кумир менен баарлашуу

Жанета Бобкова:
"Жумагүл Бобкова болмокмун"
Акыркы күндөрү ырчы Жанета Бобкованын жашоосунда көп нерселер болуп кетти. Ошентсе да кыйынчылыктарга моюн сунбай үй-бүлө менен чыгармачылыгын тең алып жүргөн Жанета Бобкова күйөрмандары менен жолугуп, жамгырдай жааган суроолорго төмөндөгүдөй жоопторду узатты.

Гүлжамал:
- Атыңызды Жанета деп ким койду эле?
- Атымдын Жанета болуп калышынын да өзүнчө тарыхы бар. Чоң атам мен төрөлгөндө атымды Жумагүл коём деп жүрчү экен. Атам болсо Жанета коём деп жүрүптүр, ошентип мен төрөлгөндө атам эч кимге айтпай метиркама Жанета деп жаздырып койгон. Кийин билингенде чоң атам "бул эмне деген ат" деп нааразы болуп жүрдү. Азыр атама ырахмат айтам, антпесе Жумагүл Бобкова болуп жүрмөкмүн да. Ырдап чыкканда Жумакан деп же дагы бир башка псевдоним менен чыкмакмынбы ким билет.
- Ырчы болбосоңуз кайсы кесипти тандамаксыз?
- Мен бала бакчадан баштап эле ырдачумун, башка кесип тууралуу деле ойлонуп көрбөптүрмүн. Менин кыялым да, тилегим да ырчы болуш керек болгон. Ошондуктан азыр мен өзүмдү ырчылыктан башка кесипте элестете албайм.
- Адамдын жети окшошу болот деп коюшат го. Сизге да өзүңүзгө окшош кыз келип "мен ырчы болом" десе жардам берет белеңиз?
- Эч нерсе түбөлүктүү болбойт да, биз деле картаябыз дегендей…Анан азыртадан жаш муундарга сөзсүз жардам берип колдоо көрсөтүш керек. Азыр деле кайнатамдын студиясына көп эле жаштар жардам сурап келет. Аларга колубуздан келген жардамыбызды берип жатабыз.
- Кырсыктап калды деп уктук эле, азыр ден-соолугуңуз кандай?
- Циркте машыгып жатып үч метр аралыктан кулап түштүм, буту-колумду кокустатып алып бейтапканадан дарыландым, азыр кудайга шүгүр жакшымын.
- Туулган жериңизге канча жолу концерт коюп бардыңыз эле?
- Он жыл чыгармачылык жолдо жүрүп азыр ойлоп көрсөм туулган жериме эки эле жолу концерт коюп барыптырмын.
Мээрим:
- Сизди апаңыз кантип эркелетет жана сиз балдарыңызды кантип эркелетесиз?
- Менин ата энем, биртуугандарым Жани деп эркелетишет. Кээ бирөөлөр мээримин ачык билдире албай ичинде катып жүрө беришет го, мен андай эмесмин. Ата-энемдин чуркап барып мойнуна асылып, эркелеп, атамды кучактап жанына жатып алып болгон жакшы сөздөрдү айтып эркелетем. Ата-энем үйгө келип калса астына эркелеп отуруп алсам балдарым ооздору ачылып: "Таене, мамам чоң го" деп таң калышат. Мен өз балдарымды "жандарым" деп эркелетем, үйгө кирээрим менен астыман тосуп чуркап чыгышат. Акыркы күндөрү балдарым "Мам, ырчы болбой эле башка жумушта иштесеңер болмок, ушундан көрө мугалим же доктур болсоң бизге көп убакыт бөлмөксүң" деп калышат. Анткени, Денис экөөбүз тең эрте кетип түн ортосунда келебиз да.
- Имиджиңиз менен ким иштешет?
- Көбүнчө өзүмдүн табитиме жараша кийим тандап алам. Имиджимди өзгөртөөрдө атайын адистерге кайрылам. Акыркы имиджимди Жылдыз деген стилистке барып өзгөрткөм.
