п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Обон почта

Урматтуу окурман, эч тартынбай жүрөгүңүздөн сызылып чыккан сагыныч саламбы, көкөй кескен көкүрөктөгү ойбу, боорду эзген күлкүбү, мүмкүн анекдотпу, казан какшыткан какшыкпы, арналган арзуу сүйүүбү, уюган нарктуу сөзбү, кумирге болгон каалообу, жолугушуубу, таанышуубу, алдануубу, бекем ишенүүбү же саргартып санаага батырган издөөбү, айтор, жашообуздун бүткүл кыймылын камтыган ойлоруңуздар болсо бизге SMS жөнөтүңүздөр!..


ОП-106-01. Дараксыз жаратылыш болбогондой, араксыз жыргализм кантип болот,- дебей арак ичкенди токтоткула кыргызым! Эдил.
ОП-106-02. Жаралып эки келбейсиң, жаркыраган ааламга,/ Акыл-эс, уят, ар намыс, чоң касиет адамга. 07734948хх
ОП-106-03. Беттин кызарганы - адамдык касиеттин эң мыктысы! Уялбагандан өзүбүз уялалы замандаштар! Эдил.
ОП-106-04. Жаным Бакыттын 23-февраль туулган күнү менен куттуктайм! Дина93
ОП-106-05. Искендер, Айка өтүп кеткен туулган күнүңөр менен! Ар дайым ата-энеңердин бешенесинде аман жүргүлө! Жеңеңер Айгүл.
ОП-106-06. Советский- Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Эверест" кафесинин 2-кабатында швеяда иштеген эжелерди, кыздарды 8-Март майрамы менен куттуктайм! Сиздерге дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм! Айка.
ОП-106-07. Таежем Раимбекова Раатканды 28-февраль туулган күнү менен куттуктайм! Бар болуңуз, бай болуңуз, ишиңизге ийгилик! 07705980хх
ОП-106-08. Исакова Батма Абдраимова эжекеме чоң салам. 07705980хх
ОП-106-09. "Кулагердеги" Искендер Айдаров, "жаныңды" азыраак ойлоп, соодага көбүрөөк көңүл бур! Жеңең
ОП-106-10. Сүйүктүү досторум Нурзат, Гүлназ, Айшага, сиңдим Мээримге, жигитим Азизге жүрөкчө салам. Айка.
ОП-106-11. Алматыда Барахолка базарында иштеп жаткан Тоня апам, Эмил байкем, эжелерим Ева, Жазгүлгө ысык салам жолдойм. Иниңер Эламан, Арген.
ОП-106-12. 16-19 жаштардагы кыздар менен таанышам, көңүл ачуу үчүн. 0556022773
ОП-106-13. Эжелерим Роза, Нургүлгө, байкем Капарга салам! Гүлназ92
ОП-106-14. Атыраудагы Дина базарынын "А" блогунда иштеген Наристе эжемдин 1-март туулган күнү менен куттуктайм! Ишине ийгилик, ден-соолук каалайм! Разия, Жони.
ОП-106-15. Түн уйкум келбеди, бөлмөдө жалгызмын. Терезеге жарыгын чачкан Ай менен сырдашып кирдим. Айга жүрөгүмдү өйүгөн, азаптуу тагдырым жөнүндө айтып, айланамды курчаган караңгылыктан куткаруусун сурандым. Чын эле мындай абалдан кантип кутулам, кантип?.. Жарыгын чачкан ал Ай алыстан мээримдүү жооп айткансыйт. Бирок, аны уга алсам кана? Шахи. 07777046хх
ОП-106-16. Салам достор! Мага жардам бергилечи, байдын баласына турмушка чыксам жакшыбы же айылдык балагабы? 0771899391 номерине СМС жазгылачы. 07718993хх
ОП-106-17. Апам Жумаканга, эжем Гүлайга, байкем Нурланга, жеңеме салам. 792678651хх
ОП-106-18. Салам Айчүрөк94, кандайсың? Менин номерим 0552928893. Айчүрөк93.
ОП-106-19. Акча-согуштун кыймылдаткыч күчү! Абийирди акчага сатпагыла кыргызым! Эдил.
ОП-106-20. Лейлектик ОшМУда окуган Гүлжигит, өтүп кеткен майрамың менен! Бар бол! Жазка.
ОП-106-21. Эгерде "сеники, меники" деген түшүнүктөр болбогондо жер жүзүндө бейпилдик жашоо болот эле! Кечиримдүү бололу! Эдил.
ОП-106-22. Коммерсанттын мекени-анын чөнтөгү демекчи, менин мекеним-Кыргызстан! Нурия.
ОП-106-23. Кара-Кулжа районундагы Б. Эшмамбетов атындагы орто мектебинин 8 "а" классынын окуучусу Акматбек уулу Эркинди өтүп кеткен майрамы менен куттуктайм! Сага каалоорум чың ден-соолук, узун өмүр, окууларыңа чоң-чоң ийгиликтерди каалайм. Элиза92.
