Ийгилик формуласы

Гүлмира МАМБЕТАЛИЕВА, Кой-Таш эс алуу борборунун жана "Балтаттуу" бейөкмөт уюмунун жетекчиси:
"Өзүмө көп деле акча коротпойм"
Гүлмира Сулаймановна, сиз коом алдында өзүнүн жүзү бар айымдардын бирисиз, ийгиликтүү айым болуш кичине кезиңиздеги эле кыялыңыз беле же бул фортуна сизге күтүүсүздөн жылмайдыбы?
Бала кезде баарыбыз эле кыялданабыз да, "ийгиликке жетишели, бактылуу бололу" деп. Андай кыял менде да жок эмес эле. Ийгиликке жетиш үчүн адамдын өзүндө түптөгү көрөңгө болуш керек да. Менин чоң атам, чоң апам, ата-энем эл баркына ээ болгон таланттуу, нарктуу, акыл-парасаттуу адамдар эле деп сыймыктануу менен айтар элем. Чоң атам жана чоң апам колунан көөрү төгүлгөн, жоктон барды кылган, ак эмгеги менен таанылган уста-уздардан болгон. Биз бала чакта чоң апама каникул учурларында жардамдашаар элек. Ал бизди талыкпаган эмгекке, кажыбас кайратка өз убагында үндөгөн адам эле. Энелик мээрими менен бизге тынымсыз ийгиликтерди каалап, турмушта жаратмандык багытты мээбизге куюп койгон. Атам - кыргыз журтчулугуна белгилүү ардагер журналист, публицист, котормочу, кыргыз журналистикасынын, анын ичинде радио журналистикасынын башатында турган, өзүнүн түптөгөн журналисттик мектеби менен белгилүү. Апам ченебеген кайраты, эрки, эмгекчилдиги жана тактыгы, бышыктыгы, тазалыгы, өтүмдүүлүгү менен таң калтырчу. Эсеп-кысаптарды мыкты жүргүзчү, колу укмуштуудай берекелүү, сарамжалдуулугу менен көптөргө үлгү эле. Эки-үч жумушту бирге алып иштеген, коомдук иштерге да жан дили менен катышчу.
Мугалимдерибиз да мектепте күчтүү болчу. Нарын шаарындагы айтылуу Чкалов мектебинде окудум. Гордова Людмила Яковлевна, Острецова Людмила Викторовна, Задорина Тамара Николаевна сыяктуу тарых жана коом таануу боюнча мугалимдер мени 7-класстан баштап эле "тарых же философия боюнча билим ал" деп багыт беришчү. Студент кезимде Чернышевский атындагы китепканадан башым чыкчу эмес. Ошентип, ийгиликке жетишиме ата-энемден, туугандарымдан алган касиеттерим, алардын тарбиясы, окуган чыгаан мектебим, университетим, элимдин жана жеримдин сүрөөсү себепкер болду окшойт. Анан албетте өзүмдүн билим- көрөңгөм. Бир туугандарга, досторго кат жазсам эле мени "философ" дешчү. "Дагы кат жаз" деп суранышчу.
А ийгиликтин сырын кантип чечмелеп берет элеңиз?
Менимче, ийгиликке жетишүү үчүн талыкпаган эмгек, өжөрлүк, мээнет, ал үчүн баарына кайыл кылган идея болуш керек. Ошону менен бирге күч-кубат, талыкпаган изденүү жана максатка жеткирчү өзүңө гана таандык жөндөм болуш керек. Ата-энемдин мага: "сени кичинеңде кээ бир учурларда үйдө жалгыз калтырууга мажбур болгонубузда, Ленин, Сталиндин томдорун сенин тегерегиңе тизип койчубуз. Аларды шашпай барактап, эч айрыбай, булгабай карап олтура берчү элең" деп айтканы бар. Бир жолу мага байкатпастан ошол көрүнүштү сүрөт кылып фотоаппаратка тартып алышыптыр. Ал сүрөт азыр да бар.
Азыр эмне менен алексиз?
