аруузат

Айымдарга
мүнөздөмө
Айымдардын жүрөк түпкүрүндө сыйкырдуу сапаттар бар экенин биринчилерден болуп байыркы грек философтору аныктап чыгышкан. Гректер ал сапаттарды өнүктүрүү, жашоодо туура пайдаланууну жана ар кандай кырдаалдарда өзүн туура алып жүрүүнү жергиликтүү айымдарга, кыз-келиндерге риторика, психология жана сүйүү чеберчилиги боюнча сабак берүүдөн башташкан… Заманбап психологдор мындай ыкмаларды жаңы көз-карашта карашып, аялзатын төрт категорияга бөлүшкөн.



1Башкарма айымдар - Өзүнүн күчүнө терең ишенип, айтканын аткарган көз карандысыздыкты сүйгөн айымдар. Алар башка адамдар менен тез тил табышып, акылы, келбети жана сүйлөө манералары менен адамды өзүнө тартып алууга даяр. Оор кырдаалдардан чыгуунун эрежелерин билген, чечкиндүү, акылдуу жана интеллигенттүү, ойлогонун ишке ашырмайынча бир орунда турбаган айымдар бул категорияга таандык.



2 "Эне" айымдар - Кимдир бирөө үчүн комкор, боорукер, оор басырыктуу жана мээримдүү келишип, тамактын түрүн жасап, жагымдуу эс алууга көмөк көрсөткөндөн ырахат алган айымдар. Бул категориядагы айымдар чыдамкайлуу келишип, мырзалардын талабына жооп беришет. Алар жүрөгү эмнени каалаганын гана иш жүзүнө ашырганды жакшы көрүшөт. Үй-бүлөдө тынчтык жана таза аураны кармап турууну көзөмөлгө алышат.



3 Секелек айымдар - Сүйүүнүн ар бир мүнөтүн баалап, ага суктанган, дайыма колдоого муктаж болгон айымдар. Алар эмоционалдуу келишип, өзүнүн табышмактуулугу менен жигиттерди өзүнө тартып алышат. Бирөөгө жардам берүүдөн качышпайт, керек болсо башка бирөөнүн көйгөйүнө кошо кайгырып, терең ойлонууга алдырышат.



4 Кумарлуу айымдар - темпераменттүү келишип, энергияга бай болушат. Башка нерселерди экинчи планга жылдырып, биринчиге сүйүү максаты турат. Мырзаларга энергия берип гана тим болбостон, алардын эң мыкты экенин даңазалап, күч-кубат тартуулоону жактырышат. Жакшы көргөн адамын таарынтпаганга аракеттенишет. Ошол эле учурда өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын да унутушпайт. Арасында жеңил ойлуулукка алдырганы да кездешет.


Мырзалардын Музасы ким болду экен?
Жогоруда айтылган аныктамалардын натыйжасында биз психологго кайрылып, шоу жаатындагы белгилүү айымдардын кайсы категорияга кирээрин чогуу аныктадык. Анда кеп психолог, врач - терапевт Сааданбекова Гүлбүбү Асанбаевнада.


Башкарма айымдар - Бул категориядагы айымдар бардык тармак боюнча кандай гана ишти планга киргизбесин, тикесинен тик туруп аткарышып, аны иш жүзүнө ашыруудан чоң ырахат алышат. Буга Ассоль Молдокматова, Гулнур Сатылганова, Айчүрөк Иманалиева, Асыл Апасованы киргизсек болот.


"Эне" айымдарга - Ар бир айым эне. Бирок айрымдарына жаратылыш өзгөчө энелик мээримди тартуулаган. Бул катарга: Гүлшайыр Садыбакасова, Асел Турдалиева, Жамиля Муратова. Дилшат Кангелдиеваны кошсок болот.


Психолог:
Айымдар абдан көп кырдуу келишет. Алардын психологиясын толугу менен изилдеп чыгуу кыйынга турат. Күн сайын жаңы сапаттар суурулуп чыгып, адамды таң калтырат. Айымдын келбети, баскан турганы, сүйлөгөн сөздөрүнө карап көп тыянак чыгарса болот, бирок психологдор биринчиден адам менен сүйлөшүп көргөн соң ага мүнөздөмө берүүгө, кеңеш же жардам берүүгө өтөт. Ал эми чыгармачыл айымдар эл көзүндө болгондуктан, алардын ким кандай категорияга кирээрин аныктоо бир аз жеңилирээк.


Кумарлуу айымдарга - Бул категорияга кирген айымдар башкаларга окшоп жасалмалуулуктан алыс. Сезимтал келишет. Сүйүктүү болууну жактырышат жана сүйө билишет. Мырзалар тараптан дайым комплименттер айтылып турушун каалашат. Бул категорияга: Элмира Кайып кызы, Айжан Газиеваны кошуп койсок болот.


Секелек айымдарга - Кээ бир айымдар кандай даражага жетпесин, бала мүнөз бойдон калышат. Алар ар дайым коомчулукту кызыктырып турушат жана өзүмчүл да болушат. Буларга: Назира Жетигенова, Элина Абай кызы, Нурайым Азыкбаева, Ненаны киргизсек болот..