Ва-ау!

Жаныш Бакиевдин кызматкери "Мисс" болду
19-март күнү Нооруз майрамын утурлай Улуттук Циркте "Мисс погончон айым- 2010" сынагы өттү. ИИМде эркектерден кем калышпай иштеген айымдар аталган сынакта буга чейинки кесиптештери күбө бололек өнөрлөрүн тартуулашты. Сынактын жүрүшүндө айымдар "сыртта жүрүп эркектин, үйдө жүрүп аялдын" жумушун мыкты аткарышаарын далилдешти десек да болчудай.

Жалпы жонунан сынакка 9 айым катышып, баш байгеге сайылган темир тулпарга Мамлекеттик Коопсуздук кызматында иштеген Канымгүл Исакова ээ болду. Биринчи орунду Салык инспекциясында иштеген Индира Исмаилова, ал эми экинчи орунду Милиция Академиясындаэмгектенген Асель Садиева ээледи. Жогоруда аты аталаган айымдар 2010-жылы ноябрь айында Астанада өтө турган борборазиялык "Погончон айым" сынагына катышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Сынактын биринчи бөлүмү "Мен баарынан күчтүмүн" деп аталып анда атаандаштар физикалык даярдыктарын көрсөтө алышты. Бири колу менен кирпичти тең ортосунан бөлсө, экинчиси кылмышкерлерди кармоодо колдоно турган ыкмаларын көргөзүштү. Ал эми башкалардан өзгөчөлөнүп Канымгүл Исакова ок өтпөгөн джиптеги "террористерди" талкалай атып калыстардын оозун ачырды.
Экинчи бөлүк "Мен ар түрдүүмүн" деген аталышта жүрүп, кыздар актердук жөндөмүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Айрымдар цирктеги номерлерге басым жасап, Асель Садиева ат үстүндө жигитовка көрсөтсө, Айгүл Давлетбаева обручту түрдүү түскө салып айландырды. Үчүнчү турда катышуучулар өз колу менен даярдаган даамдуу тамак аштарын калыстарга ооз тийгизип, төртүнчү турда ырчылык-бийчилик өнөрлөрүн тартуулашты.
Сынактын жүрүшүндө бир аз кокустуктар да кездешпей койгон жок. Аренага чыккан ат үркүп 10 жаштагы баланы коюп кетип бактыга жараша бала жаракат алган жок. Андан көп узабай көзүн таңып алып канат менен номер көргөзүп жаткан адамдын эч кандай сактануусу жок болгондуктан, аз жерден он метр бийиктиктен кулап кете жаздады. Ушул көрүнүштөрдү эске албаганда сынак жалпы жонунан ойдогудай өтүп, сулуулардын талантына күбө болгону келген ИИМдин миңден ашык көрармандары көңүлдөрү куунак кайтышты.

  Тагдыр

Кубатбек Ашырбаев:
"Кир төшөктө төрт жыл жаттым"
Эл арасында "Менин кошунам укмуш таланттуу", "Менин айылдашым укмуш бийлейт", "Менин классташым ырдаса ырчылар биякта эле калат"деген сөздөрдү угуп эле жүрөбүз. Мен дагы сүйлөсө сөзү, ырдаса ыры төгүлгөн 42 жаштагы Кубатбек деген мырзаны шаарыбыздагы "Кара-Жыгач 2" жаңы конушунан жолуктурдум. Кубатбек мырза, он төрт жашынан баштап ыр жаза баштаган. Классташы Бактыгүлдү сүйүп ага жетпей калгандан кийин, үч жолу үй-бүлө куруп, үчөөндө тең жолу болгон эмес. Азыр шаарда биртууган байкесинин үйүндө жашайт. Анда биздин каарман менен болгон маекке көңүл буруңуз.


