Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
   Кыргызский газеты
Кыргыз китеп
ggle_v

Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Аруузат

Лунара Мамытова, "Ала-Тоо"маалымат программасынын диктору:
"Турмушка чыгууну өзүм кааладым"
"Ала-Тоо"маалымат программасынын диктору, "Internews Network" өкүлчүлүгүнүн жыйынтыгы менен 2009-жылдын эң мыкты телеалыпбаруучусу аталган Лунара Мамытованын жеке жашоосу, жандүйнөсү, кыял-жоругу сизди кызыктырабы, анда Лунара менен болгон маекке көңүл бөлүңүз.

- Лунара, Алай жерине келин болупсуң. Жолдошуңду тааныштырып кетпейсиңби?
- Жолдошумдун аты Урмат. Учурда Ички Иштер бөлүмүндө иштейт. Экөөбүз жети жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп анан 2009-жылдын аягында баш коштук.
- Жети жылдын ичинде үйлөнөлү деген сунушун айткан жокпу?
- Ал үйлөнөлү деп эле колумду сурап жатты. Бирок, мен окуумду бүтөйүн деп макул болгон эмесмин. Адам психологиялык жактан жетилиш керек экен. Анан убак-сааты келди окшойт, турмушка чыгууну өзүм кааладым.
- Канчанчы келин болдуң, келиндин кызматын жакшы эле аткарып жатсаң керек?
- Келиндердин улуусумун. Урмат болсо экинчи күйөө бала болду. Жолдошумдун үч иниси болсо, менин бир эжем, эки сиңдим, бир иним бар. Биздин үйлөнүү тоюбуз Ош шаарында болду да. Бир жарым айдай келиндин кызматын кылдым анан жумушка чыктым. Бишкектен кесиптештерим тоюбузга барышканда продюсерибиз "Лунараны эртерээк жибергиле, жумушунан калбасын"деп тамашалап айтып койсо, кайын журтум чын кабыл алышып, эки жумадан кийин "Биз жумушуңа тоскоол болбойлу, шаарга кеткиле"деп жүрүшөт.
- Урмат сенин ишиңди кандай түшүнөт?
- Жолдошум чыгармачыл адам эмес. Бирок мени менен сүйлөшүп жүргөндө эле жумушумдун кандай экенин түшүндү да. Мага колдоо көрсөтүп турат. - Жолдошуңдун көңүлүн кантип алып жатасың?
- Жакшы сөз айтып, күлүп-жайнап көңүлүн алам. Өзү айткандай жакшы көргөн тамагы мантыны көп жасап берем. Турмушка чыга электе "Бир да тамакты жасаганды билбейм" деп тамашаласам, ал "Эч нерсе болбойт, сага өзүм үйрөтөм"дечү. Жумуш жасагандан эч убакта качпайм, ар бир ишти кылдат жасаганга аракет кылам.
- Сени диктор Бактыбек Мамытовдун кызы деп айтып калышат го?
- Ошентип ойлошот экен. Болгону биздин фамилияларыбыз гана окшош. Журналисттердин арасында деле Мамытов деген фамилиялар көп эле.
- Силердин программа дайыма түз эфирде болот эмеспи. Эфирге чыгаардын алдында толкундануу болобу?
- Толкундануулар сөзсүз болот. Себеби, түз эфирде өлкөнүн баардык аймагына чыгып жаткандан кийин чоң жоопкерчиликти моюнга аласың.
- Экрандан карап отуруп, сага отуз жашты бергендер бар. Өзүңдүн жаш курагыңдан улуу көрүнгөнүңдү байкайсыңбы?
- Бул эми теленин талабы. Кабарларды алып баруу олуттуу болгондон кийин сөзсүз түрдө стиль, макияж, чач жасалгоо, кийген кийимдерден улам улуу көрүнөсүң. (Күлүп) Биз деле "лямка" кийип же болбосо чачыбызды коё берсек, жапжаш элебиз.
- Кийим демекчи, эфирге бир кийген кийимиңди кайра кайталап кийе бересиңби?
- Кайталап кийе берем. Ар бир эфирге чыккан сайын жаңы кийим сатып ала берсең, аларды үйүңө деле батыра албайт болушуң керек. Бул жерде кийим-кечеге эмес, эң биринчи талап элге кабарды жеткиликтүү окуп берүү болуп саналат. Экинчи анан сырткы келбетиң, кийимиң каралат. Кебетеңди карап, кийимдериңди жаңылап отура берсең, анда сен мода үйүнө же болбосо стилдүү көрсөтүүлөрдүн алыпбаруучусу болушуң керек.
- Кийимдерди өзүңөр сатып аласыңарбы же телевидение каржылайбы?
- Теледе бир жылда бир-эки жолу кийим сатып берген учурлар болот. Көбүнчө өзүбүз сатып алабыз. Бирок, эфирдин талабына жооп береби, бербейби деп жетекчилерге көрсөтүп андан кийин гана эфирге кийип чыгабыз. Ал эми чач жасалгабызды, макияжыбызды "Ала-Тоо" маалымат программасына деп атайын бөлүнгөн бөлмөдөн кыздар жасап беришет.
- Кандай аялды сулуу деп айтат элең?
- Адамдардын сырткы келбетине караганда ички мүнөзү мага көбүрөөк жагат. Ошондуктан мен ички жандүйнөсү менен сырткы келбети бири-бирине айкалышып турган аялзатын сулуу деп айтмакмын. Мусулманчылыкта да "Сулуу адам эч качан жамандыкка барбайт"деп айтылат го.
- Ал эми өзүңө кандай мүнөздөмө бересиң?
- Мени көбү боюн көтөргөн кыз деп ойлошот. Менде түз, туруктуу мүнөз бар. Дайыма түз жүргөндү жактырам. Жагалданууну билбейм. Апам мага "Заманың бөрү болсо бөрү, түлкү болсо түлкү бол"деп айтып калат. Бирок мен андайга баралбай койдум. Мага жакпаган мүнөзүм кекчилмин. Мени жакын адамым катуу таарынтып койсо, оңой менен таарынычым жазылбайт.
- Фигураңды кантип сактайсың?
- Арыктап кеттим, же болбосо семирип кеттим деген нерсе менде жок. Болгону канчалык көп тамактансаң ошончолук кыймылдаш керек. Өзүм генетикамда кандай болсом, ошондой эле болгум келет. Азыр жалкоом кармап эле калбаса үйдөн арабча бийлерди бийлейм. Студент кезде бий, гимнастика менен машыкчумун.
- Анда жакшы бийлейт экенсиң да?
- Ооба. Мектептен бий ийримине катышып, университеттен аны уланттым. Элдик бийлерди бийлечүбүз, өзүм да бийден сабак берип жүрдүм. Бий демекчи бир кызык окуя айтып берейин. Мектептен тентек кылбай, жалаң гана биринчи партада отуруп, жакшы окудум. Анан эле онунчу классымда бир да дискотеканы калтырбай калдым. Бир күнү дискотекада ортого түшүп алып бийлеп жатсам, апам менен жеңем аркамдан барып, окуучулардын көзүнчө үйгө алып кетишкен. Катуу деле урушкан жок. Бирок абдан кыжырым келди. Жолдо баратып, "Эмне келип алдыңар? Мен силерге эмне жамандык кылып жатам, мектепте жакшы окусам, өзүм тартиптүү кыз болсом, чылым чекпесем, арак ичпесем, силердин сөзүңөрдү эки кылбасам, дискотекага барып бийлегендин эмнеси жаман?"десем, апам "Бар ошентип атаңа айтып, уруксат сурап кет"деди. Атамдын иш бөлмөсүнө кирип болгонун айтсам, "Бар, барабер, кызым"деген жоопту алып, сүйүнгөн бойдон кайра дискотекага барып, бийлеп келгем.
- А ыр жагына кандайсың?
- Ырга жокмун. Менден кийинки сиңдим Мирана жакшы ырдайт, "Кыз-Бурак" тобунда ырдап калды. Эсимде, кичирээк кезим болчу. Ырдап жатсам, апам "Айланайын кызым, сен ырдабай эле койчу. Жакшы ырдай албайт экенсиң"деген эле. Ошондон кийин уялып ырдабай койдум. Бирок эч ким жок жерде караокелерде ырдайм.


