п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Үй-бүлөм менин байлыгым

Беш жашында мас болуп, сегизинчи классында
мугалим болгон Гүлнара
Балалык кездеги кызыктуу көз ирмемдер өмүр бою унутулбай, эске түшө калганда ууртуңа жылмаюу тартуулап, көңүлүңдү тазартат эмеспи. Азыр каткырыгы таш жарып, адамдын көңүлүн калтырганды билбеген ырчы айым Гүлнара Тойгонбаева бала чагында кандай кыз болду экен. Анда анын кызыктуу кылыктарын биртуугандары баяндап беришмекчи.


Эжеси Галия: "Бантикти кыска чачына араң жабыштыргам"
- Мен бир үйдүн улуусумун, менден кийин үч уул төрөлдү. Апам кыздуу болсом деп жүрүп Гүлнараны төрөгөн, экөөбүздүн ортобуз он бир жаш. Көпкө күттүргөн кыз болгонгобу Гүлнара үйдүн "сүйүктүүсү" болчу. Чачтары капкара, тармал, сүйкүмдүү кыз болчу. Мүнөзү ошондо эле ачык болчу. Бир жолу апам менен атам экөөбүзгө окшош оюу-чиймелери бар жемпир алып келишкен. Экөөбүз окшош болуп сүрөткө түшүп коёлу десем, Гүлнаранын чачы жок. Кыш мезгили болгондуктан апамдар чачы жакшы өссүн деп устара менен алып салышкан. Башына бантик байлап түшсө дегем. Айлам кетип башына бантикти кондуруп, түшүп кетпеш үчүн кыймылдабай сүрөткө түшкөнбүз. Ошол сүрөт дагы эле сакталуу, аны көргөн сайын көңүлүм көтөрүлө түшөт. Гүлнара экөөбүздүн ортобузда окшоштуктар аз эле. Мен ага караганда токтоомун. Сиңдим тамакты абдан жакшы жасайт. Үйүнө конокко көп барам, барган сайын өзүнүн "фирменный" салаттарын жасап, көңүлүмдү алат.


Жеңеси Буниса: "Узун сөзгө кирип кетип…"
- Мен жаңы келин болуп келгенде Гүлнара студент болуп шаарда окучу. Келин болуп келгенден кийин бат эле жумушка чыктым. Бир күнү жумуштан келсем эле алдыман тармал чачтуу, шайыр кыз чыгып эски таанышындай күлүп-жайнап учурашты. Болбосо бири-бирибизди ошондо биринчи жолу көрүп жатканбыз. Кышкы каникулга келиптир. Ошол бойдон мамилебиз жакшы болуп кетти. Ошол күндөрдүн биринде экөөбүз боорсок жасамай болдук. Узун сөзгө кирип кетип, камырга туз салганды унутуп калыптырбыз. Камыр ачыгандан кийин жайылбай, очокко бышырсак өңү да башкача. Бирден ооз тийсек тузу жок! Гүлнара каткырып-күлүп ыңгайсыздыктан чыгарып кеткен. Болбосо үйдөгүлөрдөн уялып жатам, өзүм жаңы келген келин болсом…Боорсок жеген сайын ошол окуяны эстей берем. Биз Гүлнара үйгө келгенде дасторконду жайнатып, болгон тамактарыбызды алып чыгып майрамдык дасторкон жайып баарыбыз чогулуп отурабыз. Өзү да "холодецти" сонун кылып жасайт. Күлкүсү менен баарыбыздын көңүлүбүздү көтөрүп, кыйын кырдаалдан оңой алып чыкканга маш.