ОП-106-24. Кутман, жаным мектепти жакшы бүтүп ал. Бактылуу бол! Нарын.
ОП-106-25. Менин саламым ата-энелерге, СМСчилерге жана сүйүшкөндөргө жолдонот. Сиздерге каалоорум узун өмүр, бакыт-таалай,о.э. жамандык эмне экенин билбей жашаңыздар! Сырдуу Улан.
ОП-106-26. Өрүктүлүк Канат83, сенсиз мен арааланган таарынды, жер табалбайм коё турган жанымды. Сенин секетиң. 07732665хх
ОП-106-27. Аксы районуна караштуу Кызыл-Туу айылында жашаган досум Таштан уулу Сапар, эмне дарегиң жок досум? Мага чал, менин номерим 87770936296. Таир.
ОП-106-28. Апам Толкунга ысык салам. Марал, Майраш.
ОП-106-29. Менин саламым Мирбек Иманбековго жолдонот. Сени менен кантип жолугам? 0543054138 номерине чалчы, сураныч. 05430541хх
ОП-106-30. Баткендиктер барсыңарбы? 07787067хх
ОП-106-31. Жашоодо ата болуп эшикке чыкса, Нур чачып эне болуп үйгө кирсе, бапестеп тарбиялап келе жаткан, Апакеме өмүр бергин Оо Жараткан! Мырзаке айылындагы жарыгым апам Сулайманова Бурмаханга ысык салам. Сизди абдан жакшы көрөм. Шымкенттен кызыңыз Дамира93.
ОП-106-32. Белгисиз күч жүрөгүмдү багындырып,/ Эңсеп күтөм бир өзүңдү сагынып./ Эзилип сагынычтан жадап жүрөм,/ Келсеңчи күттүрбөстөн зарыктырып./ Зуля.
ОП-106-33. Зуляга салам! Талантыңа таазим кылам! Менин кичинекейим, назигим, эркем баары сонун го, бирок, таарынчаак болбочу? Даниель
ОП-106-34. Урматтуу Кака, Зуля менен таанышууну көздөгөн экенсиң, тааныша алдыңбы? Зуля жазган СМСтерди толугу менен көчүрүп алыпсың да, сүйүктүүңө бирөөнүн сөзүн арнагандан уялбадыңбы? Жооп жазып кой ээ? Даниель.
ОП-106-35. Алишер мени эмнеге кыйнайсыз, мен сизди сүйөм, бирок экөөбүз бактылуу боло албайбыз деп корком, мени тынч коюңуз. Кечириңиз А…а.
ОП-106-36. Базар-Коргон районунун Акман айылына чо-оң салам жолдойм. Шайырбек.
ОП-106-37. Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын Боогачы мектебинин окуучуларына, ошондой эле 9 "А" классына ысык салам. Жакшы окугула. Айпери.
ОП-106-38. Урмат Усенов, кичине өзүңө жараша кийинчи, галстук менен мойнуңду бууп албай. 07728420хх
ОП-106-39. Урматтуу "Обон" гезитинин редакциясы, мен Бишкекте турбайм, Кумир менен баарлашсам болобу? Жооп: "Кумир менен баарлашуу" көзмө-көз жолугушуп, баарлашуу редакцияда өтөт. Эгерде сиздин кумирге сурооңуз болсо, телефон чалыңыз.
ОП-106-40. Мен Мирбек Атабековго кантип суроо бере алам? 07778126хх
ОП-106-41. Урматтуу ОП-104-20. Минур: Адам баласы сүйгөнүн эгер чындап, жүрөгү менен сүйсө, анда аны өмүрүнүн аягына чейин күтүүсү зарыл. Бул менин жеке оюм. Аку.
ОП-106-42. "Обондун" супер СМСчиси Сырдуу кыз, чын эле сулуу экенсиң, ички дүйнөң да сулуу деп ойлойм. 07706846хх
ОП-106-43. Курбуларым Персик менен Виноградга чо-оң салам. Ананас.
ОП-106-44. Ыймандуу балдар менен таанышам. 0552861808
О П-106-45. 14-15-февралда Караколдун драмтеатрында болгон Ильяз Абдразаковдун концерти жогорку деңгээлде өттү. Зал толтура, элдер батпай, билеттер 2 сааттын ичинде эле түгөнүп калды. Ильяз, келип концерт коюп бергениңе чоң рахмат. Дагы келип тур сагындырбай. Сени сыйлап, жакшы көргөн Караколдон Молтошка.
