п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  сырмаек

Ильяз Абдыразаков:
Кыргыз шоу-бизнесинде "Малыш" атка конуп, ырчылардын көбүнүн ырларына жан киргизген аранжировщик, күйөрман кыздары үчүн кол жеткис айдай сезилген ырчы Ильяз Абдыразаков "Обондун" төрүндө болду.
1988-жылы 21-январда Ош шаарынын Кара-Дөбө айылында төрөлгөн.

"Узун бойлуу кызды сүйүп калсам да үйлөнбөйм"
Жакшы көргөндөрү:
Тайота үлгүсүндөгү машина.
Кыш мезгили.
Кыз куумай оюну.
Адамкерчиликтүү, ыймандуу кыздар.
Кызыкпаганы:
Саясат, көп сериялуу фильмдер.
Сиз ойлобогон
кызык жери:
Дайыма турникке тартынат.
Тамак жасаганды билбейт.
Айылда жашаганды жаман көрөт.
Өзүнө жакпаган мүнөзү:
Бир нерседен бат эле тажап кетмейи бар.

- Ильяз, чыгармачылыгың кантип жатат?
- Чыгармачылыгыма эс алуу жарыялап, "Азап" ырымдан кийин эки-үч эле жаңы ыр жаздым. Көбүнчө сахналаш досторумдун ырларына аранжировка жазуу менен алектенип жатам. Өткөндө эле Урмат Усенов баласына арналган жаңы ырын жаздырып кетти. "Жаз жарыш, күз күрөш"дегендей эми эки колду түрүп чыгармачылыкка киришем. (Күлүп) Кыскасы, колумдан келишинче жумуштарымды так аткарып, продюсериме уят болбоюн деген аракеттин үстүндөмүн дебейинби.
- Продюсериң менен иштешип жатканыңа канча болду?
- Продюсерим менен сахнанын босогосун аттагандан баштап иштешип келатам. (Күлүп) Анда менин боюм мындан да кичинекей эле. Баяке байке Мирлан Ниязов менен Асел Кыдыкованын продюсери болчу да. Мирлан байкелер намаз окуп кетишкенден кийин Баяке байке мага жардам бере баштаган. Ошондон бери бирге иштешип келебиз.
- А эмнеге продюсерим бар деп айтчу эмес элең?
- Чынында Баяке байке "Продюсер деген түшүнүк кийин эле чыкты. Менин продюсерим бул же тиги деп айтпай эле кой. Мен андайды жаман көрөм"деп айтып калчу. Ошондон улам мен деле сөз кылган эмесмин. Ортобузда ырчы менен продюсердикиндей мамиле эмес, ага-ининикиндей эле мамиле бар. Эки жакка чыкканда да өзүм билип кете берем. "Бул жакка барба, андай кылба"деп мага тыюу салбайт. Кээде өзүм "Продюсердей болуп, мени деле катуу кармабайсызбы. Кел мага да тыюу салыңыз"деп тамашалап калам.
- Концерттен түшкөн акчаңды ким эсептейт?
- Негизи менин жанымда дайыма Чынгыз деген жигит жүрөт. Ал болгон акчаны эсептеп, мага керектүүсүн гана берип турат. Жок болсо карызга сураса да таап келет. Мен чөнтөгүмө акча салып жүргөндү жактырбайм. Анткени, колум аябай ачык. Карызга акча сурагандарга берип алып, кайра алалбай өзүм убара болом. Ошондуктан акча жагын Чыңгызга тапшыргам.
- Тапкан акчаң өзүңө жетеби?
- Кээде тапкан акчам өзүмө жетпей калат. Батирде жашап жүргөндө жаныбыздагы комокко карызга жазылып, кукси, азык-түлүк алган күндөрүм көп болгон. Быйыл өзүбүздүн үйүбүз болгонгобу берекелүү болуп, кудайга шүгүр карыз сураган жокпуз.
- Алтынбек Алымовду сага окшоштурушат?
- (Күлүп) Анын беттерине бырыш түшүп калганы болбосо, окшошпуз. Кээде экөөбүз костюм-шым кийип концерттерге чогуу барып калсак, окшошуп эле калабыз.
- Шаарда ким менен жашайсың?
