п»ї
 Таанышуу жарыясы


Эртеңки реанимациядан көрө, бүгүнкү профилактика өтө арзан!
"Ден-соолук - бул баары эмес, бирок баары ден-соолуксуз эч нерсе эмес!Тирүү болуу аздык кылат, тирүү жана ден-соолугу чың болуу зарыл!

1. Бизди курчап турган дүйнө өтө керемет, ажайып жана гармониялуу экенин баарыбыз эле билсек керек. Бүгүнкү күнү адам баласы канчалык өнүкпөсүн, анын ишмердүүлүгү эң жогорку сапаттагы заманбап технологиялары колдонулса дагы жаратылыш гармониясын көбүрөөк бузууда. Бул болсо жашоо сапатынын, адамдын өз ден-соолугунун начарлашына алып келип, адам өмүрүнүн орточо узактыгын төмөндөтүүдө.
Экологиялык катастрофанын мына ушундай жагымсыз жыйынтыгын кантип алдын алууга жана азайтууга болот?
Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсү боюнча адамдын ден соолугунун:
12 пайызы дарыгердин жардамынан көз каранды болсо,
20 пайызы ал жашаган жана иштеген экологиялык шарттардан;
20 пайызы тукумунун чың ден-соолугунан;
48 пайызы жашоо образынан көз каранды экен. Мына ошондуктан бүгүнкү күнү дүйнөлүк коом ден-соолугу чың жашоо образын активдүү пропагандалоого өтүшүүдө.
Бул жерден биз төмөндөгүлөрдү түшүнө билүүбүз абзел:
Айлана-чөйрөнүн булганышын токтотуп коюуга көп жылдар кетиши мүмкүн.
- Экологиялык тең салмакты калыбына келтирүүгө да ондогон жылдар керектелиши зарыл.Бирок, өзүбүз үчүн, өзүбүздүн ден-соолугубуз үчүн мамлекеттен эч нерсе күтпөстөн, кандайдыр бир жакшы нерселерди кылууга болот.
Ден-соолук - бул өз кожоюнунун жеке менчиги жана ал кожоюндун өз алдынча аракеттеринен көз каранды. Тилекке каршы адамдардын көпчүлүгү күнүмдүк жашоолорунда өтө баалуу (жаратылыштын баа жеткис белеги) ден-соолуктун кадырын сезгилери келбейт. Ден-соолуктун сапатына жана санына көңүл бурушпайт. Күнүмдүк турмушта көпчүлүк адамдар ден-соолугу өтө начарлаганда гана ага көңүл бурганга мажбур болушат. Ден-соолугун карабай жүрө бергендин натыйжасында нерв дискомфорттору чогулуп отуруп, олуттуу оорулардын пайда болушуна шарт түзөт.
Ойлонуңуз: Жашообуздагы жасагандарыбыздын 80 пайызын биз туура эмес жасайбыз! Өз жашооңузга жана ден-соолугуңузга өзүңүз гана жооп бересиз!
Биз бүгүн бир нерсени абдан жакшы түшүнүшүбүз керек
Ооруну дарылагандан көрө, алдын ала сактанган бир топ эсе жеңил. Ар бир адам ден-соолук боюнча керектүү маалыматтар менен куралданса, өзүнө эле эмес, өз туугандарына да жардам бере алат. Ар бир оору боюнча толук маалыматы бар адам - демек ооруга каршы алдын ала куралданган адам.
2. Мына ушулардын негизинде биздин ден-соолукту чыңдоочу "Артемида" борборун ачуу идеясы пайда болду.
3.Биздин борбор ден-соолук тармагында 7 жылдан бери эмгектенип келет. Борбордун негизги максаты калктын ден-соолугун чыңдоо боюнча маалыматтык-консультативдик-агартуучулук-диагностикалык жактан тейлөө болуп эсептелинет. Ал эми тагыраак айтканда:
Жогорку натыйжалуу заманбап диагностикалык-дарылоочу ыкмаларды жана технологияларды жайылтуу
Диагностикалык дарылоо жумуштарынын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу
