п»ї

Грузияга батпаган
Тариэл Ониани (Таро)
17 жашынан түрмөнүн даамын таткан Таро
Тариэл Ониани (Таро) кримдүйнөсүндө таанымал, атак-даңктуу "мыйзамдагы уурулардын" бири. 1952-жылы Грузиянын батышындагы Лентхен районунда жарык дүйнөгө келген. Ошол аймактагы криминалдык ири уюшманын баштоочусу болгон. Эң алгач 17 жашында талап-тоноочулук менен соттолгон. Уурулук боюнча колонияларда сегиз жолу отуруп чыккан. "Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы" дегендей, уурулукка көнүп алган Ониани колунун туткактыгын карматып үйүндөгүлөрүн азапка салган.

Грузияны таштап
Испанияга кеткен
1990-жылдары аталаш тууганы Грузиядан алыс жүрсүн деп Парижге андан кийин Испанияга жиберген. Ал жактан курулуш бизнеси менен жан багып, ошол эле учурда Грузиянын "Аэрзена" авиакомпаниясы аркылуу баңги заттарын өткөрүп алектенет. 1995-98-жылдары Батыш Европанын Укук коргоо органдары Тарого кылмыш ишин козгойбуз деп бирок ага бир да далилдүү фактыларды таба албай коюшат. 2005-жылы да Испаниянын полиция кызматкерлери колун түрүп, масштабдуу операциясын баштап, 4 миңге жакын полициялар вертолёттор менен Барселона, Аликанте жана Марбелье шаарларынын аска-зоолорунан бери тинтип, Тарону таппай коюшат. Айласы кеткен полициялар 12жаштагы кызын барымтага алып кеткенде да аларга моюн сунуп берген эмес. Ошондон кийин Испаниядан качып Россияга келип, атуулдугун алып жашап калат. Россиянын укук коргоо органдары дагы Онианиге каршы кылмыш ишин козгомокчу болушуп,бирок дагы эле далил жок болгондуктан майнап чыкпайт.

Кримавторитеттер менен
душман
болуп…
Бир орунда тура албаган Россиядагы Грузиянын өкүлчүлүгүнө барып, Грузиянын атуулдугун алдырып таштап, толук кандуу россиянин болуп алат. Ошентип, испаниялыктар изин кууп жүргөн "мыйзамдагы ууру" Ониани кайра эле жан багыштын айынан айланасына балдарды чогултуп, уурулук боюнча ири топтун уюштуруучусу болуп алат. Муну уккан орустардын дагы бир "мыйзамдагы уурусу" Дед Хасан деген тергеме аты менен таанымал крим авторитет ага чабуулга өтөт. Экөөнүн касташуусунан көп адамдардын өмүрү кыйылган. 2009-жылдын 24-майында Дед Хасандын оң колу болуп келген "мыйзамдагы ууру" Скиф(Андрей Голубев) андан кийин Сочинин ири бизнесмендерин колго алып жүргөн Алик Миналяндын өлүмүнө Онианинин түздөн-түз тиешеси бар болгон.
Азыр түрмөдө
Үстүбүздөгү жылдын 5-мартында Таронун үстүнөн дагы кылмыш иши козголот. Ал зордук-зомбулук, Борис Березовскийдин уурдалышына жана Александра Литвиненконун өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталган. Дагы бир кылмышы тууралуу ай тсак: 2009-жылдын 18-мартында Таронун "оң колу" Сергей Абутидзе орустардын ири бизнесмени Манагадзени Москва шаарындагы "Золотое кольцо" мейманканасына жолугушууга чакырган. Манагадзени барымтага алып, анын жакын туугандарынан аны бошотуу үчүн 500 миң доллар талап кылышкан. Досу Абутидзенин айтуусуна караганда Таро ага тапшырма берген. Ошентип тергөөнүн жыйынтыгында Ониани РФнын Кылмыш Кодексинин 126-163-беренелеринин негизинде киши уурдоо жана зордук-зомбулук боюнча түрмөгө айдалган. Учурда түрмөдө жатат.




