п»ї
 Таанышуу жарыясы


  дарамет

Таң калтырган
Атай Өмүрзаков
УТРКдагы "Баракелде-е" телекөрсөтүүсүнүн жеңүүчүсү Атай Өмүрзаков ОРТтелеканалындагы "Минута славы" көрсөтүүсүнө катышып, Кыргызстандын атын чыгарды. Болгондо да өзгөчө бий өнөрү менен барып, ар кандай кыймылдарды жасап таң калтырган. Ал жактагылар "Сөөгү жок", " Ийилчээк", "Робот" "Инопланетянин" дешип, Атай жөнүндө сөз кылгандары кылган. Баш байгенин ээси болбосо да эл аралык конкурска катышуунун өзү чоң жеңиш болсо керек. Анда ал жакта болгон кызыктардын баарын Атайдын өз оозунан угалы.

Чакырууну эч кимге айтпай жүрө бердим
- Өзүм ал жакка "Микс" вариантында ар түрдүү бийлеримдин топтомун жибергем. Анан өзүм да жиндерине тийип, "Менин бийлеримди көрдүңөрбү, качан жыйынтыгы чыгат?"деп тажатып чала бердим. А бирок чакырууну алганда абдан толкундандым. Чакырууну кармап алып сүйүнгөнүмдөн эч кимге айтпай жүрө бердим. Убакыт өткөн соң шаардык мэрияга, жеке ишкерлерге жана бир нече фирмаларга кайрылып, жардам сурадым. Бирок жыйынтык болгон жок. Акыры бир жума калганда Элмира Тезекбаева эжеге келип көрсөтсөм, эже мени урушуп, "Эмнеге унчукпай жүрөсүң, сен деген Кыргызстандын атын чыгарган жатасың" деп УТРКнын жетекчиси Мелис Эшимкановго, (ошол учурдагы) "Ибарат"студиясынын продюсери Тамара Жаманбаевага (ошол учурдагы) кайрылдык. Алардын колдоосу менен Жусуп Бакиев атындагы фондуна барып, материалдык колдоо алдым. Андан сырткары көп эле адамдардын жардамы тийди. Буйрук экен, "Минута славынын" сахнасында өнөрүмдү көрсөттүм.
- Сахнага чыкканда толкундандыңбы?
- Биринчи турда "Акыркы кастинг болсо, Кыргызстандан менден башка эч ким келбесе, уят болбоюн"деп корктум. Сахнада эмес, өзүмдүн үйүмдө жалгыз бийлеп жаткандай сезилди. А финалга өткөндө эч кандай коркунуч болгон жок. Тескерисинче өзүмө абдан ишендим.
Акча каражатынын тартыштыгына байланыштуу Атай Кыргызстандан жалгыз барып, конкурс учурунда дем-күч бере турган жакын адамы жок болгон. Жалгыздын иши жалгыз эмеспи, мейманкананын "люкс" номерине жайгашканы менен, башка катышуучулар менен батынып сүйлөшө албай, башында "катышуучулардын бири да" дегенсип, Атайга эч ким деле көңүл бурган эмес. Качан гана Атай сахнага чыгып өзүнүн талантын тартуулаганда "уу-дуу" болгон көрүүчүлөр, калыстар тобу таң калышкан. Оригиналдуу жанры менен биринчи турдан экинчи турга смс добуштар менен өткөн Атайга Казакстан, Россия, Белоруссия, Украинадан смс добуштар көп болгон. Ал эми Кыргызстандыктардын жиберген смстери ал жакка жеткен эмес.
- Атай, финалда бийлеп жатканыңда сахнадан өрт чыгып кеткенин ММКлар жазып чыкпадыкпы. Ошону өз оозуңдан уксак?
- Мен бийлеп баштаганда артыма спец-эффект кылып от берип жатышкан. Качан бийим аяктаганда сахнанын реквизити күйүп кетти. Мен болсо образымды жоготпой, он мүнөттөн ашыгыраак убакыт турдум. Бетиме, денеме ысык уруп жатты. "Эмне болсом ошо болдум"деп тура бердим. Кечке турганыма көрүүчүлөр кыйкырышып, "Молодец! Ты супер!" деп сүрөп жатышты. Калыстар тобу мени ошол жерден баалай башташты. Менин сүйүнгөнүм эле, мыкты деп тандалган он адамдын курамына өтүп, анан эң мыкты төрт адамга кошулуп, төртөөнүн арасынан да талаш-тартышты жаратканым болду. Себеби, менин образым калыстар тобун ойлондуруп, дароо эле "Атайды чыгарып салалы"дешпей, "Эми кандай кылалы? Биринен-бири таланттуу экен"деп талашка түшкөнүмдүн өзү чоң жеңиш эмеспи.
- Аткарган образың жөнүндө айтып берсең?
- Бий менен машыгып жатканыма төрт гана жыл болду. Мурда эле жакшылап көңүл койсом, балким мындан да жакшы болмок. Менден улуу байкем Бакыт бий менен машыгып, бийлеп жүрдү. Бирок ал тартынчаак болгондуктан эл арасына деле чыккан жок. Аны көрүп мен да бийге кызыга баштадым. Бул бийди өзүм чыгаргандыктан аталыштарын да "Мистика", "Суу адамы", "Классикалык мим робот" деп өзүм атагам. Бийлегенимди көргөндөр "Аябай ийилчээк экен" деп ойлошот. Бул пластикадан жана иллюзиядан алынат. Мындайча айтканда иллюзия менен бийди айкалыштырам.
Бала кезинен көп уктаганды жаман көргөн Атайдын хоббиси -пластилин менен ар түрдүү буюмдарды жасоо. Мектепте окуучулар арасында "Мыкты скульптор" аталган. Кошумчаласам, Атайдын "Баракелдеге", "Минута славыга" катышып, жакшы ийгиликтерди жаратуусуна апасы абдан ишенген. Жыйынтыгын көрдүк, апасы ишенгендей болду. Бул көрсөтүүдөн кийин "Европанын ачык чемпионатына", жана Москвада боло турчу Дүйнөлүк олимпиадага жолдомолорду алды. 9-мартта интернет аркылуу өткөн Москванын "Онлайн" долбоорунан да биринчи орунга татыды. Эми Атай чакыруу алган долбоорлорго кызуу даярданып жаткан кези.
Өмүрзаков Атай Желденович 1990-жылы 5-октябрда Каракол шаарында төрөлгөн. Учурда Президенттин алдындагы Башкаруу Академиясынын экинчи курсунун студенти.




