Жылдыздар турмушунан
Кудай чоң сактап...
Эл арасында "Кудай мени чоң сактап калды" деген сөз көп учурайт эмеспи. Белгилүү адамдардын жашоосунда да мындай көрүнүштөр жок эмес экен. Биз аларга собол салганыбызда төмөнкүдөй окуяларын айтып беришти.


Жамбыл Камчиев ЗИЛден кулап түшүп...
- Жыйырма жашымда мени кудай чоң сактаган. Белоруссиянын Минск шаарында ЗИЛ-130 машинасында кетип баратабыз. Машинанын кузовундо алты солдат, кабинада болсо капитан командир менен айдоочу бар эле. Бир убакта түз, асфальт жолдон машина катуу жүрүп баратып эле, дароо тормозду тепкенде ойдо жок жерден артындагы алтообуз тең кузовдон асфальтка ыргып түшкөнбүз. Кудай сактап катуу жарадар болгон эч ким болгон эмес. Бирок, буту-колубуз ооруксунуп, бир топко кыйналганбыз...


Гүлзат аттын боорунда асылып...
- Беш жашымда Качкынбек деген байкемди ээрчип тоого барып кой кайтарам деп жүрөгүм түшүп калган. Байкем "Сен ойноп тур, мен койлорду айдап келе калайын"деп кеткенде, апамды сагынып үйгө кетким келди. Анан ары жакта жем жеп жаткан атты чоң таштын жанына жакындаттым боюма ылайыктап ташка чыктым. Оюмда атка минип айылга кетип калайын деп жатам. Анан эки бутумду бирдей үзөңгүгө салганда эле ат басып кетти. Эки колум менен ээрдин алды-артын кармап, аттын оң капталына жармашып кетип баратам. Кыйкырсам эч ким укпайт. Ат көнүп калган тааныш бир аяк жолуна түштү. Үйүбүзгө чейин 3 чакырым жолду басыш керек. Ошентип тырмшып кете берип, айылга жетип калганда апам биздин атты таанып калып, "Ий, ботом, ат өзү жалгыз келатат. Балдар эмне болгон?"деп атка жакындаса эле, атка жармашып мен жүрөм. Мени көргөн апамдын жүрөгү оозуна тыгылып, мен бакырып ыйлаганым эсимде. Эки колум көгөрүп, тырышып калыптыр. Ошондо мени кудай чоң сактаган. Же болбосо тоодон түшүп келатып аттан куласам, эчак бир нерсе болмокмун...


Ильяз машинасынан тоголонуп...
- 2008-жылы Россияга концерт коюп бардык. Эртең менен эрте Челябинский шаарынан чыгып баратканбыз. Сыртта жамгыр катуу төгүп жаткан. Рулда мен өзүм отургам, жанымда продюсерим, Алтынбек Алымов, анан эки бала бар болчу. "Сактанганды кудай сактайт" дегендей, ичибизден кудайлап келме келтирип жатканбыз. Жамгыр улам-улам күчөгөндөн күчөп баратат. Кетип баратып эле узун жолдо кадимкидей үч жолу тоголонуп кеткенбиз. Кудай бизди чоң сактап калды. Андан кийин рулга отургандан коркуп жүрдүм.


Бандит бала Назираны коркутуп...
- 1998-жылы 22-апрелде курбу кызым экөөбүздү кудай чоң сактап калган. Ошол күнү сиңдимдин туулган күнү болчу. Сиңдилериме, инилериме "Силер кафеге бара бергиле, биз артыңардан барабыз"деп үйдө калып калдык. Арадан беш-он мүнөт өтпөй кайра эшик тыкылдады. "Сиңдилерим бир нерсесин унутуп калган го?" деп эшикти ачсам, узун бойлуу бир бала турат. Мени түртүп үйгө кирип кетти. Курбум экөөбүз бири-бирибизди карап таң калып эле калдык. "Бул үйдө жалаң кыздар жашаарын уктум. Силердикинде мен да жашап турайынчы?"десе, аябай ачуубуз келди. Ансыз да туулган күнгө шашып жатканбыз. "Бол эй, чык эшикке" десек, чөнтөгүнөн "отвёрткасын" алып чыгып, "экөөңөр тең чечингиле,"деп, кыйкырып, мени бир тепти. Эсим ооп калган. Залда илинип турган пардаларды айрып, жинди боло баштады. Өзүмө келип, курбумду издеп подьездге чыксам, аны жаткырып алып сабап жатыптыр. Жүгүрүп барып стол менен тиги баланы бир чапканда качып кеткен. Кийин ал баланы милицияга бергенибизде, издөөдө жүргөн бала экен. Ошондо бизди кудай сактабаганда эмне болмокпуз ким билет?..


Куудулдарды кудай чоң сактап...
- Мындан эки-үч ай мурда мени эле эмес, Абдылда аке экөөбүздү тең кудай чоң сактап калды. Менин машинем менен Ошко концертке баратабыз. Токтогулдан чыгып, Көкбелдин ашуусунан түшүп келатсак, жамгыр абдан төгүп жаткан экен. Мен бери жактан катуураак айдап барган экенмин, машина үч айланып кетип жолдун кырына барып туруп калдык. Кудайга шүгүр ары жактан да, бери жактан да башка машинелер жок болуп аман-эсен калдык. Же болбосо, "Кырсык каш кабактын ортосунда" деп коёт, кичине бирдеме болсо эмне болмокмуз, аны бир кудайдын өзү билмек...?


Сьездбектин үйү өрттөнүп...
- 2005-жылы 17-декабрда бизди кудай чоң сактаган. Жумуштарымды бүтүрүп, үйгө келсем, өрт өчүргүчтөр ызы-чуу болуп үйдүн айланасында жүрүшөт. Эмне болуп кетти деп оюма ар нерселер келди. Көрсө үйүбүздүн от жаккан мешинен өрт чыгып, үйдүн чатыры толугу менен өрттөнүп кетиптир. Дагы жакшы, өрт кызматкерлери убагында келип калышыптыр. Азыр ошол үйүмдү толук ремонттон өткөрүп, жашап жатабыз.


Самолётто сарсанаа болгон Аалы
- 2009-жылы Оштон самолёт менен учуп келатып, жаман абалга туш болгонбуз. Ал күнү аба-ырайы начар болчу. Самолёт учуп келатып, боюн бир аз ылдый таштап, кайра өйдө чыгып кетет го. Улам ошентип келатканда маани берген эмеспиз. Кофе ичкени кофе ичип, суу ичкени суу ичип тынч эле келатканбыз. Бир маалда самолёт өзүн ылдый таштагандан таштап баратат. Аялдар чаңырышып, колундагы ичип жаткан кофелери ыргып, төгүлүп-чачылып эле жатып калды... Адамдын ою күлүк да, заматтын ичинде ар нерсени ойлоп кетет экенсиң. "Баланча кишиге карызым бар эле, бералбай кетип каламбы?" деп бардык нерсени ойлонуп кеттим. Бир топтон кийин самолёттун учушу калыбына келди. Ары жактан микрофон менен "Тынчтангыла, аба-ырайы жаман болуп жатат. Куруңарды тагынгыла!"деген үн угулгандан баштап, Бишкекке келгенге чейин ичимден билген аяттарымды айтып келдим. Кудай бизди чоң сактады. Ошондон кийин "Экинчи самолётко түшпөйм" деп коркуп калдым.


Айнура Касымова