  Бурулкан Карагулова

Селсаяк
(Уландысы, башы өткөн санда)
Профтехти бүткөндө 18ге чыктым. Армияга чакырылып, эртең кетем деген күнү атама барып айттым. Ал күнү атамкына түнөп калдым. Эртең менен таң атпай туруп үйдөн чыгып баратсам атам "кел олтур, бир мүнөт молчание" деди орусча. Берки балдары болуп чогуу бир мүнөт "молчание" кылдык. Босогого жеткенимде "жакшы бар" деп үйүндө калып калды. Бир тыйын акчам жок эле, атам мага 5 сом да карматып койгон жок.
Военкоматка келсем бардыгынын ата-энеси, бир туугандары узатып, кээ бирлери ыйлап жүрүшөт. Ушундай таттуу узатып атышат. Узатат деген ушундай турбайбы дедим ичимде. Мен болсо жалгызмын. Эч ким узаткан жок. Ушу күндөн баштап жалгыздыкка үйрөндүм. Качан эле үйрөнгөм дечи, бирок мурда жанымда өзүм кырдуу балдар болуп, алар менен оюнга алаксып жүрүп мынчалык жалгыздыкты сезген эмес экемин. "Поездге түшкүлө" деген команда болгондо гана энесинин, атасынын кучагынан бошонушту.
Поезд жаңы жылып баратканда "Нурга-зы" деген кыйкырык чыкты. Айнектен мага орун тийчүдөй эмес. Мени ким издемек эле деген ой менен өзүм деле айнекке жутунган жокмун. Үн поездден калбай ээрчип келатат. "Нур-га-зы". Тайтамын үнүн тааныдым. Балдарды түртүп жиберип айнектен башымы чыгардым. Тайта, тайнеми эч нерсе дечү эмес элем. Эмне дээрими билбей "ата-а" деп кыйкырып жибердим. Тайтам ат чаап келатыптыр. Айнектин тушуна жете келип:
- Ме кулунум, ал, жолдон тамак ич, муну болсо барганда кий, Орусия суук болот. Жакшы барып кел. Мамаң жакшы болуп калды, кыздуу болгон, аты Толгонай. Картаң энең, тайнең салам айтышты. Угуп жатасыңбы? Нур-га-зы-ы, дилгирем салып жибер жеткенде, кат жаз, солдаттан келгенде түз эле үйгө кел, кулунум, айланайын ай … - тайтамын үнү тээ алыста, алыста-а калып калды. Аты да өжөр экен, поезд менен тең жарышкан. Тайтамын карааны үзүлгүчө кол булгап кете бердим.
Колумдагы кагазды карасам 25 рубль экен. Анан жылуу өтүк. Өтүктү кучактап алып, шолоктоп ыйладым. Ыйлабайын десем да көзүмдүн жашы токтобой койду. 11 жыл өткөргөн Шалтадагы балалыгым көзүмө көрүнүп туруп алды. Айыл, суу, жол, чаң, чүкө, балдар, кыздар, мамам, кемпир апам, тайкелерим, тайне-тайтам, айылдагы кемпирлер, чалдар, бардыгы көзүмөн жаш болуп куюлуп чыгып атты.
Армияда жүргөндө бардыгына кат жаздым, бирок жооп жазышкан жок. Службамы жакшы, ойдогудай өткөрүп бүтүп поезд менен үйлөрүбүзгө кайттык. Жанымдагы балдар өз мекенине жеткендерине жетине албай сүйүнүп бири-бирин куттуктап, кучактап атышты. Менчи…Баары тескерисинче. Кайда жана кимдикине барам деген көйгөй турду алдымда. Армияда жок дегенде уктай турган жерим бар эле, төшөгүм бар эле, тамак иччү элем, көнүп калгам элем. Эми кантем?... Бешенемде не жазуу бар экенине көзүм жетпей келаттым.
Кулакты чарчаткан поезд өзү да чарчап, күшүлдөп таң супа салганда борборго жетти. Мен атамын үйүнө чейин жөө келдим. Бирок кире албадым. Кайра жөө Ош базарына келдим. Шалтанын автобусуна чыксам айылдаштарым отурушуптур. Мени көрүп таң калышты:
