Сергек жашоо

Йога мейкининде
"Йоганын бардык түрүн колдонуп көргөн соң, акырында бирөөнө токтолуусу зарыл.
Көнүгүүлөрдү аткаруу алдында адам күчтүү тамак жегени туура эмес.
Йоганын башталышында жана бүткөндөн кийин суу гана ичиш керек.

Адамдардын денесинен жана психикасынан ар кандай көнүгүүлөр аркылуу ооруларды сууруп чыккан терең философиялык мааниси бар, организмдин ар бир бөлүгүнө жардамын берген спорттун бир түрү болгон Йога биринчилерден болуп Индия жергесинде пайда болгон. Ийгиликтүү жыйынтыктарды берген соң башка мамлекеттерге кеңири тараган. Йоганын чеберлери "Адамдар сөөктөрдөн, булчуңдардан, омурткалардан ж.б. оорудан жабыр тарткандар кайрылышат. Кээси жөн гана жан-дүйнөсүн тазалоо максатында кайрылышат" - деп баса белгилешет.


Йоганын заманбап түрлөрүнө көз чаптырып өтсөк:

Хатха Йога - Биринчилерден болуп 6-кылымда Индияда пайда болуп андан бери өзүнүн популярдуулугун жоготпой келет. Хатха Йоганын эң негизги максаты- дем алуу менен органдарын жана жан дүйнөсүн эс алдыруу. Мындай көнүгүүлөр дене менен жан-дүйнөнүн, айлана-чөйрө жана жаратылыш менен болгон бир калыптуу балансты кармап турууга өбөлгө түзөт.
Аштанга Йога- Көп энергияны талап кылган йоганын бул түрү алгач өспүрүмдөргө арналса, азыркы учурда отуз жаштан жогорку мырзалар машыгып келишет. Йоганын бул түрү кыйынчылыктарды көтөрө билген, толук кандуу дене түзүлүшкө ээ болгон адамдарга гана ылайыктуу. Анткени, көнүгүүлөр бат аткарылат. Жыйынтыгында булчуңдардын өсүшүнө жана анын сулуу болушуна көмөк көрсөтөт.
Айенгар Йога - Йоганын бул түрүн ойлоп тапкан Айенгардын ысымынан коюлган. Көнүгүүлөр эң жөнөкөй башталып, барган сайын оорлошот. Бул көп кыймылдабаган адамдарга эң ылайыктуу. Айенгердин ыкмасы менен жасалган көнүгүүлөр адамдын жан дүйнөсүнүн тазарышына жана дене түзүлүшүн бир калыпта алып жүрүшүнө чоң жардам берет. Жашы улгайып калган адамдарга йоганын бул түрү эң керектүү.
Бикрам Йога - Бикрам йоганы "ысык йога" деп да атап келишет. Анткени бөлмөнүн ичи 40 градус С чейин ысытылып, андан соң көнүгүүлөр аткарылат. Мунун ыкмалары булчуңдардын чыңалышына жана организмдеги жаман заттардын чыгышына көмөк көрсөтөт. 90 мүнөттүн ичинде 24 көнүгүүнү алмаштырып жасоо дененин толук кандуу чыңалышына алып келет. Ашыкча салмактан арыла албай жүргөн улан-кыздар "Бикрамдан" өзү каалаган келбетти ала алышат. Андан сырткары жаракаттарды тез айыктырат ошондой эле артрит, диабет менен жабыр тарткан адам бул ыкманы тандап алганы оң. Бирок, мындай йога менен машыккысы келген адамдар алгач сөзсүз түрдө доктурдун кеңешин угуп анан ишке киришиш керек.
Йогабит - Бул спорт чеберлерине эң ылайыктуу келип, аларга дарыдай эле керек нерсе. Йогабит"күчтүү йога" деп да аталат. Спортсмендердин дене- түзүлүшүнүн ылдам кыймылдашына жардам берет.
Кундалини Йога - санкрит тилинен которгондо "оролуучу жылан" дегенди түшүндүрөт. Жыландын образын чагылдырган йоганын бул түрү сөөктөрдүн бир калыпта кыймылдашына чоң жардам берет, тактап айтканда көнүгүүлөр биринчи кезекте жаңы ойгонуп келе жаткан жыландын образын чагылдырып, алгач омурткалардын үстү менен оролуп чыгып, өзү менен кошо жаңы энергияны сууруп чыгат. Абдан кылдаттыкты талап кылган бул көнүгүүлөр, адам канчалык деңгээлде денесин түз кармап, ошол эле учурда оролуп олтура алаарын көзөмөлдөйт.
Йогалатес - Заманбап музыканын коштоосунда энергетикалык жана жай темптеги көнүгүүлөрдө аткарылат. Натыйжада омурткалар түзөлүп, адамдын мээси да эс алат. Көбүнчө бул менен стресске чалдыккан адамдар көп машыгышы керек. Йогалатестин эң негизги максаты көнүгүүлөрдү аткарууда адам чарчабай, тескерисинче ырахат алыш керек.




