п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Обон почта

Урматтуу окурман, эч тартынбай жүрөгүңүздөн сызылып чыккан сагыныч саламбы, көкөй кескен көкүрөктөгү ойбу, боорду эзген күлкүбү, мүмкүн анекдотпу, казан какшыткан какшыкпы, арналган арзуу сүйүүбү, уюган нарктуу сөзбү, кумирге болгон каалообу, жолугушуубу, таанышуубу, алдануубу, бекем ишенүүбү же саргартып санаага батырган издөөбү, айтор, жашообуздун бүткүл кыймылын камтыган ойлоруңуздар болсо бизге SMS жөнөтүңүздөр!..


ОП-109-01. Көк-Белдин 90-жылкы кыздарына чоң салам. Ар дайым бар болгула! 05523536хх
ОП-109-02. Балдар-кыздар менен достошом. 0550056092.
ОП-109-03. Бөкөнбаевде нан жапкан Аман, ушул номерге кабарлаш0552182188. Гүлша .
ОП-109-04. Ай нуру мага төгүлүп,/ отурамын жалгыз мен кечте./ Таанышам деп СМС жөнөтүп,/ Бирдик болсо таанышкыла./ Менин атым "секрет",/ Билгиң келсе сулуу жигит "звонтет"./ 0777843043
ОП-109-05. Кыздар, балдар үчүн эч качан көз жашыңарды тамызбагыла! Бул дүйнөдө сүйүү кайра келет, кайра кетет, эч качан сүйөм деп айтпагын. Чыныгы сүйүү- эне сүйүү. Бул дүйнөдө ата-энең бар сен бактылуусуң. Атыраудан Айпери.
ОП-109-06. Каракол шаарындагы 113-маршрутка айдаган Куттубекке салам. Окуп калсаң 0550159560 номерине чалып койчу, күтөм! 05501095хх
ОП-109-07. Ильяз Абдыразаков, сиз аябай таланттуусуз, ырларыңыз жүрөктү эзет. Мен сизди сыйлайм жана абдан жакшы көрөм. Наргиза.
ОП-109-08. Ильяз Абдыразаков, сиздин сүрөттөрүңүз бөлмөмдө, ашканада, мен баскан, мен кармаган жерлерде илинип турат. Урматым менен Наргиза.
ОП-109-09. Бул аракты ичкен эле кай бабаң,/ Ичмек түгүл оозуна да албаган./ Алла бизге арам деди аракты,/ Пайдасынан зыяны көп экен анын./ Э.Дима.
ОП-109-10. Оштуктарга салам. Нооруз майрамыңыздар менен! Пери.
ОП-109-11. Акыл айтсам жалган сөз деп ишенбейсиң,/ Арак ичип жаннаткада кирбейсиң./ Күнөө кылып ыйласаңда кайрадан,/ Бул дүйнөгө ыйласаң да келбейсиң./ Арак үчүн азапкада чыдайбыз,/ Ичип алып бири-бирибизди сыйлайбыз./ Бирок тойду арак койбой өткөзсө,/ Адам эмес деп аларды биз сынайбыз./ Э.Дима.
ОП-109-12. Султанга чыгармачылык ийгилик каалайм. Ар дайым бар бол жаным! Гүлкайыр.
ОП-109-13. Бекжан базарынын 2-кабатында отурган Бегимай жаныма салам. Мени унутпадыңбы? З…
ОП-109-14. Салам Ильяз, сен супер жигитсиң, алга! 07732048хх
ОП-109-15. Кыйбаймын сени башкага,/ Эч качан мени таштаба./ Суранам кетпе алыска,/ Кыйын го сага барышка./ Бул ыр Анарага арналат. Мистир.Х.
ОП-109-16. Салам нарындыктар! 07780033хх
ОП-109-17. Бекжан базарында иштеген досум Зарылга салам жолдойм. Каныкей экөөңөрдүн сүйүүңөрдүн шамы эч качан өчпөсүн! Элхан.
ОП-109-18. Бекжан базарында иштеген досум Зарылга, аяшым Каныкейге салам жолдойм. Бактылуу болгула! Элхан.
ОП-109-19. Базар-Коргон районуна караштуу Гумкана айылынын тургундарына чоң салам. Марсель.
ОП-109-20. Бекжан базарынын 3-катарында соода кылган байкелерим Талант, Саветти Нооруз майрамы менен куттуктайм! 07706084хх
ОП-109-21. Куршаб айылынын тургуну атам Кубаныч, апам Гүлнарага салам жолдойм. Ата-апа ар дайым балдарыңыздардын бактысына бар болуңуздар. Эч качан оорубаңыздар. Кызыңар Кызбурак.
ОП-109-22. Мен сени сүйөм. 07782180хх
ОП-109-23. ОП-107-173 абоненти, эмне үчүн сен менин атыман жазасың? Өзүңдүн атыңан жазбайсыңбы, бирөөнүн атын сатпай. Деги сен кимсиң, менде өчүң барбы? Кызбурак.