ОП-106-46. Сен болбосоң тозок оту жанчудай,/ Сезимдерим жакшы ойлорду танчудай./ Кан айланбай кайран жүрөк сенсиз токтоп калчудай./ 07774188хх
ОП-106-47. Түркмөн, мен сени чындап эле сүйөм, сен универге кеткенде, көчөгө чыкканда, иши кылып кай жерде болсоң да мен сени баарынан кызгана берем. Мен сенсиз жашоомду элестете албайм, сени менен эки жыл сүйлөшүп, сага аябай эле көнүп алыптырмын. Экөөбүздүн ажырашаарыбызды мен эч качан элесете албайм. Сени чексиз сүйөм. Айпери.
ОП-106-48. Жалал-Абаддагы таене-таятамдарга, тагамдарга чоң салам. Айзада.
ОП-106-49. Ай булуттар ала кетчи бир жүрөйүн,/ Бирге барып сүйгөнүмдү бир көрөйүн,/ Арманым көп, ал анткени сагындым,/ Күтүп жүрөт жалгыз сүйгөн түгөйүм. Уулжан.
ОП-106-50. Кочкорлук Перизат, мага чалып койчу. 0778711760 Мунар.
ОП-106-51. Жалал-Абаддагы №4 мектепте окуган классташтарым Асел, Азилат ж.б. салам жолдойм. Айзада.
ОП-106-52. Карасам мөлтүр көзүңдү, чачатко нурун, жамалын,/ Жетпесем да жаным өзүңө, жалгызым деп каламын./ Кездешсем жүрөк сагынат,карегиң көзгө кулпурат,/ Кайдадыр кетип баратат, жүрөккө сени кулпулап./ Уулжан.
ОП-106-53. Ат-Башы районундагы Карыбек уулу Акматалы мектебине, өзгөчө Усенов Дастанга салам. Жанусь
ОП-106-54. Жалал-Абаддык Ильязина, мен сени сүйөм. Бекжан.
ОП-106-55. Колдо барын кылсам деле сен үчүн,/ Бийик коюп аппак сүйүүнүн күчүн./ Тунук мени махабаттын алдоосу,/ Болбо жаным, алаксытып алдоочу./ Уулжан.
ОП-106-56. ОП-104-141 абонентиндеги Азат, сага айтаарым, сулуулук бул-түбөлүк эмес, сүрөт бул-искусство, эң негизгиси мүнөз жана сезим! 07724280хх
ОП-106-57. "Обондун" жалпы жамаатына салам! Жанарбек.
ОП-106-58. Аграрныйда окуган группалаштарыма чо-оң салам. БЖД 1-09 группасынан Рома.
ОП-106-59. Сүйүү деген айтууга оңой 5 тамга,/ Бирок, сүйүү керек нерсе адамга./ Сүйүп жүрүп сүйгөнүнөн айрылса,/ Кайран өмүр өтүп кетет арманда./ Уулжан.
ОП-106-60. Турмушта макул болуп оюңарга, тизгинин кармап алып колуңарга./ Түштүңөр келечектен бакыт тилеп, түбөлүк бирге болчу жолуңарга./ Конуптур бакыт кушу башыңарга, кошулсун узун өмүр жашыңарга./ Жүрөктөр бирге соксо жакшылыктар, жүгүрүп өзү келсин кашыңарга./ Ар дайым бирге согуп жүрөгүңөр, ар дайым бирге болсун тилегиңер./ Өчпөгөн ак сүйүүнүн аптабына, өрт болуп жанып турсун илебиңер./ Нурсултан, Холида.
ОП-106-61. Кызыл-Кыя шаарындагы мед.училищада окуп жаткан досум Жакупбекова Гүлмайрамды 7-март туулган күнү менен куттуктайм! Кадамжайдан Минайым.
ОП-106-62. Мен ыймандуу, намаз окуган жигиттерди достошууга чакырам. 0772428023
ОП-106-63. Мен "Обондун" супер СМСчиси Сырдуу кызды чын эле сүйүп калдым. 345 145. 07706846хх
ОП-106-64. Болашак базарынын 7-катарынын 203-контейнеринде отурган байкем Самарбек, жеңем Кызжибек: Сиздерге каалаймын жаш өмүрүңүздөр узун болсун,/ Багыңызга булбул куштар келип консун./ Айланаңыз бүтпөс шаңга бөлөнүп,/ Кучагыңыз кызыл-тазыл гүлгө толсун./ Укканыңыз ыр болсун, айтканыңыз сыр болсун./ Жегениңиз жүзүм болсун, өмүрүңүз узун болсун./ Төрт тарабыңыз төп болсун, досторуңуз көп болсун./ Тилегиңиз орундалсын, татынакай жеңем бар болсун! 07786058хх
ОП-106-65 . Бирөөнү сүйсөң түбөлүк сүй,/ Ойноп сүйбө, ойлоп сүй./ Өмүрдөгү эң кымбат,/ Эң биринчи махабат./ Мээрим 29.
ОП-106-66. Жаным, мен сени түбөлүк сүйөм. Жаның.