Адам организминин иштөө артыкчылыктары анын өз ден-соолугуна сабаттуу мамиле кылып үйрөнүүсүнө багытталган айлана-чөйрө менен болгон өз ара аракеттешүүсү жөнүндөгү билимди кеңири жайылтуу;
Ден-соолугу чың жашоо образынын ыкмаларын жана принциптерин пропагандалоо;
Ден-соолук тармагында билим берүүнүн ар түрдүү формаларын уюштуруу ж.б.
Ал эми жогорудагыдай тейлөөлөрдү өз кесибин так, даана билген профессионалдуу адистер көргөзүшөт. Биздин борбор Россия, Украина, Казахстан ж.б КМШ өлкөлөрүндө ийгиликтүү иштетилип жаткан 21-кылымдын технологиялары менен жабдылган.
Биорезонанстык линиялык эмес анализ(NLS)-
Бул клеткалык деңгээлдеги аппараттык-программалык диагностиканын эң заманбап ыкмасы, дарылоонун натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуучу дарыгердин эң заманбап куралы. Аталган комплекс - бул физиологиялык жана психологиялык жекече жыштык мүнөздөмөлөрү менен адамдын эң биринчи биоэнергомаалыматтык көп өлчөмдүү толкундуу модели.
Адам организмин өзүн өзү калыбына келтирүүчү мүчөлөрдүн бир бүтүн системасы катары карап, 2-3 сааттын ичинде оорунун эң баштапкы белгилеринен тарта ден-соолук жөнүндө толук маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Артыкчылыгы - сиз текшерилгендей дарыгерлердин бригадасын талап кылбайт. Кант диабети, жүрөк кан тамыр оорулары сыяктуу олуттуу илдеттерди эч кандай татаал, кымбат туруучу изилдөөлөрү жок эле, ал эми бардык органдардагы жана системалардагы микробдук флораларды (бактериялар, вирустар, грибоктор,глисттер,лямблиялар) эч кандай анализи жок эле аныктап, иммундук системанын активдүүлүгүн тактоого да болот.
Адамдын арка омурткалары - Бул нерв, кан тамыр жана гормоналдык системалар менен өз ара аракеттешип турган эң маанилүү жана татаал орган. Адамдын жалпы абалы, жүлүн жана ички органдар кызматы жана дагы сырткы келбети ,баскан-турганы, сексуалдык мүмкүнчүлүктөрү - мунун баары арка омурткалардан көз каранды.
Арка омурткаларынын функционалдык диагностикасы - электросподилография - арка омурткаларынын функционалдык абалын теринин электрометриялары методу менен текшерүүнүн жаңы ыкмасы. Аталган ыкма арка омурткаларынын патологияларын: грыжа, скалиоз, спондилез, остеохондроз ж.б. аныктоо боюнча ири потенциалдуу мүмкүнчүлүктөргө ээ.
"Ден-соолугу чың арка омурткалары" - технологиялык линиясы
(аутогравитациялык кушетка, вертебралдык тренажер(2түрү), бешинчи омуртка)
Омуртканын формасын калыбына келтирет(остеохондроз, деформацияланган спондилез, омуртка арасындагы грыжа, радикулит, сколиоз)
Омурткаларды тарттыруу (жаңы технологиялар)
Омурткалардын ооруганын, чарчагандыкты, өзүңдү оор сезүүнү жок кылат
Ички органдардын микроциркуляциясын жакшыртат(иче карын, табарсык, простата бези, гинекологиялык органдар, сексуалдык функция, зат алмашуу, нерв системасы, уйкусуздук, стресс)
Үн терапиясы - 100 дөн ашуун ооруларды сакайтат
Биздин бардык кызматтар өтө ыңгайлуу, тез, коркунучсуз, оорутпайт, пайдалуу, үнөмдүү жана өз жалпы абалыңызды текшерип, баалоонун жогорку баскычы!
ОЦ. "Артемида" Дарегибиз:
Садыков көчөсү 113(военторг)
Биздин телефондор: 0559000121
61-32-87, 61-31-91, 66-48-82




