п»ї
 Таанышуу жарыясы


  окумал

Көз мончок
(Башталышы өткөн сандарда)
Капыстан кабылдың
Таңсулуунун күн чыга электе туруп алып кирип-чыгып үшкүрүнүп атканын угуп-көрүп боорум ооруду. Сүйүү…сүйүү…Керемет сезим экенинде кеп жок. А бирок адамды акыл-эстен алып, тарттырган азабы канча?! Кээде таң каласың. Өңгө өзгөрсө да сиңдим ушунча өзгөрөт деп эч ойлобогон экенмин. Ойноктоп турчу кара көздөрүн ой басып, кадимкидей токтоо тартып, такыр эле башка жан. Минтип уйкудан калып убайым жеп жатканын түшүнүп, баалай билген адам болду бекен Султаны? Же?..Жок "же" болбой эле койсунчу. Жаш кыздын жүрөгү жаңылбаса, жараланбаса экен.
"Эмне жардам кылам?" деп күйүп-жанып жандалбастап жатканы жакшы, а бирок жигит ошол жардамга муктажбы? Муну бүгүн Дастандан сурап билишибиз керек.
Мына, табышмак тагдыр же тагдырдын тамашасы дейбизби, эбепке-себеп болуп эски таанышымдын телефон номери колумда, а бирок чалганга даабай турам. Улам-улам телефонду колума алып кайра коём. Саат он бир чендерде эжемдин Ардак менен кызымды ээрчитип дүкөнгө кеткенинен пайдаланып, ээн-эркин сүйлөшүп алсак болот деген Таңсулууга "жок" дей албай телефон чалууга мажбур болдум.
- Ал-ло?..-чоочун номерден чыккан "ким болду экен?" дегенчелик кылып таң калуу аралаш чыккан коңур, сүрдүү үндү уктум.
- Саламатсызбы? Дастан болду бекен? Мен Таңсулуунун эжесимин, Султан жөнүндө сурайлы дегенбиз. Балким адвокат керектир? Кайсы статья менен камалып жатканын билсек болобу? "Передача" киргизсекпи? - толкунданганымдан токтолбой көп сүйлөп жибергенимди түшүнө калып, жооп күтө унчукпай калдым.
Менин сөзүмдү бөлбөй, оор дем алып угуп турган Дастан мага жылмайып алгандай сезилди. Билбейм, өзүмчө эле ал сөзсүз жылмайды деген ой пайда болду.
- Султанды сурап, тынчсызданып жатканыңызга "от души" рахмат! Бирок баары жакшы, ойлонуунун кажети жок. Бүгүн кеч же эртең Султан өзү барып дайынын билдирет. Мен чалганыңарды айтып коём.
Мага жабышып алып трубкага кулагын тосуп тыңшап турган Сулуу кубанганынан жаш баладай так секире, мени кучактап өпкүлөп калды.
- Рахмат, Дастан. Тынчыңызды алганым үчүн кечирим сурайм,-дегеним менен ички каалоом күч алып, үнүн угуп, сүйлөшкүм келип "кандай жүрөсүң? Эгер сенде баары жакшы болсо анда мен чо-оң кубанычтамын" (өзү каттарында ушинтип көп жазчу) деп жибере жаздап өзүмдү араң тыйып, телефонду өчүрө салдым.
- Эжеке, мен со-онун кылып чай даярдай коёюн. Качантан бери тамагыман тамак өтпөй эч нерсе ичпей жүрүп, аябай ачка экенимди эми сезип жатам. Кайсы тамакты жакшы көрөсүз? Ошону жасайын,- деген Таңсулуу кубанычтуу ашканага жөнөдү.
"Коркок! Ал сага кыйын күндөрдө жылуу сөзүн айтып, күлдүрүп, кат аркылуу болсо да жаныңа жолдош болду эле го. Сен болсо билип туруп "кандайсың?" деп бир ооз сурап, ал-ахыбалын билгенге жараган жоксуң!" дедим ичимден.
"Жо-ок, туура эле кылдың. Сенин ага чалган максатың- сиңдиңдин маселесин чечүү болчу. Бүттү. Өткөндү эңсеп, эскини эске салуунун кереги жок. Анын тынч өтүп жаткан турмушуна дүрбөлөң салбай эле кой. Өзүңдүкүнө дагы. Үнүн уктуң, аман-соо экенин билесиң, сүрөттө күлүп турат, демек баары жакшы. Кубана берсең болот. Аял менен эркектин ортосунда достук мамиле чанда кездешээрин билесиңби?"
"Эмнеге? Жолугуп эски тааныш катары ал-жай сурашып, көңүл көтөрүп бир сүйлөшүүгө эмнеге болбосун?!" айтор өзүм менен өзүм алпурушуп, жан-дүйнөмдө күрөш жүрүп жатканда дарбазадан кызымдын өңгүрөп ыйлаган үнүн угуп, оюм чачырап жүгүрүп чыктым. Тим эле өпкө-өпкөсүнө батпайт. Артында Ардак бөжүрөп, бир нерселерди сүйлөп сооротууга аракет кылып келатат.
- Экинчи кызыңды эч жакка ээрчитпейм! Дүкөндө чыр салып, шайымды оодарды. Бир шоколадды тиштеп кайра башкасын көргөзөт. Аны алып берсем Ардактыкын талашат. Ал эч нерсе эмес, миң нече сомдук мамалакты алам деп дүкөндөн араң алып чыкпадымбы,-деген эжемди угуп жүрөгүм ылдыйлады.
