п»ї

  Кыздын көөнү кызылда

Кыргыздын көркү улуттук кийимде
Кыргыз эли салты, үрп-адатынан тышкары башка улуттан улуттук кийими менен айырмаланып тураары талашсыз. Кыргыз кыздарына үкү топу, этеги жайылган кенен көйнөк кандай сонун жарашат. Биздин фольклор жаатындагы ырчыларыбыз чет өлкөдөн кайтышканда "биздин улуттук кийимдерибизге кызыгышып, жада калса кармалап көрүп жатышты" деп нечен ирет айткандары эсибизде.
Ар кимдин табити ар башка, табит тууралуу талашып болбойт-дегендей, элибиздин сыймыгы, кыргызды кыргыз кылып келе жаткан кыргыз көйнөктөрүнүн наркы канча? Азыркы заманбап заманда ырчыларыбыздын гардеробунда кимисинде улуттук көйнөктөр басымдуурак кылат ж.б. биз кызыккан суроолорго жооп алмакчыбыз.

Кыргыз көйнөктөргө байлар
- Кыргыз көйнөктөрүңүздүн саны канча?
Саламат Садыкова: "Азыркы тикмечилер кыргыз көйнөгүн бузуп жатышат"
- Кыргыздын көйнөктөрүндө философиялык ой, жакшы тилектер камтылган. Кийгенде да анын өзүнүн нускасы, каадасы менен кийиш керек. Азыркы тикмечилер -бычмачылар кийимдин наркын бузуп, болбогон оюуларды салып, туш тарабынан тилик кылып кыргыз көйнөгүн бузуп жатышат. Ошол көйнөктөрдү кийген кыздар да кызык. Кийсе үкү топусу менен этеги жайылган көйнөк кийишсин, кийбесе кор кылбай Американын жынсы шымдарын кийип ырдай беришсин. Мисалы, Гүлзат Байзакова биз менен чогуу он беш жыл иштешип жүрдү. Эгер байкасаңар Гүлзаттын стили меникине окшош, көргөн жерден да байкап ичим жылыйт. Биз менен чогуу жүргөн кыздар ошентип кыргыз көйнөгүн кантип кийишти билип калышты. Ал эми азыркы жаштар...Өзүм жөнүндө айта турган болсом, мен жыл мезгилине жараша көйнөктөрүмдү жаңыртып турам. Анан бир көйнөк менен эле сахнага чыга берсең элдер "бир эле көйнөгү бар экен" деп ойлошу мүмкүн. Ошондон улам бат-баттан жаңыртып турганга аракет кылам. Кээ бир көйнөктөрүмдү сыйлап, талантын баалаган ырчы сиңдилериме белекке берип коём.


- Кыргыз көйнөк менен сахнага чыкканыңызга канча жыл болду?
Айчүрөк Иманалиева:
"Сахна кийимдериме каражат аябайм"
- 1990-жылдан бери эле кыргыз көйнөктөрү менен бирге эстраданы деле чогуу алып келе жатам. Сахнага чыкканда сөзсүз кыргыз көйнөктөрдү түшүрбөй кийип келем. Менин атайын тикмечилерим бар, мурда Стравдий Елена, Людмила Брякина тикчү. Азыр болсо Мадина Тапаеванын кызматынан пайдаланып жатам. Сахнада ырдай турган ырыма, образыма, дене мүчөмө жараштырып дизайнын өзүм айтып берем, мастерлер ошого жараша иш кылышат. Элдин адамы болгондон кийин, эстрадада ырдап акча таап жаткан соң сахнага кийген кийимдеримен акча аябайм. Күнүмдүк тиричиликке кийген кийимдеримен сарамжалдап кымбат бут кийим же сумкадан баш тартышым мүмкүн. Бирок, сахнага кие турган кийимдерди алдыңкы орунга коём. Сары көйнөгүм, чапаным, шөкүлөмдү тиктиргенде 1000 долларга чейин каражат жумшагам. Тикмечилердин эмгегине, кымбат материалдарга көп акча кеткен.


- Эң кымбат көйнөгүңүз канча турат?
Эльмира Кайып кызы:" Көйнөктөрүмдү өз колум менен тазалайм"
- Кыргыз көйнөктөрүмдүн саны бешөө, бирок бааларын так билбейт экенмин. Биринчи көйнөгүмдү Зухра Мукамбетовага 150 долларга тиктиргем. Калган көйнөктөрүмдүн идеясы Мадина Тапаевага таандык. Мисалы сыя көк чапанымды он беш миңге тиктиргем. Кийин ушул түс жагып түспөлдөштүрүп көйнөк менен топу тиктирдим. Топум беш-алты миңдин тегерегинде болду окшойт, көйнөктүн баасы так эсимде жок. Бардык кыргыз көйнөктөрүмдү кошкондо бир топ эле акча болгону эсимде. Негизи мен кыргыз көйнөктөрүмдү бапестеп кием, чапандарымды дайыма чехолдорго салып жүрөм. Булганып калса да химиялык тазалоого бербей өз колум менен жууганымды артык көрөм.