- Руслан, Чыңгыз деген балдар менен чогуу жашайм. Апам болсо таежем менен турат. Көпчүлүгү "Балдар жашаган үй бардак болот" дешет го. Бизде андай деле эмес. Үйдөн кандай тарбия көрсөк, ошол боюнча калдык. Студиям үйдө болгондуктан, көбүнчө аранжировкада отурам, бош болгондо компьютердеги оюндарды ойнойм. Үй жыйнамай, тамак жасамай иштерин балдар кылат. Эс алуу күндөрү апам үйгө келип, кирлерибизди жууп, даамдуу тамактарды жасап берет.
- Досторуң менен кантип көңүл ачасың?
- Биз бильярдга, сауналарга барбайбыз. Ар шаршемби күн сайын досторубуз менен футбол ойноп көңүл ачабыз. Колдон келишинче оюнду калтырбаганга аракет кылам. А бош болуп калганда элге окшоп сыртка чыгып, туугандардын үйүнө айылчылабай, уктайм. Мен үчүн уйку чоң эс алууну тартуулайт. (Күлүп) 24 сааттын 17 саатын уктайм го.
- Эмне кылгандан эринесиң?
- Чынын айтсам, смстерге жооп бергенден эринем. "Күйөрманың болом" деп ар түрдүү кыздар чалып тажатышат. Ошондуктан телефон номеримди бат-баттан алмаштырганга туура келет. Бир жолу эски симкамды тааныш балага берип койсом, мага чалган кыздарга "Мен Ильязмын"деп сүйлөшүп жүрө бериптир.
- Чектен ашкан күйөрман кыздарыңа кандай мамиле жасайсың?
- Чектен ашкан күйөрман кыздарды сөгүп, кагып салган учурлар болгон. Өздөрү кыз болуп жаман сөздөрдү сүйлөшсө кантип андайга барбайсың. А менин чыгармачылыгымды колдоп, чын-ниетинен күйүп-бышкан күйөрман кыздарыма колумдан келишинче жакшы жактарымды көрсөткөнгө аракет кылам. Жакында эле топтошкон кыздар үйүмдүн алдына келип алышыптыр. Терезеден карап турсам, "Ильяз байке, сыртка чыгыңызчы. Биз менен сүйлөшүп коюңузчу" деп кыйкырып жатышат. Мен да үйдө бош эле отургам. Үйгө убара болуп келип алышса деп сыртка чыктым. Ишенсеңиз, концерттегидей кыйкырышып, чурулдашып менден кол тамга алышып, сүрөткө түшүп анан кетишти.
- Канча кыздар сени сүйүп жүрүшөт. А өзүң ким деп жүрөсүң?
- (Күлүп) Азыр жүрөгүм бош. Менин сүйүүм ырга айланып кеткен окшойт. Куудул Тынар байке "Ильяз иним, өзүнүн компьютерине үйлөнүп алган" дегендей, компьютеримди сүйүп коюп жүрөм. Ачыгын айтсам "Сагынамын сени", "Табышмагым" аттуу клиптериме катышкан кыздар менин табитимдеги кыздар.
- Сенден бою узун кызды сүйүп калсаң эмне кыласың?
- Сүйүп калсам дагы үйлөнбөйт болчумун. Ал кыздар бир-эки күн жөн гана көңүлүмдө калып калышы мүмкүн. Тең-теңи менен дегендей, сүйлөшкөн кызымдын өзүмө жарашып турганын кыялданам.
Айнура Касымова








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-март, 2010-ж.:
1-бет
Бою узун кызды сүйгөндөн корккон Ильяз
2-бет
"Узун бойлуу кызды сүйүп калсам да үйлөнбөйм"
3-бет
Башка улуттун жүрөгүн багындырган кыргыз кыздар
4-бет
Мырзалардын нервин текшерип...
5-бет
Дилмаек
6-бет
Үй-бүлөм менин байлыгым
7-бет
Айымдарга
мүнөздөмө

8-бет
Рыспайдан качып жүгөрүнүн арасына жашынган Алмакан
9-бет
- Эсиңизде калган
8 -Март?

10-бет
Спортсмендер сүйлөшөт…
11-бет
Владислав Галкиндин түбүнө арак менен аялы жеттиби?
12-бет
Көз мончок
13-бет
Грузияга батпаган
Тариэл Ониани (Таро)

14-15-бет
Обон почта










??.??