окумал

Аздек Намазбекова
Көз мончок
Издешкен жүрөктөр
- Сенин эле өзүң экен. Көздөрү, кашы…Мага кайсы жери окшош, ыя?-деген Сүйүндүк мени кылгыра тиктеп калды. Мен көзүмдү ала качып:
- Билбейм…Мен Кымбатты көргөндө сени көргөндөй боло берем. Кээ бир кыял-жоругу да сеникиндей. Үйдөгүлөр да "атасынын эле өзү" деп калышат, - дедим фонтандан чачырап аккан сууга колун созуп, кыткылыктап күлүп ойноп жаткан кызымды суктана карап. "Деги турмуш кызык эле…Бүттү! Биз эми бири-бирибизге эч ким эмеспиз…деп артка кылчактап кароодон коркуп, өзүмдү -өзүм алдап жашап калганда Кымбатты табыштырып койгонун кара. Биз эми каалайбызбы каалабайбызбы бири-бирибизге жипсиз байланаарыбыз турган иш. Ушундан көрө Сүйүндүктү көрбөй, үнүн укпай, ошол бойдон көрүшпөй калсак бат унуткарат белем? Эми кантип?.." Ушул ойго жетелендим.
- Биз Кымбатты бири-бирибизге окшоштурганыбыздын себебин билесиңби? Анткени экөөбүз окшошпуз. Биз үйлөнгөндө досторумдун баары таң калып "ага -карындаштай көрүнөт экенсиңер" дешкени эсиңдеби? Түгөйлөр окшош болсо турмушу бактылуу болот дешкен ээ?- ушу сөз ойлонбой оозунан чыгып кеткенин, ал мага оор тийгенин түшүнө коюп мукактана, Кымбатка карап сүйлөмүш этип кыйпычыктап калды.
- Хм…Демек ким айтса да жаңылыш айткан экен. Жылалыбы, өтө эле кеч болуп кетти. Эртең жумуш.
- Сени менен шашпай сүйлөшө турган сөзүм бар эле, Кымбатты уктатып коюп кайра чыкпайсыңбы? Же чарчап турасыңбы, эртеңкиге калтыралыбы?-деген Сүйүндүк жалооруй көздөрүмө тигилип колдорумдан кармалап өөп койду.
Унчукпадым. Эмне дээримди деле билген жокмун. Жолдо Кымбат уктап калды. Эне үчүн алдыңда дүйнө капар уктап жаткан балаңа мээримиңди төгүп, жалынып-жалбаруудан өткөн бакыт жоктур. Бүт кайгы-капаң ошол мүнөттөрдө азга болсо да унутулуп, капарыңан чыга түшөт экен. Өпкүлөп жыттап тойбой баратам. Деле бейкапар, анда-санда уйку- соонун арасында жылмайып коёт. Сүйүндүктүн кызыма ушунча таасир эткенине жетине албай бараттым. Атасына жакын болот окшойт.
Үч күн Сүйүндүк биз үчүн майрам уюштургандай эле болду.
- Деги атаңардын эмне ою бар экен? Эч нерсе дебей элеби?-деп Кундуз күндө кечинде кызыга сурайт.
- Оюнда эмне болмок эле? Кымбат үчүн келди да, ошонусуна да ырахмат. Убактысы келгенде кайра үй-бүлөсүнө кетет.
- А сен эмне аны коё берип коёсуңбу? Азде-ек, жашоодо күрөшүш керек! Сага күйөө, кызыңа ата кереги жокпу?! Ичиңден өрттөнүп, жаныңды коёорго жер таппай турганыңды өңгө байкабаса да мен көрүп, билип турам го! Менин байкашымча ал сени сүйөт, бирок адашып калды. Эмне кылаарын билбей башы маң болуп жүрөт да. Экөөң эки жерде кыйналбай кайра табышып алсаңар ушундай таттуу турмушта жашайсыңар, көрөсүң го.
- Көзү ачык болуп кеткенсиңби? Тияктагы уул-кызын, аялын таштап мага кайрылат деп ойлогон да жокмун, кайдагы сөздү айтып эски жарамды тырмабачы,-деп Кундузга кызаңдай бир тийдим. А бирок ичимден "Эми качан кетип калып кайсалап калам? Кымбатка эмне деп түшүндүрөм" деп туталанып, бук болуп жүргөнүмдү курбумдун байкап койгону үчүн уялып турдум. Жаратканга жалынычым жетип жанымдан кеткис болуп калса кана?!
ххх
Биринчи жолукканда "сөзүм бар" деген Сүйүндүк эмнегедир ал тууралуу кеп кылбай жүрүп көп күндөн кийин гана:
- Аздеш, бүгүн Кымбатты Кундуздун жанына калтыралыбы? Экөөбүз көзмө-көз сүйлөшчү сөзүм бар дебедим беле?- деди. Кечки алтыда кездешмей болдук. Ошол күнү эмне кармасам колумдан ыргып, жумушта элдер нан сураса май сунуп, улам жаңылып акча эсептей албай эле кызыктай абалда жүрдүм. "Кудум Сүйүндүк менен биринчи жолугушууга барчудай эмне толкунданам?" деп өзүмө-өзүм түшүнө албайм.