Кыргыз көйнөктөрүнө кызыккандар
- Качан кыргыз көйнөктөрүн сахнага кийип чыгасыз?
Айжан Газиева:
"Күйөрмандар кыска көйнөк кийгениме көнүп калышкан"
- Кыргыздын орнаменттери салынган кыргызча стилдеги тигилген көйнөктөрүм бар. Менин стилим башкача да, күйөрмандарым да заманбап, кыска көйнөк, шляпа кийип чыкканыма көнүп калышкан. Болбосо менин репертуарымда деле фольклордук жанрдагы жети-сегиз ыр бар. Өзүм комуз черткенди жети жыл окуп үйрөнгөм. Буга чейин деле кыргыз көйнөк кийип "Алымканды" ырдап чыккам. Эми буюрса келечекте кыргыз көйнөктөргө басым жасап, сахнага кийип чыгып күйөрмандарымды таң калтырайын деген максаттар бар. Болгону ага убакыт гана керек.


- Көйнөктөрүңдү кантип сактайсың?
Айгерим Расул кызы:
"Күбө түшпөсүн деп
тамеки салып коём"
- Менин үч кыргыз көйнөгүм бар. Бирөөнү Динара Акулова эжебиз ырымдап тигип берген. Экөөнүн дизайнын апам экөөбүз ойлоп тапканбыз. Концерттерге кийип чыккандан кийин сөзсүз химиялык тазалоого жеткирем. Ал эми үкү топуларымды апам тазалап жакшы карайт. Баш кийимдериме күбө түшүп кетпесин деп эрмен, тамекинин майдасын салып коёт.


- Кыргыз көйнөк кийип, колуңа комуз кармайын деген оюң барбы?
Айпери Кубик кызы: "Күзүндө кыргыз
көйнөк кийип чыгам"
- Менин азырынча бир да кыргыз көйнөгүм жок. Буюрса жай айларынан баштап комуз үйрөнүп, күзүндө кыргыз көйнөктөрүн тиктирейин деп ойлонуп жатам. Ырчы болгондон кийин бардык тармакты өзүнө камтыш керек деп ойлойм. Кечке эле заманбап ырларды ырдай бербестен улуу муундагы адамдардын да табитине ылайык чыгармаларды жаратканга аракет кылам. Азыр кайсы модельер-дизайнерге бараарымды чече элекмин. Бирок сахналаштарымдан кыргыз көйнөктөрдү Сайра Момунбаева жакшы тигет деп угуп калам.


- Эмнеге кыргыз көйнөктөрүн кийбейсиң?
Кундуз:
"Ойлонуп
жатканда
сурап калдыңыз"
- Буга чейин сахнага узун, заманбап көйнөктөрдү кийип жүрчүмүн. Андай көйнөктөр айымдарды назик көрсөтөт эмеспи. Кыргыз орнаменттери менен тигилген үч көйнөгүм бар. Кээде сахнага кийип чыксам сахналаштарым "сага ушундай көйнөктөр жакшы жарашат экен, кыргыз көйнөк кийип чыкпайсыңбы" деген сунуштарын, жылуу сөздөрүн айтып калышат. Ушундан улам өзүм да чындап аппак түстөгү, ак шөкүлө менен кыргыз көйнөгүн тиктирейин деп ойлоп жатам. Кыргыз жерине, элине арналган патриоттук сезимдеги ыр жаратып кыргыз көйнөк менен сахнага чыгам. Ушул ойду ойлоп жатканда сиз биринчилерден болуп ушул суроо менен кайрылдыңыз…


- Кийимиңизге канча каражат жумшайсыз?
Нурзат Садыкова:
"Эң кымбат көйнөгүм 350 доллар"
- Кыргыз кийимдерим жок болгону менен кыргыздын орнаменттери оюуланып-чиймеленип тигилген жети көйнөгүм бар. Сегизинчиси азыр тигилип жатат. Башында эң биринчи көйнөгүмдү Ассоль Молдокматовадан алгам. Андан кийинкилерин Сайра Момунбаева эжеге тиктирип жүрдүм. Акыркы учурларда Эльвира Султангазиева деген мыкты модельер-дизайнер таптым. Эң арзан көйнөгүмдү 150 долларга, эң кымбатын 350 долларга тиктиргем.


А. Сабырова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
16-март, 2010-ж.:
1-бет
"Баракелдеден"
"Минута славыга"
жеткен Атай Өмүрзаков

2-бет
Таң калтырган
Атай Өмүрзаков

3-бет
Асел Айнидинова,
"Жашоомду китеп кылып жазам"

4-бет
Бегимай Эсенгулова:
"Турмушка чыга бермекмин..."

5-бет
Экс-президенттер
эмне менен алек?

6-бет
Чынжырча
7-бет
Кыздын көөнү кызылда
8-бет
Кыялыңан сенин
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Йога мейкининде
"Йоганын бардык түрүн колдонуп көргөн соң, акырында бирөөнө токтолуусу зарыл.

11-бет
Спорт жылдызын жандагандар
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок
"Тагдыр табышмагы"

13-бет
Эртеңки реанимациядан көрө, бүгүнкү профилактика өтө арзан!
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Конкурс!










??.??