ОП-106-67. Алматыдагы досторум Айпери, Зыягүлгө чоң салам. +770293191хх
ОП-106-68. Мирбек Иманбеков, өмүрүңөр узун болсун, булбулдай үнүңөр өчпөсүн, ар дайым бар болгула. Мен сизди сүйөм, сиз үчүн ушул дүйнөгө жашагым келет. Жакуля.
ОП-106-69. Дүйнөнүн көркү болгон мээримдүү, улуктун падышасы болгон энелерибизди майрамы менен куттуктайм! Алматыда иштеген досторум Асель,Нигор, Тазагүл, Гүлү, Айгүл, эжелерим Чолпон, Назира, Турсунай, Анара, Гүлзабета, сиңдим Жанна силерди 8-март майрамыңар менен куттуктайм! Бар болгула, дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Алмагүл.
ОП-106-70. Ардактуу апакем Мамырова Айсулууну 8-март майрамы менен куттуктайм! Апакем менин асылым, бар болуңуз. Өмүрүңүз узун болсун, ар дайым жүзүңүздөн күлкү, үйүңүздөн кут кетпесин. Алмагүл.
ОП-106-71. Салам достор, мен өзүмдөн кичине баланы сүйүп калдым, бирок, ал да мени сүйөт, эми эмне кылам, мага жардам бергилечи? Айко91.
ОП-106-72. Кара-Кулжа районунун Каракочкор айылында турган досторум Кайрат, Нуржигит, Айбек, Талант, Амал, Өмүр, Эрнис, Эдик,Улар, Раимбек, Адилет, Нурсейит, Замир, Акназар ж.б. салам. 07786058хх
ОП-106-73. Ильяз Абдразаков, бул дүйнөдө чексиз бактылуу бол! Сизди сыйлап Алина93.
ОП-106-74. Балдар эмнеге боюңарды көтөрө бересиңер? Алина 93.
ОП-106-75. Замир Мырза, мен сени сүйөмүн. Мени эч качан унутпагын. +79083144хх
ОП-106-76. Туйлаган агын сууда балык болдум,/ Тушалдым, туталбадым, карып болдум./ Адашып арзуудан жол таппай жүрсөм,/ Алтыным шоола чачкан жарык болдуң./ 07787650хх
ОП-106-77. Самал базарында иштеген 12-катарда отургандардын соодалары боло берсин. Акама жана досторума бакыт каалайм. Алина49.
ОП-106-78. Мен ыймандуу кыздар менен түбөлүккө дос болгум келет. Балдар чалбагылачы суранам. Алина93. 0771899391.
ОП-106-79. Белек деп сага берээр алтыным жок,/ Берээрим жалгыз жүрөк, жалындуу чок./ 07787650хх
ОП-106-80. Өмүрдүн козгоп толкунун,/ Жүрөктү туйлап толкуттуң./ Өбө албай ширин эрдиңден,/ Ойдо жок жерден оорудум./ Уулжан.
ОП-106-81. Урмат байке, Неля эже ар дайым бар болгула. Булбулдай үнүңөр өчпөсүн. Нурел Урмат байкенин берекеси, Неля эженин эркеси болуп жүрө берсин. Сиздер менен кезиксем, Нурелди эркелетсем деген оюм бар. Мамалашка Гүлайымка.
ОП-106-82. Неля эже, сизди периштелерге окшоштурам, сиз менен жолугуп, эже-сиңдидей сүйлөшкүм келет. Урмат байке, менин жакшы көргөн адамым сиздей болсо дейм. Кийин турмушка Урмат байкедей сулуу, ак көңүл, боорукер балага чыксам дейм. Мамалашка Гүлайым.
ОП-106-83. Салам кыргыз элим! Алдыда келе жаткан жаз мезгили менен куттуктайм. Кыштан аман чыгып алганыңыздар чоң жетишкендик деп ойлойм. Ал эми жазда "жаз жарыш, күз күрөш" дегендей баарыңыздар талыкпай эмгектениңиздер. Анткени бүт баары кымбаттап баратат. Өкмөттөн үмүт кылбай, өзүбүз аракет кылалы, жашоо кыйын болуп баратат. 7788786хх
ОП-106-84. Улан 27-февраль туулган күнүң менен куттуктайм! Куршабдан досуң Искак.
ОП-106-85. Асманда ай сызат,/ Аябай жай сызат./ Эмне үчүн адамзат, рмандуу жаралат,/ Мен жүрөм талаалап, Казакстанды аралап./ Жүрөктү жаралап./ Жалгызым Разия, эгер бул катымды окусаң, телефон чалууңду суранам. Жаным, сагындым. Улан.
ОП-106-86. Кандай адамдар бактылуу болушат, айткылачы? Эльвира.
ОП-106-87. Даниел ырчы, номериң канча? 07706347хх
ОП-106-88. Урмат-Ромео, Неля-Джультта. Бактылуу болгула, кармашкан колуңар үзүлбөсүн! Сиздерди сыйлаган Мамалашка.