- Сизди жолдошуңуз менен өкүл эне кылышса кыргыздын салты менен бармаксызбы же орустуку мененби?
- Учурда бир өкүл кызыбыз бар. Эгерде дагы сунуш түшсө макулдугубузду берип, өз каадасын кылмакпыз. Мисалы, эгерде күйөөсү кыз-жигит кыргыз болсо анда кыргыздын салты менен барабыз, ал эми кыз же жигит орус улутунда болсо чочко көтөрүп алып барабыз да ха-ха-ха…
- Сиздин үйүңүздө кайсы салт басымдуурак кылат?
- Көбүнчө кыргыз салты басымдуурак го дейм. Кыргызча тамактарга басым жасайбыз, дасторкондон турганда сөзсүз бата кылабыз, үйдө дайыма кыргыз тилинде сүйлөйбүз , ал эми кичүү уулум Максим орус тилин билбейт.
- Өзүңүз кайсыл тамакты жактырасыз?
- Мен уйгур лагманын жакшы көрөм. Өзүм тилекке каршы аны жасаганды билбегендиктен бир жумада бир жолу кафеге барып жеп турам. Андан сырткары жолдошум да балдарым да мантыны жакшы көрүшкөндүктөн эринбей бат-баттан манты жасап берем.
- Оруска турмушка чыгаарыңызды укканда ата-энеңиз каршы болду беле?
- Негизи менин атам тартипти катуу кармаган, кыялы оор адам. Ошон үчүн башында атама орус жигит менен сүйлөшүп жүргөнүмдү айтпай жашырып жүрчүмүн. Эки жыл сүйлөшүп жүргөндөн кийин гана Денис атамдын алдына барып менин колумду сураган, кантип тилин таап көндүргөнүн ушуга чейин билбейм.
- Кызыңыз кыргызга турмушка чыкса дейсизби же орускабы?
- Жакшы суроо экен…Эми аны кызым чоңойгондо өзү тандап чечет го, кайсыл улуттун жигитине турмушка чыкса деле макулмун, эң негизгиси жүрөгү сүйүп, көңүлү болсо болду. (Күлүп) Мен деле эч кимден уруксат сураган жокмун да…
Жайнагүл:
- Боёнгонго канча убакыт коротосуз?
- Үйдө отурганда телефон чалышып "бул жерде сьемка болуп жатат келе кал" дешсе, он-он беш мүнөттүн ичинде кийинип, боёнуп бара калам. Кечке күзгүнүн алдында отурбайм деле, бат-бат боёнгонго колум көнүп деле калды. Сахнага чыкканда эле боёнбосом үйдө жүргөндө бетим эс алсын деп макияжсыз жүрөм.
- "Жылдыздар манежине" катышып өзүңүзгө эмне ала алдыңыз?
- Аттын жанына жологондон коркчумун, азыр атка мингенди үйрөндүм. Жети килограммга арыктадым. Мурда үчүнчү кабатка чыгып жерди караганда башым айланчу, циркте болсо он алты метр бийиктикке чыга алдым. Мен үчүн бул долбоордун жакшы жактары көп болду.
- Фигураңызга кандай кам көрөсүз?
- Диета кармайм, камыр тамак, нан жебейм. Бир жумада бир жолу өзүмдү-өзүм эркелетип уйгур лагманын жеп коём.
- Сизди жеке концертин берет деген маалымат тарабады беле?
- Негизи концертимди 23-февралга даярдап жатканбыз, афишалар даяр болуп калган. Оюмда Спорт Сарайында абада учуп, өзүмдүн трюктарымды көрсөтөйүн деп жаткам. Анан кырсык деген каш-кабактын ортосунда экен, ага жетпей эле кулап түштүм. Концертим болсо апрелге жылдырылды.
- Сиз жөнүндө болуп жаткан маалыматтарга кандай карайсыз?
