Сырмаек

Асел Айнидинова,
"Жашоомду китеп кылып жазам"
Эсиңиздерде болсо белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин Таш- Мойнок айылында жайгашкан дачасы 2007-жылы июнь айында өрттөнүп кетип, "тилсиз жоо" 10 жыл бирге бир үйдөн түтүн булаткан Болот Шамшиев менен жубайы Асел Айнидинованы элдешкис душманга айлантып, экөөнү эки башка жолго салган… Ошол учурда түгөйлөр ММКнын эрмеги болуп, жазып эле жатып калганбыз. Андан бери билинбей ал окуяга үч жылга аяк басыптыр. Учурда Болот ага кайда, эмне иш кылып жүргөнүн билебиз. А мени Асел айымдын андан кийинки тагдыры кызыктырды.


- Асел эже, иштериңиз, ал-ахыбалыңыз кандай?
- Менин жалаң гана жамандыгымды бөлүшпөй жакшылыгыма да туш келип жатканыңарга рахмат. Кудайга шүгүр, алты саным аман. Иштеп жатам. Башыман өткөн кыйынчылыкты билесиңер. Кудайым ар бир адамдын башына кыйынчылыкты канчалык көтөрө алса, ошончо берет экен. Мен "Эмне үчүн мага ушунча оор сыноо бердиң, мен сага эмне жамандык кылдым, ошол эле күйөөмө эмне жамандык кылдым" деп кудайга нааразы болуп ыйлагам. Көрсө, кудай биринчи кыйынчылык берип туруп, анан сен сураган күчтү берет экен. Азыр мен кудайга, ошол берген сыноосуна да ыраазымын. Мурунку жашоомо да акаарат келтирбейм, эл көрдүм, жер көрдүм дегендей. Жакында апамды турмушка узаттым. 29 жашында жолдошу менен ажырашып, үч баланы өзү жалгыз тарбиялап, өстүргөн. Эми минтип 55 жашка чыкканда болгондо да үлпөт той менен узаттык. Мен "кыздын чырагы кырк" дегенге да ишенбей калгам. Көрсө, аялзаты өз бактысын табыш үчүн 55 жаш да кечтик кылбайт тура. Апам да "Мен өмүр бою ушул адамды күтүп жашап келгендеймин" деп калат. Эки иним бар дечү элем, эми минтип дагы бир инилүү болдум. Атабыздын мурунку жубайынан бир уулу бар экен.
- Иштеп жатам дедиңиз..?
- Ооба, учурда "Балдарды Укук Коргоочулардын Лигасында" иштеп жатам. Эгерде өзүмдүн укугум тебеленбегенде ушул чөйрөгө туш болот белем, ким билет? Мен кыйналган мезгилде укук коргоочулар жардамга келишти. Элестет, мен ушундай депрессияга түшкөм, жада калса чачымды тараганга алым келбей калган. Гүлнара Айтбаева деген укук коргочу айым алаксысын дедиби,"волонтер"болуп иштеп тур" деп Турдубекова Назгүл деген айымдын иштеген жерине жолдомо берди. Биринчи күнү эптеп өзүмдү жыйнап, уят кылбайын деп бардым. Барган күнү "эртең канчада келесиң" деп сурашты, эртеси барсам, "эртең эрте кел" дешти. Ошентип бара-бара аларга аралаша баштадым. Көрсө, алар мага депрессиядан чыксын деп атайын ошондой талапты коюп жатышканын кийин айтышты. Ойлосом 10 жылдан бери үй кожейке болуп калыптырмын. Жада калса курбум да жок болчу. Байланышымдын баарын үзгөм. Б. Шамшиев тыюу салчу да. "Мага чөмүч менен казан эле бергилечи. Менин колуман башка эчтеке келбейт?" деген деңгээлге жетип калыптырмын. "Адам зомби" деп коет го, ошондой болуп. Азыр кичинекей нерсе да мени кубандырат.
