п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Бир ырдын тарыхы

Рыспайдан качып жүгөрүнүн арасына жашынган Алмакан

Бул ырды 1966-жылы сөзүн да обонун да Рыспай Абдыкадыров өзү жазган. Ал кезде обончу Совет (азыр Кара-Кулжа) районунун 1-Май колхозундагы мектеп интернатта окуп жүргөн мезгилинде мектептин ийриминде ырдап жүргөн. Рыспай баштаган өнөрлүү окуучулар чогулуп, элге концерт беришкен. Ошондой күндөрдүн биринде обончу ошол айылдык Алмакан деген кызды жакшы көрүп, ага үйлөнөм деп ниет кылат. Кыздын жеңесине айтып, окууну бүткөн мезгилде качырып алып кетем деп турганда кызды жеңелери бузуп коюшкан. Кыз убадасын берип, бирок болжошкон жерге келгенде эки анжы болуп айнып, жүгөрүнүн арасына жашынып көрүнбөй коёт. Рыспай Абдыкадыров достору менен келип, күтүп-күтүп кызды айнытып коюшканын түшүнүп кетип калат... Кийин "Алмашымды" жазат. Рыспай Абдыкадыровдун көзү өтүп, кийин Кара-Кулжанын Ажике деген чоң жайлоосунда обончуну эскерүү кечеси болуп, ошол кечеде ырдын каарманы Алмаш күйөөсү менен барып, "Рыспай мени сүйгөн, мени ата-энем Рыспайга бербей койгон. "Алмашым" деген ырды мага арнап чыгарганы чын" деген сөздөрдү айткан. "Алмашымдын" жаралганына 44 жыл болсо да бүгүнкү күндө деле өз популярдуулугун жоготпой, эл оозунда ырдалып келет. Ал эми учурда бул чыгарманы жаш аткаруучулар Эрлан менен Баян ырдап жүрүшөт.




  шыр маек

"Чачымдан жүдөп
кыркып салдым"
"Жүрөгүмдө", "Кара тору" деген ырлары менен таанылган, өзгөчө чач жасалганын ээси Мелис Абдрашитов убагында популярдуу болуп келе жатып эле акыркы күндөрү жоголуп кеткен эле. Эми кайрадан булуттан чыккан айга окшоп "жылт" этип чыга келген ырчы жигит билек түрүнө чыгармачылыгына кирише баштаптыр. Мындан ары күйөрмандарын ырлары менен кубантаарын билдирген Мелис редакциябызга баш бакты.

- Мелис, көпкө көрүнбөй кайда жүрдүң?
- Чыгармачылыктан алыстаганыма бир жарым жыл болуптур. Ортодо тийип-качып жүргөнүм эле болбосо, шоу-дүйнөсүнөн чындап эле алыстай түшүпмүн. Атамдын жеке бизнеси бар ага каралашып, жардам бердим. Атам, досторум "Сахнага бир чыгып коюп жоголуп кеткен болбойт, сенин да күйөрмандарың бар. Чыгармачылыктан алыстаба" деген сөздөрү кайрадан сахнага кайтып келишиме түрткү болду. Он күндүн ичинде эки ырга клип тарттырайын деп жатам. Бир ырдын сөзү Жыпар Исабаевага, обону Бакыт Мамаевге таандык "Түшүңө кирип жүрөйүн" деген ыр, экинчиси болсо баарыбыз эле бала кезде ырдап жүргөн "Сары кыз" деген ырды жаңы вариант менен жаздырдым.
- Дагы эле продюсер менен иштешесиңби же өз алдыңчабы?
- Мен эле эмес көптөгөн ырчы улан-кыздарды шоу-дүйнөсүнө жетелеп чыгарган Ассоль Молдокматовага ыраазымын. Ушул жерден бир нерсени тактап кетейинчи, көпчүлүк мени Ассоль Молдокматова менен иштешпей калды деп жүрүшүптүр. Экөөбүз башында кагаз түрүндө келишим түзбөй эле иштеп келгенбиз. Азыр деле Ассоль Молдокматова мага жардамын, колдоосун көрсөтүп келет. Ортодогу мамилебиз сый, жылуу десем болот. Андан сырткары "Сезим" радиосунун продюсери Арстанбек Абдыманов да кеп-кеңешин берип жатат. Бирок, минтип айткандан да качып калат экенсиң, жардам берип жатат десе эле продюсер болуптур деп да чыгышат экен.
- Баягы узун чач кана?
- Убакыт өткөн сайын имиджиңди да өзгөрткүң келип калат тура. Анын үстүнө сиздер көрүп жүргөн узун чачым жайкысын тердетип, жүдөтүп жиберди. Уктаганда да тоскоол болот экен. Ошон үчүн кыркып салып кыска чач менен чыгайын деп чечтим. Ал эми мурдакы чач жасалгамды, сахнага кийип чыккан кийимдеримди ойлоп тапкан Ассоль Молдокматова болгон.
- Кызың чоңоюп калдыбы?
- Жубайым Мээрим экөөбүздүн Мадина кызыбызга он ай толду. Массалык маалымат каражаттарына жар салып айтууну туура көргөн жокмун. Анын үстүнө апам да "бирөөнүн көзү, бирөөнүн сөзү тиет" деп макул болбой койду.
- Жубайың өзүң ырдагандай кара торубу?
- Жо-ок, тескерисинче сары. Бул ырды мен биринчи класста окуп жүргөндө Бакыт Мамаевдин суранычы менен сөзүн атам жазган. Эмне себептен ырдалган жок билбейм, же мага буюрганбы, айтор "Кара тору" ыры жаралгандан он беш жыл өткөн соң менин репертуарымды толуктады. Мени элге таанылтканга да ушул ыр түрткү болду десем болот. Айрымдар менин атыман айтышпай "Кара тору" деп чакырышат.
- Келинчегиң кызганчаак эмеспи?
- Андай көрүнүштөр болуп калат. Бирок жубайымдын кызганганы менин чыгармачылыгыма тескери таасирин тийгизген эмес, тийгизбейт дагы. Кээде жубайым менен көчөдөн кетип баратканда кыздар тийишип ыңгайсыз абалга калтырышат. Анан да тамекини оозуна тиштеп алып "байке тутандырып берип коёсузбу" дегени мени эле эмес, аялымды да аябай ирээнжитет.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-март, 2010-ж.:
1-бет
Бою узун кызды сүйгөндөн корккон Ильяз
2-бет
"Узун бойлуу кызды сүйүп калсам да үйлөнбөйм"
3-бет
Башка улуттун жүрөгүн багындырган кыргыз кыздар
4-бет
Мырзалардын нервин текшерип...
5-бет
Дилмаек
6-бет
Үй-бүлөм менин байлыгым
7-бет
Айымдарга
мүнөздөмө

8-бет
Рыспайдан качып жүгөрүнүн арасына жашынган Алмакан
9-бет
- Эсиңизде калган
8 -Март?

10-бет
Спортсмендер сүйлөшөт…
11-бет
Владислав Галкиндин түбүнө арак менен аялы жеттиби?
12-бет
Көз мончок
13-бет
Грузияга батпаган
Тариэл Ониани (Таро)

14-15-бет
Обон почта










??.??