Бир нерсе алып берсек бир-эки тиштеп, анан меникин, атасыныкын да даамдап көргөнгө көнүп калып, ошол эркелик адатын адашып эжеме көргөзүп алган кызыма күлкүм келип, "алып берем" деп араң тыйдым.
- Сенин эле өзүң ай! Сен да ушундай кезиңде чыр болчусуң. Айтканыңды эч берчү эмессиң. Кокус орундалбай калса жата калып жер тепкилеп ыйлачусуң. Сенин эркелигиң жанда жок десем кызыңдыкы эки эсе ашып түшөт тура,-эжем дагы деле таң калганын жашыра албай, сүйлөнүп жатты.
Ал күнү эжем-жездемдин үйүндө өзүнчө эле майрамдагыдай күн болду. Көңүлү жакшы Таңсулуу күрүч басыптыр. Жездем Кымбатка деп торт көтөрө келиптир. Күлүп "Ой, Аздек, кызың экөөң биздикине бат-баттан келип тургулачы. Эжең менен Сулушканы эмне кылып сыйкырлаганыңды билбейм, бүгүн экөөнүн тең көңүлү беш го" деп тамашалап отурду.
Убакыт көп нерсени дарылап, ордуна коёт дешет. Мен муну эжем менен Таңсулууга карата айтып жатканымды түшүнгөн чыгаарсыздар. Мен кубанычтамын.
ххх
Эртеси жумушта отурсам Таңсулуу чалды.
- Султан келиптир. Сизди кошо сыйлап, таанышайын деп эртең кафеге чакырып жатат. Саат беште мени менен барыңыз ээ?
- Жок, рахмат айтты де. Бирок барбай эле коёюн. Андан көрө айтчы, эмнеге камалыптыр? Сурадыңбы? Ай, Сулуу, апаң айткандай көзүңдү чо-оң ачып, анын ким экенин, кандай бала экенин жакшылап билип анан сүйлөш. Жашсың, акчасына алданып калба,-дедим.
- Эже, мен деле билем. Бирок ал аябай жакшы… А эмнеге камалганын жашырып, "анын сага кереги жок, баары жайында" деп айтпай койду. "Дастанга телефон чалган эжең менен сөзсүз тааныштыр. Менин абалыма кайдыгер карабай, сени да түшүнүп, керектүү учурда колдогон эжеңе ыраазычылыгымды билдирем" деп аябай суранган. Барып өзүңүз деле сынап-байкап келбейсизби?
Эки күндөн бери ойлонуп "Ким болду экен? Түрмөнүн туз-даамын көп жолу татып, көнүмүш адатка айландырып алган бирөө-жарымды бул кыз сүйүп калган жокпу?" деген күмөн оюма Таңсулуудан жарытылуу жооп укпай, жүрөкзаада болуп калдым. Бир чети кафесине барса-барып өз көзүм менен көрүп, санаамды тындырып келсемби деген ой кетти. Кантсе да Таңсулууга салыштырмалуу бир көйнөктү мурун жыртып, бир кызга эне эмесминби деп макул болдум.
ххх
- Эмнеге барасың? Таңсулуунун жигитине сенин кандай тиешең бар? Андай таанышкысы келсе үйгө келип, колун сурап таанышсын,-деген Сүйүндүк өзүнөн-өзү туталанып, сүйлөнүп, "өзүм эле жетем" дегениме көнбөй жумуштан кийин жеткирип койду. Аны да түшүнсө болот. Менден жооп күтүп күндө жумуштан тосуп алып үйгө жеткирип, кээде кечке кызымды ойнотуп, азыр экөөбүз "кыз-жигит" болуп жүргөн учурубуз.
Мен кооптонгондой эле болду. Биз киргенде эле олтурган ордунан тура калган шыңга бойлуу, кубакай, мурду кырдач, кой көз жигиттин жанында күлмүңдөп турган Дастанды көрүп бутум тушалгансып туруп калдым.
- Эжеке, жүрүңүз, тигине Султандар,-Таңсулуу бизди утурлай баскан экөөнү көздөй жетеледи. "Балким тааныбай калган чыгаар? Тааныбай эле калса экен. Хм…Атыңды укканда эле…" деген ой менен столго жеттик.
- Азде-ек?!- Дастан катуу таң кала, мени көргөнүнө ишенбегендей көзүн тез-тез ачып жумуп, үн-сөзү жок туруп калды.
- Кандай, Дастан, жакшысыңбы? Мен сени көргөнүмө кубанычтамын, - деп жылмайганымда гана өзүнө келе каткырып күлүп:
- Чын эле сенсиңби? Сен экөөбүз көрүшө турган күн бар экен ээ? - кучагына бекем кыса коё бербей көпкө туруп калдык.
- Ой, тааныш белеңер? Мына кызык… Сени эмне эле "Сулуунун эжесин сөзсүз чакыр" деп калды десе…Билдиң беле, же?..-Султан менен Сулуу бизден көздөрүн албай, таң калгандарын жашырышкан жок.
- Демек, мага телефон чалган сен экенсиң да? Мен кантип эле бир уккан үнгө ушунча арбалып унута албай калдым деп коём. Көрсө…Кандай анан? Ден-соолук жакшыбы? Өзүңдү карап, аяп жакшы жүрөсүңбү? - деп экөөбүз олтура элек жатып узун сөзгө кирдик.
- Биз силерге жолтоо болгон жокпузбу? Балким биз башка столго көчүп отураарбыз? Сен биртике тыйыла турсаң кайнежем менен таанышып алсам жакшы болот эле? - деп Султан тамашалап сөзүбүздү бөлдү.