- Кубатбек, сиздин кичи мекениңиз кайсы?
- Туулуп өскөн Нарыным,
Тешкенсийт тоонун жарыгын.
Сагындым шылдыр үнүңдү,
Азыр мен сенден нарымын.
- Шаарга келгениңизге канча болду?
- Шаарга 2005-жылы келдим.
Адашып калып жолумдан,
Учургам кушту колумдан.
Армандуу ырды айтамын,
Айламдын эле жогунан.
- Эмнеге антип жатасыз. Үй-бүлөңүз барбы?
- Биринчи сүйүүм Чолпонум,
Жашырбайм, айтам болгонун.
Сөз тийгизбей мен ага,
Убагында колдодум.
Жакшы эле жашап кетмекпиз,
Сүйүүнүн күүсүн чертмекпиз,
Жок болчу анын катасы,
Урушуп, алып кетпедиби, атасы.
Биринчи аялым Чолпондон бир кызым бар. Анда менин өрт кезим да. "Чолпон, мен сени сүйүп калдым"-десем, унчукпай күлүп коёт байкушум. Жүрү десем, ак көңүл жаны мени менен барды. Койнуна жата калып жатпаймынбы. Боюнда болуп калыптыр. Айла кетти, кайдан билейин дардалактап жүрө бериптирмин. Көрсө ошол кезде мен кыздар сүйчү бала экенмин да. Азыр эми карыган кезим.
- Андан кийин үйлөнгөн жоксузбу?
- Экинчи сүйүүм Айгүлүм болду. Экөөбүз эки ай жашагандан кийин Айгүл Кубатбектин куу тилине чыдабай, шаарга качып кетип калды.
Анан мен атабыз бир, энебиз башка биртууган агамдын үйүндө жашап калдым. Байкуш агамдын өмүрү кыска экен, беш жыл ордунан турбай ооруп, тиги дүйнөгө кете берди.
Отунун жарам күнүгө,
Кетким да келбейт үйүмө.
Ошентип жүрүп азгырып, жеңекем,
Мени киргизип алды үйүнө.
Агамдын аялына үйлөнүп, жеңем мага бир кыз, бир уул төрөп берди.
Тоодо далай басканмын,
Алтынды далай касканмын.
Кудайга сообу тийет деп,
Жетимдерди бакканмын.
Түшүнбөй коюп жеңекем мени,
Шаарды көздөй качканмын.
Ошентип бойдок мен жүрдүм,
Кайгырган жокмун мен күлдүм.
Алдыда нелер күткөнүн,
Анысын кайдан мен билдим.
- Андан кийин сизди кандай тагдыр күтүп жатыптыр?
- Бойдокко боло берет,
Ар жерге коно берет.
Иштебей жүрсө дагы,
Анын курсагы тоё берет- экен. Азыр бир тууган байкемдин үйүндө жашап жатам. Байкем чоң тамын жаңы салгандан бери жардам берип келатам. Айласы кеткенде мени сабайт, байлайт. Кээде наркологияга жаткызат.
Кайгырганда, жүрөктөн ырлар чыгат. Комуз чертем, айлам кеткенде аккордеонду алып чыгып, таксисттерге, силерге окшогон адамдарга ырдап берем. Алар "Ырдаган ырың үчүн"деп, акча беришет. Кээде туугандарымдын тойлоруна барып ырдайм.
- Бул үйдө жашоо шартыңыз жакшы элеби?
- Өкүнүп өткөн күнгө ойго баттым,
"Байкебай" жүдөтпөстөн жакшы бактың,
Издеген түгөйүмдү мен табалбай,
Кир болгон бир төшөктө төрт жыл жаттым.
Үйлөнсөм эркек бала төрөп берет,
Мүшөктүн ооздорун бууп берет.
Жүдөгөн күндөрүмдү унуттуруп,
Кир болгон төшөгүмдү жууп берет-деп ошол күндү күтүп жүрөм.
- Сиздики ырыңыз "кете берет" турбайбы ?
- Мага тийишкен киши "Эшек" дептерге түшүп калат.
Басканын кара "пингвин",
Ичкенби түбүн жиндинин.
Уялбай кантип жүрүшөт мобулар,
Көргөзүп алып киндигин-деп жазгандарым да бар. Төккөн ырларымдын кээсин эстегенде дептерге жазып коём.
- Аракты качан таштайын деп жатасыз?
- Ий, алтыным. Аракты таштайм.
Жалгыздык жанга батып бойдок жүрдүм,
Кайгырдым ар нерсени ойлоп жүрдүм.
Кыйналып куу турмуштан тажаганда,
Чер жазып арак ичип тойлоп жүрдүм.
- Үйлөнөйүн деген оюңуз барбы?
- (Үшкүрүнүп) Айгүлүм сонун болчу. Кантип аны сыйлабайын. Байкемдин буту ооруп Мурат деген молдого барсам ошол жерде жүрүптүр. "Кандайсың?" десем, "Жакшымын" деп карап коёт. "Бир кыз төрөдүм"-дейт. Көзүмдөн жашымды куюлтуп кала бердим. Азыр кыздарды карап эле жүрөм. Эркек болгондон кийин болот да. Бир күнү дүкөнгө барып карызга арак алып ичип отурсам, бир келин келди. "Кел экөөбүз чогуу арак ичебиз" деп ичип жатабыз. Андан чыгып, үйгө киргизе калбаймынбы. Анан (санын чапкылап) Нарындан келип калган келин балама кармалып куурабадымбы. Ошондон кийин келиндер менен сүйлөшкөндөн жалкып калдым.
- Алдыңызга кандай максат коюп жатасыз?
- Чынын айтсам, көөдөнүмдөн чыккан ырларымды китеп кылып чыгаргым келет. Мага жардам бергиле деп эч кимге деле барган жокмун. Кедей-кембагалдарга жардам берсем экен деп тилек кылам.
Айнура Касымова