Билгениң оң

Унаа айдаган айымдар
Айрымдар унаа айдаган айымдарды колуна жардыруучу зат кармаган маймылга салыштырып келишет. А бирок азыр айымдар эркектерден кем калышпай унаа айдаганды мыкты өздөштүрүшүүдө. Бүгүн биз рулда отурган айымдардын өзгөчөлүгүн, кызыктуу жактарын издедик. Анда айымдар мырзалардан эмнеси менен айырмаланаарын өзүңүз баамдап көрүңүз.

Машина айдаган аялдардын беш түрү
Иштиктүү айым
Адатта мындай айымдарды катуу ылдамдыкта баратканы үчүн токтотушат. Бул түргө кирген айымдар дайыма шашып, алып-учуп жүрүшөт, бир эле убакта бир нече жердеги жумуштарын бүтүрүүгө эптүү. Башкалар бир жумада бүтүргөн ишти булар бир күндө бүтүрө алат. Машинаны мактаныч катары эмес, жумушун бүтүрүү үчүн колдонушат. Кокус МАИ кызматкерлердин колуна түшүп калса кайым айтышууга короткон убактысынан көрө кандай айып болбосун төлөп, андан ары сапарын улоо аларга алда канча оңой.
Чечкинсиз айым
Жай бир калыпта айдаганга аракет кылышат, бирок көчөдөгү майда көрүнүштөргө алагды боло берип жол эрежесин көп бузушат. Узун жолдо бир катардан экинчисине өтө берип, өзүн да, жолдо кетип бара жаткан башка айдоочуларды да кыйнап, тил угат. Бул анын тажрыйбасынын аздыгынан эмес, дайыма ою башка жакта болуп жатканынан кабар берет. МАИ кызматкерлери мындай айымдардын жанында өздөрүн "сууда сүзгөн балыктай" эркин сезишет. Каалашынча эрмектеп, нормадан ашыкча айып төлөтүп оюндагыларын кылышы мүмкүн.
Кылыктуу айым
Сизге коңшу машинадан көз кысып, жылмайып жаткан айымды байкасаңыз сөзсүз ага көңүлүңүз бурулуп, бүйүрүңүз кызышы ыктымал. Кылыктуу айымдын эң негизги максаты - башкалардын көңүлүн өзүнө буруу. Кокус жол эрежесин бузуп маичилерге кармалса сыр билгизбей жайдары машинадан түшүп, кимиси болсо да эски таанышындай сүйлөшүп киришет. Болгон "өнөрүн" көргөзүп, жагынып жатып айыптан оңой кутулушу мүмкүн. Табиятынан кылыктуу жаралган жандарга МАИ кызматкерлери да кайдыгер карабайт…
Орой айым
Жолдо оюндагысын кылып, жол чырактар жоктой жүрөт. Бул түргө кирген айымдар "мага баары уруксат" деген түшүнүктө болушат, өздөрүн эркин сезгени башка унаа айдоочуларга тоскоолдук жаратабы же жокпу аларды кызыктырбайт. Дал ушул айымдар МАИ кызматкерлеринен жапа чегип, чөнтөгүн көп "кактырат". Машинаны мактаныч катары карашып, улам алмаштырып тургандан ырахат алгандары да бар.
Зымга тартылган айым
Бул түргө кирген айымдар айлап-жылдап деле маичилерге кабылбай түз жүрүшөт. "Унаа айдаганда эрежени бузбай, бир калыпта жүрүү керек" деген түшүнүк алардын мээсине сиңген. Эгер болбой эле МАИлер кармап калышса сөздү көбөйтпөй төлөөчү айыбын төлөп, болбосо эмнеге токтотушканын "мыйзамга тууралап" тактап сурап анан жолун уламай булардын көнүмүш адаты.

