п»ї

Спорт жылдызын жандагандар
Көбүбүз ырчы-чоорчулардын жеке жашоосуна кызыгып, кантип күн кечирээрин аңдып келебиз. Бул жолу спорт чөйрөсүндө кеңири таанылган мырзаларыбыздын жашоосуна назар салып, кимиси кандай айымды колтуктап жүргөнүн аныктадык. "Бирөөнүн жашоосу бирөөнө чытырман токой" дегендей, сыртынан сыр бербеген спортчулар деле башынан башаламан жашоону өткөрүп жатышыптыр.


Пэрис Хилтон чанган
Криштиану Роналду
Өзү жыйырма беш жашта болгону менен кыздарды күн алыс алмаштырган Роналдуну Пэрис Хилтон таштап баса берген. Анткени 28 жаштагы модель, актрисага чыныгы мырзаларга мүнөздүү кыял-жоругу бар эркектер жагат. Анүстүнө курбулары да "Роналду сен үчүн өтө эле назик, сени коргой албайт" дей беришкен. Ал эми Роналду бул тууралуу "Ал менден, мен андан өтө эле алыс жашайбыз, анүстүнө экөөбүздүн бат-баттан жолугуп турганга убактыбыз жок. Экөөбүз болгону эки жолу жолуксак да Пэристин мыкты кыз экенин билдим" деп айткан. Азыркы тапта футболчу 21 жаштагы Италиялык модель Рафаэль Фико менен көңүл ачып жүргөн чагы.


Досунун кызына ашык болгон Шумахер
Унаажарыштан алдына эч кимди салдырбаган, кырктын кырына келген Михаил Шумахер Коринна Беч менен катардагы жарыштардын биринде таанышкан. Кызыгы, Коринна Шумахерди колдогону келген досунун сүйлөшкөн кызы болчу. Кориннага жолукканга чейин спортсмен кыздарды дөңгөлөк алмаштыргандай эле алмаштырчу. Чыныгы сүйүүсү ушул айым экенин сезгенби, спортсмен эки жума сүйлөшкөндөн кийин турмуш куруу сунушун киргизген. Балалуу болгонго чейин Коринна Беч жолдошунун жанында жүрчү, кош бойлуу болгондон кийин жолдошу үйүнө отургузуп койгон. Учурда жубайлардын Щвецарияда 15 гектар жерди ээлеген вилласы бар. Шумахер жубайы алаксысын деген ниетте жылкы бакканга сарай салдырып берген.


Өзүнөн төрт жаш улуу айымга тагдырын байлаган Роже
Белгилүү теннисчи Роже Федерер 2000-жылдан бери жакшы мамиледе жүргөн кызы менен былтыр апрель айында баш кошуп, июль айында эгиз кыздуу болушкан. Жубайы Мирослава Вавринец спортсменден төрт жаш улуу. Убагында жубайы да теннис ойноп жүрүп бутунан жаракат алганына байланыштуу 2002-жылы спорттогу карьерасына чекит койгон. "Мен бала кезимден баштап эки нерсени кыялданчумун, бири дүйнөнү багындырган теннисчи болуу, экинчиси аталык милдетти аркалоо, менин эки кыялым тең ишке ашты. Менден өткөн бактылуу адам жок" дейт теннисчи. Азыр Роже Федерер болгон убактысын жубайы менен кыздарына арнап жаткан кези.


Жеке жашоосун ызы-чууга айланткан Тайгер Вудс
Гольфтун атасын тааныткан Тайгер Вудс акыркы күндөрү жеке жашоосундагы бороонду токтото албай эси ооп турган учуру. Тайгер модель Рейчел Ючитель менен көңүл ачып, жубайынын көзүнө чөп салган. Спортсмендин жубайы Элен Нордегрен ажырашууга арыз жазып анын айласын алты кетирип жаткан чагы. Эгерде Вудс жубайы менен ажырашса анда ал 300 миллион долларынан айрылышы мүмкүн. Түгөйлөр 2004-жылы баш кошуп, учурда эки жаштагы кызы Сэм менен 11 айлык уулу Чарлини тарбиялап келишет. Бир эле учурда үй-бүлөсүнөн, байлыгынан айрылгысы келбеген спортсмен элдин көзүнчө жубайынан кечирим сурап, экинчи мындай кадамга барбасын, сексуалдык көз карандылыктан дарыланам деген убадасын берип, жубайынын жообун күтүп жаткан учуру.


Жолдошунун жинине тийген Хелен Сведин
Футболчу Луиш Фигу сүйүктүү жары Хелен Сведин менен 1996-жылы Барселонадан таанышкан. Ал кезде Луиш таанымал болуп калгандыктан күнүгө кыз тандап, түштүгүнө жорго минип жүргөн кези болчу. Швециянын сулуу бийкечи, модель Хелен Свединдин колун кармап турмуш жолуна 2001-жылы аттанышкан. Хелен карьерасынан четтеп үч кызды төрөп, алардын тарбиясы менен алектенип жүргөн. Бирок, спортсмендин жубайы балдар менен эле алектинип отура бербестен карьерасын андан ары улантууну туура көрдү. Болгондо да журналдарга жарым-жылаңач болуп түшүп берүүгө келишим түзгөн. Жубайынын мындай жорукка бараарын күтпөгөн спортчунун ачуусу келген. Хелен жолдошуна "биринчи жана акыркы жолу тартылышым" деп сөз берди.


Түгөйүнө кол көтөргөн Роналдо
Бразилиянын белгилүү футбол оюнчусу Роналдо көп жылдан бери модель Ванью Милан менен жакын мамиледе жүргөн. Туулган күнүн биринде көңүл ачканга Ванью Миландан сырткары мурда көңүл ачып, кызматынан пайдаланып жүргөн он сойкуну кошо чакырган. Майрам учурунда Ванью ызы-чуу чыгарып футболчуга кол көтөргөн. Ачууга алдырган Роналдо сүйгөнүн эки-үч жолу чаап, майрамдаганга тоскоол болбосун деп коңшу бөлмөгө камап салган. Роналдо кайра кечирим сурап, бул жагымсыз окуяны эскербейли деп суранган. Ал эми конокко келген он сойкуга болгон окуя сыртка чыкпаш үчүн 2000 доллардан бермек болгон. Бирок сойкулар убада кылынган акчанын жарымын гана алгандыктан, ММКларга болгон окуяны билдиришкен.


А. Сабырова







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
16-март, 2010-ж.:
1-бет
"Баракелдеден"
"Минута славыга"
жеткен Атай Өмүрзаков

2-бет
Таң калтырган
Атай Өмүрзаков

3-бет
Асел Айнидинова,
"Жашоомду китеп кылып жазам"

4-бет
Бегимай Эсенгулова:
"Турмушка чыга бермекмин..."

5-бет
Экс-президенттер
эмне менен алек?

6-бет
Чынжырча
7-бет
Кыздын көөнү кызылда
8-бет
Кыялыңан сенин
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Йога мейкининде
"Йоганын бардык түрүн колдонуп көргөн соң, акырында бирөөнө токтолуусу зарыл.

11-бет
Спорт жылдызын жандагандар
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок
"Тагдыр табышмагы"

13-бет
Эртеңки реанимациядан көрө, бүгүнкү профилактика өтө арзан!
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Конкурс!










??.??