ОП-106-89. Дамир, сен аябай жалкоосуң, чынбы? Алина93.
ОП-106-90. Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылында жашап жаткан ата-энеме жана биртуугандарыма чоң салам. Рома.
ОП-106-91. Транзит АЗСсинде иштеп жаткан жездем Мамыт, эжем Назира, Оксана, Жазгүл, Нуржамал, Акжолго салам жолдойм. Алина93.
ОП-106-92. Шайыр кыздар менен таанышам. 0770584201
ОП-106-93. Сүйүүнү билгенге кыйын, билбегенге бир тыйын. Айпери92.
ОП-106-94. Саламым көлдүктөргө, Мирбек мен сени жакшы көрөм. Эка.
ОП-106-95. Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон досторум Абда, Амангүл, Айгөлөк, Барби, Мисс Саинт, Ангел, Айзирек, Ангел Асем, Табигат сырдуу Алтынай, Гүлзина92, Гуля88, Леди Гуличка, Макуся, Мая95, Нурзат90 ж.б. супер СМСчилердин келе жаткан 8-март майрамыңар менен куттуктайм! Ар дайым ден-соолукта бар болгула! Мен силерди жакшы көрөм. Жанусь.
ОП-106-96. Менин саламым кыргыз элиме жолдонот. Жакшылык.
ОП-106-97. Өмүр кыска алыстаба сүйгөнүм,/ Бул өмүрдө мен жаныңда жүрөйүн./ Эркелетип, элжиретип жүрөктү,/ Менин кудай кошкон түгөйүм./ Уулжан.
ОП-106-98. Кимди алсаң бактылуу бол аны менен,/ Мен калам арманы бар жүрөк кенен./ Бул ырларым баары сага арналат,/ Мен да бир күн жары болом башканын./ Каныкей.
ОП-106-99. Аялдардын 8-март майрамы менен куттуктайм! Гулина келе жаткан майрамың менен! Мен сени жакшы көрөм. Алтышкаң.
ОП-106-100. КГУСТАнын Э0-1-07 группасынын бардык балдарына салам. Жакшылык.
ОП-106-101. Мен биринчи жолу СМС жазып жатам. "Обондун" жалпы СМСчилерине салам! 07705062хх
ОП-106-102. Ильяз, сенин "Жаным ай" деген клибиңе акча деле кетпептир го, а жаныңда жүргөн бийчи кыздарга болгону 100 доллар кетиптир. Ильяз, калппы же чынбы? Калп дечи, мен бетиңе коём. Акчаны аябай бир жакшыраак клип тартсаң болмок. Сен үчүн бул уят нерсе. Кийинки клибиңе жок дегенде 200 доллар кетир! Намыс керекпи же керек эмеспи? Сырдуу кыз.
ОП-106-103. Жаным билесиңби, сени жакшы көрөөрүмдү,/ Сезесиңби сен деп соккон жүрөгүмдү./ Билсең болду сени гана сүйөөрүмдү,/ Мамалашка Гүлайымка.
ОП-106-104. Дамка сезимдин сенектигин сезбей, сени сүйгөндүгүмө өкүнөм. Алина93.
ОП-106-105. Кызыл-сарай айылындагы туугандарыма, классташтарыма ысык салам. Алина 93.
ОП-106-106. Кара-Кулжа районуна караштуу Терек айылына салам. +770295507хх
ОП-106-107. Салам Уулжан, сиз менен таанышкым келет. Адашыңыз Уулжан.
ОП-106-108. Жүрөгүңөрдөн ыйман, Көңүлүңөрдөн куран, Дилиңерден ислам, Денеңерден саламаттык кем болбосун! Бар болгула! Мамалак.
ОП-106-109. Казак кызы Амангүл эже, саламатсызбы, ден-соолук, жумуштарыңыз жакшыбы? Ата-энеңиздин маңдайында жаркылдап жайнап жүрө бериңиз. Алина93.
ОП-106-110. Лейлек районунун Раззаков айылынын тургуну апам Гүлдарды, сиңдилерим Зуура, Мадинаны 8-март майрамы менен куттуктайм! Апа эч качан оорубаңыз, атам экөөңөр уулдун урматын, кыздын кызматын көрүп, чоң байбиче болгула! Оштон кызыңар Жазка.
ОП-106-111. Кыргызстан качан өнүгөт? Байлыктын баары өзүбүздө, аны неге чет мамлекеттерге беребиз, өзүбүз иштесек болбойбу? Чиновниктер 2-3 кабат үй, кафе, ресторан салганча чет өлкөдөн тетиктерди алып келип завод, фабрика ж.б. курбайбы! Же иштебей жаткан завод, фабрикаларды иштеткиле, эл иш менен камсыз болот. Эл да байыйт, силер да байыйсыңар. Кыргыз.