  Ырыскүл Кадырова

Шайтандын торундагы
сүйүү
(Башы өткөн сандарда)
- Чынбы?
- Чын. Сени ушундай абалга таштап салып кете бергидей мен эмне… Деги сен мага ишенесиңби?
- Жаным менин! Сен чын эле мен күткөндөй адам турбайсыңбы Назигим!
- А мен сага "кеч эмес" деп сенин баш ооруң туурасында айтып атам. Албетте, Айымды кайрып алууга кеч… Мүмкүн да эмес, бирок сенин ооруң ошого байланыштуу болсо, чын эле Жазиранын окуткан дубасы себепкер болсо, мен өмүрүмдүн аягына чейин аракет кылам, сени айыктырып алам. Мен, мен сени сүйөөрүмдү билесиң да?
- Ыраазымын жароокерим! Мени сага кезиктирген кудайга миң мертебе алкыш! Мен куруюн… Айымдын көзү өткөн соң бакыттан үмүт үзүп койгон элем. Көрсө, бул жарык жашоодо сага окшогон жакшы адамдар көп экен да. Кечир… Кечир мени Айназик… Мен бактылуумун!
***
Түн ортосунда кандайдыр шоокумдан чочуп ойгонгон Жазира бет маңдайында Айымдын турганын көрдү. Чочуп, өңү же түшү экенин ажырата албай жуурканын шарт чүмкөнүп, деми чыкпай калтырап жатып калды. Бүткөн боюнан муздак тер кетип көпкө жатты. "Бул эмне, капысынан көрүнүп кетти го…" Кайра акырын жууркандан башын чыгарып, көзүн ачса жапжакын, аралыгы бир жарым карыштай жерде каректеринен укмуштай каар чачыраган Айымдын жүзү көрүндү.
- Аа-аа-аа - деген келиндин ачуу кыйкырыгы кара түндү как жарып, түнкү көйнөкчөн, чачы саксайган тейде көчөгө атып чыгып, үнүнүн болушунча чаңырып, элирип баратты. Түнкү уйкуда жаткан эл үндү уккан менен, эч кимиси көчөгө чыгып анын ким экендигин билүүгө кызыгышпады. Жазира ой жүгүртүүгө алы келбей, элиргенден-элирип жүрүп отуруп, тээ айыл четиндеги токой арасына кирип кетти. Качан гана баягы, Айым асылып өлгөн шумдуктуу ийри-муйру дарактын жанына келгенде бутунан бирөө чалып жибергендей эт-бетинен түшүп кулады.
- Айым!!!
- Ооба мен! Мен эми сенин артыңдан калбаймын, сенсиз зеригет экенмин!
- Ха-ха-хаа - кыздын үнү токой арасына сиңип, элеси ак закым болуп желбиреп Жазираны айланып жүрдү…
Эртеси аны эс-мас, жинди же соо эмес абалында табышты ата-энеси. Бир нече күндөн соң көрүнгөн эшикти түрткүлөп тажаган ата-эне Жазираны Чым-Коргондун жиндиканасына алып келип ташташты. Кетип баратып өгөй энеси: "Деле өзүнө ылайык жерге калтырдык, ырас болду, бүттү келбейбиз" - деп ойлоп баратты.
Дарыгер Ашым ак-сарысынан келген, жылдыздуу жаш келинди кубана карап, мыйыгынан жылмайды… Канча жолу кумарга батаар экем, - деп!
