п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Дилмаек

Оозунан ыры төгүлгөн, кыргыз деп жүрөгү соккон Жылдызбек Турсунбаевдин көп кырдуу талант экенин баарыбыз эле биле бербесек керек. Анан калса өзүнүн аты да Жылдыз, жубайы да Жылдыз экени кызык экен. Анда сиздин көңүлдү "Жылдыздардын" жашоосуна бурабыз.

Жылдызбек Турсунбаев:
"Дилимде алпаруучумун,
ди-джей, ми-джей эмесмин"
- Жылдызбек мырза, алгачкы суроомду учурдагы ишиңиз тууралуу баштагым келип жатат?
- Азыркы тапта мен, таң эрте микрофон башына олтуруп, жан дүйнөнү жалаң жакшы сөзгө толтуруп, маанайдан бүткөн наар чачып, угарман менен баарлашып, уңгулуу ойдон жугузуп, үнүмдү элге угузуп, багытым беттеп издеп келем. Айкөл ата атын алган, төрт башка тилде обон салган ФМ 102.9 жыштыгындагы Манас радиосунда былтыркы жылдын август айынан тарта толук кандуу радиодо диктор катары эмгектене баштадым.
- Билишимче сиз манасчы, акын катары таанылып, анан да "Чечен айтыштын" жеңүүчүсү аталдыңыз эле?
- Атам Салимбай кыргызга аты белгилүү манасчы, жомокчу, жамакчы, санжырачы киши. Басса-турса эле Манас айтып, ыр окуп, элдик кенже эпосторду обондору менен аткарып, анан кыргыздын кайсы уруусу кай жактан тараганын саймедиреген киши. Ата-балага сынчы деп коюшат го, анан үч уул бир кызынын ичинен карап туруп, ушул баламдан бирдеме чыгат деп бар билгенин мага үйрөтүптүр. Мен ыраазымын атама, себеби менин ар өнөргө чап салганга, ар өнөрдө такшалганга далалат кылган мүнөзүмдүн башаты да-мына ушул манасчылык. Манасты окуган ар бир адам четке кага албаса керек, уйкаштыктардын уюган саптары бүт ошол эпосто. Ар бир сабынын түбүнө түнөп, ар бир окуясын жүрөк тамырынан өткөрө окуган киши, бара-бара өзү эле жазма же төкмө акын, чукугандай сөз тапкан чечен, сабалата сүйлөгөн жамакчы болуп чыга келет. Кудайга шүгүр мына ошол манасчылыктын аркасы менен "Чечен айтыш" сөз эрөөлү таймашынын бир нече жолку жеңүүчүсү болгонго үлгүрдүм. Алыбай алына жараша демекчи, кереметтүү поэзия чөйрөсүнө сүңгүп ыр жазып да жүрөм.
- Кандайча радиого ди-джей болуп калдыңыз. Сиздин ордуңуз "Айтыш коомунда", же болбосо Жазуучулар Союзунда деги эле адабият чөйрөсүндө го деп ойлойм?
- Ыр дүйнө менен тең өстүм, ырыска кээде теңештим, дилимде алпаруучумун, ди-джей, ми-джей эмесмин. Мага радионун сырдуулугу жагат. Колго комуз алып эл алдына төкмө катары ырдап чыкпагандан кийин "Айтыш" коомуна мүчө болуп алыш ыңгайсыз. Анткен менен ар убак алар менен тыгыз байланыштамын. Ал эми жазмалыгым жеке өзүм үчүн жан шерик. Эч убакта Жазуучулар Союзунун мүчөсү боло калайын же адабиятта атым калса экен деп жазбайм. Тек гана жандүйнөмдүн руханий жыргалчылыгы үчүн калем менен досмун.
- Сиз төкмө акын болсоңуз деле жарашат? Турган жерден аз болгондо төрт сап, жок дегенде эки-үч куплет ырды жөн эле уйкаштырып төгүп коёсуз?
Төгүлсөм ойлор кубулат,
Түпкүрдөн бир үн угулат.
Чыйырын издеп жамактын,
Чыксам мен элге үн улап.
Чындыгын айтып коёюн,
Кичине чабал төкмөлөрдүн,
Кислороду буулат.