ОП-106-112. №89 Учкун орто мектебинин 9 "А" классынын окуучусу Айпери, мен сени чын жүрөгүмдөн сүйөм. Келе жаткан майрамың менен! Өмүрүң узун болсун, эч кайгырба, сен менин жашоомсуң! Сырдуу жигит.
ОП-106-113. Кары адам жаш болгон убагында,/ Кара каш сулуу болгон 18 жаш курагында./ Ринат.
ОП-106-114. Абалымды сурап турчу кез-кезде,/ Сагынычтан азабыңды тартайын./ Махабаттан күч алып,/ Алсыздыгым башкаларга айтпайын Зуля.
ОП-106-115. Бакыт байке ишиңизге ийгилик! Жеңем менен бактылуу болуңуз! Ринат.
ОП-106-116. Улан мен сени сүйөм. Сагындым жаным, сен аны сезбейсиң. Сенин кучагыңда махабат көлүнө чумкугум келет. Сенин жаның.
ОП-106-117. Сагындым айылым мектебим,/ Ышкырык күлкү кечтерим./ Ринат.
ОП-106-118. Алтындан ардактуу апамды жана эжелеримди келе жаткан майрамдары менен куттуктайм! Сиңдиңер Нурдана.
ОП-106-119. Келаттым сен тараптан паровоздо,/ Мөлтүрөп аккан муңдуу жашым менен./ Элесиңди көз алдыман кетире албай,/ Сени кыйбай келе жаттым узак жолдо./ Медет кандайсың, Москвадан келдиңби? Жумагүл.
ОП-106-120. Караш Насерге же Тата Уланга Ак үйдүн 7-кабатынан орун бериш керек. Булардын жүрөгү кыргыз деп согуп, каны кыргыз деп кайнайт. Кыргыз.
ОП-106-121. Досум Эсенге салам! Ишиңе ийгилик! 0777367ххх.
ОП-106-122. Баргым келет баралбаймын,/ Үнүңдү уккум келет, уга албаймын./ Сүйөм деп айта алам,/ Кайра-кайра айткандан тажабайм./ Жанарбек.
ОП-106-123. Туугандарым кандайсыңар?/ "Обонду" силер самайсыңар./ "Обондон" алыстабай биз жүрөлү,/ "Обондун" үйүндө каласыңар./ Ырысбек 91.
ОП-106-124. Назгүл Насиевага: Суктанышат баары сизге, кудум эле Ай сымал,/ Ушунчалык бийиксиз, асмандагы Күн сымал./ Кол жеткис асыл инсансыз,/ Эл үчүн эч нерсеге алмаштыргыс бир жансыз./ Мен үчүн жалгыз гана кумир туткан адамсыз,/ Назгүл Насиева, сизге үй-бүлөлүк бакыт, ден-соолук, узун өмүр каалайм! 05560606хх
ОП-106-125. Нарын шаарынын тургундары досум Бектайга, аяшым Иринага чоң салам жолдойм. Ата-энеңерди сыйлаган ыймандуу жаштардан болгула! Нурлан.
ОП-106-126. Ак кууну атпа, махабатты сатпа,/ Мен сени сүйөм, досуңа айтпа./ Жанарбек.
ОП-106-127. Назгүл Насиева, мен сизди аябай жакшы көрөм. Терең урматтайм, сыйлайм, чыгармачылык ишиңизге ийгилик! 07781079хх
ОП-106-128. Улар ака, башыңызга бакыт консун,/ Жүрөгүңүз нурга толсун./ Өмүрүңүз узун болсун,/ Убакытты күлүп өткөрүңүз./ Бул дүйнөдө бардык жакшылыктарды каалайм, жеңем экөөңүздөр бактылуу болуңуздар! Жанарбек.
ОП-106-129. Кемин районунун Нур айылынын Нур орто мектебинин 2004-жылкы бүтүрүүчүлөрүнө салам жолдойм. Баарыңарга ден-соолук, ишиңерге ийгилик каалайм! Нур.
ОП-106-130. Кемин районуна, өзгөчө Подхоз айылына салам жолдойм. Ахмаджан.
ОП-106-131. Ош облусунда окуп жаткан досторум Мөлмөл, Зыягүл, Айпери, Оксана, Айзат, Үмүт, Гүлбурак, Самара, Айжума, Кенжегүлдөрдүн келе жаткан 8-март майрамдары менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын! Ден-соолук, окууларына ийгиликтерди, сүйгөн адамыңар менен бактылуу болушуңарды каалайм! Урматым менен Бегимай.
