п»ї
 Таанышуу жарыясы


  ата-мекенден Алыста…

Кыргыздар кара жумуш гана кылышат деп ойлобогула
"Москвадагы кыргыздар" дегенде эле ар кайсы базарда иштеп, майда-чүйдө сатып же эл чогулган кафелерде идиш жууп, дүкөндөрдө пол жууп жүргөн карапайым кыргыз келет ойго. Бирок, ал жакта биздин интеллигент жаш адамдарыбыз да аз эмес. Алардын айрымдары билим алып, Мекенге кайра келем десе, айрымдары "жумушу жок мамлекетке барып эмне кылам, бул жерде эле жүрө берейин" деп күн кечирип жүрүшөт. Биз Москвада окуп жатышкан кыргыз студенттери менен интернет аркылуу байланышып маекке тарттык.

Харуми Исакова:
"Кыргызстандын келечеги- жаштардын колунда!"
- Харуми, Москвага кантип барып калдың? Азыр кайсы ЖОЖдо окуйсуң?
- Мен Жусуп Баласагын атындагы КУУнин " Журналист уюму" программасы менен Москванын Мамлекеттик Университетине которулгам. Азыр 5-курстамын, буюрса быйыл окуумду бүтөм.
- Окууңду бүткөндөн кийин мекениңе келесиңби же Москвада каласыңбы?
- Албетте, Бишкекке келем. Мен Москвага калгыдай бул жактан эмнемди жоготуп алдым эле? Мендей жаштардын баары ар кайсы жакка кете беришсе, өлкөбүздө ким калат? Биз өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымыбызды кошушубуз керек. Анткени, Кыргызстандын келечеги- жаштардын колунда.
- Стипендия аласыңбы?
- Бизде 3 стипендия бар: 1500 рублди А.Чехов атындагы фонд төлөйт, 2200 рублди университет өзү төлөйт жана социалдык стипендия деп 1500 рубль төлөнөт. Ошондо, жалпысынан 4200 рубль алабыз.
- Чет жерде жүргөн студенттин көбү эле кошумча иштешет эмеспи. Сенчи?
- Мен Москвада иштеген жокмун. Күчүмдүн баарын окууга жумшап жаткам. Азыр диплом жазып жаткан учурум.
- Ал жакта жумуш табыш кыргыздарга кыйынбы?
- Жарандыгың бар болсо, өз кесибиңе ылайыктуу жакшы жумуш деле табууга болот. Анүчүн аракет керек, анан албетте тың болсоң.
- Скинхеддер жөнүндө бул жактан угуп алып эле үрөйүң учат. Андайларга жолуккан жоксуңбу?
- Жок, кудайга шүгүр, скинхеддерге жолуккан жокмун, жолукпай эле коёлу. Негизи, алар коркунучтуу райондордо болот деп уккам, а мен Москванын борборунда жайгашкан жатаканада жашайм. Кыргыздарга Москванын тургундары жакшы эле мамиле кылышат, анткени биздин эл ичинде арамы жок, ачык, эмгекти сүйгөн калк келет эмеспи.




- Ал эми Харумиге берген суроолорду Жаныбек аттуу студентке да берип, төмөндөгүдөй жоопту алдык.
Жаныбек Ахунбаев:
"Москвада акча суудай агат"
- Мен кичинекей кезимден эле "Москвада окуйм" деп кыялданчумун. Ошол максатыма жетип, азыр Москванын Мамлекеттик Радиотехника, Электроника жана Автоматика Институтунда окуп жатам. Кесибим-инженер. Москвада акча суудай агат. Мегаполистердеги жашоо- аябай кыйын, эч нерсеге жетишпейсиң. Мен 2500 рубль стипендия алам. Бирок бул акча эч нерсеге жетпейт. Баскан турганыма кенен жетсин деп, анүстүнө окууну бүткүчө тажрыйба топтой берейин деп Роскосмостун "Космонит" деген Илимий Технология Борборунда кичүү инженер болуп иштейм. Бул жерден жарандыгың болсо жумуш тапсаң болот дечи, бирок жаштарга айтайын: Кыргызстандын диплому бул жерде жарабайт! Мен Мекениме келем, бирок азыр эмес, "Кичине бутума туруп, капитал куруп алайын" анан 10-15 жылдан кийин кайтып келем…
Скинхеддер жөнүндө көп уккам, бирок жолуккан эмесмин, кудай сактасын. Бул жакта кыргыздарга ар кандай мамиле жасашат. Мен кудай жалгап жакшы чөйрөгө кириптирмин, мага жакшы эле мамиле кылышат, досторум көп. Өзум да "өзүмдү, Мекенимди уят кылбайын" деп "үлгүлүү" бала болгонго аракет кылам.