- Чын эле баарыңар билсеңиздер керек, акыркы күндөрү мен жөнүндө белгилүү эле гезит болбогон сөздөрдү жазып жатат. Бир чети ушул маалыматтарда мага моралдык жактан катуу сокку болуп, жыгылып түшкөнүмө да себепкер болду. Бейтапканадан чыккандан кийин пресс-конференция бердик, конкурстун президенти Марианна айым менен түз байланыш уюштурдук. Ал Кыргызстандан эч бир гезит чалбаганын, менин чындап эле сынактан биринчи орунду алганымды тастыктады. Мен ал гезиттин деңгээлине түшпөй эле коёюн, эң негизгиси мага ишенген, мени колдогон адамдар көп экенине эми күбө болдум. "Кербен жүрө берет, ит үрө берет" деген сөз бар эмеспи.
Алина:
- Өзүңүздү кино жаатында сынап көрүүнү каалайсызбы?
- Эки ай мурун Россия менен Кыргызстан биргелешип тартып жаткан киного мага роль сунушташты. Ал киного тартылыш үчүн мен үч ай бирде Россияда, бирде Кыргызстанда болушум керек экен, жолдошум андай шартка көнгөн жок. Үй-бүлөм үчүн ал сунуштан баш тарттым.
- НБТдагы "Лидер KG" деген берүүдөн сиздин "Жомок дүйнө" деген ырыңыз эки жолу биринчиликти алды, сурайын дегеним өзүңүздүн ырларыңызды телевизордон угасызбы?
- Мен ошол учурда бейтапканада жатып берүүнү тилекке каршы көргөн жокмун, бирок мага НБТдан чалышып, эки жолу биринчиликти алганымды билдиришти. Өзүм ооруп жатсам да жагымдуу кабарды угуп сүйүнүп калдым.
- Кандай белек алганды жакшы көрөсүз? 23-февралда жолдошуңузга эмне белек бердиңиз?
- Мен белектин баасына карабай, кандай белек беришпесин чын жүрөгүмдөн кабыл алып ыраазы болом. Мага көбүнчө жумшак оюнчуктарды беришет, аларды чогулта берип бир бөлмө толду. Дениске болсо 23-февралда белек бере алган жокмун, бирок эртеси атайын дүкөн кыдырып, өзүнүн жактырган атырын алып бердим.
Бактыгүл:
- "Кайнененин камырынан" дешет го, сиздин кайненеңизге кайсыл сапаттарыңыз окшош?
- Биз өзүнчө жашайбыз да, кайнатамдардын үйүнө барып турганыбыз менен сый эле мамиледебиз. Эгерде чогуу турсак балким кайненемен окшоштуктарды издемекмин.
- Эгерде сиз айылдык жигитке турмушка чыгып калсаңыз кантмексиз?
- Эми адам бардык шартка көнөт эмеспи, мен дайыма алдыга умтулганга аракет кылам, айылдык жигитке турмушка чыксам "кеттик шаарга" деп ээрчитип келе бермекмин.
Назира:
- Кекчилсизби же ак көңүлсүзбү?
- Менин жакшы жерим бирөө менен урушсам эч качан коркутуп кек сактабайм. Убактылуу таарынганым менен кайра бат эле жазылам. Эгерде башкалардан күнөө кетсе Кудайга койдум деп коём.
- Жеке өзүңүздөрдүн үй-бүлөлүк дарыгериңиз барбы?
- Балдарымды карай турган педиатр бар, мен өзүм дайыма көрүнүп турган дарыгерим бар, эми минтип жаракат алдым травматологум пайда болуп калды дебейинби. Ар тармактан дарыгерлерим пайда боло баштады.
- Телефонуңуздун номерин канча убакытта бир өзгөртүп турасыз?
- Мен башкалардай болуп бат-баттан телефонумдун номерин өзгөртпөйм, азыркы номеримди көтөрүп жүргөнүмө бир жарым жыл болуп калды. Телефонду көбүнчө унутчаактыгымдын айынан жоготуп алам.
- Уулуңуздун атын эмнеге кыргызча койгон эмессиз?
- Дениске мурда эле Максим деген ат жакчу экен, уул төрөгөнүмдө моюн бербей Максим деген ат коюп койду.
Анара Дүйшөналиева