  Бурулкан Карагулова

Селсаяк
(Уландысы, башы өткөн санда)
Келерки жылы Тажикстанга кеттим. Окууга тапшырып өттүм. 2-курста акчадан кыйналдым. Заводдо ит багып иштедим. Советтер Союзу урап, завод жабылып калды. Жашоо оорлой баштады. Аргам жок атама кат жаздым 100 сом сурап. Атамын иши илгерилеп, ити чөп жеп, ташы өйдө кулап турган кези болчу. Бирок акча салгандан баш тартты. Окууму таштап келе бердим. Ош базарынан таанышыма жолуксам "энең өлүп калды" деди. Үч энем болгондуктан "кайсынысы?" деп сурадым. "Мамаң" деди. Жаман болуп кеттим. Бирок көзүмөн жаш чыккан жок. Эмне үчүндүр бардык туугандарыма балалык кыялымда, сезимимин түпкүрүндө кек калгандай туюлат. Көкүрөгүмдө өчпөс тактын изи тургандай сезилет. Алимент төлөгөндөн коркуп, атам мени алып келип, же окуунун өтөлүнөн чыгарбай, же жашоону үйрөтпөй туруп наристе кезимде жылуу ордуман козгоп, талаага алып келип таштап салганын кантем?! Колуна папка кармап, башына шляпа кийип барган эле "чоочун кишиге" мени кармата салган тайларымды не дейм?! Тишимди тишке басып атама келип:
- Мамам каза болуп калыптыр, жүрүңүз барып келели - дедим.
- Мен деген энең менен сенин алты айыңда ажырашкам. Кантип бармак элем? Керекпи эне, сен бар, - деп эшигин жаап алды.
Ошол жерден Шалтага чейин жөө мүрзөгө бардым. Шаардан ала келген гүлдү коюп, куран окудум. Кайгырып канча отурганымы билбейм.
***
Окубагандан кийин эптеп иш таап иштеш керек болду. Бөкөнбаев-Белинский көчөсүнүн кесилишиндеги камокко спирт сатып ишке орноштум. Акчаны уучтап таптым. Логвиненко-Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан бир үйдү сатып алмай болуп калдым эле, биртике акча жетпей калды. Мейли деди үй ээси, бөлүп-бөлүп төлөй бер. Анткен жокмун, бирок, менден акча карызга сурагандар көбөйүп кетти.
Ошол күндөрдүн биринде Айнура деген эски таанышым учурап калды. Ал арманын айтып сыздады. Кыздарда бир эле арман болот эмеспи, жигитим таштап кетти деген. Анын да жигити таштап кетиптир.
- Таштап кетсе эмне экен, жигиттен көп неме жок, башкасын таап аласың деп көңүлүн жубатсам да болбой боздойт. Сен эмнени билесиң дейт.
- Билбесем айт да анан. Мен барып сүйлөшүп көрөм, ким ал өзү деги - дедим кыйынсынып.
- Мен анын ким экенин билгеним менен ал кайсы жерлик экенин же каякта экенин билбейм, билсем сени убара кылбай эле өзүм издеп тапмакмын. Алданып калдым бир көргөн балага, сен ошону түшүнөсүңбү.
- Андай боло берет да, эми андан сонунун таап аласың тигини унутуп каласың - дедим.
- Такыр кепке түшүнбөгөн макоо экенсиң, менин боюма бүтүп калды деп атам.
Мен селт этип кеттим. Аны аяганыман сүйлөргө сөз таппай калдым. Ошол жигитти а дүйнөдөн таап келип бер десе да жок дебейт элем. Кантип көңүл жубатарымы билбей туруп калдым.
- Сенин жардамың керек мага - деди. Мен баарына даярмын дедим. Кандай жардам деп да сураган жокмун.
