п»ї
 Таанышуу жарыясы


  чынжырча

Спортсмендер сүйлөшөт…
Бул саныбызда "Чынжырчабыздын" меймандары "Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши" дегендей, кыргыздын атын чыгарып жүргөн спорт чеберлери. Биринчи спортчубузга соболду өзүбүз таштадык. Андан ары өздөрү бири-бирине суроо узатышып, чынжырчаны улашты.

- Бош убактыңызды кандай өткөрөсүз?

Волейбол
боюнча Кыргызстандын курама командасынын капитаны Кылыч Сарбагышев:

- Бош убактымды кичинекей кызым менен өткөргөнгө аракет кылам. Паркка, балдар көңүл ача турган жерлерге барып, эрмектеп келебиз.
- Мен Нурбек байкеге суроо берсем. Ал жаракат алып бир канча ай ойнобой калган эле. Келе жаткан чемпионатка командаңыздын даярдыгы кандай?


Дзюдо боюнча Азиат оюндарынын коло медалынын ээси Азат Кубакаев:

- Спортко жаңы эле киришип жаткан маал. Бир жолку күрөш мелдешинде күрөшүп жаткан бир бала жанындагы каршылашын муунтуп коюп, ал бала уктап калган. Калыс (судья) уктап калган баланы аркасынан тартып, өзүнө келтирейин дегенде тиги бала ойгонуп кетип, каршылашы экен деп ойлоп аны "прогибге" сайып салган эле.
- Руслан, мелдешке бара жатканда спортсменге эмне жакшы жардам берет?


Волейбол боюнча спорт чебери Нурбек Калыков:
- "Мөөр жолго даяр!" дегендей, биздин команда боло турган чемпионатка ар дайым даярбыз.
- Уран, качан "полковник" наамын аласың?





Биздин спортто эмне кеп?
баскетбол
Кыргыз кыздар Американы
артка калтырып
5-мартта Кожомкул атындагы спорт сарайында Аялдардын Эл аралык күнүнө арналган кыздар арасында баскетбол боюнча мелдеш болуп, Кыргызстандын кыздар курама командасы Америкалык кыздарды жеңип алды. Америкалык кыздар оюн аягына чыккычакты биздин кыздардын шакекчесине бир да топ сала алышкан жок. А биздин кыздар 14 балл алышты. Оюн аягында мелдешке катышкан ар бир кызга гүл тапшырылды.


хоккей
Музду омкоро
ойношуп…
5-марттан тартып Кыргызстанда хоккей боюнча мелдеш өткөрүлө баштады. Мелдешке бардыгы болуп "Хан-Тенгри" (Бишкек) - "Тенти Аке" (Байзак айылы), Хан-Тенгри" - "Чолпон-Ата", "Дордой" (Нарын) - "Эркин-Фарм" (Чаек айылы) - жана "Алай" (Ош) болуп 6 команда ат салышууда. Борбордук муз аянтчада өткөрүлүп жаткан оюндан азырынча жеңүүчү аныктала элек.


бокс
Бирде жигит
жөө жүрөт…
Бокс боюнча Азияда өспүрүм балдар арасындагы бокс боюнча өткөрүлгөн мелдеште Кыргызстандан барган үч жигит жеңишке жетпей, Н. Исаков, И. Далибаев жана Н. Маткасымовдор өздөрүнүн каршылаштарынан утулуп кайтышты. Аталган мелдеш 4-мартта Тегеранда (Иран) болуп өттү. Эмки Азия мелдешине М. Шеров, Р. Камилов, Н. Пазылов аттуу боксерлорубуз да күчтөрүн сынайбыз деп турушат. Эми алардан үмүт кылып туралы.


Сүйүнчү!
Спортсмендер
көп акча алышат
Учурда Кыргызстандын спортсмендеринин стипендиясын көтөрүү тууралуу жаңы токтом иштелип жатат. Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Айдарбек Керимкулов спортсмендер жетишкен ийгиликтерине жараша стипендия алышаарын айтты. Бул боюнча агенттиктин жетекчисинин орун басары К. Конгантиев иш алып бараарын да баса белгиледи. Эми буюрса, 1-2 миң сом алып жүргөн спортсмендер 10-15 миң сомго чейин акча алышмакчы.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-март, 2010-ж.:
1-бет
Бою узун кызды сүйгөндөн корккон Ильяз
2-бет
"Узун бойлуу кызды сүйүп калсам да үйлөнбөйм"
3-бет
Башка улуттун жүрөгүн багындырган кыргыз кыздар
4-бет
Мырзалардын нервин текшерип...
5-бет
Дилмаек
6-бет
Үй-бүлөм менин байлыгым
7-бет
Айымдарга
мүнөздөмө

8-бет
Рыспайдан качып жүгөрүнүн арасына жашынган Алмакан
9-бет
- Эсиңизде калган
8 -Март?

10-бет
Спортсмендер сүйлөшөт…
11-бет
Владислав Галкиндин түбүнө арак менен аялы жеттиби?
12-бет
Көз мончок
13-бет
Грузияга батпаган
Тариэл Ониани (Таро)

14-15-бет
Обон почта










??.??