- Аскерден келгендер такси менен барат үйүнө. Жүр таксиге түшүп баралы, сүйүнчүлөйбүз - дешти. Болбой койдум. Мен үчүн бирөөлөрдүн сүйүнчү беришерине деле көзүм жеткен жок. Картаң апам, тайтамдар болуп бир короодо турчубуз. Мени көрүшүп, армиядан эмес, шаардан эле келаткандай кабыл алышты. Тайтам каза болуп калыптыр.
Мен чоңойгон жапыз там менин боюм менен эле тең болуп калгандай сезилди. Бул үй илгери ушул айылда биринчи салынган экен. Чоң тайтам бай болгон. Жанагы эки кемпирдин каза болгону чоң байбичеси, картаң апам токолу эле. Жатарда каалганын илгичин илип кой дегенде, илгичке боюм араң жетчү. Үйүмү эң чоң, айылдагы үйлөрдүн эң мыктысы деп сезчүмүн. Байдын үйү болгондуктан заңгыраган ак сарай болуп көрүнчү мага. Үйдүн чоңдугунан түндө жатарда картаң апам илгичти илип, анан айры менен түртүп, менин сабак даярдаган столуму сүйөп койчу. Коркконунан ушинтсе керек. Тайтамын үйүндө да түнөп калчумун, бирок алар эшикти кулпташчу эмес, ачык эле турчу. Сабак даярдаган столум да чоң көрүнчү, аябай кичинекей экен азыр көрсөм. Тыпыйган кичине сарайыбыз бар эле. Ичинде чөп-чар, отун, көмүр турчу. Тайтамын тоогу келип жумуртка тууп койчу. Мен жумуртканы койнума бекитип, үйгө апкелчүмүн. Картаң апам эшикти бекитип, кууруп берчү. Тамак жасабай калган күнү мен тайтамкынан тоюп келчүмүн. Картаң апам эмне жасашыптыр деп сурачу. Мен айтсам мага деле ала келбейсиңби дечү. Бербесе кантип алып келем дечүмүн. Сурабайсыңбы апама бер деп дечү эле байкуш апам. Аябай сагынган экемин үйүмү, ушунун баары көз алдыман чууруп атканда:
- Качан кетесиң? - деп сурады картаң апам баягысындай эле. Сагын эжекем менин балалык уурулугуму айта берип кемпирдин жүрөгүнүн үшүн алып койсо керек. Кечке жуук чыгып кеттим жапыс тамыман. Ошол акыркы көрүшүм болчу...
Атамкына келип звонокту бассам өгөй энем ачты эшикти. "Нургазы пришел, выходи" деди атамын атын чакырып. Атам бөлмөсүнөн чоң турсачан чыгып, "а, келдиңби?" деди колун сунуп. Пропискага туруп, атамын шымын кичирейтип кийип бир жумача туруп калдым үйдө. Атамын кабагы ачылбай, чогуу отуруп тамак жебей, өз бөлмөсүнөн чыкпай калды. Үйдө мен артыкбаш экеними сезип, эптеп бир ишке орноштум да, досторумкуна, тааныштарымкына түнөп жүрдүм.
(Уландысы бар)





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-март, 2010-ж.:
1-бет
Бою узун кызды сүйгөндөн корккон Ильяз
2-бет
"Узун бойлуу кызды сүйүп калсам да үйлөнбөйм"
3-бет
Башка улуттун жүрөгүн багындырган кыргыз кыздар
4-бет
Мырзалардын нервин текшерип...
5-бет
Дилмаек
6-бет
Үй-бүлөм менин байлыгым
7-бет
Айымдарга
мүнөздөмө

8-бет
Рыспайдан качып жүгөрүнүн арасына жашынган Алмакан
9-бет
- Эсиңизде калган
8 -Март?

10-бет
Спортсмендер сүйлөшөт…
11-бет
Владислав Галкиндин түбүнө арак менен аялы жеттиби?
12-бет
Көз мончок
13-бет
Грузияга батпаган
Тариэл Ониани (Таро)

14-15-бет
Обон почта










??.??