- Аздек, - үнү калтырап каргылданып чыкты. Анын да толкунданып, эмнегедир тынчсызданып турганын ойноктогон көздөрүнөн окулуп турду. - Мен көптөн бери эңсеген күндөрдү мага кайрып берип, бактылуу кылганың үчүн чоң рахмат. Мен Москвага кетээрде экөөбүз атырган таң эсиңдеби? Мен ошол түндү кайра-кайра эстеп кыйналчумун. "Эмнеге ажыраштык? Бирге калчу жол тапсам болбойт беле?" деп ойлонуп, өзүмдү-өзүм жей берип жинди болуп кете жаздагам. Эмне кылбайын сенин кашыңда баштагыдай сен билген, сен сүйгөн таза Сүйүндүк боло албасам керек деп ойлогом. Сынган аяк бүтөлбөйт, эми жолуңа бөгөт болбоюн дегем. Көрсө мен жаңылышыптырмын. Ошентип кыйналып жүргөндө "кызың табылды" деп атам чалып калды…Кандай кубанганымды сөз менен айтып жеткире албайм. Мен ошол эле күнү камынып чыкканым менен кырсыктап, жаныңда боло албадым. Кызым экөөң кездешээр күнү мен жаныңда болушум керек эле. "Качан болбосун ушунун керек учурда пайдасы тийбейт" деп ойлосоң керек.
Мен аргасыз жылмайып алдым.
- Аа, ошентип ойлоптурсуң ээ. Мен билге-ем,- ал да каткырып күлүп алды. Ошол күлкү ортодогу ыңгайсыздыкты жууп кеткендей болду. Өзүмдү бош таштап эркин сезип олтурдум.
- Мен сөзүмдү улайынбы? Мм…Өзүң билесиң, мага көз каранды эмес болсо да көзүмдү карап менин ыгыма көнгөн аялым, кечинде жумуштан чарчап келсем көңүлүмдү көтөрүп, чарчоомду жаза турган уул-кызым бар. Үстүмдө үйүм, үй ичи толо оокат-жайым болгону менен ошонун баары меники эместей, мен бирөөнүн үйүндө убактылуу жүргөнсүй берем. Жүрөгүмдө ийненин көзүндөй эле тешик бүтөлбөй, бир нерсе жетпегендей кемтик жашоо кечирип жатам. Ошол боштукту толтурчу сенин ордуң экен, мен ушуну кызым экөөңдүн жаныңа келип түшүндүм. Кайталасам кечирип кой, үйдө балдарга, досторго, телевизорго, жумушка алаксыганым менен баары бир оюмда сен турасың. Сени менен өткөргөн күндөрүмдү эстеп кыялданам. Анан мен өмүр бою сени жоктоп жашагым келбейт.
Атам да "кайра кетсең -кайрылба" деп күндө айтып, менин жообумду күтүп айылга кетпей жүрөт. Мени кайра кетиргиси жок. "Аздек менен кызыңды алып кел, чогуу кетебиз" деп жатат. Апабыз деле күүсүнөн тайып, мурдакыдай болбой калыптыр. Өткөндө өзүң деле көргөн чыгаарсың. Эми сага эч нерсе дей албайт. Баса, Алтынай наркы айда турмушка чыгат экен. Жалгыз жеңеси болсоң өзүң узатып бар да.
Эгер баарыбызды кечирүүгө күчүң жетсе жүрү, эртең эле кеттик айылга. Атам той берем, кудаларымды чакырам деп жүрөт. Эс алып сен каалашыңча айылда жүрүп келебиз. Мага бир кечирим берчи. Каалайсыңбы үйдү сатып көңүлүңө жаккан жерден башка жаңы үй алалык. Сынган аякты жабыштырып, бүтөп анын жаракасы бар деп аяр мамиле жасап көпкө колдонгонго болот да. Мен түшүнөм, мени уруш, тилде, унчукпайм. Бирок кабыл алчы? Өзүң билесиң го сөзгө анча жокмун, бирок жүрөгүмдөгү болгон сезимди сага жеткире алдым деп ойлойм…
ххх
Менин ордумда сиз болсоңуз эмне дээр элеңиз, окурман? Өзүңүздү мен сыяктуу жоготуп, көңүлүңүз бирде толкуп-ташып, бирде ызага уугуп, ишенип-ишене албай канчалык карманганыңызга карабай карегиңизге жаш тегеренет беле? Ооба, мен дал ушундай абалда отурдум. Түш көргөн сыяктуу эс-мас абалда тил-ооздон калдым. Ооз ачсам эле ойгонуп кетчүдөй, оор дем алгандан да коркуп отурсам телефонум чырылдады. "Ух" дедим ичимден. Мени ушул абалдан алып чыгып кеткен бул ким болду экен деп карасам- Таңсулуу.
- Алло, кандайсыз? Аздек эже, мени менен сүйлөшө аласызбы? Жардамыңыз керек болуп жатат?!