п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Эненин көөнү балада

Адамдагы асыл сапаттар күндүн нуру,эненин сүтү менен калыптанат эмеспи. Жарык дүйнөгө ыңаалап келген ымыркайлар жашоодогу эң ыйык, эң даамдуу азык эненин сүтү менен оозанып, даамын татышат. "Бешик терметкен кол, дүйнөнү бийлейт" дегендей азыр бала жытына мас болуп, эмчек эмизип, бешик терметип отурган энелер наристелерин кантип багып жатканын баяндап беришти.


Эмчек эмизген энелер
Назира Айтбекова:
"Мага окшоп кычкылды жакшы көрөт"
- Уулум жаңы төрөлүп төшүмө жаткыргандан бир аз убакыттан соң эле эмип баштаган. Тим эле чопулдатып эмгени эсимден кетпейт. Буга чейин өз сүтүм менен эле багып жаткам, кошумча тамактарды бергениме бир эле ай болду. Атайын деле балага тамак даярдабайм, биз жеген тамактан эле кичинеден оозуна салып коём, колума эмне тийсе ошону бере берем. Мага окшоп кычкылды жакшы көрөт, лимон берсең деле ичиркенбей жей берет. Түнкүсүн болсо маанайына жараша болот, ойгоно баштаганда эле эмизип койсом уктап калат.

Залина Касымова:
"Аспаптын үнүн укса эле…"
- Эң биринчи жолу кызымды төшүмө жаткырышып кыбырап эме баштаганда сонун сезимдерге туш болгом. Акзыйнат жаңы төрөлгөндө 3, 328 килограмм болсо, азыр салмагы 5, 500 килограммга жетти. Кызым эки айлык болгондуктан кошумча тамак бербей эле өз сүтүм менен багып жатам. Түнкүсүн ыйлап убара деле кылбайт, эң аз дегенде бир эле жолу эмизем. Анан да ыйлап жатса музыкалык аспаптардын үнү чыкса дароо басылат. Деги эле эне болуу сезимин сөз менен айтып жеткириш кыйын экен, аны ар бир аялзаты өз башына келгенде эле сезбесе…

Неля:
"Түнү менен эмип чыгат"
- Эң алгачкы жолу эмизгенде ыгым келбей педиатрдын жардамы менен араң эмизгем. Эми энелик сезимдеримди сөз менен айтып жеткире албайм… Башында 3, 965 грамм болчу, акыркы жолу таразага тартышканда 8, 200 килограмм болду. Буга чейин өз сүтүм менен эле багып келсем, ушул жумадан баштап "Агуша" сыяктуу кошумча азыкты кошуп, буламык бере баштайм. Доктур менен кеңешпей туруп өз алдымча тамак берүүнү туура көргөн жокмун. Апам алып келген бешикке үч айынан баштап бөлөп баштагам, башында апам бөлөсө кийин өзүм үйрөнүп алдым. Чын эле жерге жатканга караганда бешиктен бала тынч, жылуу уктайт экен. Түнкүсүн болсо көнүп калганбы билбейм, менин жаныма жатмайын уктай албайт. Жытымды издеп чукуранып ойгоно бермей адаты бар, анын үстүнө түнү менен эмип жатканга өзү да көнүп алды.


Асема:
"Баламды эмчектен чыгарайын деп жатам"
- Адахан жаңы төрөлгөндө бир күндөн кийин эмиздим, колумдун эби келбей, жакшылап кармай албай жүдөгөм. Анан доктурлар келип көрсөтүп жардам беришти. Жаңы төрөлгөн наристенин назиктигин айт. Жакында эле доктуруна барып таразага түшүп келдик, төрөлгөндө 2 кг 700гр болсо, азыр 11, 500 килограмм болду. Биз жеген эт майларды кошо жейт, кошумча тамактарды жакшы эле берип жатам. Түнкүсүн жаныма алып жатып эки эле жолу эмизем, көп деле ыйлабай тынч уктайт. Жакында бир долбоор менен чет мамлекетке камынып жаткандыктан уулумду эмчектен чыгарайын деп жатам. Мен кетсем апам карайт.