Иниси Эрмек:
"Беш жашыма чейин көтөрүп бакты"
- Мени беш жашыма чейин көтөрүп бакты. Экөөбүздүн ортобуз он эки жаш. Мен эс тартканда эжем Политехникалык институтка окууга тапшырып кетти. Экинчи класста окуп жатканда биринчи жолу самолётко түшүп борборго келгенбиз. Апамдар эжем жашаган жатаканага таштап коюшту, туулган күнүм да болчу. Ошол кезде популярдуу, бурап койсоң асманга учкан самолет оюнчук бар болчу, ошону алып берип, шаарды айландырып көңүлүмдү көтөргөн. Гүлнара эжем апама жакын болчу. Көп нерсени апамдан үйрөндү,үй оокатын таза кылчу.
Тамактарды жакшы жасайт, баарыбыз лагманын жакшы көрүп жейбиз. Азыр кайсыл жерге барбасын күлкүсү менен чуру-чуу түшүрүп, кыраан-каткырыкка бөлөйт.


Гүлнара Тойгонбаева:
"Отуз балага бир саат ырдап бергем"
- Менин атам доктур, апам башталгыч класстарга сабак берчү. Сегизинчи класста окуп жаткан кезимде апам ооруп үйгө жатып калды. Завучка чалып ооруп жатканын айтса "бир-эки саатка болсо да ордуңа бирөөнү тап, жок дегенде балдарга тапшырма берип алаксытып турсун" деди. Апам балдарга ырдап берип, сүрөт тарттыр деп мени мектепке өзүнүн ордуна жөнөттү. Класска кирсем отуздан ашык окуучулар отурат, үчүнчү класс экен. Аларга бир саат ырдап берип, бир саат сүрөт тарттырып кадимкидей эле мугалимдин ролун аткардым. Ушунчалык ызы-чуу, биринин сөзүн бири укпайт…Үйгө башым ооруп араң жеттим. Кирип келээрим менен эле "апа, башым ооруду, уктайынчы" деп жыгылдым. Ошол окуяга чейин мугалим же доктур болом деп кыялданчумун. Дароо ал оюман кайттым. Мугалимдин жумушу оңой көрүнгөнү менен апам кандай оор жумушту аркалап жүргөнүн ошондо түшүнүп билгем.


Байкеси Жамалдин:
"Бозого мас болуп магдырап…"
- Мен Гүлнарадан он жаш улуумун, атын да Гүлнара деп өзүм койгом. Балалык кезде карындашым менен кызыктуу окуялар көп болду. Бир күнү апам мага "каның азайып кетти" деп бозо алып келип берген, анда карындашым беш-алты жаштагы кези болчу. Гүлнара мени менен кошо ичип алып мас болуп үстөлдүн түбүнө жатып уктап калыптыр. Чурулдап издеп жүрөбүз, апам "каякка кетти эле, каякка кетти?" деп ыйлап жүрөт. Баарылап жүрүп алты саатта араң тапканбыз. Биз чуру-чуу түшүп жатсак ал болсо бозого тоюп алып магдырап эч нерсе менен иши жок уктап жатат…Кичине кезинде анда-санда урушуп какус-кукус кылып койчумун, балалык ансыз өтпөйт го. Гүлнара өзү күлкүчү, жайдары кыз. Кичинесинде деле эч нерсе менен иши жок, өзү менен өзү болуп жүрө берчү. Ашыкча ээн баштык кылып ата-энебизди убара кылганы эсимде жок. Мен өзүм тамакты жакшы жасайм, бирок Гүлнараныкы меникинен өтөт. Өзгөчө бир туугандары өз колу менен чойгон лагманын тамшанып жейбиз.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-март, 2010-ж.:
1-бет
Бою узун кызды сүйгөндөн корккон Ильяз
2-бет
"Узун бойлуу кызды сүйүп калсам да үйлөнбөйм"
3-бет
Башка улуттун жүрөгүн багындырган кыргыз кыздар
4-бет
Мырзалардын нервин текшерип...
5-бет
Дилмаек
6-бет
Үй-бүлөм менин байлыгым
7-бет
Айымдарга
мүнөздөмө

8-бет
Рыспайдан качып жүгөрүнүн арасына жашынган Алмакан
9-бет
- Эсиңизде калган
8 -Март?

10-бет
Спортсмендер сүйлөшөт…
11-бет
Владислав Галкиндин түбүнө арак менен аялы жеттиби?
12-бет
Көз мончок
13-бет
Грузияга батпаган
Тариэл Ониани (Таро)

14-15-бет
Обон почта










??.??