюнча сунуштар түштү беле?
- Сунуштар көп эле түшөт. Маданият министрлигине иште дегендер болгон. Андан сырткары бир топ жогорку окуу жайларына скульптура боюнча сабак бербейсиңби дешкен. Чынын айтканда мамлекеттик жумуштардын айлык маянасына канааттанбайм. Ал жактан бекер гана убактың коройт. Азыр кудайга шүгүр, өзүм түптөп келаткан "ЭРНАРТ" жеке дизайн студиям бар.
- Чыгармачылыгыңыз жөнүндө бир топ сөз козгодук окшойт. Келиңиз, жеке жашооңузга көңүл буралы. Былтыр бойдокчулук менен коштошуп, бизди жеңелүү кылдыңыз эле?
- Ооба. Былтыр Таласка күйөө бала болгом. Келинчегимдин аты Нурзада, медицина тармагында иштейт. (Күлүп) Чынын айтсам мага үйлөнгөн жакты. Үйгө барсаң тамак даяр, кийимиң жуулган, баары ойдогудай. Азыр жеңеңердин боюнда бар.
- Анда келинчегиңиздин кареги менен тең айланып жаткан кезиңиз экен да?
- Ошондой десем да болот. Боюнда бар аялдын мүнөзү өзгөрөт деп коюшат го. Учурда Нурзаданын да ачуусу чукул болуп, кыялы өзгөрүп жаткан кези. Башында лимонго талгак болуп бир-эки килограмм лимондун согун сыгып бир заматта ичип жатты эле. Азыр талгагы өтүп кетти окшойт.
- Сиздин көңүлүңүздү кантип алып жатат?
- Өзү ашканада абдан жакшы. Манты менен бешбармакты даамдуу жасайт. Ал тамактарды көргөндө көңүлүм өзүнөн-өзү көтөрүлөт дебейинби.
- Дизайнердин келинчеги ким экенин билдик. А үйү кандай болду экен?
- "Устанын тогосу жок"дегендей, бул суроону досторум да тийишип көп беришет. Анан үйгө келип көрүшкөндө "А дизайнердин үйү ушундай эле болуш керек да"дешип, күлүп калышат. Эки бөлмөлүү үйүбүз, чыгыш стилинде жасалган. Кыскача айтканда кайсы буюм кандай туруш керек, үйдүн жасалгасы кандай болуш керек экени менин табитиме ылайыкташтырылган.
Айнура Касымова