Аздек Намазбекова
Көз мончок
"Тагдыр табышмагы"
Эгерим мага минтип жумшак сүйлөп эжелебеген Таңсулуунун үнүнөн чындап эле ага керек болуп турганымды байкадым.
- Тынччылык элеби? Жай эле сөзбү, же аябай зарылбы? Эмне болду? - дедим оюм алда кайда кетип.
- Мм…м… Ооба да, жок да десем болот. Телефондон айта албайм. Эгер убактыңыз болсо бүгүн келиңизчи? Бул жакка деле конуп каласыздар да. Бирок, бул сүйлөшкөнүбүздү апам билбесин ээ?
"Кызык, бул кызга бир нерсе болгон окшойт, болбосо…" деген оюмду Сүйүндүк бөлүп:
- Ким экен? Эмне бир нерсе болдубу? - деди кабатырлана.
- И-и, кечирип койчу… Таңсулуу экен. Зарыл сөзүм бар дейт. Барбасам болбойт го? Жөн кайрылчу эмес… - өзүмдү күнөөлүү сезе сүйлөдүм. Бүгүнкү кечти атайын мага арнап олтурса, шаабайын сууттум деп кыжаалаттанганым менен, ичимден кайра сүйүнүп турдум. Таңсулуу телефон чалбаганда Сүйүндүктүн айткандарына эмне деп жооп айтаарымды билбей, кыйналат элем да. Азыр бирөөнүн кеп-кеңешине өзүм муктаж болуп турам го. - Үйгө барып Кымбатты ала кетейин, ыйлап Кундуздун тынчын алат.
- Эртең сүйлөшсөң болбойбу?-деп кыйылып жатып араң макул болду.
Жарым сааттай тамак ичип, Кымбаттын кылык-жоруктарын сөз кылып күлүп сыртка чыктык.
- Аздек, мен жооп күтөм. Узакка созуп жиберсең алакачып кетишим мүмкүн. Тажрыйбам деги бар,-деп күлдүрдү. Үйгө кайрылып Кымбатты алып кайра эжемдикине жеткирип койду.
ххх
Мындай караңгы кечте бизди күтпөгөн эжем чочуп кетти:
- Апе-ей жети түндө кызың экөөңө эмне болду?
- Жай эле… Бүгүн Кундуздун үйүндөгүлөр келип калышыптыр, аларга тоскоол болбойлу, кенен-кесир сүйлөшүп алышсын деп биякка жүрө бердик,- аргасыз калп айтууга туура келди. Анткени көздөрүн алаңдатып "айтып жибербе" дегендей Таңсулуу маңдайымда турган эле.
Төркү үйдөн чыга келген жездем бакылдай:
- Оо, чакыртып келтире албаган кандай кишилер үйгө келип калышкан,- деп Кымбатты так көтөрө өөп-эркелетип калса кызым:
- Бизди силердикине атам жеткирип келди. Мени да атам ушинтип көтөрөт,-деп мени күтүүсүз жерден кызартты. Баары эле мени суроолуту карап калышкандай.
- Ии, атаңар менен табышып алдыңар беле, бизге айтпай?!-эжем адатынча чымчый сүйлөдү, мени сынай тиктеп.
- Келет да, баласына келбей койчу беле? Анын эмнесин сага жарыялаш керек? Кызык эле сүйлөйсүң, - эрди-катын кер-мур айтыша кетти.
- Мен ушундай болоорун билгем…-эжеме жага бербей эле калды, тыйылчу түрү жок. Ошо менен чай үстүндө эки сааттай сүйлөшкөнүбүз эле Сүйүндүк болду. Колумдан келишинче актап-жактап отурдум.
- Аздек, мага балдыз эмес кызымдай эле болуп калдың. Эгер менин тилимди алсаң кечирип, кайра кол кармашып жашап кет. Эркек деген жаңылат-жазат. Баары бир кызыңа ата керек. Мен жок дебейм, балким башка жакшы күйөөгө туш болоттурсуң, бирок баары бир өз атасындай боло албайт, -десе эжем мурдун чүйрүп жактырбагандай:
- Өзүңдөн улам айтып жатасың го?!- деди эле, жездем каткыра күлүп:
- Кой, мен айтчумду айттым. Барып тынч жатып калайын. Болбосо эжең экөөбүз азыр чоң салгылашкан турабыз. Таңсулуу менен Туранга өгөйлөп мамиле кыласың деген тема эжеңдин сүйүктүү темасы да. Бүгүн өзү сол буту менен турган окшойт, эртеден бери баарыбызды каарып эле атат,-деп чыгып кетти.
