Майрамыңыздар менен!

Аскерге бардыңыз беле?
Жаныбек Алыкулов:
"Барганда да, келгенде да молодой…"
- Биз илгери армияга алыс жакка барчубуз. Отпускага бир жылда бир келсек келдик, келбесек ошол бойдон эки жыл кызмат кылчубуз. Азыркылар жолдун берки бетинде жашап, көчөнүн аркы бетинде кызмат кылып жатышпайбы, атасы баласына телефон чалып: "Балам, армияга кетээрин го кетиптирсиң, ачкычты каякка коюп кеттиң эле, келип көрсөтүп бер" деп коёт дейт. Анынсыңары бизге салыштырмалуу азыркы жаштарга кыйла эле жеңил болуп калды. Мен Белоруссияда кызмат өтөгөм. Барганда ырдай турган бир жоокер ооруп калып анын ордуна ырдап берип отпуска алгам. Бир айдан кийин үйгө келдим, он күн жүрүп кайра кетип жатсам апам ыйлайт, эптеп сооротмокко: "Бир айдан кийин эле жетип келдим, мага эле алыс жерден келиш оңой дейсизби" десем, "сен алтынчы, дем алыш күн сайын келип турам дебедиң беле" дейт. Анын оюна койсоң Беларуссиядан бери алтынчы, дем алыш күн сайын келип турушум керек экен да…Барганда эле музыкалык ротага туш келип калгандыктан дедовщинанын азабын көп деле тартпай, жаным калды. Барганда да молодой, келгенде да молодой боюнча келдим.


Рустам Аташов:
"Мурдумдун суусу муз болуп тоңуп..."
- Мен Монголияда кызмат кылдым. Азыркыдай болуп өз жериңде кызмат кылуу деген дээрлик болгон эмес. Түндүк-түштүк болуп бөлүнмөк тургай, чет жакада жүргөндө кыргыздын жүзүнө зар болуп каласың. Бир эле сууктан кыйналдым, 50-60 градус суукта жүрчүбүз. "Ушул жерден эле сууктан тоңуп өлөм го" деген да ойлор келчү. Кээ бирөөнө күлкү болушу мүмкүн, бирок ошол кезде мурдубуздун суусу жанагы тамдын кырындагы муздай болуп тоңуп калчу. Пулёмет менен мээлегенде темирге бетиң жабышып, бетиңди тартып алсаң териси кошо сыйрылып кетчү. Бутубузга болсо мисалы, мен кыркынчы өлчөмдөгү бут кийим кийсем, кырк төртүнчү өлчөмдөгү чокой алчумун, ичинен кат-кат кийиз чулгоо орончубуз. Пулёмет менен атканда ок тийбей калса, ошол калың кийимиң менен алыс аралыкка чуркатчу. Суукта окторду азайтыш үчүн көргөзбөй коробкасы менен карга көмүп, ыргытып ийген учурлар көп болду. Бир жыл ошентип кыйналдым, экинчи жылы сүрөттү жакшы тарткандыктан талантымдын аркасы менен жылуу-жумшак казарманын ичинде жүрдүм.


Замир Казакбаев:
"Эсимди жоготкуча сабашкан"
- Мен Балыкчыда Панфилов дивизиясында кызмат кылгам. Аскер мөөнөтүн толук бүтпөй калгам. Анткени, мен аскерге барган учур Советтер Союзу таркаган кезге туш келип калгандыктан жоокерлерге көп көңүл бурулбай, тартип жок болчу. Мен да аскерге жаңы барганда дембелдерден таяк жегем. Бир жолу менин кезегим болбосо деле казарманы бүт жууп чыгасың деп кыйнашканына моюн сунбай, "мен силерге пол жуугуч белем" деп айтыша кеткем. Тийишкиси келип турган немелер швабра менен эсимди жоготкуча сабашты. Бети-башым көк ала болуп, мээм чайкалган. Жогоруда айткандай ал кезде тартип жок болгондуктан офицерлер кеч кирээри менен солдаттарды сержанттарга дайындап коюп өздөрү кетип калышчу. Эч ким жокто дембелдер бизди каалаганындай эрмектеп, каалаганын кылышчу. Ошол таяк жегенден армиядагы кызматты улантканга доктурлар уруксат берген жок. Ошентип, жарым жылдан кийин аскер кызматым аяктады.


Кубик Калыков:
"Бараарым менен уят болгом"
- Мен аскер кызматын Москвадан өтөдүм. Барганыма аз эле күн болгондо баарыбызды "стройся" дегенинен боюбузга жараша тизилдик. "Анан бир бутуңардын өтүгүн чечкиле" дешти. Мен да эл катары бир буттап турам, көрсө тырмагыбызды текшерип жатышыптыр. Менин бутумдун тырмагы өсүп кеткен болчу. Аны прапорщик байкап калып элге жар салып уяткарган жок, болгону менин жаныма басып келип: "Вы на дерево лезете?" деп сурады, орусчаны жакшы түшүнбөй күлүп, "да" деп жооп бердим. Көрсө мени "маймылсыңарбы" деп шылдыңдап сурап жатыптыр. Ошентип бараарым менен уят болгом. Дагы бир жолу "Берёзовая роща" деген жерден он метр аралыкта лыжа менен жарышмай болдук. Мурда лыжа тээп көрбөгөн жаным алгач мага он метр жерди басып өтүү оордой сезилди. Жанымда жүргөн баланы азгырып: "Айланып жүрөбүзбү, жүрү момундай эле кесип кетебиз" десем макул болду. Токойду аралап, адашып, үшүп-шишип эптеп жолду таптык. Карасак финишке келбей эле старттан чыккан жерге келип калыптырбыз. Командир урушуп-тилдеп кайра жолубузга салды. Баягы бала мени жолду катар тилдеп баратат. Кууланам деп бир баса турган жерди эки баскан болчумун. Азыр 23-февраль десе эле ошол "Берёзовая роща" эсиме түшөт.


Кадырбек Тажиев:
"Дисбатка камалып калмакмын"
- Мен Подмосковьеде танка полкунда кызмат кылып жүргөндө бизди текшермекке комиссия келип калды. Айдаган танкың саатына 60 километр ылдамдыкта жүрөт эмеспи. Мен да бир танкка отуруп, аңгыл-дөңгүлдү карабай айдап жөнөдүм. Командир менин белгим менен ат деди, белги боюнча эмне болуп кетти билбейм бир убакта карасам 28 килограммдык снаряд комиссия тарапты көздөй учуп баратат. Алар үч кабаттуу жайда отурушкан, бир убакта октой учуп биринчи кабатына чуркап түшүшүптүр. Ызы-чуу түшүп мени баары издеп, кармагыла деп кууп жөнөштү. Мен безилдеп качып жүрөм, баарылап кууп жүрүп кармап алышты. Биздин полкто Кулагин деген командир бар болчу, мени "Фрунзеге жогол" деп качырып жиберди. Жүрөгүм түшүп бир айдан кийин барсам жайланышып, тынчып калышыптыр. Азыркыга чейин командириме ыраазы болом, ал болбогондо дисбатка эки жылга камалып, көрбөгөн кордукту көрмөкмүн. Элестетсеңер, үчүнчү кабатка учкан снаряд 15-18 кишини талкаламак да.