Кайсы "күркүлдүн" балдары кайда билим алып жатышат?
Финансы министри Тажыкан Калимбетованын бир кыз, бир баласы Кыргызстандын борборунда окушат.
Саясат жана өнүктүрүү эл аралык агентствосунун президенти Аликбек Жекшенкуловдун баласы Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн соң Вен университетинде өз билимин уланткан. Экинчи уулу Кытайдагы Сиамен университетинин "Эл аралык укук" факультетин бүтүрүп, учурда Кытайдын борбору Пекинде дипломатиялык академияда окуп жатат.
КР Парламентинин экс-депутаты Азимбек Бекназаровдун балдары Кыргыз Улуттук университетинде билим алышкан.
Бишкек шаарынын мэри Данияр Усеновдун бир уулу АКШнын Хьюстон университетинде билим алып жатат. Экинчи уулу болсо Лондондогу Бизнес-мектепке учканы жатат.
Мелис Эшимкановдун улуу кызы Бостон университетинде окуп жатат.
Жогорку Кеңештин депутаты Галина Куликованын уулу 2 жыл мурун Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик Университетинин "Эл аралык мамилелер" факультетин бүтүргөн.
Экономиканы өнүктүрүү министри Акылбек Жапаровдун кызы Кыргыз-славян университетинин "эл аралык укук" факультетин бүтүргөн. Уулу болсо быйыл мектепти бүтүрөөрү менен Кытайдагы Пекин университетине тапшырганы жатыптыр.
Жогорку Кенештин депутаты Кабай Карабековдун кызы Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин "журналистика" факультетинде окуп жатат.
Социал-демократиялык партиясынын башчысы Бакыт Бешимовдун кенже уулу Гарвард университетинин "Экономика" факультетинде билим алып жатат.
Кыргыз Республикасынын экс-президенти Аскар Акаевдин балдары да чет мамлекеттен билим алышкан. Айдар Акаев - АКШнын Мэриленд университетинде, кызы Бермет - Москва Мамлекеттик университетинде, андан соң Швейцарияда, кичүү кызы Саадат жана кенже уулу Илим АКШнын эң престиждүү университеттеринин бирин бүтүрүшкөн.




биздин саясатчылар каяктан окуп келишкен?

Курманбек Бакиев КРнын президенти -1978-жылы Москвадагы Куйбышев политехникалык институтун аяктаган.
Инвестиция жана инновацияны өнүктүрүү боюнча борбордук агентствонун директору Максим Бакиев - 1997-98-жылдары Улуу Британиядан билим алып келген.
Турсунбай Бакир уулу - Киевдин мамлекеттик университетинин философия факультетин бүтүргөн.
Энергетика Министри Ильяс Давыдов - 1983-жылы Томск шаарынын политехникалык институтунун инженер-электрик адистигин аяктаган.
Исмаил Исаков - 1998-жылы Италиядагы эл аралык гуманитардык укук институтун аятктаган.
Кыргызстандын экс-премьер министри Феликс Кулов - 1978-жылы СССРдин ИИМ Академиясын бүтүргөн.
Алмаз Атамбаев 1980-жылы Москвадагы Башкаруу институтунун "инженер-экономист" факультетин аяктаган.
КР ЖК төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков - 1977-жылы Москванын Политехникалык университетин аяктаган.

Төлөбүбү Касымалиева, Айсалкын Самсалиева






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
2-март, 2010-ж.:
1-бет
Лунара өзү каалап турмушка чыктыбы?
2-бет
Жанета Бобкова:
"Жумагүл Бобкова болмокмун"

3-бет
Жылдыздар турмушунан
Кудай чоң сактап...

4-бет
Ийгилик формуласы
5-бет
Эненин көөнү балада
6-бет
Турат Касымбеков:
"Менин үнүм отурушта ырдаганга эле жарабаса…"

7-бет
Орозбек Мусакеев:
"Мультфильмдер кыргыз тилинде көрсөтүлгөн эмес"

8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
Лунара Мамытова, "Ала-Тоо"маалымат программасынын диктору:
"Турмушка чыгууну өзүм кааладым"

10-бет
Унаа айдаган айымдар
11-бет
Кыргыздар кара жумуш гана кылышат деп ойлобогула
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок

13-бет
Шибегени капка ката албагандай…
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Аида Арстаналиева:
"Ийненин үстүндө жашагандаймын"











??.??