- Биз да жаталы. Кымбаттын уйкусу келди го, уктап калган жок болду бекен?-деп мен да тура жөнөдүм. Улам кирип -чыгып сөзүңөр качан бүтөт дегендей тынчсызданып жаткан Таңсулууну мындан ары күтүрүүгө болбойт эле.
- Ай кыз, эми өзүң билесиң дечи, ошентсе да айтып коёюн: күйөөкеңе көп эле ишене бербе. Мурун го жалгыз элең, эми кызыңды ойло. Экөөңдөн кызыгы тараган соң көнгөн адатына салып тиягына баса берсе талаада калба. Айтты айтпады дээрсиң, бирок жүрөгүм түпөйүл болуп турат. Кийин мага ыйлап келчү болбо! Жанагы чакчаңдаган кайнежең экөөңдү кайра тынч жашатаарына көзүм жетпейт,- эжем дагы деле сүйлөнүп жатты.
- Сарсанаа болбой эле коюңузчу, дагы ойлоном,-дедим, кантсе да эжелик кылып күйүп-бышып жатканын түшүнө.
ххх
Үйдүн жарыгы толук өчүп, баары кызуу уйкуга кетти деген маалда бутунун учу менен жыла басып Таңсулуу жаныма келди. Менин көз алдымда чоңоюп бой жеткени эрке өсүп, дайыма бой көтөрүп чоң сүйлөп турчу кыз бүгүн минтип чөгүп, башын төмөн салып турганын биринчи көрүшүм.
- Сулушка, эмне болду? Мен угуп жатам айтагой, - дедим кичинекей кезиндегидей кучактай өөп чачтарынан сылап. Араң эле турган окшойт бышактап ыйлап жиберди. Көкүрөгүнүн көк буусун чыгарып, жеңилденип алсын деп тыйганым жок. Көптө гана ый аралаш:
- Султан СИЗОго түшүп калыптыр. Эки жумадан бери дайыны жок. Телефону өчүк болчу. Кечээ тааныш баласы чалып айтты. Эжеке-ее, эмне кылам?! Мен аны көрүшүм керек.
- Султан? Сүйлөшкөн жигитиңби?
Баш ийкеди.
- А СИЗОго эмне үчүн түшкөнүн билдиңби?
- Жок. Досу "Жакында чыгарып алабыз. Ойлонбо. Сени курска коюп кой дегенинен чалдым" деп айтпай койду.
- Сен аны менен сүйлөшкөнүңө канча болду? Окуйбу, иштейби? Деги эмне болгон бала экенин билесиңби?
- Алты айдай болду. Көлдө пансионатта иштейт. Мен ага ишенем. Туулган күнүндө үйлөнөбүз деп жүргөн. Мага шакек да салган. Мен ансыз жашай албайм. Сиз жолун билесиз го, мен аны менен кантип жолугушсам болот? Менде анын каттырган акчасы бар, бирок эч ким билбейт. Ошол акчага адвокат жалдашым керекпи? Билбейм, эмне кылаарымды да билбей калдым. Мага сиз эле жардам бере аласыз бирок апам укпасын, укса өлтүрөт.
Ойлонуп калдым. Эмне деп сөз айтып, жаш кыздын көңүлүн кантип жубатаарымды билбей турдум.
- Сага телефон чалган баласынын телефон номери сенде барбы?
- Ооба, мен сактап койгом.
Караңгыда телефонун күйгүзүп мага сакталган телефон номер көргөздү. Дастан деп жазып коюптур. Дароо эле көңүлүмө бир нерсе "кылт" этти. "Ошолбу, ал эмеспи?"
- Сен бул досун жакшы тааныйсыңбы? Көрдүң беле? - дедим толкунданганымды жашыра өзүмдү токтоо кармаганга тырышып.
- Бир-эки жолу көргөм. Султандан улуу, "аябай жакшы бала" деп жүргөн, чогуу иштешет болуш керек. Баса, менин туулган күнүмдө биздин чогуу түшкөн сүрөтүбүз бар. Мен азыр…-деп бөлмөсүнө дабыш чыгарбай жүгүрүп кетти.
Менин болсо жүрөгүм туйлап чыкты. Өзүмдүн абалыма өзүм түшүнбөй турдум. "Мен эмне болуп жатам? Балким ал эместир, жөн эле аты окшоштур. А эгер ал болуп калсачы? Анда…" Күлүк ой-кыялым мени артта калган күндөргө алып-учуп, түрмөнүн кууш коридорунда күлмүңдөй, бирок теше тиктеп калган жигитти эстедим. Анын каттары менде азыр деле сакталуу. Көңүлүм чөгүп турганда алып чыгып окуп, кайра салып коём. Кадимкидей көңүлүм көтөрүлө түшөт анын сөздөрүнөн.