"Минута славы"
"Минута славы"телешоусу эл ичиндеги өзгөчө талант ээлерин чыгарат. Көрсөтүүнүн негизги шарты-катышуучулардын өнөрүн, талантын баалоо. Көрсөтүүгө эл арасынан чыккан иллюзия чеберлери, акробаттар, бийчилер, ырчылар, жанглёрлор, пародистер, өзүн күчтүү деп санаган өнөрлүүлөр сахнадан өз таланттарын көрсөтүп, жеңүүчүлөр баш байгеге жана бүткүл элдин колдоосуна татый алышат.
Баш байге 10 миллион рубль
Бул жылы калыстар тобунун курамында: КВНдин президенти Александр Масляков, журналист Леонид Парфенов болду. Ал эми калыстар тобунун үчүнчү мүчөсү катары телевидение жылдыздары, кино актёрлор жана шоу-бизнестин өкүлдөрү улам кошулуп турат. Конкурста катышуучулардын тагдырын калыстар тобу чечишет. Калыстар катышуучуну сындаса, алыпбаруучулар катышуучунун таламын талашканга укуктуу. Жарым финалга чыккан катышуучуларга телекөрүүчүлөр смс аркылуу добуш беришет. Жыйынтыгында эң көп упай топтогон жеңүүчү 10 миллион рублга ээ болот.
Көрсөтүүнүн алыпбаруучулары: Александр Олешко жана Вилле Хаапасало.
Аз аздан...
"Минута славынын" төртүнчү сезонуна Россиянын 13 шаарынан жана чет жактан келген таланттуулар катыша алышты.
Бул жолкусунда "Минута славыга" 15миңге жакын телефон чалуулар болуп, кастингге катышуучулардын саны 10 миңге жеткен. Таланттардын көбү Екатеринбург шаарынан келишкен.
Кастингдин эң кенже катышуучусу 100 000км аралыкты басып, Түштүк-Сахалинден келген үч жаштагы бийчи Ваня болсо, эң улуусу Ростов-на-Донудагы Ветерандар хорунун 75 жаштагы вокалисти болду.
Өзгөчөлөнгөндөр:
Оозун ачпай сүйлөп жана ырдаган кыз.
Бир мүнөттө жүзгө жакын жаңылмач айткан аял.
Адамдын оюн окуй алган өспүрүм.
Алла Пугачеванын эгизи.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
16-март, 2010-ж.:
1-бет
"Баракелдеден"
"Минута славыга"
жеткен Атай Өмүрзаков

2-бет
Таң калтырган
Атай Өмүрзаков

3-бет
Асел Айнидинова,
"Жашоомду китеп кылып жазам"

4-бет
Бегимай Эсенгулова:
"Турмушка чыга бермекмин..."

5-бет
Экс-президенттер
эмне менен алек?

6-бет
Чынжырча
7-бет
Кыздын көөнү кызылда
8-бет
Кыялыңан сенин
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Йога мейкининде
"Йоганын бардык түрүн колдонуп көргөн соң, акырында бирөөнө токтолуусу зарыл.

11-бет
Спорт жылдызын жандагандар
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок
"Тагдыр табышмагы"

13-бет
Эртеңки реанимациядан көрө, бүгүнкү профилактика өтө арзан!
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Конкурс!










??.??