***
Андан эки жыл өттү. Айназик үчүн бул арада Рустамды айыктырып алуу оңойго турган жок. Бирок, акыркы максаты ишке ашып, Рустам айыкты. Оо, бул аралыкта Айназик не деген гана бүбү-бакшыларга барган жок, акыры бир күчтүү дубакөйгө жолугушуп, "арбак ыраазы болмоюн, сен айыкпайсың" - деген. Ал жети күн катары менен Айымдын арбагына багыштап куран окуп, Рустамга дем салып, анан гана оор үшкүрүндү:
- Араң бошоттум мойнундагы жипти… Рустам дароо түшүндү береги киши кайсы "жип" жөнүндө айтып атканын.
- Ушул, эми буюрса оорубайсың, келин бала экөөңөр бактылуу жашайсыңар, мен айтканды аткарып турсаңар.
- Айтыңыз ата!
- Ошо, кыз муунуп өлгөн жерге кан чыгарып, куран окуткула. Себеби, кыздын жаны ошо даракты көп айланчыктайт экен. Анан күн алыс ошол кыздын арбагына багыштап куран окуп турсаңар, ал силердин тынчыңарды албайт.
- Айтканыңызды аткарабыз!
Чынында эле аткарышты. Айназик дагы өзү аракеттенди. Айымдын энеси Гүлжан эжени, өзүнүн кайненесин жана башка бир топ адамды баштап барышып, ошол дарактын түбүнө мал союшуп, куран түшүрүштү. Тээ төбөдөн аларды көздөй ак нур жаап турганы алардын өзүнө сезилген жок. Бүт баары бүтүп, алар айылды көздөй камынышканда Айназиктин көзүнө жалтылдаган бирдеме урунду. Абайлап караса күмүш шакек… Айназик кайдан билсин, бул эмне болгон шакек экенин, кубанып колуна тагынып алды.
… Ошол түнү түшүнө ажайып сулуу кыз кирди. Көздөрү ботонукундай жайнап, капкара чачтары төгүлгөн периштедей жаш кыз. Айыпсыз күлүмсүрөп, колундагы бирдемени Айназикке сунуп жатат. Ала койсо, кызыгың түшкүр кечээги өзү таап алган күмүш шакекти сунуп атыптыр… Таң эрте уйкусунан ойгонгон келин аты жогундагы шакекти ойлуу карап жатып, түндө түшүнө кирген кыз Айым экенин билди. Колундагы шакек да жөнөкөй шакек эмес экенин сезип, өзүнө тартуулаган бакыттай көрүнүп, назик эриндерин тийгизди.
- Биз эми бактылуу болобуз…
- Туура! - карай салса Рустам да шакекти тиктеп ойлуу жатыптыр.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
23-март, 2010-ж.:
1-бет
Жаныш Бакиевдин кызматкери "Мисс" болду
2-бет
Элина Абай кызы:
"Америкадагы жигиттен күтүүсүз белек алдым"

3-бет
Өлбөгөн жанга жаз келди...
4-бет
Сагынбек МОМБЕКОВ:
"Алгач "көшөгө тарткыч, стул ташыгыч" болуп иштедим"

5-бет
Популярдуу "Патефон"
программасында...

6-бет
Ой жүгүртүүңүз ойдогудайбы?..
7-бет
Кыйналып тартылган кадрлар
8-бет
Сыймык
9-бет
Сулууларга саякат
10-бет
Ит адамдын досу анан киреше булагы
11-бет
Кубатбек Ашырбаев:
"Кир төшөктө төрт жыл жаттым"

12-бет
КөЗ МОНЧОК
13-бет
Шумдугуң кур кур!
14-15-бет
Обон почта










??.??