Кыргыз кыздарынын ичинен чыккан туңгуч окумуштуу-этнограф, эжем Какен Мамбеталиева атындагы Коомдук фондуну түзүп, иштетип жатам. К.Мамбеталиева атындагы фонд уюштуруу менен а кишинин илимий изилдөөлөрүн, эмгектерин китеп кылып чыгарып, ал кишинин жаркын элесине арналган илимий конференцияларды республикалык жана эл аралык деңгээлде өткөрүп келе жатабыз. Эл аралык илимий конференциялар өтүп, аларга дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуулар катышып, археология, тарых, философия, этнология, психология, саясат таануу, педагогика илимдеринин тегерегинде жаңы изилдөөлөрүн, табылгаларын ортого салып дегендей... Биз бул конференциялардын материалдарын өзүнчө топтоп, жыйнак кылып чыгарып жатабыз. Менимче, бу топтомдордогу материалдар келечек окумуштуулар үчүн жакшы булак болуп берсе керек.
Мен өзүм илимге башынан багыт алып, бирок жолдошум Нарынга иштеп калганында, Нарынга көчүп кетип, ал жакта артгалереяны иштетип, "Мээрим" фондунун облустук бөлүмүн уюштуруп, Нарын мамлекеттик Университетинде доценттин кызматын аркалап жүрдүм. 2004-жылдан баштап "Кой-Таш" эс алуу борборун жетектеп келатам. Ошол эле учурда илимди таштабай, жылдап чогултуп жүргөн материалдарымдын негизинде Улуттардын Шериктештиги аталган эң ирилерден болгон эл аралык уюм боюнча докторлук диссертацияны жактадым.
Балдарга көп колдоо көрсөтүп жүрөсүз. Муну "милдетим" деп билесизби же балдарга жакынсызбы?
Ар бир коомдо улуу муун балдарга - биздин келечегибиз үчүн милдеткер болушубуз керек. Азыр "Балтаттуу" бейөкмөт уюмун иштетип жүрөм. Ушул фонд аркылуу биз жардамга муктаж адамдарга, айрыкча элеттик жаш жеткинчектерге ар тараптуу жардам көрсөтүүгө аракеттенип жатабыз. Быйыл 10 жылдын жүзү болду. Жардам бергенде кандай, жөн эле аларга гуманитардык жардамдарды алып барып, белек катары колдоруна карматып коюп эмес, алардын чыгармачылыгынын, интеллектисинин, ички жөндөм, өнөр-шыгынын өсүшүнө салым кошсок дейбиз. Айталы, жаратылыш шарты катаал, социалдык маселелери көп Нарын облусунун окуучуларына жыл сайын "Жаш таланттар" сынагын өткөрүп, жеңүүчүлөрдү андан ары окутуу, шыгын өстүрүү, чет мамлекеттерге сынактарга алып чыгуу ишин аткарабыз. "Күлүктү сүрөөнчү чыгарат" демекчи, биз борбор менен эле чектелип, элеттик жаш балдарды көңүл сыртына калтырган болсок, келечек бизди кечирбейт.
Бул, албетте, балдарга болгон жакындыгымдын жана улуу муундун өкүлү катары жоопкерчилигим десем да болот.
Эки чылбырды бир кармаган аялзаты катары күйөөлөрү багып, үйдө отурган бирок, абдан иштегиси келген, тескерисинче үй-бүлөсүн багып эртеден кечке иштеп, үйдө отургусу келген аялдарга кандай кеңеш берээр элеңиз?
Эми бардык нерсе жашоо образына, шартка байланыштуу болот да. Эгер күйөөң сени тың бакса, үйдө отуруп бала тарбиялап, келген кеткен конокторго, кайын-журтка көңүл буруу, чарбаны тейлөө - бул да чоң иш жана чыгармачылыкты да талап кылат. Бирок балдар чоңойгондо үйдө отурган аялдын билим деңгээли, акылы, жөндөмү келип жатса, иштеген деле жакшы, анткени иш деле бул бир гана материалдык киреше эмес, бул - адамдардын арасында чогуу болуу, жөндөмдөрдү коомдун пайдасына көрсөтүү. Азыркы учурда апалар гана эмес, чоң энелер деле иштеп жатышпайбы? Анын үстүнө азыр шаарда өзгөчө жашоо ыргактары тезделип, технологиялар өнүгүп жаткан учурда артта калам дебесең, көп нерсени үйрөнүш керек.
