п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Балдар менен баарлашуу

Бегимай Эсенгулова:
"Турмушка чыга бермекмин..."
Алтын уя аталган мектепти эстеп, балалыкка дагы бир ирээт кайрылып, ырчы Бегимай Эсенгулованы Республикалык Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык мектеп-интернатына ээрчитип бардык. Балдар менен баарлашуу убагында ырчы айым өзүнүн окуучулук күндөрүн эстеп, доскага чыгып тапшырма аткарып, кыялында мугалим да болуп, а түгүл кенедей кезинде үйрөнө албай калган скрипка аспабын кармап, жашып да кетти.


- Бегимай эже, кайсы мектепти бүтүрдүңүз эле?
- Бишкек шаарындагы №38 мектепти бүтүргөм. Андан сырткары вокалдан сабак алып, музыкалык билимимди толуктайын деп, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында сабак алдым. Учурда Туризм Академиясында 1-курста окуп жатам.
- Сиз биздин мектепти өзүңүз тандап алдыңызбы же айла жоктон келдиңизби?
- (Күлүп) Эмнеге айла жоктон. Мен дагы музыкалык мектепте билим алган окуучулардын жашоосун көргүм келди. Өзүм да 1-классымда фортепионага баргам.
- Эмнеге пианинону уланткан жоксуз?
- Мени пианиного апам берип койгон. Апам профессионал музыкант. Каракол шаарында студенттерге музыкадан сабак берчү. Мен болсо бала кезимде эле скрипкага кызыкчумун. Тилекке каршы аны үйрөнө алган жокмун. Үйдө жалгыз болгондо же маанайым чөгүп турганда пианиного отурам. Ошол учурда да "Мени пианиного эмес, скрипкага берсе азыр чертип отурмак экенмин" деп кыялданып калам.
- Эгерде сиз ырчы болбой мугалим болуп калсаңыз кайсы сабактан бермек элеңиз?
- Мектептен математика менен орус тил, орус адабият сабактарын жакшы көрүп окучумун. Ошол сабактардан бермекмин.
- Тапшырма аткарбай келген окуучуларга эки коймок белеңиз?
- Биринчи күнү эки коймок эмесмин. Анткени, баарыбыз эле окуучу болгонбузда. Кээде оюнга алаксып кетип, тапшырма аткарбай калган күндөр болот. Анан экинчи, үчүнчү ирээт аткарбай келсе жаман баа койгонго туура келет да.
- Сиз акча табыш үчүн ырдайсызбы?
- (Күлүп) Акча табуу эмес, өзүмдүн жан-дүйнөмө жаккан үчүн ырдайм. Акча эмне экенин билелекте эле ырчы болууну каалачумун. Ошондогу баёо, таза тилектерим аткарылды десем болот.
- Концерт койсоңуз башынан аягына чейин жандуу ырдай аласызбы?
- Ырдай алам. Бирок, бизде жандуу концерт бергенге жакшы аппаратура жок. Мен күндүзү сабакта болом, кечкисин кафеде жандуу ырдайм. Негизи фонограмма менен ырдаган баары бир жандуу ырдаганга жетпейт. Жандуу ырдаганда чындап ырахат аласың.
- Мектепке киргенде көз алдыңызга эмнелер элестеди?
- Албетте, ак бантик тагынган, колуна сумка кармаган кичинекей Бегимай элестеди. Өзүмдүн балалыгымды эстеп кеттим. Залга чыксаң, ар кандай аспаптардын үндөрү угулуп турат экен. Дагы бир жолу мектеп окуучусу болгонго мүмкүнчүлүк түзүлсө, ойлонбой туруп ушул мектепке келмекмин.
- Классикага кызыгасызбы?
- Мага абдан жагат. Үйдө атайын классикалык музыкалардын дисктери бар. Апам экөөбүз тең Бахтын симфонияларын жакшы көрүп угабыз. Чарчаганда мээңе кадимкидей жакшы ойлор келет.
- Канча бир туугансыз?
- Жалгызмын.
- Жалгыз экениңизге өкүнбөйсүзбү?
- Мурда көп бир тууган кыздарды көрүп жаман болчумун. Чоңойгондон кийин билинбей калат экен. Анын үстүнө азыр убактым тар, иш көп дегендей. Аталаш туугандарыма, таежелериме абдан жакынмын. Алар бар менин жалгыз экеним билинбейт.
- Ата-энеңизди капа кылган жокмун деп ойлойсузбу?
- Мектеп жашында ар бир бала ата-энесин капа кылат болуш керек. Мен деле силердей кезимде болбогон иштерди трагедиядай кабыл алчумун. Анан "Апам мени түшүнбөйт"деп кыялымды көрсөтүп калган учурларым болгон.
- Азыр сиз окууңузду бүтө элек экенсиз. Колуңузду сураган жигитке макул болосузбу?
- Эгерде ошол жигит мени сыйлап турса, аны менен өмүр бою бактылуу жашай ала турганымды сезсем, турмушка чыга бермекмин. Ошол эле учурда сабактарымды да калтырбайм. Курбу кыздарымдын арасында деле турмушка чыгып, окуусун улантып жаткандары бар.
- Мырзалардын байлыгына карайсызбы же жакшы экенинеби?
- Кээ бир ата-энелер өздөрүнүн катышына, жашоо-турмушуна салыштырып, балдарын байларга берип жатышпайбы. Бай болгону менен сага жакпаса кантип жашоо уланат. Ошондуктан сүйгөн адамың менен баш кошконго жетпейт деп ойлойм.
- Азыр кимди сүйөсүз? Алихандыбы?
- (Күлүп) Эч кимди. Алихан менен дуэт ырдагандан баштап, көпчүлүгү экөөбүздү жүрүшөт экен деп айтып чыгышты. Алихан сахналаш кесиптешим. Биздин чыгармачылык жолубуз гана бир.
- Чыгармачылыктан сырткары кандай кыялдарыңыз бар?
- Мен дагы эл катары дүйнөдөгү кооз шаарларды көрсөм деп кыялданам. Азыр менде Германияга барганга мүмкүнчүлүк бар. Ошондуктан тилдерден немис, англис, түрк тилдерин үйрөнүп жатам. Анан албетте, аялдын бактысы үй-бүлөдө эмеспи, турмушта өзүмдүн ордумду тапсам дейм.
Мектептеги 6-10-класста окуган эң мыкты окуучуларды чогултуп, кызыктуу баарлашууну уюштуруп берген тарбия завуч Канат Кожомбердиевге терең ыраазычылык билдиребиз.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
16-март, 2010-ж.:
1-бет
"Баракелдеден"
"Минута славыга"
жеткен Атай Өмүрзаков

2-бет
Таң калтырган
Атай Өмүрзаков

3-бет
Асел Айнидинова,
"Жашоомду китеп кылып жазам"

4-бет
Бегимай Эсенгулова:
"Турмушка чыга бермекмин..."

5-бет
Экс-президенттер
эмне менен алек?

6-бет
Чынжырча
7-бет
Кыздын көөнү кызылда
8-бет
Кыялыңан сенин
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Йога мейкининде
"Йоганын бардык түрүн колдонуп көргөн соң, акырында бирөөнө токтолуусу зарыл.

11-бет
Спорт жылдызын жандагандар
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок
"Тагдыр табышмагы"

13-бет
Эртеңки реанимациядан көрө, бүгүнкү профилактика өтө арзан!
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Конкурс!










??.??