Мына, эми Таңсулуу сунган сүрөттө дал эле Дастандын өзү мени жылмая тиктеп турат. Сыр бербей Таңсулууга:
- Азыр барып укта, эртең бул таанышына чалып сүйлөшөлү. Анан дайынын билебиз. "Ансыз жашай албайм" деп эч качан атпай жүр. Турмушта баардык нерсеге даяр болуп, көтөрө билиш керек экен,- деп жооткотуп бөлмөсүнө жөнөттүм.
- Мени кечирип коюңуз?..- деп кеткен Таңсулуунун бул сөзүнөн мен "чыгып" келгендеги кылган кылыктарынан уялып, кечирим сурап турганын түшүндүм. Болбосо, мени "түрмөчү" дей берип жүрөгүмдү далай жолу канатты эле го.
Уктай албай ары-бери оодарылып көпкө жаттым. Улам ачынып калган кызымды кымтылай жаап, узун ойго түштүм. "Кантип чалам? Чалышым керекпи? Эмне дейм, өзүмдүн ким экенимди билдирсемби же?.. Ким экенимди айтпай, сүйлөшпөй калып арманда калбаймынбы? Балким ал мени издеп жүргөндүр? Же унутуп койду бекен?" түркүн суроого туура жооп таба албай таңды атырдым.




  Ырыскүл Кадырова

(Мистикалык баян)
Шайтандын торундагы сүйүү
(Башы өткөн сандарда)
- Ал жагынан камсанабаңыз эже, колдон келишинче аракет кылам - дедим.
Ошентип Гүлжан эже менен кош айтышып, үйдөн чыктым. Жолду катар ойлогонум эле Айым. Ылайым эле апасынын айтканы оңунан чыгып, тезирээк айыгып кетсе экен деп тиледим.
- Тобоо! Жүрөгүңдө мага айтпаган ушунча көп арманың бар экенин билбептирмин!!! - Жазиранын "Чаңк!" эткен үнү Рустамдын оюнун быт-чытын чыгара чочутту.
- Канчык… Сен эмнени түшүнүп коюптурсуң!!! Сага айткандан мен эмне табам!
- Мен! Эгер билсең мен! Сенин аялыңмын…
- Эгер Айым тирүү болсо, сени карап да коймок эмесмин. Мен сени арга жоктон гана алганмын.
- Ошондойбу?! Жүрөгүңдө мага деген тырмактай да сүйүү жок дечи…
- Жок. Түшүндүңбү жок!!! А түгүл сени жек көрөм.
Жазира кытмыр күлүмсүрөдү. Бирок каректери жаш чайып, өзгөнү да, өзүн да шылдыңдаган аргасыз абалда токтоно албай сүйлөдү;
- "Жек көрөсүңбү? Бирок… Билесиңби, жек көрсөң да эч нерсе кыла албайсың. Сен мендиксиң. Сага деген сүйүүмдөн өлүп гана кутулбасам, тирүүмдө ал мага тынчтык бербейт. Сен дегеним, сен деген… Мен сени өзүмө энчилеп алгам. Ооба, Айымды жек көрчүмүн!"
- Мына сага жек көрсөң!!! - жаактан ары тартып жиберди жигит. Дагы, дагы, токтобой жаакка чаба берди. Жазира соккуну көтөр албай кулап түшүп, ызасына чыдабай болгон үнү менен ыйлап, оозуна келген сөздү ылгабай кыйкырып жатты.
- Ооба, жек көрчүмүн! Сени кызгангам, кызганычтан мен аны ошол абалга жеткиргем. Мен! Мен өлтүргөм уктуңбу?! Сени бергим келген эмес! Дагы да кызганам, мен сени анын арбагынан да кызганам!
