Шоу дүйнө

Бир ырдын тарыхы
Официант кыздарга
арналган ыр
Төкмө акын Ашыраалы Айталиевдин "Сагынганда" (эл арасына "Нарындан жазган салам кат" деп тараган) аттуу ырынын тарыхын 2005-жылы автор мындай деп айтып берген эле.
- 1958-жылдын декабрь айы эле. Кычыраган кышта чоңдор: "Тянь-Шань" театрын ачканга жардам бергиле"-деп, үч-төрт кишини Нарынга жөнөтүп, акчаны алдын ала беришти. Берилген акча Фрунзеден чыга электе эле жок болду. Калганын санасак, поезд менен Балыкчыга жетчүдөй эле акча калыптыр. Айла жок, темир жолго барып, поездди күтүп отурдук. Күн суук. Курсак ач... Үшүгөнүбүздөн не бар, не жок деп, тамак ичкени ресторанга кирдик. Анда мен 31 жашта элем, таанылып калган кезим. Официант кыздар бизди таанып, жакшы сыйлашты. Таанышкандыгыбыз үчүн тост көтөрдүк. Кызуу болуп поездге чыктык. Кыздар чөнтөгүбүзгө акча салып, ыйлап узатып калышты...
Ошентип Балыкчыга келдик. Ал жерден машинага олтуруп, Нарынды көздөй
жөнөп баратканда ыйлап калган кыздар көз алдыма тартылып, оюма ыр келе баштады.
"Айрылуу кыйын жаштарга,
Мен алыска бара жатканда.
Калдың деп Чүйдү карадым,
Долондун белин ашканда" деп ичимден кыңылдай баштадым. Кыңылдап олтуруп, обону менен "Сагынганда" аттуу алты куплет ыр жараттым. Аталышы ушундай болгону менен, эл арасына "Нарындан жазган салам кат" деген аталыш менен белгилүү болду.


  Сагынганда

Сөзү, обону: Ашыраалы
Айталиевдики

Жаш элек шайыр шаттанган,
Алыска сапар аттанган.
Кыймылдап поезд баратса,
Кылгырып көздөн жаш тамган.

Бир букет гүлдү сунаарда,
Күйүттүү күнгө капталгам.
Саламат баргын агай деп,
Узатып калдың вокзалдан.

Толкунун жиреп абанын,
Учуна жетпей санаанын.
Убара болуп кылчактап,
Артымды улам карадым.

Караган менен көз жетпей,
Капкайда калды карааның.
Качан бир жыттаар экемин,
Кагаздан аппак тамагың.

Жөнөдүм Нарын калаага,
Ынагым сенсиң садага.
Жүзүңдөй бышкан мөлтүрөп,
Көзүңдөн жаным садага.

Ойлосом көңүл болот шат,
Көрүшсөм деймин кайра бат.
Театр ачып жатканда,
Нарындан жазган салам кат.




"Соолуган гүлдөр"
жаңы тасмасы
Жакында "Резонанс" студиясы биринчи жолу "Соолуган гүлдөр"аттуу жаңы фильмди тартуулашат. Анткени, буга чейин аталган студияда жалаң гана клиптер тартылып келген. Фильмдин сценарийин жазган Азат Джакыпбеков тасмада өзү башкы терс каармандын ролун аткарат экен. Отуз пайызы чындыктан алынган фильмдин негизги мазмунунда жакын достор сүйүүнүн айынан душмандарга айланышканы камтылган. Кошумчаласак, режиссёр Нургушаев Тынчтыктын айтымына караганда учурда фильмдин 80 пайызы тартылып бүтүп калыптыр.


ЭлТРдин эфиринде эмне кеп?
Жаздын келиши менен ЭлТР коомдук телерадио компаниясында бир топ жаңы долбоорлор, жаңы программалар көрсөтүлө баштайт. Алардын ичинен март айынын башында "Манасчы"деген аталыштагы жаңы долбоор эфирге чыгаарын билдиришти. Көрсөтүүнүн алыпбаруучусу манасчы Замир Баялиев ар бир чыгарылышта бирден манасчыны эфирде эмес, белгилүү инсандардын үйүндө айттырат. Эгерде телекөрүүчүлөр тарабынан үйүндө отуруп алып манас угууну каалагандар болсо, телеканалдын дарегине байланышсаңар болот.