  Йога Кыргызстанда

Биздин өлкөдө да спорттун бул түрү
менен машыккан адамдар арбын
Лариса Асанбекова: - Мен йоганын өзү менен эмес, космостук йога менен алектенем. Тактап айтканда космос аркылуу энергия алам. Йоганын өзүн физикалык жактан күчтүү адамдар өздөштүрүп келсе, мен жөнөкөй көнүгүүлөр аркылуу энергия алууну адатка айландырдым.

Ырчы жигитибиз Сапар Эркебаев да убагында йога менен машыгууга билек түрө киришип, аны менен машыкканга аракет кылып келген. Бирок, андан ары улантып кетүүгө эрки жетпей таштап койгон.


Замира Ибраимова, "Дизайн Мода" үйүнүн директору:
- Ушул күнгө чейин спорттун ар кандай түрү менен алектенип көрдүм, акыр аягында йогага келип токтолдум. Биринчи кезекте ички дүйнөңдүн тазарышына жана сөөк ооруларын алдын-алууга жардам берет. Анын дагы бир өзөгү - аны менен машыккан адам энергияга бай болот. Чарчабайсың. Бардык адамдарга сунуштайт элем.Өзүм үч жылдан бери машыгып келем, мага абдан жагат. Машыктыруучум Людмила Петровна деген айым. Бизге моралдык жактан дем күч берип, жардамын аябайт.

"Доктор жизнь" ысымын алган нарколог, саясатчы Жеңишбек Назаралиев дагы йоганы кеңири өздөштүрүп, республиканын булуң-бурчтарына курулган ден-соолукту чыңдоо комплекстерине йоганын ыкмаларын киргизип, кардарларына жардам берип келет.





  Бир собол

Йога боюнча маалыматыңыз барбы?
Асель,
21 жашта. Студент:
- Йога боюнча маалыматтарды интернет булактарынан алам. Психологиялык жактан жабыр тарткан адамдарга абдан жардам берет. Кээ бир адамдар жөн гана дене түзүлүшүнүн сулуу болушу үчүн алектенсе болот. Бирок, буга катышууга төлөм жогору болгондуктан, карапайым адамдарга кыйынга турат.
Замир, 27 жашта. Эколог:
- Йога менин түшүнүгүм боюнча библия менен тыгыз байланыштуу жана аны менен көбүнчө дин кызматкерлери алектенет деп ойлойм. Кыргыздарга йоганын кереги деле жок, анткени ал христиан дининин өкүлдөрүнө таандык.
Элиза, 18 жашта. Окуучу:
- Йога бизге өтүлчү дене тарбия сабагындай эле деп айтсак болот. Анткени адамдар ар кандай көнүгүүлөр менен жан дүйнөсүндөгү кирлердин баардыгын сыртка чыгарышат. Жаратылышка чыгып алып, же бийик тоолордун үстүндө, тынч жерлерде адам көзүн жумуп, ар кандай кыймылдар менен денесиндеги ооруларды айыктырып, мээсин эс алдырат.
Сезим, 22 жашта. Студент:
- Йога - бул философиялык көрүнүш. Менин билишимче йоганын борборлору Кыргызстанда жокко эсе. Йога менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк болсо дагы мен андан баш тартмакмын.
Анатолий 62 жашта. Пенсионер :
- Йога биздин мамлекетте жок да. Ал Япония мамлекетинде кеңири тарап, жергиликтүү жашоочулардын төрттөн бир бөлүгү йога менен алектенишет. А биз болсок жөнөкөй гимнастикага басым жасайбыз. Эртең менен эрте туруп чуркап, ар кандай көнүгүүлөрдү аткарабыз. Йога спорттун оор түрүнө кирет.
Гүлнара, 27 жашта. Мугалим:
- Йога спорт менен тыгыз байланыштуу. Биздин мамлекетте йога ийримдери кеңири масштабда уюшулса жакшы болмок.
Мырзайым, 16 жашта. Окуучу:
- Йога - бул аэробиканын бир түрү. Бий аркылуу дене-түзүлүшүн оңдоо жана сулуулукту сактоо. Ар кандай түрлөрү болот. Жай темптеги йога жаш кыздарга эң ылайыктуу болуш керек. Анткени фигуранын идеалдуу болушуна жардамын берет. Убагы келсе мен деле алектенем деп ойлойм.
Уланбек, 23 жашта. Студент:
- Мен йога боюнча көп эле уккам. Бирок кененирээк маалыматым жок. Кандайдыр бир оюн болушу керек.


Нургүл Ибраева