- Сен эркектик кылып, мени мамамын алдына алпар. Курсагым төрт айлык болоюн деп калды, байкап калса өлтүрөт мени. Биз экөөбүз төрт айдан бери жашап жүрөбүз дейбиз. Анан сен кетип каласың - деди. Эч нерсе ойлонбой туруп макул дедим. Мунун ою эле эптеп апасына бетин ачып алуу болчу. А башкалары эмне дешсе ошо дешсин болчу.
Менин акчама Ош базарынан белек-бечкек кылып Айнуранын апасыныкына такси менен баратабыз. Мен аны чоң азаптан куткарып жатканыма өзүмчө эле курсантмын. Апасы экөөбүздү көрсө сүйүнөт болуш керек деп култуңдап келатам. Үйүнө кирерибиз менен "ай тигиниң ким?" деди апасы ачууланып.
- Мама, азыр түшүндүрүп берем, таанышып койгула бул Нургазы.
- Кайсы Нургазы?- деп жулунду апасы.
- Ну мама, азыр айтып берем деп атпайымбы, кое турсаң. Адегенде Нурик алып келген даамдан ооз тий, анан таанышып дегендей, сүйлөшөбүз.
- Эмнени сүйлөшмөк элем, алып кетчи алдагыңы көзүмө көрсөтпөй.
- Мама, биз үйлөнгөнү атабыз.
- Жинди болбочу? - энесинин көзү мага чачылып кетти акшырайганда.
- Ошондой болуп калды, мама, айтпай жүрө берсек иш чатагына айланып кетчүдөй…
Энесине эмне деди билбейм, аркы бөлмөгө кирип кетишип, иши кылып ынандырып келгендей болду. Энесинин тиштери кырчылдап мени аз-аз жерден жеп жиберейин деп, баарын токтотуп эми сөзгө өттү.
- Та-ак, эми эмне дейсиң, той качан жана каерде өтөт- деди. Мен тилими жутуп алгандай Айнураны тиктедим. Менин ордума ал жооп берди. Ата тегими сурады. Айттым. Астыма качан түшөт деди. Мен дагы тигини тиктедим. Атамын адресин сурады.Үйдүн номерин, телефонду жазып алды.
- Эртең кечке чейин күтөм, келбесеңер ташыңарды талкан кылам, бар кете бер - деди.
Айнура узатып чыкканда айттым, өтө татаалдашып кетти го, атама барып чатак кылбайбы деп.
- Коркпой эле гой, мен турам го. Анын үстүнө сен жигиттик сөз бердиң да, эми аягына чыгып бер - деди.
- Мен го чыгып берем, бирок атамы кийлигиштирип кереги жок - деп узап кеттим.
(Уландысы бар)








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
16-март, 2010-ж.:
1-бет
"Баракелдеден"
"Минута славыга"
жеткен Атай Өмүрзаков

2-бет
Таң калтырган
Атай Өмүрзаков

3-бет
Асел Айнидинова,
"Жашоомду китеп кылып жазам"

4-бет
Бегимай Эсенгулова:
"Турмушка чыга бермекмин..."

5-бет
Экс-президенттер
эмне менен алек?

6-бет
Чынжырча
7-бет
Кыздын көөнү кызылда
8-бет
Кыялыңан сенин
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Йога мейкининде
"Йоганын бардык түрүн колдонуп көргөн соң, акырында бирөөнө токтолуусу зарыл.

11-бет
Спорт жылдызын жандагандар
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок
"Тагдыр табышмагы"

13-бет
Эртеңки реанимациядан көрө, бүгүнкү профилактика өтө арзан!
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Конкурс!










??.??