п»ї

  Ак сөөктөр турмушунан

Экс-президенттер
эмне менен алек?
Бир кезде сүйлөсө сөзүн, ичсе тамагын, кийсе кийимин, минсе машинесин даярдаган жардамчылары, канча кадам аттаса кошо аттаган жансакчылары даяр, айланасында кошоматчылар коштогон, бир аз көрүнбөй калса эли жоктогон, жанына жөнөкөй адам даап бара албаган экс- президенттер азыр эмне менен алек болуп жатышты экен? Анда айрымдарына токтоло кетели.

Латвиянын экс-президенти Вайра Вике-Фрейберг айым президент кезинде кийип жүргөн костюмдарын аукционго койгонго камданып жүргөн убагы. Ал такта отурган убакта алган айлыгы бүт эле кийим-кечеге кеткенин айтып, эми "шкаф толо кийимдин" акчасын кайтарып алуу аракетинде. Вайра айым "Мен бул кийимдерди өз мамлекетимдин кадыр-баркын сактоо жана уяткарбоо үчүн алгам. Эми мен чыгымдаган айлык маянамды кандайдыр бир жол менен кайтарып алышым керек" дейт. "Айлыгымдын баары кийимиме кеткен" деген айым президент болуп турган учурда президенттин 2400 латты(4800 доллар) түзгөн айлык маянасы менен бир ай жашаганга болбосун айтып нааразы болуп келген… Ошондо кандай болуп калат?

Франциянын мурунку президенти Жак Ширакка Россиянын премьер-министри Владимир Путин тарабынан "Газпромго" иштөө сунушу түшкөн. Бирок, экс-президент мындан баш тартып "Мен жеке ишканаларда иштегенден көрө өзүмдүн фондумдун иши менен алек болгонум жакшы" деген жообун узаткан. Азыр кайрымдуулук фондун жетектеп, жетим-жесирлерге, таланттарга жардам берип келет.

Американын 63 жаштагы экс-президенти Билл Клинтон февраль айында жүрөгүнөн операция болуп чыкты. "Өзүмдү азыр алда канча жакшы сезип калдым. Мени дайым коштоп жүргөн ийгилик бул жолу да коштоду" деген ал журналисттерге. Учурда Билл Клинтон ООНдо Гаити мамлекетинин атайын өкүлү болуп иш алып барат.

Украинанын президенттик тагынан жаңы эле түшкөн Виктор Ющенко "Мени биздеги саясий кырдаал саясаттан кетпешиме өбөлгө түзүп жатат" деп билдирген. Демек, ал жакында саясаттан четтебейт өңдүү. Украинанын биринчи президенти Леонид Кравчук деле тактыдан түшкөндөн кийин Жогорку Радада 12 жыл депутат болуп турган. Ал эми дагы бир экс-президент Леонид Кучма азыр коомдук ишмер. Ал билим берүү жана маданият чөйрөсүндө өткөрүлүп турган иш-чараларга акчасын аябай чачат.

Аргентинанын экс-президенти Нестор Киршнер азыркы президенттин күйөөсү. Ал жакында эле уйку безине операция кылдырган. Ооруканага маалымат алганы барган журналисттердин алдынан тышкы иштер министри тосуп чыгып, Нестордун ал-акыбалы абдан жакшы экенин айткан. Экс болсо да министрлер эмгиче тегеренип жүргөнүнүн себебин анын жубайы Кристина Киршнер президенттик крелодо отурганына байланыштырып койсок болот го дейм… Нестор Киршнер Аргентинаны 2003-жылдан 2007-жылга чейин башкарып андан соң бийлигин аялына өткөрүп берген.

Молдовиянын экс-президенти Владимир Воронин уулуна козголгон кылмыш ишин жөнгө салуу менен убара болуп жүргөн чагы. Экономикалык коррупцияга каршы күрөшүү агентствосу Ворониндин уулу Олегди салык төлөгөндөн качканы аз келгенсип, мамлекеттин акчасын кытып алганы үчүн күнөөлөшкөн. Бул боюнча атасы "жашыруун иликтөө" жүрүп жаткандыктан эч кандай маалымат бере албасын билдирген.

Чехиянын бир мезгилдеги президенти Вацлав Гавел бийликтен кеткенден кийин жөнөкөй жашоого адаптация боло албай кыйналган күндөрүн чагылдырган "Кетүү" деген чыгармасын жазган. Кесиби драматург президенттин бул акыркы 20 жылдагы биринчи чыгармасы. Учурда анын сценарийин түзүп, экрандаштырганга чуркап жүрөт. Экс -президент фильмден канча акча түшөөрүн алдын-ала эсептеп да алган (ансыз болобу!). Кызыгы: фильмге өзү режиссер болот жана башкы ролду өзүнүн жубайы Дагмар Гавлова ойнойт.

Жакында адам укугун тебелеп-тепсегени үчүн 25 жыл камакка алынган Япониянын экс-президенти Перу Альберто Фухимори 30 жаштагы кызы Сатини абак ичинен күйөөгө узатты. Атайын өзүнчө камерада жашаган Перу 40 адамга чукул конок чакырган. Кызы "Кандай гана болбосун ата кызын күйөө баласынын колуна өзү тапшырышы керек" десе, атасы "ар бир ата кызынын тоюнда жанында болушу керек" деген. Ал эми 34 жаштагы улуу кыз Кейко 2011-жылы президенттикке талапкерлигин коюп, эгерде ийгилик жылмайса, атасын абактан дароо бошотоорун айтып кыялданган. 71 жаштагы Перу Фухимори 2009-жылдан бери абакта күн кечирет.

Ал эми Кыргызстанды 15 жыл башкарып, "жоогазын революцияясынын" натыйжасында өлкөдөн качып кетүүгө мажбур болгон экс-президентибиз Аскар Акаев учурда Россия Федерациясынын президенти Дмитрий Медведев жана премьер-министри Владимир Путин менен кошуна. Бүгүнкү күндө ал- Москвадагы Ломоносов атындагы мамлекеттик университетинде илимий кызматкер, студенттерге агай.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
16-март, 2010-ж.:
1-бет
"Баракелдеден"
"Минута славыга"
жеткен Атай Өмүрзаков

2-бет
Таң калтырган
Атай Өмүрзаков

3-бет
Асел Айнидинова,
"Жашоомду китеп кылып жазам"

4-бет
Бегимай Эсенгулова:
"Турмушка чыга бермекмин..."

5-бет
Экс-президенттер
эмне менен алек?

6-бет
Чынжырча
7-бет
Кыздын көөнү кызылда
8-бет
Кыялыңан сенин
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Йога мейкининде
"Йоганын бардык түрүн колдонуп көргөн соң, акырында бирөөнө токтолуусу зарыл.

11-бет
Спорт жылдызын жандагандар
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок
"Тагдыр табышмагы"

13-бет
Эртеңки реанимациядан көрө, бүгүнкү профилактика өтө арзан!
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Конкурс!










??.??