Кандай түстөгү унаа айдайсыз?
Кара түстөгү темир тулпарды жакшы көргөндөр бир калыпта тынч жүргөн, өз күчүнө ишенген адамдар. Алар менен жол жүрүү жеңил жана кызыктуу. Жол бошотконду жакшы көрөт, жолдо да, жашоодо да өтө сак болушат.
Кызыл түстөгү унааны жактыргандар жашоосун тобокелге салгандар. Жолду катар башка унаалар менен куушуп ойногонду, астынан кесип өткөндү жакшы көрүшөт. Жашоодо да жолдо жүргөндөй тобокелчиликтерге көп барышып, ар кайсы иштин башын баштап чуулдатканга маш. Анын үстүнө психологдордун билдирүүсүнө таянсак, кызыл түстөгү машина айдаган адамдар көп нерсеге көз жумуу менен мамиле жасашат. Жаман айтпай жакшы жок демекчи, кызыл түстөгү унаа айдагандардан сак болуңуз!
Күмүш түстөгү унааны сүйүүчүлөр өтө ылдамдыкта жүргөндү да, жай айдаганды да жактырышпайт. Нерви калың болгондуктан жолдогу автотыгында өздөрүн тынч алып жүргөнгө эптүү. Кандай кырдаал болбосун өзүнүн токтоолугу менен жеңип чыкканга жөндөмдүү келишет.
Ак машина айдаганды каалаган адамдар өз күчүнө ишенген, калыс адамдар. Жолдо өтө сак болушуп, жөө жүргөн адамдарга өзгөчө сый мамиле жасашат. Адамдардын көңүлүн алганга эптүү, элпек болушат. Ак түстөгү унаага ыктаган адамдарга өздөрүнө жараша мамиле жасабасаңыз жан-дүйнөсү өзгөчө назик жандар.
Сыя көк түстөгү унааларды сейрек адамдар эле тандашат, табиятынан нерви жука урушчаак болушат. Жолдо тажрыйбасы жоктугунан, ачуусу чукул болгондуктан машинаны ойду-келди айдашат, ошондуктан сыя көк түстөгү унаа айдагандарга атаандашпай тынч жүргүңүз келсе аларды айланып өткөнүңүз оң.
Сары түстү өздөрүнө ишенбеген ашыкча сактана берген адамдар тандайт. Эреже боюнча сары түстү сүйгөндөр чыгармачыл инсандар болушат, адатта жол эрежесин күтүүсүз жерден көп бузушуп, табышкерлигинин, тамашакөйлүгүнүн айынан ал кырдаалдан оңой чыга алышат.
Көк түскө басым жасагандар өзүлөрүнө ашыкча жүк издегендер. Бардык кырдаалды байкап өтө кылдат мамиле жасашат. Жол эрежесин жакшы сактап, ашыкча ээн баштыкты сүйүшпөйт.




Ар собол
Машина айдаганды ким үйрөттү эле?
Айгүл Чалова:
- Мындан эки жыл мурда жигитим машина айдаганды үйрөткөн. Өзүм кызыккандыктанбы кыйналбай эле бир жуманын ичинде үйрөнүп кеттим. Өзүмө-өзүм ишенип айдап калгандан кийин, атайын айдоочулук курстарга барып окуп күбөлүк алгам.

Качан машина алайын деп жатасыз?
Назик:
- Буюрса жаз айларында чыгармачылыгымдан жана жеке бизнесимден түшкөн каражатка машина алсамбы деп ойлоп жатам. Азыр атайын курстарга барып машина айдаганды үйрөнүп жатам. Быйыл он жылдыгымда өзүмө-өзүм белек кылам го.

МАИ кызматкерлерине кабылсаңыз кантип
кутуласыз?
Айгерим
Расул кызы
- Мен эрежени көп эле бузам. Бирок, ырчылыгымдын аркасы менен айып төлөй элекмин. МАИ кызматкерлери тосушуп, таанышып "Бизди качан концертке чакырасың? Дисктериңди бересиңби?" деп калышат. Айрымдары сүрөткө түшүшөт. Эми эрежени көп бузбаганга аракет кылып жатам.

Машинаңызга кантип кам көрөсүз?
Жылдыз
Тутуева
- Машина айдаганыма төрт жыл болуп калды, маал-маалы менен оңдоочу жайга алып барып майлачу жерин майлатып, карачу жерин каратып турам. Кокус жолдон күтүүсүз бузулуп калса дароо жолдошумду же инимди чакырам. Анан да жагымдуу жыттарды жакшы көргөндүктөн машинамдын ичиндеги жытка аябай чоң маани берем. Буюм-тайымдарым, формаларымды иреттеп сала турган атайын чемоданым бар.

А. Сабырова