Тамаша бул тамаша…

Мырзалардын нервин текшерип...
Чыгармачылыкка аралашып жүргөн мырзалардын айрымдарынын телефон номерлерин терип, ар кандай "сценарийлер" менен баштарын оорутуп, нервдерин текшердик. Гезиттен экенибизди билбеген мырзалар биздин тамашабызга мындайча жооп кылышты...


Эрмек Нурбаев:
"Мени менен ишиңиз болбосун"
- Алло, Эрмек кандайсың?
- Жакшы.
- Мен телекөрүүчүң болом. Кечээ "Түнгө карай" деген көрсөтүүгө катыштың го?
- Кандай?
- Студенттер боюнча талкуу кылдыңар го?
- Ооба, ооба.
- Кичине маданияттуураак, анан кичине жакшыраак деңгээлде сүйлөбөйсүңөрбү? Уят го ыя?
- Эмнеси жаккан жок?
- Сен өзүң жакшы окуган эмес окшойсуң?
- Кандай?
- Өзүң мектепти жакшы окуган эмес окшойсуң дейм?
- Мектепти жакшы эле бүтүргөнбүз.
- Анан.
- Сизге эмнеси жаккан жок?
- Окуш керек, иштеш керек дейсиң, уят да Эрмек эй.
- Кечиресиз, сиздин атыңыз ким болот?
- Атымды эмне кыласың? Мен сенден улуумун.
- Айтпайсызбы атыңызды, улуу болсоңуз. Мектепте окудуңуз беле, өзүңүз маданияттуусузбу?
- Сени көрүп алып жиним келди просто.
- Жиниңиз келсе, эми жиниңиз келе берсин!
- Сен теледен чыкпай деле койчу?!
- Сиздин ишиңиз эмне?
- Кандай ишим болбойт?
- Ишиң болбосун!
- Нормальный сүйлөбөйсүңөрбү?
- Атыңызды айтпайсызбы, кичине... "Засекречинныйдан" чалбай.
- Атым Манас.
- Ий, Манас номериңизди айтпайсызбы. Жолугуп сүйлөшөлү.
- Жолукканда урушасыңбы?
- Эми жолукпайлыбы?
- Жолукканды коюп, теледен кетип калчы...
- Сиздин ишиңиз болбосунчу, Манас, эгер менин сүйлөгөнүм жакпаса, ошол учурда телевизорду өчүрүп коюңуз, макулбу?
- Андан көрө теледен кетип калчы!
- Сиздин ишиңиз болбосун! Макулбу?
- Менин кандай ишим болбойт, мен сенин көрүүчүң болуп жатсам.
- Сындасаңыз, ичиңизден сындаңыз макулбу?
- Сыртымдан эле сындайм.
- Сизге окшогондорго вообще унчукпай эле коюш керек эле да. Конкретно эмне жаккан жок айтпайсызбы?
- Эмне колдоруңду шилтеп сүйлөп...
- Это эмоция деп коёт, эмоция...
- Сен эмоцияга алдырба да.
- Кантип алдырбайсың, ошондо сага суроолор берилип жатса.
- Сен мага жакпайсың иним.
- Сиз деле мага жакпай калдыңыз. Көрө электе эле вообще жакпай калдыңыз.
- Экөөбүз жолугат окшойбуз ыя?
- Жолугалы мейли, проблемасы жок.
- Проблема болуп калсачы?
- Ыя! Номериңизди айтыңызчы, көп сүйлөбөй.
- Мен сени кеч курун өзүм таап алам.
- Эй, коркутпаңыз макулбу? Тү-үт, тү-үүт...




Канат Култаев:
"Биз даарат кагазын реклама кылбайбыз, кеп акчада эмес"
- Алло, Канат кандайсыңар?... Канат сага мен бир фирмадан чалып жаттым эле? Мирбек Атабековду рекламага чыгарып берсеңби дегенбиз.
- Кайсы реклама, ким менен сүйлөшүп жатам?
- "Бумажное изделие" деген фирма. Мирбектин сүрөтү ЦУМдун киреберишинде жерде деле төшөлүп турат. Аны канча киши тебелеп кирип-чыгып жатат. Ага караганда даарат кагазына сүрөтүн койсок кандай болот. Туура эле кабыл алгыла. Акчасын да жакшы төлөп беребиз.
- Жо-ок. Андай болбойт го байке. Бумагага...
- Ал сапаты жакшы кагаздар, баасы кымбат. Көп жерде сатылбайт. Ресторандарга гана коюлат.
- Жок, байке ал жөнүндө эме кылалбайбыз биз. Тем более азыр ошол "Биллайн" менен келишимим бар.
- Биз менен деле келишим түзөсүңөр да.
- Жок. Биз азыр ал компанияны реклама кылып жатабыз, ал учурда башка компанияны реклама кылганга болбойт.
- Келишимиңер качан бүтөт?
- Күзгө маал бүтөт го.
- Күзгө маал чалсам болот да анда?
- Чалганыңар менен туалетный бумаганы реклама кылалбайбыз. Кеп акчада деле эмес го.
- Мейли анда өзүңөр билгиле. Рахмат.




Талант Анарбаев:
"Башымдан ылдый алтынды куйса дагы андайга барбайм"
- Талант кандайсың?
- Жакшы. Ким бул?
- Талант экөөбүз жигитче сүйлөшөлү дедим эле.
- Ким бул?
- Мен Эмил деген жигитмин.
- Кайсы Эмил?
- Мени тааныбайсың. Менде бир сунуш бар да. Ал экөөбүздүн ортобуздагы сыр болуш керек.
- Оо, ко-ош.
- Анан туура кабыл ал. Сага ашык болгон бир аял бар экен?
- Кандай?!
- Бир эже сага ашык болуп калыптыр. Ал "Төлөп берем. Талантты бир күнгө чакырып берчи?"деп жатат.
- Ким өзү, бул?
- Мен Эмил.
- Кайсы Эмил?
- Ошо, эми таанышып, жолугалы деп жатпаймынбы? Анан сүйлөшпөйлүбү?
- Жо-ок эй, андайга мен кызыкпайм эй.
- Анын сүйүүсүн четке калтырба да. Март айы аялдар үчүн болуп атса.
- (Күлүп) Мен андайга кызыкпайм. Башымдан алтынды ылдый куйса дагы андайга барбайм.
- Сообуна каласың.
- Биз правильный жүргөн балабыз да. Номериңди айтсаң?
- Жолугам десең айтам.
- Сен биринчи телефонуңду айтчы, анан жолугабыз.
- Жолуксаң чоң суммадагы акча төлөп беребиз.
- Жок, андайга кызыкпайм, биринчи сага чалам анан байкайбыз, мейлиби?!

Акыл Карачач