Жылдыздар деле сиздей жан

Бакыттын бактысына суктанып…
Бойдокчулуктун доорун жакшы эле сүрүп, өткөн жылдын октябрь айында Жылдыз аттуу бийкечке баш кошкон шоумен Бакыт Букаевдин келинчеги менен жакындан таанышып баарлашууну көздөдүк. Жылдыз жеңебиздин кесиби модельер-дизайнер, кийимдердин үлгүсүн ойлоп тапкан жагынан кыйын. Учурда кош бойлуу болгондуктан өзүнө кам көрүп, жолдошунун тамагын жасап үйдө отурган кези.



Баарлашуу учурунда Жылдыз бойдокчулукка караганда турмуш курган алда канча көп жоопкерчиликти, чыдамкайлыкты талап кылаарын белгилеп өттү. Жолдошунан он эки жаш кичүү болгондуктан башкача ийменип, тартынып тураарын да жашырган жок. Жогоруда белгилеп кеткендей, учурда шоумендин жубайы кош бойлуу болуп туздуу тамакка талгак болгондуктан бойдок кезинде жолдошу туздап койгон бадыраңдарды жеп жатат. "Боюмда болгондон бери тамакты деле өзгөчө тандап жеген жокмун, болгону туздуу тамактарга көбүрөөк ыктап калдым. Бакыт да жардам берип өзгөчө аяр мамиле жасап калды, чарчасам тамак жасап, массаж жасап берет. Жолдошумдун бирден-бир артыкчылыгы-боорукерлиги" дейт. Жылдыз май токоч, колго камыр жууруп нан бышыргандан ырахат алат. Ал эми жолдошу камыр тамакты жакшы көргөндүктөн манты менен оромону күн алыс жасай бермей адаты бар. Бакыттын улуттук кийимдерге, жасалгаларга кызыгаары көпчүлүккө маалым болсо керек. Жубайы да жолдошунун бул сапатын илгиртпей байкаган. Шоумендин улуттук кийимдерин аздектеп бат-баттан жууп-тазалап турмайын жаны тынбайт.
Бакыт Букаев өз сөзүндө жубайынын жооштугун, унчукпастыгын бааларын айтты. "Тутанып жаткан жалынга бензин куюп тутандырбай менин ачуум келип жатканда тилин тишине катып калат" дейт тамаша-чын аралаш. Мурда бой кезинде өзү айткандай "сыртта эркектин, үйдө аялдын жумушун" жасап жүрүп көнүп калган жаны кокус жубайы оокатты оюндагыдай кылбаса унчукпай тилин тиштеп араң чыдайт экен. Биз Бакыт Букаевдин үйүнө барганыбызда чогуу өсүп, көп жылдан бери бирге жүргөн жакын досу Бактыгүл конокко келиптир. Ал ырдап, тамашалай сүйлөп шоумендин үй-бүлөлүк альбомуна чогуу көз жүгүртүп, бизди эриктирген жок. "Жылдызды мен Бакыт менен тааныштыргам. Бакыттын кыялы деле оңой эмес, Жылдыз болсо тескерисинче жоош, токтоо. Ушундан улам экөө бири-бирине төп келет деген ойго жетеленип кол кармаштырып коюуну ылайык көрдүк. Бакыт экөөбүз мектепти чогуу бүтүп, ушул убакка чейин ортодогу достукту сактап келебиз. Бир туугандарымдыкына конокко барганда бир-эки күндөн кийин эле кетип калсам, Бакыттыкына келгенде жумалап деле жата берем" дейт Бактыгүл айым. Ошентип, жүрөгүнүн ээсин таап кубанычы койнуна батпаган Бакыт мырза жакын арада ата деген статуска ээ болгону турат.