Баары балага байланыштуу…
Жерге жаткырылган наристени ары-бери аттап өткөнгө болбойт. Бат-баттан ооруп, начар өсүшү мүмкүн.
Баланы жуунткан дагараны караңгыда эшикке таштабаш керек. Ымыркай түнү бою уктабай кыйналат.
Башка бирөөнүн көзүнчө баланы эмизсе, эненин сүтү жоголуп кетиши ыктымал.
Эң алгачкы ирет баланы эмизээрден мурун кайнак сууга бал салып оозуна кашык менен куюп коюу керек.
Наристе тынымсыз ыйлабаш үчүн түнкүсүн сууга барбаңыз, алып келген күндө да суу тазаланыш үчүн чакага ширеңке чагып таштап коюңуз.
Эгерде эмчектеги баланын тиши жарылбай кыйналып жатса, нандын катуу жерин колуна карматыңыз.
Баланы эмчектен чыгаргандан кийин кайра ошол эле замат эмчегиңизди оозуна салбаңыз. Айрым ишенимдер боюнча андай балдардын көздөрү кылый болуп калышы мүмкүн.
Эгерде баланын тынчы кетип, уйкусу качып жатса, жаңы туулган музоонун шилекейи менен ымыркайдын денесин сүртүп чыгыш керек.
Баланы таманынан кайра-кайра өпкүлөй берсе кеч басат.
Наристенин шымын жууганда баш-аягы кылып илбеш керек, өзгөчө үстүңкү кийимин ийнинен кыпчытып жайган болбойт.
Жаңы төрөгөн эненин сүтү чыкпай ар кимге эмизе берсе кийин наристенин көзү кылый болушу мүмкүн, мындай учурда бир эле аялга эмизген оң.
Үйдө бир жашка чейинки ымыркайлар бар болсо күн баткандан кийин таштандыларды, жугундуларды эшикке алып чыкпаңыз. Караңгы киргенде сурагандарга эч нерсе бербеңиз. Болбосо бала тынымсыз оорушу ыктымал.
Күн баткандан кийин наристени күзгүгө көрсөтүп, айнектин сыртынан караганга болбойт, таң аткыча уктабай ыйлап убара кылышы мүмкүн.
Баланын уктаган жерине, бешигине ашыкча кийимдерди, буюмдарды илбеңиз. Ал нерселер баланын үстүнө баскан жүк болот.
Баланын бешигин, кийимин эч убакта өрттөп, ыргытпаңыз, келечекте балалуу болбой калуу коркунучу күтүлөт.
Айрымдар баланы башынан алыс ыргытып ойноп же уктатаарда бутуна жаздык коюп терметишет. Мындай абалда наристелер тынчымак тургай ого бетер жүрөгү түшүп, уйкусу качат.
Айызы келген айымдар бала көрүп барбай эле койгону оң, болбосо наристе тери оорусуна чалдыгышы ыктымал.
Баланы күн күркүрөгөндө эмизбейт.




Эненин сүтү- табылгыс азык
Эненин сүтү наристеге табылгыс азык. Кандай тамак менен наристеңиздин курсагын тойгузбаңыз баары бир эненин сүтүнө жетпейт. Статистика боюнча эмчек сүтү менен азыктанган балдар башкаларга караганда эки эсе бат өсүп, акылы алда канча тунук болот экен.
Тамак сиңирүү органдарына эненин сүтү жасалма сүттөн эки эсе тез өтөт. Төрт айга чейин наристенин иммунитети алсыз болот, эмчектин сүтү ар кандай инфекциядан сактап, иммунитеттин калыптанышына өбөлгө болот. Эненин сүтүндө акылдын өрчүшүнө түрткү боло турган май менен шекердин курамы бар, бала чоңойгон сайын эненин сүтүндөгү курамдар өзгөрүп турат. Уйдун сүтү адамдын денесинин өсүшүнө өбөлгө түзсө, эненин сүтү акыл-эстин, организмдин өсүшүнө жакшы таасирин тийгизет. Эң негизгиси, наристе эненин эмчегин эмип жатканда энесинин денесине денеси тийип башкача жылуулук алат. Эненин колунда наристе өзүн тынч сезип, мээримине балкыйт.

А. Дүйшөналиева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
2-март, 2010-ж.:
1-бет
Лунара өзү каалап турмушка чыктыбы?
2-бет
Жанета Бобкова:
"Жумагүл Бобкова болмокмун"

3-бет
Жылдыздар турмушунан
Кудай чоң сактап...

4-бет
Ийгилик формуласы
5-бет
Эненин көөнү балада
6-бет
Турат Касымбеков:
"Менин үнүм отурушта ырдаганга эле жарабаса…"

7-бет
Орозбек Мусакеев:
"Мультфильмдер кыргыз тилинде көрсөтүлгөн эмес"

8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
Лунара Мамытова, "Ала-Тоо"маалымат программасынын диктору:
"Турмушка чыгууну өзүм кааладым"

10-бет
Унаа айдаган айымдар
11-бет
Кыргыздар кара жумуш гана кылышат деп ойлобогула
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок

13-бет
Шибегени капка ката албагандай…
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Аида Арстаналиева:
"Ийненин үстүндө жашагандаймын"











??.??