ОП-106-132. Алсызга мээрим төгүп, ийип койгон,/ Ак дилден акыбалын билип койгон./ Азыр да арабыздан адам издейм,/ Абийирин, ар намысын бийик койгон./ 07005561хх
ОП-106-133. Кандай сонун мекеним,/ Аллахым деп келемин./ Жаман жолдо жүрбөстөн,/ Кел тууганым ислам жолго түшөлү./ Бейиште бирге жүрөлү./ 07704147хх
ОП-106-134. Жалпы аялзатын 8-март майрамы менен куттуктайм! Астанадан Марат.
ОП-106-135. Кыйнайсың сен мени неге мынча,/ Сагынтып, карааныңа зарыктырып./ От болуп күйсөм дагы чыдап келем,/ Жашоодо сендей жанды издеп келем./ 07786674
ОП-106-136. Жан тынбай карек ыйлайт күнү-түнү,/ Ушунча убак үзө албадым үмүтүмдү./ А сен сезбеген жан экенсиң,/ Жашап келем өчүрө албай үмүтүмдү./ Султан Садыралиев, мен сени чексиз сүйөм. Гүлкайыр.
ОП-106-137. Сүйсөң бирди сүй,/ Ошону менен өмүр сүр./ Кызды алдаба, ал өзүңдү алдаганың,/ Сүйбөсөң сүйбөйм де, коркоктук кылба!/ Айпери92.
ОП-106-138. Мен ыйлабайм, мени сүйбөй калсаң да,/ Мен кайгырбайм, алдап мени жатсаң да./ Билесиңби, неге көз жаш төгөм мен,/ Махабатым сендей жанга арналган./ Айпери92.
ОП-106-139. Оштогу 4СИ "а" группасындагы Гулина 9-март туулган күнүң менен! 4СИ "а" группасына салам. Жазка.
ОП-106-140. Тараздагы кыргыздарга бир вагон салам. Бена, жаз келди дос! Айсулуу.
ОП-106-141. Салам Тангорин! Сенин тиш щетка жөнүндөгү СМСиңди менден көрүп жатышат. Ринат
ОП-106-142. Кыргызымдын кыздарын келе жаткан 8-март майрамы менен куттуктайм! Ар дайым бар болгула! Саке.
ОП-106-143. Аида, эмне китеп окугуңар келбей калдыбы? Саке.
ОП-106-144. Сырдуу кыз, мени чын эле сүйөсүңбү? 07778383хх
ОП-106-145. БГУнун ФЕЦ факультетиндеги А09-4группасында окуган группалаштарым Назик, Нурия, Радажа, Айжамал, Света, Айсулууларга салам жолдойм. Келе жаткан 8-март майрамыңар менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын! Ден-соолук, окууларыңарга ийгилик каалайм, ар дайым күлүп жүргүлө! Урматым менен Бегимай.
ОП-106-146. Салам Уулжан, сиз менен таанышып, маек кургум келет. Мүмкүн болсо номериңизди бериңизчи? 07705062хх
ОП-106-147. Сырдуу кыз, чач агарса турмушка чыгыш керек. Турмушка чыксаң жашарасың. 07778383хх
ОП-106-148. Мобу дүйнө туюк зым тор болгону,/А биз болсок боз чымчыкпыз тордогу./ Бир аз жашап көз жумабыз армандуу,/ Ашпай ишке үмүт, тилек ойдогу./ Жанарбек.
ОП-106-149. Табигат сырдуу Алтынай, сен мага кантип бир айдан бери бирдигим жок деп айттың? Эмгеги сиңген Алтынай болсоң, эл сени бирдиктен кем кылбайт эле. Ринат.
ОП-106-150. Жаным, мен сени сүйүп калдым. Кандай дейсиң? Жанарбек.
ОП-106-151. Менин эң жакшы көргөн жездем Ызаттын 3-март туулган күнү менен куттуктайм! Эжем Гүлдана менен кармашкан колдору эч качан үзүлбөсүн! Балдызыңыз Нурдана.
ОП-106-152. Кара-Кулжа районундагы Кара-Кочкор айылында жашап жаткан алтындай болгон апакем Асанова Асирага сагынычтуу салам жолдойм. Апакемди 8-март майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын! Апаке эч качан оорубай биздин маңдайыбызда ар дайым бар болуп, бакыт тартуулап, алдуу, күчтүү болуп жүрө бериңиз! Кыздарыңыз Бегимай, Бекинай.
ОП-106-153. "Обондун" жамаатына жалпы салам. Ар дайым бар болуңуздар! Жанарбек.
ОП-106-154. Назгүл эжеке, эмне мынча жакшынакайсыз? Талантыңызды биз баарыбыз баалайбыз, сиз дайыма алга кадам таштасаңыз, эч талыкпай чоң ииштерди баштасаңыз, биз албетте кубанабыз. Терең урматым менен чыныгы күйөрманыңыз. 05560606хх
ОП-106-155. Салам Тахмина, сенин "Барсыңарбы кыргызымдын жигиттери" деген ырың мага аябай жакты. Чыгармачылыгыңа ийгилик, эсен-аман бол! Жони.