Ал эми иштеп жүрүп, үйдө отургусу келген айымдарга айтаар элем - силердин да балдарыңар өсүп, жетилип, убагы келгенде сиздерге жардамчы болуп, ата-энесин бакканга дарамети жетет. Азыркы мезгилге чыдап жана жакшы тилектерди тилеңиздер демекчимин.
Жолдошуңуз Аскар Мааткабыловичтин ушул даражага жетишине өзүңүздүн салымыңыз канчалык деп ойлойсуз?
Албетте, биздин азыркы даражабыз - бул Аскар экөөбүздүн бири-бирибизди колдоп, ынтымагыбыздан, ой-тилектерибиздин дал келишинен десек болот. Бирок ар бир адамдын ийгилиги - бул турмушка тыңдыгынан, аракетинен, жөндөмүнөн. Менин салымым - жолдошумду "шаарга калалы" деп, Аскардын жеке жөндөмдөрүн жогору баалап, аны бийик максаттарга үндөп, алга сүрөгөнүм болду. Ижарага берилген батирлерде жети жыл жашап, жашоо деңгээлибизди оңдоого зор аракеттерди кылдык. Болбосо турмуштан көп эле көрүп жүрбөйбүзбү, кандай гана мыкты жигиттерди алган жары артка тартып, абийирин кетирип, элге шылдың кылып жүргөндөрүн. Менин өмүрлүк жарым ушул даражага жетишкенине анын: "мени майдалантпай бүт шарт түзүп бердиң, колу-жолумду эркин койдуң - ошол колдооң мага аябай жардам берди" деген сөздөрү күбө. Үй тиричиликке көп киришчү деле эмес, эне катары балдарды чоңойтуп, аларга татыктуу тарбия бергенимди баалайт. Кайындар дагы балдарын мектепти бүтүргөндөн кийин бизге жөнөтчү - аларды окууга өткөрчүбүз, биздикинде тургузуп, аларга жан дилимден тарбия көрсөттүм. Эми-ии, кыргыздарда ушундай го баарыбызда эле: шаарга отурукташып, иштеп калган туугандарына балдарын жиберип турушат эмеспи…
Алардын баары жаман адам болгон жок, алар үчүн биз чын жүрөгүбүздөн сыймыктанабыз.
Сиз үчүн Дипломатиялык Академиянын профессору Гүлмира Сулаймановна деген сөз жагымдуу угулабы же меценат Аскар Салымбековдун жубайы Гүлмира Сулаймановна дегенби?
Менимче, экөө тең эле мага бирдей жагымдуу угулат. Биринчиси менин жөндөмүмдүн, интеллектуалдык потенциалымдын, ак эмгегимдин, маңдай теримдин натыйжасы жана күбөсү. Экинчиси болсо, жалаң эле өзүмдүн керт башымды ойлобой, өзүмө таандык ийгиликтен да өмүрлүк жарымдын ар бир ийгиликке алып барган кадамын өзүмдүн турмушумдагы эң бактылуу көз ирмемдерим деп сүйүнүп, буга жөн эле шарт түзүп бербестен, үзөңгүлөш болуп, маселен, шайлоодо штабын башкарып турганымды айтсам, бул мактаныч эмес, факт. Ар учурда жолдошума билген акылымды, кеңештеримди берип жүрөм. Бир курдай бутумду кокустатып жатып калсам, кайненем "аман-эсен айыгып кет, Аскар экөөңөр дайыма ээрчишип, жардамчысы жана кеңешчиси болуп жүрө бер" деп тынчсызданганы эле канча. Сөз бар эмеспи: "Иши ийгиликтүү жүргөн мырзанын артында акылдуу аял турат" деген. Жакшы күйөөнү деле чанжыратып салган аялдарды көрүп эле жатпайбызбы.