Жазиранын сөздөрүн угуп нес болгон Рустам бир кезде эсине келип, шкафта турган бычакты алып, Жазиранын чачын тутамдай кармады да, кекиртегине такады;
- Айт, жүзү кара. Мынча болду баарын, толугу менен айт, эмне кылдың эле Айымды?! Эгер айтпасаң азыр эле мууздап салып басып кетем…
Жазира Рустамдан коркуп жатып болгон сырын төгүп алды. Жигит ушул убакта аялын ушунчалык мууздап салгысы келип, өзүн араң карманып;
- Тфу! Бетиңе жүзү кара! - деп, Жазиранын бетине түкүргөн соң үйдөн чыгып кетти. Ошол бойдон кайрылбай шаарга кеткен эле… Кудайдын буйругу менен азыркы келинчеги Айназикке жолугуп, эл арасынан алыс качып, тоону мекендеп жүргөнү да ошол себептен. Ошол себеп демекчи, Рустам кайрылбай кеткенден кийин Жазиранын оозунан "ал каргышка калган, ага баары бир менден башка эч ким чыдабайт, Айымдын өлүмүнө Рустам себепчи болгон" деген сыяктуу кептер чубуруп, элге жайылып кеткен эле…
***
Күйөөсү бир кайрылып келбеген Жазира аргасыз өз үйүнө кетти. Үмүтүн үзбөй, "балким мен ичирген баш айлантманын таасиринен улам кайра артымдан келээр" деп жүргөн. Бирок, күндөрдүн биринде "Рустам үйлөнүптүр, келинчеги тим эле таптатынакай, өңү да, үнү да Айымдыкына окшош экен" деген кабарды угуп, ыйдан баш көтөрө албай жатып калды.
Бирок, тээ көөдөнүнүн түпкүрүндөгү бир ой азезил кызды кайра баш көтөрттү. Ооба, азыр Жазиранын чын эле азезилден айырмасы жок эле. Өзүмчүлдүккө белчесинен батып, эч кимдин тагдырын уруп ойнобой, кайра талкалоого бел байлады. Бул жолу анын көздөгөн чечиминде өзү али көрө элек Рустамдын жаңы келинчеги Айназик турду.
Таежесине дагы барса, анын суранычын таежеси аткарган жок. Аткармак турсун, "Айымдын өлүмүнө экөөбүз күнөөлүбүз, бизди тиги дүйнөнүн тозогу күтүп турат" - деп жекирди. Себеби көзү ачык аялдын көзүнө акыркы күндөрү Айымдын элеси көрүнүп, кооптонуп жүргөн. Өз ажалынан өзү түңүлүп жүргөн кези эле.
Жазира болсо алдында Айымдыкынан да оор тагдыр күтүп турганын билбей, Рустам менен Айназиктин ортосун бузууга бел байлап чыгып баратты. Артынан тиктеп турган таежеси Жазиранын аркасынан калбай, көздөрүнөн кызгылт нур чачыраткан Айымдын каардуу элеси аны ээрчип баратканын байкап: "… Жакындап калган экен. Бул аны соо койбойт, соо койбойт…" деп, көкүрөгүн басып жыгылды.
***
Айназикке эч нерсе жашырбай, болгонун болгондой айтып берүүдөн башка аргасы калбаганын түшүндү Рустам. Ичинен сарсанаа болуп турду. "Кантээр экен… Башка салганын көрдүм да, бул да болсо адамдын тагдыры эмеспи, менде эмне айып. Эгер бул да буюрбаса, анда баары бүттү…" Оор үшкүрүнүп алды жигит.
- Айназ, жаным!
- Оо-в!
- Бери келчи.
- Азыр.
Суйсала басып келе жаткан Айназикти көрүп Рустамдын ичи жылып турду. "Айымга аябай окшош, мен аны сагындым"
- Эмне болду байкеси?
- Сага өзүң сурап жүргөн нерсени айтып берүүнү чечтим. Бирок, коркуп турам. Аны уккандан кийин сен мени таштап кетесиңби деп корком:
Рустам өз башынан өткөн сүйүү жөнүндө, Айым жөнүндө, анын акылдуулугу, сулуулугу, Жазиранын кыянатчылыгы жөнүндө эч нерсе жашырбай айтып берди. Бир топко чейин экөө тең унчукпай отурушту. Анан барып, Айназикке тил бүткөнсүдү:
- Жаман болгон экен… Эмне дээримди да билбейм.
- Эми, дегенде дебегенде эмне, баары бир кеч болуп калды, көп нерсеге кеч эми…
- Кеч эмес Рустам.
- Айназик "кетем" деген сөзүңдү кулагыма угуза көрбө, андан көрө унчукпай кет, эгер кеткиң келсе… Мага… Мага абдан оор! Ушунчалык оор болуп турат… - Рустамдын баягы баш оорусу башталды көрүнөт, кабагына кар жаап башын мыкчып отура берди. Айназик күйөөсүнө боор ооруй карап, баш чайкады:
- Рустам, жаным эмне деп атасың сен өзү? Мен эмнеге кетишим керек? Же… Көзү өтүп кеткен Айымдан кызганмак белем сени. Эч кайда кетпейм.