п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Күнсүрөт

Ит адамдын досу анан киреше булагы
Ит жөнүндө атам-замандан бери канча деген жомоктор, уламыштар айтылып келет. Ит тууралуу биз улуу "Манас" эпосунда да көп сүрөттөөлөрдү кезиктиребиз. Андан бир мисал келтирсек: Букарда чоңоюп эрезе тартып, эр жеткен Семетейди энекеси Каныкей Таласка узатаарда атасы Манастын Кумайыгы тууралуу буларды айтып берген экен:


Атаңдын көзү өткөндө,
Көзүнүн жашы төгүлүп,
Аза күткөн Кумайык.
Атаңды жууган жерине
Алты күнү үн баспай,
Улуп турган Кумайык,
Өөдө болуп жойлобой,
Бөгүп турган Кумайык,
Көздүн жашын иргелтип,
Төгүп турган Кумайык-деп "ит адамдын - досу" деген макалды тастыктаган. Ошондуктан ата-бабаларыбыз "досун" бапестеп келишкен. Азырчы? Азыр ит каражаттын бир булагы катары каралып, адамдар аны соодалап жүрүшөт. Муну өз көзүбүз менен көргүбүз келип Москва- Некрасов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан ит базарына баш бактык. Бул жер да өзүнчө бир дүйнө. Бутуң итке чалынып, сатуучудан башың айланат.
Кардарлардын суроо-талаптарына ылайык иттердин көпчүлүгү эле овчаркалар экен. Башка породалар өтө аз сатылып жатыптыр. Анткени, кымбат итти кээде гана албаса, дайыма эле өтө бербейт тура. Иттерди кожоюндары сатылып кеткиче бапестеп багышат. Аларга базардан улпак, сөөк сатып алып, сөөктү сууга кайнатып алган соң шорпосуна улпакты бышырып беришет. Базардагы иттер көчө иттериндей эле сатылгыча тамак-аштын калдыктарын, эттин эски-жаңысын ылгабай жей беришет. Кийин гана кандай кожоюнга туш келсе, жашоо образы, ичкен ашы ошого жараша өзгөрөт. Кичинекей күчүктөргө сүт беришет экен. Ал эми баалары иттин жашына жараша.
Нурлан Молдакунов, кинолог:
"Тайган өзүнүн
тамагын өзү таап жейт"
Нурландын ата-бабалары тайган баккан адамдар болуптур. Нурлан да бул кесипти кичинекейинен тандап алган. Жалаң тайгандарды багат. Тайгандарынын көпчүлүгү Ысык-Көлдө болгондуктан, шаарда болгону 6 тайганы бар.
- Тайгандар байлаганды жактыра беришпейт. Булар эркиндикти сүйгөн жаныбар болгондуктан дайыма талаада, жайкысын жайлоодо, кышкысын кашарда болушат. Негизи тайган өзүнүн тамагын өзү таап жейт. Кээ бирде өздөрү коёндорду кармап келишет. Ошентсе да мен аларга эртең мененкисин жана кечкисин атала кайнатып берип турам. Негизги тамагы арпа жемден кайнатылган жарма. Күнүнө 3 чака тамак жешет.
- Кыргыздын таза кандуу тайганын кантип билсе болот?
- Таза кандуу тайгандар тыбыт жүндүү, кулагы узун, бою 65-70 смден кем эмес, куйругу чыгырык болуш керек. Мен багып жаткан тайгандар да таза кандуу тайгандар. Эгерде энесинен эрте бөлүп салса кулагы, куйругу кыска жана жүдөө болуп калат.
- Ууга чыкканга канча мезгилден кийин даяр болушат?
- 6-7 айынан баштап чоң тайгандардын жардамы менен жаныбарларды алганга жарап калышат. Андай нерсе тайгандардын өзүнүн канында болот. Күчтүү тайган болсо коркпой эле карышкырга тие берет. "Тайган карышкыр алат" десе эле көпчүлүгү аны өлтүрөт деп түшүнүшөт экен. Болгону карышкырды тамактап, чалажан кылып, кожоюну келгичекти карышкырды кайтарып, койлорго тийгизбей турат.Ушу убакка чейин тайган карышкырды өлтүргөнүн кезиктире элекмин.
- Тайган жүргөн жерге түлкү менен карышкыр жолобойт деген чынбы?
- Ооба. Тайган алардын жытынан эле билип коёт. Мисалы, менин айылым Темировкада үйдөгү тоок, өрдөктөрүмдү түлкү жеп кете берчү. Азыр тайган кандай барды, түлкү ошондой жоголду.