2005-жылдагы март окуясында таланып-тонолгон "Дордой-Плазаны" көргөндө кандай абалда болдуңуз?
Албетте, 2005-жылдагы март окуясындагы талап-тоноолор - бул биз үчүн эң оор окуялар. Муну адам эстегиси да келбейт. Ушундай кыйынчылык, чыгармачылык жана жаркын кыял менен курулган көрктүү, заманбап жайды ошол учурда адамдык жүзүн сыйрып салгандар талап-тоногонун эч ким күткөн эмес жана канча арендатор- ишкерлердин убалына калганы алардын абийиринде кара так болуп калды. Тонолгон "Плазанын" ичин кирип көргөндөн баш тарттым, жүрөгүм ооруп, ичимден кан кеткендей болду. Мен ушул пендечиликке алдырган адамдарга да жаным ачып турду…
Ушул жагдайдын кайталанышын душманыңа да каалабайсың да.
"Байлар сараң болот" деген сөзгө кошуласызбы?
Тапкан нерсесин ашыкча ысырап кылбай, төгүп чачпай, кыйынчылык менен келген эмгекти баалоо кажет деп ойлойм. Тапкан каражатты иштин кызыкчылыгына жумшоону туура деп айтар элем. "Бекердин тузу татыбайт" дегендей, бекер табылган, тиленип алынган акчанын орду деле жок болсо керек. "Бербей койду" деп байларга догурунгандардын басымдуу бөлүгү негизинен бекерге көз арткандар го дейм. Абийирдүү киши бирөөнүн тапканына көз артпай, өз эмгегине таяныш керек. Кыргызга аттын кашкасындай таанымал бизнесмен айткандай, "жаман кишиге карыз берип кутулуш керек". Бай делгендер акчаны кайрымдуулукка жумшаганы дурус, албетте. Бирок, социалдык көйгөйлөр басымдуу бөлүгүндө мамлекеттик деңгээлде чечилүүгө тийиш. Ошого жараша, жанагы "байып кетти" делгендер мамлекеттик саясаттын негизинде мамлекетке салык төлөшөт. Ошол төлөгөн салыгы жанагы сөз болуп жаткан "жардам берди" деген маанини түшүндүрөт.
Сиз өзүңүз акчаны кайсы муктаждыгыңыз үчүн көбүрөөк коротосуз?
Өзүмө көп деле акча коротпойм. Дүкөндөрдү деле аралаганга убакыт аз, кээ бир учурда керектүү нерсеге жардамчыны жибергенге туура келет. Өтө эле көңүлүм чөгүп турганда же кызыгым артканда, же дүкөн кыдыргым келгенде бир аз убактымды бөлүп коём.
Анан албетте, дүйнөлүк адабий, маданий жетишкендиктердин жемиштеринен да четте калбоого үй-бүлөбүз менен аракеттенебиз. Атактуу артистер келгенде, залкар аткаруучулардын концерттерине, опера-балет, театралдык оюндарга аянбайбыз.
Өзүбүз да таланттуу адамдардын жеке көргөзмөлөрүн уюштуруп берип турабыз.
Ошону менен бирге эс алууга, ден-соолукка керектүү буюмдарды алганга, жана да жакындарымдын эс алуусун камсыздап, дары-дармегин алып бергенге аракеттенем.
Балдарымдын окуусунан да эч качан үнөмдөгөн эмесмин жана да үнөмдөбөйм.
Бизнесте жумушчуларга, алардын айлык маянасына, тамагына акча корогону ал турган иш. Кайрымдуулукка акча жумшоо бизде салтка айланган. Колдоо сурап калат айрым таланттар конкурстарга барып келгенге. Орустун сөзү бар да: "Талантам надо помогать. Бездарность сама пробьётся". Оорукчал балдардын энелери кайрылат, дарыларга жана дарылануусуна ж.б. муктаждыктарга.
Башында мен сөз кылган Коомдук фондуларга да көбүн эсе өзүмдүн каражаттарымды сарптайм.

Эльмира Мадиева