Былтыр 17- февралда жумушка киргем. Азыр 24 саат бою бир убактым текке кетпей, иштеп жүрөм. Семинар, тренинг, лекция… Азыр адамдар менден жардам сурап кайрылышат. Мен аз да болсо жардамга муктаж адамдарга пайда алып келип жатам деп сүйүнөм. А өзүм мөңкүрөп турган учурда мага белгилүү бир үй-бүлө абдан жардам беришти. Экөө тең кыргыздын белгилүү инсандары. Алар менен мурда сый эле болчубуз. Бирок, ошол адамдар мага колун сунуп, буттан тургузушту. Үйүнө чакырышып, мончосун жагышып, көңүлүмдү көтөрүп сүйлөшүп… материалдык да, моралдык дагы жардамын аяшкан жок. Керек болсо азык-түлүктөн өйдө колума карматып жатышты. Мен суранбасам деле, өздөрү мен акчадан кыйналып жүргөнүмдү сезгендей кылышты. Аларга кантип ыраазычылык билдирээрим да билбей жүрөм. Абдан ыраазымын.
- Аябай "оптимист" болуп калыптырсыз, эки жыл мурун такыр башкача элеңиз? Кыргызчаны да такылдап сүйлөп…
- "Когда человек всю свою тоску исплакал, человеку остается только смеяться" деп коет го. Азыр мен айлана-чөйрөгө башкача көз-караш менен карай баштадым. Өзүң айткандай кыргызчаны куюлуштуруп сүйлөп калдым, орусчадан кыргызчага проза, поэзияларды которсом ийгиликтүү болду. Мен ырдайт да экенмин, ошол талантымды өзүм да байкабай жүрүптүрмүн. Азыр Б. Шамшиев экөөбүз чогуу жазган сценарийлерди көтөрүп, кино тартам деп жүрбөйбү. Канча деген эпизоддорду мага жаздырган. Бирок, кандай болбосун жакшы жагын айтпай койбосом болбойт. Менин калем кармап калышыма анын салымы чоң. Шыгым бар экенин байкап "сен жазышың керек, аялдардан чыккан "Айтматова" болосуң" деп дем берчү. Көп аңгемелерим Казакстандын гезит-журналдарына чыкты. "Кино тартсам авторлош Асел Айнидинова деп жазам" дечү. Азыр кааласа берсин, бербесе бербей койсун. Бул абийирдеги иш. Менин жазганымды билгендер "Жашооңду китеп кылып жаз" дешти. Азыр аз-аздан жазып жатам. Бирок, мен китепти сенсация кылыш үчүн жазбайм. Жашыруун ат менен (псевдоним) жана каармандардын аттарын өзгөртөм. Окугандар өздөрү түшүнөт. Бул менин жашоом. А өзүмдүн жашоомду жазганга укугум бар. Азыр мен өзүм укук коргоочу катары эмнеге укугум бар, эмнеге жок жакшы билип калдым дебейинби(күлүп) . А мурда анын сөзү закон болуп, эмне десе "ии ушундай болуш керек турбайбы" деп ойлочумун.
- Соттук ишиңер тынчып калгандай?
- Иш кайра териштирүүгө кеткен. Жыйынтыгы чыкса көрөбүз. ""Все что не убивает, закаляет" деген сөз бар го. Сабырдуулук менен баарын жеңээриме ишенем. Бирок, соттон тажадым. Ал чарчабаса кайра -кайра арыз жазып жүрө берсин. Өзү "бул менин хоббим" деп айтып жатпайбы, анда менин адвокатым айтты: "Бул хобби эмес-диогноз" деп. Анын соттошпогон кишиси калган жок окшойт, мурунку чогуу жашаган аялдары менен да соттошуп чыккан. Азыр деле ар ким менен соттошуп жүрөт, менин угушумча.