  Шырмаек

Лариса Асанбекова:
"Индияга барып пайгамбарга жолуктум"
- Лариса эже, сиздин жакында эле Индиядан келгениңизди билебиз. Индияга кандай максат менен бардыңыз, кандай барып келдиңиз, эмне көрүп келдиңиз дегендей?
- Мен Индияга өзүмдүн ишим менен, башкача айтканда парапсихология илимин тереңирээк үйрөнүш үчүн, жандүйнөмдү тазалаш үчүн бардым десем болот. Индиянын түштүгүндө бүт дүнүйө жүзүнө таанымал Саи Баба аттуу тирүү пайгамбар жашайт. Мен ошол адамга барып келдим. Келгенден бери ошол адам жасаган кереметтеринин таасиринен али күнгө чейин чыгалбай келатам. Бул жөнүндө айта берсем түгөнгүс аңгеме болот.Буюрса сандан -санга өзүмдүн "Асман пресс" гезитине жазайын деп турам.
- Баса, "Асман пресс" гезити жаңы жылдан бери чыкпай жатат го..?
- Мен Индияга кеткенге байланыштуу убактылуу чыкпай калганбыз…Кудай буюрса жаңы жамаат менен жаңыланып 25-мартта жарыкка чыккан турабыз.
- Эже,Саи Баба тирүү пайгамбар деп жатасыз аны кандай түшүнсөк болот?
Ыйык китеп куранда Мухаммед акыркы пайгамбар деп айтылат эмеспи?
Ооба, ошондой деп айтылат.Бирок, Мухаммед пайгамбардан анын окуучулары "Сиз акыркы пайгамбарсызбы же сизден кийин да пайгамбар келеби?"-деп суроо беришкенде "Жок, мен акыркы эмесмин" деп келе турган пайгамбардын өңү түсү,сапаттары жөнүндө алдын ала так маалымат бергендиги тууралуу ыйык китепте да жана башка китептерде да жазылган экен. Саи Бабанын келээри тууралуу ар кайсы кылымдын олуяларынын айткандары бар экен. Саи Баба жердеги аватар башкача айтканда кудайдын адам денесинде келиши деп аталат экен. Эми бул Адам азыр 85 жашта экен. Дүнүйө жүзүнүн адамдары бул Адам жөнүндө 70 жылдан бери эле билишет экен. А менин билгениме эле 10 жылга жакын болду. Ошондон бери убакыт сааты быйылкы жылга туш болуп барып келгениме, тирүү пайгамбар менен жолугушуп келгениме кудайга чексиз ыраазымын. Ал адамдын кереметтери жана окуусу жөнүндө көргөн билгендеримди "Асман пресс" гезитине жазуу менен кыргыз элиме жеткирсем деген тилекте турам.
- Биздин окурмандарга да айтып бербейсизби?Ал кандай кереметтер?
- Саи Бабанын жасаган кереметтерин өз көзүң менен көрүп жатып да ишенбей кетесиң. Адамдын акылы жетпеген, акылга сыйбаган кереметтерди жасайт. Мисалы, өлгөн адамдарды тирилткен, абадан эле колу менен ар кандай шакек,чынжырча же түрлүү буюмдарды жасап коюшу, алаканынан ыйык, жыттуу дары порошоктун куюлуп турушу,ал порошоктун бардык илдетке дабасы тиери жана да толтура. Эми муну айта берсем түгөнбөйт.
- Бизди кызыктырып койдуңуз, анда сиздин гезиттен толук маалымат алат экенбиз да. Эже, биз сизди парапсихолог катары биле электе элге акын катары да таанымал элеңиз. Сиздин ырларыңызга көп обондор да жазылып, эл ичинде ырдалып жүргөн эле. Чыгармачылыгыңызды таштадыңызбы?
- Кудай сактасын, чыгармачылыкты эч качан таштабайм. Ырлар жазылып эле жатат. Бирок чынын айтсам чыгармачылыкка көп көңүл буралбай келатам. Мен обончу, ырчыларга убакыттан пайдаланып чексиз ыраазычылык билдирип кетет элем. Себеби ошолор мени акын кылып жүрөт. "Эже, мага мындай ыр керек" дешип ыр жаздырып жатышат.
- Кайсы ырчы, обончулар менен иштешесиз?
- Акыркы жылдары Айбек Карымов, Бакыт Мамаев, Бакыт Айтбосунов, ырчылар Айчүрөк Иманалиева, Гүлнара Кахарова, Гүланда, уулум Азат Болотбек жана башка көп эле көп ырчылар менен иштешем. Көп ырларымды китептен алып ырдап жүрүшкөн жаш ырчылар да бар.
- Акыркы жазган ырларыңыздан биздин окурмандарга да тааныштырып кетпейсизби.
- Макул, Мен "Обон" гезити илгертен чыгып келаткандан бери тыгыз байланышта болуп келатам. Гезиттин иши оор экенин өзүм гезит чыгаргандан бери жакшы билем. Биринчиден, гезит ээсине жана жалпы жамаатыңарга кажыбас кайрат, түгөнбөс чыгармачылык көрөңгө каалоо менен бирге өтүп кеткен Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм. "Обонуңар" узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына жетсин демекчимин.
Бардык нерсе кудайдын гана буйругу менен болот. Кудай колдосун!
Жардам күтөм теңирден
Кечээ күнү бир күн өттү өмүрдөн
Тагын салып кеткис кылып көңүлдөн
Тагдырыма таарынбастан сабырлуу,
Жардам сурап тилендим мен теңирден.

Дагы бир күн өттү бүгүн өмүрдөн
Кубанычтуу чыккыс болуп көңүлдөн.
Ушул бактым болсо экен деп түбөлүк,
Миң жалынып тиледим мен теңирден.

Күндөр өтөөр дагы далай өмүрдөн
Жакшы жаман унутулбай көңүлдөн
Кандай гана туш болбоюн тагдырга
Жалгыз гана жардам күтөм теңирден.

Эльмира Мадиева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
23-март, 2010-ж.:
1-бет
Жаныш Бакиевдин кызматкери "Мисс" болду
2-бет
Элина Абай кызы:
"Америкадагы жигиттен күтүүсүз белек алдым"

3-бет
Өлбөгөн жанга жаз келди...
4-бет
Сагынбек МОМБЕКОВ:
"Алгач "көшөгө тарткыч, стул ташыгыч" болуп иштедим"

5-бет
Популярдуу "Патефон"
программасында...

6-бет
Ой жүгүртүүңүз ойдогудайбы?..
7-бет
Кыйналып тартылган кадрлар
8-бет
Сыймык
9-бет
Сулууларга саякат
10-бет
Ит адамдын досу анан киреше булагы
11-бет
Кубатбек Ашырбаев:
"Кир төшөктө төрт жыл жаттым"

12-бет
КөЗ МОНЧОК
13-бет
Шумдугуң кур кур!
14-15-бет
Обон почта










??.??