Блиц-анкета
Гүлдөрдүн ханышасы - Розаны жактырат.
Күткөн мезгили - Жаз, жай.
Баалаган эстрада ырчылары - Гүлнур Сатылганова, Айжамал Кабылова жана Мирбек Атабеков.
Жакшы көргөн түсү - Ак, күлгүн (розовый)
Өзү тарыхчы болгондуктан тарыхый жерлерди, дүйнөнүн жети кереметин көргүсү келет.
Апасы белек кылган машинасын жакшы көрүп айдайт.
Кыргыздын улуттук колоритин сактаган, ошондой эле Индиянын, Арабдардын кооз жасалгаларын жактырат.
Муз үстүндө тебүүгө жана сууга сүзүүгө кызыгат.
Дүйнөлүк жаңылыктарды калтырбай көрөт.

Айнура Касымова






ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
2-март, 2010-ж.:
1-бет
Лунара өзү каалап турмушка чыктыбы?
2-бет
Жанета Бобкова:
"Жумагүл Бобкова болмокмун"

3-бет
Жылдыздар турмушунан
Кудай чоң сактап...

4-бет
Ийгилик формуласы
5-бет
Эненин көөнү балада
6-бет
Турат Касымбеков:
"Менин үнүм отурушта ырдаганга эле жарабаса…"

7-бет
Орозбек Мусакеев:
"Мультфильмдер кыргыз тилинде көрсөтүлгөн эмес"

8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
Лунара Мамытова, "Ала-Тоо"маалымат программасынын диктору:
"Турмушка чыгууну өзүм кааладым"

10-бет
Унаа айдаган айымдар
11-бет
Кыргыздар кара жумуш гана кылышат деп ойлобогула
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок

13-бет
Шибегени капка ката албагандай…
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Аида Арстаналиева:
"Ийненин үстүндө жашагандаймын"


ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования

Орусча - по-русски:
 •  Бесплатные уроки...
 •  Про кырг._раскладку
 •  Про кырг._шрифты
 •  Про меня

Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?


Гезиттердеги кызык макалалардын топтому
Кызык макала
Курандын да, Манастын да атын булгап...
Өлкөбүз "көкмээлер аралчасына" айланабы?
Дин жана дил:
1-макала
2-макала
3-макала
Чыңгыздын айымдары:
1-макала
2-макала
3-макала
4-макала
5-макала
6-макала


bottom
Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызак:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!