ОП-106-156. Тахмина, өзүңдү да жактырып калдым. Тийем десең мен алат элем. 07786058хх
ОП-106-157. Назгүл Насиевага: Ардактап сыйлап келем мен өзүңдү,/ Балбылдап жанган кара көзүңдү./ Жакшы көрөм эрке кыял мүнөзүңдү,/ Жакшы көрөм эже сиздин өзүңүздү./ 07781079хх
ОП-106-158. Мен досторум Дамира, Айжамал, Айжан, Гүлбурак, Нузбира, Махабат, Рабига, Элиза, Чынара, Лобар силерди 8-март майрамыңар менен куттуктайм! Сүйгөнүңөргө жеткиле! Мээрим29.
ОП-106-159. Шапу, Сабит, Кудайберди кандайсыңар? Ден-соолук, иштер жакшыбы, айылда эмне жаңылык? Туугандардын баарына салам айтып койгула. Тагама, жеңеме да салам. Жанарбек.
ОП-106-160. Айболот кандайсың, ден-соолуктарың жакшыбы? Айылга менден салам айт. Эмне жаңылык? Сени үйлөнөт дейт го, чынбы? Жанарбек.
ОП-106-161. Бүркүт учат Ала-Тоону этектеп,/ Сүйдүм сени кадырыма жетет деп./ Ойлобопмун мени таштап кетет деп./ Айчүрөк94.
ОП-106-162. Каражаным, жыргалым мен сени сагындым. Сенин звоногуңду күтүп жатам. Жаркырап жайнап чалып мени кубантчы! Алтыным менин! Айдай.
ОП-106-163. Таразда Эркебулан базарында иштеген Дарика кимди сүйөсүң? Мени аябай кыйнадың го. К...н.
ОП-106-164. Отуз-Адырда Тешебаев деген мектеп бар экен. Конкурска мугалимдин кызы катышса ишенбей эле кой. "Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн" экен. Л...
ОП-106-165. Уланым менин уларым, сени абдан сагындым. Айжаз.
ОП-106-166. Айперини 24-февраль туулган күнү менен куттуктайм! 0543021978номерине чал. Улан.
ОП-106-167. Алайлыктар кандайсыңар? Эмнеге биздин ишенген бүркүтүбүздү, сыймыгыбызды ач түлкүлөргө жедиришибиз керек. Алай эли эч качан намысын колдон чыгарган эмес. Ошол ыплас жегичтерге наалат. Кудайга койдук, "ак ийилет,бирок сынбайт" Алайлыктар ушул бойдон калбайт. Шымкенттен Мээрим.
ОП-106-168. Бардык аялзатын кирип келген жаз майрамдары менен куттуктайм! Бар болгула айымдар! Айдай.
ОП-106-169. Ноокат районунун Көк-Бел айылындагы Исанов орто мектебин 2008-жылы бүткөн 90-жылкыларга салам. Бар болгула, бай болгула! Окууларыңарга ийгилик! Классташыңар Динара.
ОП-106-170. Салам ардагым, сени көргүм келди, бетиңден сүйгүм келди./ Кантейин сага жетпей, өмүрүмдү кыйгым келди./ Не кылам тагдырга таң берип,/ Кош бол анда сүйгөнүм дегим келди./ Арман ай жалган дүйнө. М…
ОП-106-171. Балыкчы шаарынын тургуну Касымалиев Бекболот агабызды 1-март туулган күнү менен куттуктайбыз! Ага, ден соолукта болуп, уул-кыздарыңыздын, неберелериңиздин, жакын туугандарыңыздын арасында аман болуңуз! Дайыма жакшылыктардын үстүндө жеңебиз Ажар менен бирге бактылуу өмүр сүрүңүз! Сүйүндүк иниңиздин үй-бүлөсү.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
2-март, 2010-ж.:
1-бет
Лунара өзү каалап турмушка чыктыбы?
2-бет
Жанета Бобкова:
"Жумагүл Бобкова болмокмун"

3-бет
Жылдыздар турмушунан
Кудай чоң сактап...

4-бет
Ийгилик формуласы
5-бет
Эненин көөнү балада
6-бет
Турат Касымбеков:
"Менин үнүм отурушта ырдаганга эле жарабаса…"

7-бет
Орозбек Мусакеев:
"Мультфильмдер кыргыз тилинде көрсөтүлгөн эмес"

8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
Лунара Мамытова, "Ала-Тоо"маалымат программасынын диктору:
"Турмушка чыгууну өзүм кааладым"

10-бет
Унаа айдаган айымдар
11-бет
Кыргыздар кара жумуш гана кылышат деп ойлобогула
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок

13-бет
Шибегени капка ката албагандай…
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Аида Арстаналиева:
"Ийненин үстүндө жашагандаймын"











??.??