Кубаныч баласынын кыркын чыгарды
Ырчы Кубаныч Сатаевдин уулуна ысымды кайын энеси Саламат Садыкова "Неберемдин аты Алишах болсун. Араб тилинен которгондо "Кадыр барктуу хан, башчы"деген маанини билдирет экен. Анда уулубуз бийик мартабалуу эр азамат болсун"деп небересине ысым коюп, бир аптадан кийин күйөө баласы Кубанычты алып Араб өлкөсүнө чыгармачылык сапар менен кеткен эле. Алыскы шаардан келген Кубаныч мырза туугандарын чогултуп, эң жакшы көргөн илимпоз жездеси Кудайбергенге уулунун чачын алдыртып, кыркын чыгарды. Биз дагы ырчынын уулуна узун өмүр тилемекчибиз.


"Берекеге" маараган кой берилди
"Береке" бий ансамбли 17-февралда үч жашка чыкты. Ансамблдин жетекчиси Айнура Кыдыралиева бийчи кыздарын куттуктап, шаарыбыздагы ак сарайлардын бирин ижарага алып, "сюрприз"даярдаган. Бийчи кыздардын туулган күнүнө жалаң мырзалардан турган "Will be" бийчилер тобу, тамашоунун "Юристтер" тобу белектерин көтөрүп шаңдуу келишти. Эң оригиналдуу жана жандуу белек "Город 312" тобунун капитаны Бакыт мырзанын "мааратып" жетелеп келген койу болду. Мындай кече биринчи жолу өткөрүлүп жаткандыктан, бийчилер жетекчисине ыраазычылык билдиришип, үйлөрүнө көңүлдүү маанайда кайтышты.


  шыр маек

Сыймык Бейшекеев:
"Концертимде телевизор утуп алышат"
Көпчүлүк күйөрмандардын бүйүрүн кызыткан обончу, аткаруучу Сыймык Бейшекеев жаз майрамдарын утурлай, 7-8-9-мартта "Ак жамгырлар" аттуу жаңы программадагы концертин тартуулайт. Жеке концертине даярданып, катуу чуркап жүргөн Сыймык мырзаны маекке тарттык.


- Сыймык байке, концертиңизге даярдыктар жакшыбы?
- Даярдыктар кудайга шүгүр. Ар бир концерттин өзгөчөлүгү эле, жаңы ырлар эмеспи. Мен дагы жаңы ырлардын коштоосунда 7-8-9-мартта Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын залында айымдарга арнап, чоң программадагы концертимди тартуулайын деп жатам. Концерттин алкагында эстрададагы ошондой эле комуздун коштоосундагы ырлар ырдалат.
- Былтыркы жылды кошпогондо концертиңизди жоокерлерге арнап, 23-февралда берчү элеңиз. Айымдардын да көңүлүн алайын дегенсиз го?
- (Күлүп) Чын эле былтыркы жылдан баштап концертимди 8-мартка жылдырдым. Себеби, репертуарымда жаз тууралуу көбүрөөк ырлар жаралды. Март айында майрамдар көп эмеспи, анан айымдардын майрамын тандап алдым.
- Үч күн концерт берген көп эмеспи?
- Менимче көп деле эмес. Келген эл концерттин жогорку деңгээлде коюлганын өздөрү баалашат. Анткени, үч күн болгон концертти бири-бирине окшоштурбайлы деп жатабыз. Башкача айтканда биринчи күнү келген коноктор экинчи күнү келишпейт.
- Буга чейинки концерттериңизде дайыма кызыктуу оюндар ойнотулуп, көрүүчүлөрдүн көпчүлүгү белектерге ээ болушчу эле..?
- Бул жолу да концерттин ортоңку бөлүгүндө залда отурган элдердин арасында кызыктуу оюндар ойнотулат. Кыргызда буйруктан деген жакшы сөз бар эмеспи. Андыктан бактылуу адамдардын билеттеринде утуштар болот. Кызыктыруучу сыйлыктардын башына телевизор койдум. Андан башка бир топ белектерди өз колум менен ыйгарам. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жалпы кыргыз элимди аталган күндөрү концертиме чакырып кетем.


Айнура Касымова