п»ї

  Майрамдык маанай

- Эсиңизде калган
8 -Март?
Жаз жыттанган 8-Март Аялдардын Эл аралык майрамын белгилеп жатканыбызга быйыл туп-туура 100 жыл толуптур. Аял-эне, аял-жар, аял-дүйнөдө теңдешсиз асыл жан -деп бекер айтылбаса керек. Акын Шайлообек Дүйшеевдин да
Апасыз аалам толо албайт,
Апасыз бала оңо албайт.
Ата-көз, бирок апаңдай,
Ал сага карек боло албайт-деген төрт сап ырында аялзатынын улуулугу даңазаланган.

Ырчы, Азиза:
"Машинем бузулуп калып..."
- Жыл сайын 8-Март майрамы концерт, гастроль менен коштолчу. Быйыл өзгөчө анан кызыктуу өттү. Эртең менен туруп туугандарымды, досторумду куттуктап келейин деп, жакшы эле чыгынып жатсам, машинем бузулуп калса болобу. Дароо иниме чалып, машинемди оңдоочу жайга жеткирдим. Эки жылдан бери коомдук транспортко түшпөй сагынып калыптырмын, шаардын бир четинен экинчи четине маршрут менен барып жакындарымды куттуктап, кечке маал сиңдилерим менен Панфилов сейил багына барып эс алдым.


"Шаттык" үлгүлүү бий ансамблинин
жетекчиси, Сырга Жапар кызы:
"Жоогазындын ичиндеги майда гүлдөр эсимден кетпейт"
- Биздин үй-бүлө үчүн 8-Март өзгөчө майрам. Анткени, апабыздын майрамы, атабыздын туулган күнү. Атам Жапар быйыл пайгамбар жаш 63кө толду. Эсимде, бир жолу атам "8-Мартта майрамдатканым" деп, үйгө телевизор алып келген. Апам "Телевизорду өзүңө эле карап алып келдиң да. Мага кереги деле жок болчу"деп айткан эле. Кийинки 8-Мартта жоогазын гүлүнүн ичине өрүктүн майда гүлдөрүн салып, апама берген. Анда апам "Эмнеге жакшынакай гүлдүн ичине майда-чүйдө гүлдөрдү салып алгансың?"десе, "Жоогазындын өзү сен үчүн, а ичиндеги өрүктүн гүлдөрү он балам үчүн"деп куттуктаганы эсимден кетпейт.


Телеалпаруучу,
Роза Ибраимова:
"Розанын ээсине таң калам"
- Былтыр 8-Март күнү бейтааныш эки бала КТРдин алдына келип "Бул розалар сизге арналат. Алыс жакта жашаган досубуз бизге телефон чалып, 8-Март майрамыңыз менен гүл берип коюшубузду суранды"деп кучак толо роза гүл берип кетишкен. Ошол розанын ээси ким болду экен деп таң калгам. Азыр деле анын ким экенин таппай келем.


Ырчы, Бактыгүл
Бадыева:
"Айымдар белек
алганга акылуу"
- Мен үчүн ар бир 8-Март кызыктуу жана унутулгус. Анткени, акыркы үч жылдан бери жигитим таңкы саат жетиден кечиктирбей, бирөөлөр аркылуу кучак толо гүлүн, жумшак оюнчугун берип жиберет. А өзү мени кечки тамакка чакырып, тосуп алат. Эң биринчи жолу мындай көрүнүш болгондо өзгөчө сезимде болдум эле, эми көнүп калдым. Мен ойлойм, 8-Мартта айымдардын баардыгы мырзалардан белек алганга акылуу жана татыктуу.


8-Марттагы тарыхта
калган окуялар
1857-жылы Нью-Йоркто аялдар Манхэттен көчөсүндө нааразычылык акциясын уюштурушкан. "Бош мискейлердин маршы" деген аталыштагы акцияга айлык маянасы аз, шарты начар кара жумушта иштеген аялдар чыгышкан.
1910-жылы Франциялык айым Элиз де Ларош эң биринчи учкуч-айым болгон. Ал кезде аялдардын майрамы белгиленчү эмес. Абада учуп жүрүп де Ларошко Аэроклуб Учкуч № 36 деген күбөлүк ыйгарышкан. Ошондон кийин Элиз де Ларош Франциядагы эң биринчи учкуч айым деп табылган.
1862-жылы АКШда капитан Натаниэль Гордон дарга асылган. Ал адамдарды сатканы үчүн күнөөлүү деп табылып, АКШдан сырт жакка адамдарды ташыганы үчүн тиешелүү жаза алган. Гордон 7-мартта "дарга асылгандан көрө" деп өзүн ууландырганга аракет кылган. Бирок ичкен дарысы таасир бербей эртеси эле эл алдында дарга асылган.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-март, 2010-ж.:
1-бет
Бою узун кызды сүйгөндөн корккон Ильяз
2-бет
"Узун бойлуу кызды сүйүп калсам да үйлөнбөйм"
3-бет
Башка улуттун жүрөгүн багындырган кыргыз кыздар
4-бет
Мырзалардын нервин текшерип...
5-бет
Дилмаек
6-бет
Үй-бүлөм менин байлыгым
7-бет
Айымдарга
мүнөздөмө

8-бет
Рыспайдан качып жүгөрүнүн арасына жашынган Алмакан
9-бет
- Эсиңизде калган
8 -Март?

10-бет
Спортсмендер сүйлөшөт…
11-бет
Владислав Галкиндин түбүнө арак менен аялы жеттиби?
12-бет
Көз мончок
13-бет
Грузияга батпаган
Тариэл Ониани (Таро)

14-15-бет
Обон почта










??.??