Көөдөндө жалгыз арманым,
Комузду чертпей калганым.
Эптесем балким үйрөнөм деп,
Эч кимге деле барбадым.
Сайратып комуз кылдарын,
Сабалап чыксам элиме,
Жылдызбектей акындын,
Балким,салмагын көрмөк салмагын.
- Элдер "Кантип эле жамактап төгө беришет же жаттап алышабы?"деп таң калышат го?
- Бул да болсо жараткандан берилген ышкы да. Айтып коюшат го, "Чынжырдын эң алсыз жери чабал шакекчесине көз каранды"деп. Ошол сыңары жаттап алсаң аркандалган аттай болуп белгилүү бир аралыкка гана бастыра аласың. Жаттаган нерсең түгөнгөндө сен да түгөнөсүң. "Арийне, жаздын да нөшөр жааны бар, жаандын да төгөөр саамы бар, жазылбайт ырлар жөнү жок, ырдын да келээр маалы бар" деп акын Н.Алымбековдун ырында айтылган сыңары кээде уйкаштык түгүл, сүйлөгүң келбей какшып калган күндөрүң да болот.
- Улуттук аспаптарда ойнойсузбу?
- Чынын айтсам улуттук аспаптардын бирине да тишим өтпөйт. (Күлүп) Бир гана үй-бүлөлүк аспапта ойнойм. Болгондо да абдан жакшы ойнойм. Ал албетте-нерв.
- Тайвань, Араб өлкөлөрүнө кандай максатта барып келдиңиз?
- Кыргызга калкагар тоодой баркы бар, он түрлүү үнү кубулган, обону элге угулган алтын аваздуу, кылкымдын сыймыктуу кызы, Эл артисти, дүйнөлүк музыка чебери Саламат Садыкова эжейибиздин аркасы менен аталган өлкөлөргө барып келүүгө мүмкүнчүлүк болду. Тайванга болгон саякатта Эл аралык фольклордук ырлар жана музыка фестивалына барып Кыргызстандын атынан катыштык. Ал эми Араб өлкөлөрүнөн Султанат Оман деген өлкөнүн эки шаарына Саламат эже "Дива Саламат" деген аталыштагы жеке эки концертин берди. Мен эки жолку сапарда тең манасчылык өнөрүмдү көрсөттүм. Учурдан пайдаланып булак көрсөң көзүн ач демекчи, бизге окшогон жаш таланттарды чет жактарга алпарып тааныштырып, Эл аралык алкакта такшалышына зор өбөлгө түзүп, эл-журт көрсөтүп келгендиги үчүн Саламат Садыкова эжейибизге терең ыраазычылык билдирип кетем.
- Тойлордун көркүн ачып, алпаруучу болуп жүрөсүз?..
- Мен дайыма айтам, дары саткан дарыканачы, элди айыктырган дарыгер, кылмыштуулукту жойгон милиционер, өлүм-житимдерде кызмат кылган молдокелердин эңсегенине караганда, "эрке баланын" азыркы тил менен айтканда той башкаруучу тамадалардын тилеги он эсе жакшы деп. Анткени, карышкырдын түшүнө кой, кулатуучунун түшүнө "бой", философтун түшүнө ой, касапчынын түшүнө "сой", тамаданын түшүнө той кирет экен. Менде алпаруучулук касиет мектеп курагымдан эле башталган. Үй бетин көрбөй эле ушул ар кандай оюн-зоок кечелерди уюштуруп, алпаруучу болом деп жүрүп апамдан далай уруш жеген күндөрүм болгон.
- Акындын жүрөгү күн сайын бирөөнү сүйүп туруш керек деп да айтышат?
- "Махабат деген эркин куш, камасаң болбойт капаска, кызды сүйсөң онду сүй, тогузу турсун запаста" деген сыяктуу акындын жазып койгон ырынан улам берилген суроо дейм. Сүйүү деген көңүл тазарткан жамгыр болот, сүрдүктүрөт, үстөм жасап алгыр болот. Бет келгенди безеленип сүйө берсең, байкуш жүрөк баркы кетип калбыр болот. Демек, бирөөнү сүйүп туруш керек дегенге кошула албайм.
- Акыркы жолу махабат темасындагы ырды качан жаздыңыз эле?
- Кыздуу айылдын көчөсүндө баспай калдым, кылыктарын жүрөгүмө бакпай калдым. Арзып сүйгөн периштемди таап алып, ашык болуп сүйүү ырларын жазбай калдым. Ойлоп көрсөм көптөн бери сүйүү ырын жаза элек экенмин.
- Бала кезиңизде көксөгөн тилектериңиз аткарылды беле?
- Атанын атын өчүрбөй, элдин уулу аталып, манасчынын баласы деген атка татыктуу болсом экен деп тилечүмүн, элге пайдасы тийген адам болсом деп кыялданчумун. Кудайга шүгүр аз-аздан аткарылып келатат. Баса, анан да бала көтөрүп бараткан жаш аталарды көргөндө мен дагы өзүмө окшош уулдуу болом дечүмүн. Азыр атам, апам уулум Жоомартты сенин эле бир үзүмүң, бала кезиңдеги кебетеңдин "ксерокөчүрмөсү" деп калышат.

Айнура Касымова






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-март, 2010-ж.:
1-бет
Бою узун кызды сүйгөндөн корккон Ильяз
2-бет
"Узун бойлуу кызды сүйүп калсам да үйлөнбөйм"
3-бет
Башка улуттун жүрөгүн багындырган кыргыз кыздар
4-бет
Мырзалардын нервин текшерип...
5-бет
Дилмаек
6-бет
Үй-бүлөм менин байлыгым
7-бет
Айымдарга
мүнөздөмө

8-бет
Рыспайдан качып жүгөрүнүн арасына жашынган Алмакан
9-бет
- Эсиңизде калган
8 -Март?

10-бет
Спортсмендер сүйлөшөт…
11-бет
Владислав Галкиндин түбүнө арак менен аялы жеттиби?
12-бет
Көз мончок
13-бет
Грузияга батпаган
Тариэл Ониани (Таро)

14-15-бет
Обон почта










??.??