п»ї

  Шумдугуң кур кур!

Дүйнө ушундай миң сырдуу. Адамдар аалам сырын изилдейм деп тырышкан сайын, адамдар адамдарга ансайын жаңы кызыктарды сунуштап, айрым окуяларга айран таң калып келебиз. Иши кылып билгенден биле элегибиз, көргөндөн көрө элегибиз көп экени ырас.


Жаш ордуна кан агып…
Америкалык 15 жаштагы Кальвино Инмэна аттуу өспүрүмдүн көзүнөн жаштын ордуна кан агат экен. Азырынча илимде бул фактыны эч ким аныктай элек. Өзү теңдүүлөрдүн айтуусуна караганда баланын ичине жин кирип кеткен. Көзүмдөн аккан кан бир саатка чейин созулат - дейт Инмэн. Американын доктурлары колдорунан келген бардык күч аракетин жумшаса да эч кандай жыйынтык чыга элек.


Сүт мээни өлтүрөт
"Ак" көп ооруга пайдалуу дегенибиз менен сүттүн да зыяны бар экен. Дүйнөнүн окумуштуулары сүттөн жасалган азык-заттардын адамдын мээсине тескери таасирин тийгизе тургандыгын аныктап беришти. Анткени сүттүн курамындагы кальций мээнин иштешин начарлатып, кандын жүрүшүнө да тескери таасирин тийгизет. Сүттү күн сайын ичкен адам ар кандай онкологиялык оорулар менен ооруп калышы мүмкүн.


Киши жегич кытайлыктар же тамагыңыз таттуу болсун!
Сиз ишенбейсиз окурман! Кытайдын Ганчжоу шаарынын тургундары киши жешет. Кытайлыктар көп төрөгөнгө тыюу салгандыктанбы же башка себептери да барбы айтор, келиндер боюнда болуп калса эле доктурга барып аборт кылдырышат. Ал эми анын курсагынан алган эмбрионду ошол эле жерден жакын жайгашкан ресторандар, аз акчага сатып алышып, кардарларын тейлешет экен. Ал базарды "Эмбрион базары" деп коюшат. "Эмбрион базарында" кыздар арзан, балдар кымбат баада сатылат. Наристелерди болгону 10 долларга сатып алышып, келген кардарларга "андан" жасалган тамакты 4000 Америка долларына чейин сатышат. Ашпозчу алгач алынып келген наристени кайнак сууга таза жууп, канын соруктуруш үчүн наристенин денесин тилип коёт. Каны агып бүткөндөн кийин сууга бир нече мүнөт кайнатат. Даяр болгон "тамактын" шорпосу кычкыл болгону менен эти абдан жумшак болот.


101 жаштагы кемпирге мүйүз өстү
Кытайда 101 жашка чыккан Чжан Руфанг аттуу кемпирдин чекесине узундугу 6 сантиметрдей мүйүз өстү. Мындан бир жыл мурун эле Чжандын сол көзүнүн үстүнө бир мүйүз өсүп, өзү жашаган Линлоу айылына келген коноктор үчүн өтө "кызыктуу картина" болуп келген. Азыр болсо оң көзүнүн үстүнө экинчи мүйүз өсүп жатат. Кемпирдин айтуусунда бардыгы чекесине безетки чыккандан кийин башталган. Алгач апа ал безеткиге анча деле маани бере берген эмес. Эми жыл өткөн сайын чекесине чыккан мүйүз эчкинин эле мүйүзүнө окшошуп баратат. Чжан апага мүйүздөрү анча деле оорчулук туудурбаганы менен анын балдары, "апабыз чын эле эчкиге окшошкону калды" деп абдан кооптонуп жатышат. Кытайдын ар кайсы жеринен Чжан Руфангды көргөнү атайын келишет. Медиктердин айтуусу боюнча "мүйүз өсүү" мурунтан бери кездешип келе жаткан оору. Бирок, мүйүз 0,3смден 2,5см узундукка чейин гана өсөт. Эгерде Чжан Руфанг медициналык изилдөөнүн обьекти болом десе, мүйүзүн кесип салууга да болот, - дейт жергиликтүү кытай доктурлары.


Наристенин организми тууралуу
Кытайдын даанышмандары "аборт" кылынган бала чындыгында эле организмге абдан пайдалуу. Эгер акылдуу болгуң келсе - наристенин мээсин; кайраттуу болом десең - наристенин терисин; төшөктө гигант болом десең - жумурткасын жут, - деп кеңеш беришкен.


Элес Турар






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
23-март, 2010-ж.:
1-бет
Жаныш Бакиевдин кызматкери "Мисс" болду
2-бет
Элина Абай кызы:
"Америкадагы жигиттен күтүүсүз белек алдым"

3-бет
Өлбөгөн жанга жаз келди...
4-бет
Сагынбек МОМБЕКОВ:
"Алгач "көшөгө тарткыч, стул ташыгыч" болуп иштедим"

5-бет
Популярдуу "Патефон"
программасында...

6-бет
Ой жүгүртүүңүз ойдогудайбы?..
7-бет
Кыйналып тартылган кадрлар
8-бет
Сыймык
9-бет
Сулууларга саякат
10-бет
Ит адамдын досу анан киреше булагы
11-бет
Кубатбек Ашырбаев:
"Кир төшөктө төрт жыл жаттым"

12-бет
КөЗ МОНЧОК
13-бет
Шумдугуң кур кур!
14-15-бет
Обон почта










??.??