Менин тагдырым ачыкка чыгып калган үчүн эле баары билип калышты. Анүстүнө Б. Шамшиев ошол учурда Президенттин маалымат жана маданият жагынан кеңешчиси болуп калып, теле-радио, гезиттер анын колунда болуп, болушунча караландым. Өзү да "Мен сени ушунчалык каралайм, керек болсо жаныңа ит да басып барбайт" деп айткан да…
Мен го мен, а билинбеген тагдырлар канча?. Азыр башка деле белгилүү чиновниктер аялдарына "кылмыш ишин" козготуп жүрүшөт. 90-жылдардын ортосунда жаш аял алган мода болуп кеткен. Мен да ошол агымга туш келип калдым. Ошол аялдары азыр баралына келип калганда, ошол эле чиновниктер аларды чанып, андан да жаш алып жатышат. Муну сотто иштегендер айтышты, өзүм да күбө болдум дегендей.
Биздин чыр деле жаш аял алыштын амалын издеген шылтоого шыноо болду го деп ойлойм.
- Сиз "ал жаш кызга үйлөнгөн" дегениңизде чынын айтсам ишенген эмесмин. Муну өзү да четке каккан. Бирок, көп өтпөй уулдуу болгону да белгилүү болуп отурат.
- Башында "эл эмнеге мага ишенбей, ага эле ишене беришет" деп кыйнала берчүмүн. Сен деле айтып жатпайсыңбы "ишенген эмесмин" деп. Буга мен таарынбайм. Убакыт өзү эле баарын өз ордуна коюп жатат. Мына эми "Мендей адамдардан тукум алыш керек. Мендей адамдарды "голубая кровь, белая кость" деп коет. Мурун бий менен хандар конокко келсе, тукум алып калалы деп кыздарын төшөгүнө салып беришчү" деп бир гезитке айтканын окуп алып, уялдым.
Мен аны кудайымдай эле көрчүмүн. "Не сотвори себе кумира" деген сөздө калет жок экен. Мен кумир туткан адамым менин адамым экенине сүйүнүп, сыймыктанчумун. Кийимин өзүм кийгизип, тамагын берип, ийнесин сайып жада калса киринтчүмүн. Мындайча айтканда мен анын "энеси" болуп калгам.
Андай болуп калса эркек аялына болгон кызыгуусун жоготуп коет экен. Ошондуктан аялдарга күйөөңөргө эне болуп калуудан абайлагыла демекмин. Биз жаңы үйлөнгөндө "колуң да, бетиң да, үнүң да наристеникиндей" дей берчү. Азыр ойлосом анын табити жаш кыздарда экен. Биринчи аялын ал 15 жашында алган. Азыркы аялы деле жапжаш. ( Бир аз ойлонуп туруп) Эльмира, сен тагдырдын тамашасы дегенге ишенесиңби?
- Эмнеге антип сурап калдыңыз?
- Бир кызык окуя . ООНдон гендердик теңдик боюнча, делегаттар келишип, мени ошол гендердик теңдиктин курмандыгы катары интервью бергени чакырып калышты. Америкадан келген докладчик аял, котормочу анан алардын катарында Шамшиевдин мурунку чогуу жашаган аялдарынын бири кошо келатат… А мен башыман өткөн окуяны айтып беришим керек болчу. Айтпайм, бул анын мурунку аялы болчу демек белем. Айла жок, айттым, ал укту. Ал деле бир убакта Шамшиев менен соттошкон эле да. Тигилердин көзүнчө бири -бирибизди тааныбаган киши болуп отурдук. Ушундай тагдырдын тамашасы болду.
- Асел эже, негизи өзүңүз кайсы кесиптин ээсисиз?
- . Биринчи И.Арабаев атындагы университетинин сүрөт- көркөм өнөр бөлүмүн бүткөм. Андан кийин кыргыз-араб факультетин аяктадым. Дипломду живопись боюнча жактагам. Ошол ишимди окуу жайдын ректорлорунун бири жактырып, алып кетиптир деп уктум. Өзүмдүн баламды колума кармап, эмизип атып сүрөткө түшүп алгам да, ошону япон стилине салып тарткам. Ошол портретти таап, кайра өзүмө алсам деп кыялдана берем. Кантсе да биринчи ишим, сүрөттө өзүм, өзүмдүн уулум…

Эльмира Мадиева