п»ї

  Атактуулар ааламы

Владислав Галкиндин түбүнө арак менен аялы жеттиби?
"Спецназ", "Мастер жана Маргарита", "Сапарга чыгуучу" (Дальнобойщик) сериалдарына тартылган теле жылдыз оорунун айынан жарыкчылык менен кош айтышты. 38 жаштагы актер акыркы жолу "Котовский" сериалына тартылган. Кинонун бет-ачаарына үч күн калганда өзү көргөнгө жетишпей кете берди…

Арактын айынан чыккан чыр
Маркумдун сөөгү 27-февралда өз үйүндө табылган. Ата-энеси эки күн катары менен телефон чалышып ала албагандан кийин кооптонуп милиция кызматкерлерин чакыртышкан. Актёрдун сөөгү табылгандан бир нече күн мурда эле көз жумганы белгилүү болду. Эске салсак, өткөн жылдын 23-июлунда актёр "Тики Бар" кафесинде барменди арак алып келбей койгону үчүн газ мылтыгы менен аткан эле. Галкинди тынчтандыргысы келген милиция кызматкерлери менен да кармашып, бирөөсүн бетке соккон. Ушундан тартып Владислав Галкиндин жашоосунда кара сызыктар пайда болду десек болчудай. Галкин күнөөсүн толугу менен мойнуна алып: "Мен абакта отургандан көрө коомчулук үчүн иштеп көбүрөөк пайда алып келем деп ойлойм. Ошентсе да колум менен жасаганды мойнум менен тартканга даярмын" деген оюн билдирген. Сот айыпкердин элдик адам экенин эске алып бир жыл эки айга шарттуу жаза берген. Сот жообунан оңой кутулганы менен Галкин ошол жагымсыз окуядан кийин тынымсыз ичимдик ичкенге өтөт. Мурдакыдай тасмаларга көп тартылбай, элден, досторунан четтеп үйүнөн көп чыкпай калган.
Эксперттер Владислав Галкиндин денесинен эч кандай жаракат табышпаганы менен организминде алкоголдун өлчөмү өтө көп экенин, боору эзилип, ашказаны иштебей калганын аныкташты. Акыркы жолу да актёр көп өлчөмдөгү ичимдик ичип, жүрөгү ошол замат токтогон.

Ажырашуунун азабы
Владислав Галкин 1998-жылы 2-октябрда актриса Дарья Михайловага баш кошконго чейин эки жолу жарандык никеде, бир жолу расмий түрдө үйлөнүп ажырашкан. Дарья Михайловага үйлөнгөндөн кийин "Мен Дарьяга чейинки турмушумду эстегим келбейт, ээн баштык кылып көп ката кетирдим. Эми чыныгы турмушту баштайм, мен Дарьяны абдан сүйөм, экөөбүз балалуу болууну ойлонуп жатабыз" деп журналисттерге интервью берген болчу. Бирок, жубайлар он жыл чогуу турмуш кечиргенден кийин үй-бүлөнүн ыркы кетип, экөө эки башка жолго түшүшкөн. Келини тууралуу актёрдун апасы: "Дарья Владдан тогуз жаш улуу. Ал баламдан алчусун алып туруп басып кетти. Биринчи үйлөнгөн жылы Дарья бала төрөп берем деген убадасын берген, кийинчерээк "менин боюма бүтпөй жатканына сен күнөөлүсүң" деп уулум менен көп урушчу болгон" дейт. Тилекке каршы бир эмес, төрт жолу төшөк жаңыртса да актёрдун артында туяк калган жок. Ал эми Дарья жолдошу жөнүндө кыскача гана "Влад көп ичип жатат, дарылангысы келбейт. Менин чыдамым түгөндү" деген жообун берген. Бир чети сот жообуна тартылып, экинчи жагынан аялы менен ажырашканы анын ак моюн менен катуу достошконунун дагы бир себеби болсо керек. Жаңы жылдын алдында жүрөгү чыдатпай ооруп, бейтапканага жатып чыкканга да үлгүргөн. Физикалык да, рухий жактан да алы кеткен актёр жашоо менен күрөшүүдөн чарчаганын достору баса белгилешет.

Актёрду акыркы сапарга узатуу
Владислав Галкиндин сөөгү Трекуровск бейитине коюлду. Актёрдун жакын досу актриса Яна Поплавская маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты жөнүндө журналисттерге төмөндөгүдөй маалымат берген: "Владдын сөөгүн бейитке койгонго эле бир топ каражат кетти. (Бейиттен орун алыш үчүн 200 миң рубль төлөнгөнүн журналисттер өздөрү иликтеп чыгышты) Кинематографисттер союзуна акчалай жардам сурап кайрылганыбызда алар эч кандай акча бөлө алышпасын билдиришти. Азыр бай тааныштарың, демөөрчүлөрүң жок болсо канчалык белгилүү болгон күндө деле оңой менен жардам келбейт. Азыр Владдын ата-энесине материалдык жактан да жардам керек болуп жатат. Дагы Леонид Ярмольникке рахмат, ортого түшүп жатып бейиттен орун алып берди" дейт. Чынында карапайым адамдар актёрлордун, ырчылардын жакшы жашоодо жашайт, эң кымбат машина айдап, кабат үйдө жашаганына көнүп калганбыз да. Владислав Галкин "Котовский" сериалына тартылып тапкан 60 миң долларын бейтапканага жатып, дарыланып чыккандан кийин кайра арак ичип коротуп салган. Ал башынан эле кычырабаган карапайым турмушта жашап келген. Жолдошун акыркы сапарга узатканга Дарья Михайлова жана акыркы убакта актёр менен жылуу мамиледе жүргөн айым Анастасия Шипулина да катышты.

Жакындары эмне дейт?
Актёрдун атасы режиссер Борис Галкин уулунун өлүмүнө келини Дарья Михайлованы күнөөлөйт. Анткени анын ою боюнча Дарья актёрду эң оор учурда, колдоо керек болуп жатканда таштап тескери бурулуп кеткен. Мындан аркы жашоосун Борис Галкин Дарья Михайловадан өч алууга жумшаарын билдирди. Учурда актердун апасынын жүрөгү ооруп ,доктурлардын көзөмөлүнө алынды. Ал эми актриса Дарья Михайловна экс-жолдошунун өлүмүн оор кабыл алып жумушка чыкпай үйдө жатат. Учурда ал киного тартылып жаткан, бирок режиссер актрисанын абалын көрүп убактылуу сьёмканы токтото турууну эп көргөн. "Дарья он жыл бою күйөөсүнө чыдап жашап келген. Владдын деле кыялы оңой эмес болчу. Ал эч качан эч кимди кечиргенди билчү эмес, ошонусунун азабын көп тартчу" дешет актерду жакындан билген достору.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-март, 2010-ж.:
1-бет
Бою узун кызды сүйгөндөн корккон Ильяз
2-бет
"Узун бойлуу кызды сүйүп калсам да үйлөнбөйм"
3-бет
Башка улуттун жүрөгүн багындырган кыргыз кыздар
4-бет
Мырзалардын нервин текшерип...
5-бет
Дилмаек
6-бет
Үй-бүлөм менин байлыгым
7-бет
Айымдарга
мүнөздөмө

8-бет
Рыспайдан качып жүгөрүнүн арасына жашынган Алмакан
9-бет
- Эсиңизде калган
8 -Март?

10-бет
Спортсмендер сүйлөшөт…
11-бет
Владислав Галкиндин түбүнө арак менен аялы жеттиби?
12-бет
Көз мончок
13-бет
Грузияга батпаган
Тариэл Ониани (Таро)

14-15-бет
Обон почта










??.??