ОП-109-24. Досторубуз Бектурсун, Шаазад, Ильяс, Чынара, Кылыч, Айбарчындарды Нооруз майрамы менен куттуктайбыз! Аларга тынчтык, өмүр, махабат каалайбыз. Жони жана жубайы.
ОП-109-25. Сагына, сагына, сагынбай койдум. Эми мага баары бир келсең, келбесең. Колуңдан келсе асманыңды ташта, эми мага баары бир сүйсөң, сүйбөсөң. Акыры не таптым күйүп, күйүнүп. Жашаймын эми бир адам болуп, кардым ток, кийимим бүтүн ошого сүйүнүп. Айпери92.
ОП-109-26. Айпери Чымкент шаарынын кайсы жеринде иштейсиң? Дарегиңди билдир, дос болобуз. Ботохан.
ОП-109-27. Сүйүктүү апам Гүлнараны Нооруз майрамы менен куттуктайм! Өзүңсүң өмүрдөгү таалай-багым,/ Оорусам түштө көрүп айыгамын./ Ортобуз абдан алыс болгон менен,/ Оюмда таңдан кечке жаныңдамын./ Муштумдай болгон менен күчүң тоодой,/ Өмүрүң өлбөстүккө кеткен жолдой./ Мен алыс жүргөн менен үйүңдөмүн,/ Мүнөтүм өтпөйт апа, сени ойлобой./ Чымкенттен кызыңыз Мээрим.
ОП-109-28. Эмне себептен жаштарыбыз аракка берилип, жеңил ойлуу кыздар көбөйүп жатат? Мунун баары жумушсуздуктун айынан. Бийликтегилер өзүңөрдү эмес, элди ойлосоңор болбойбу. Элден коркпосоңор да кудайдан корксоңор боло! Алайдан Баатырбек.
ОП-109-29. "Эрбол" кафесинде иштеген Элиза каердесиң? Замир.
ОП-109-30. Сүйөм деп айтуудан качпа,/ Сүйөм десе алданып калба./ эгер сүйсөң бир жанды./ Түбөлүк сүй башкага алданба./ Айпери 92.
ОП-109-31. Анжелина кайгырбачы, баары жакшы болот. Жанка.
ОП-109-32. Тагдырым берген табышмак,/ Отурам кимге табыштап./ Мүнөзүм деги жок эле,/ Сүйбөгөн жанга жабышмак./ 07782967хх.
ОП-109-33. Досторум Айпери, Айгүл, Айдай, Гулия, Эржан88, Жанузак, Салима, Эля, Мээрим, Алия, Шахризада, Бегимай силерге салам. Адамкерчиликти баалайлы,/ Ишеничти актайлы./ Сырды сактайлы,/ Достукту сатпайлы./ Уулжан.
ОП-109-34. Кайсы газетаны барактабайын Асеманы көрөм. Асема, эмнеге өзүңдү анчалык рекламалап жатасың? Сүрөтүңдөн жүрөгүм айланчу болду. Динара.
ОП-109-35. Сүйүүнүн шартын билгиле, сүйгөнүңөрдү сыйлап жүргүлө. Элвира90.
ОП-109-36. Кемин районунун Жол-Булак айылынын тургуну Тепляков Анатолийге салам. Ден-соолукта бол, малды жакшы кара! Нурлан.
ОП-109-37. Жаз майрамга удаа келдиң төрөлүп,/ Жашагын көп ак эмгектен көгөрүп./ Көп жашагын таене бол балпайып,/ Кыздарыңдын урматына бөлөнүп./ Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылынын тургуну жарыгым апам Бекова Канышайды 24-март туулган күнү менен куттуктайм! Айпери92.
ОП-109-38. Жүрөгүмдүн жүрөктөшү болбойсуңбу,/ Сүйгөнүм башкача деп ойлойсуңбу./ Жүрөккө батып турган миз канжарды,/ Боор ооруп сууруп койбойсуңбу./ Элвира 90.
ОП-109-39. Арак деген нандан кымбат аш болуп,/ Шайлангансып төрдө турат баш болуп./ Ичесиң сен жаш болуп,/ Ичип алып мас болуп./ Э.Дима.
ОП-109-40. Самал базарындагы эжелерим Макбурат, Нуржамалга салам жолдойм. Соодаңар боло берсин, эч качан жүзүңөрдөн жылмаюу кетпесин. Гүлзина.
ОП-109-41. Маймыл апасынан сураптыр: - Апа, дүйнөдө эң түрү суук менби?-десе, апасы: - Жок, дүйнөдө сенден да түрү суук бар, ал азыр мына СМСти окуп жатат,-дептир. Баатырбек.
ОП-109-42. 17 жаштамын, атым Али. Кыздар менен таанышам. 0700202223
ОП-109-43. Салам Бишкек!!! 07706168хх
ОП-109-44. Өзгөн районунун Көлдүк айылында жашап жаткан Муратов Азамат акама салам жолдойм. Ар дайым бар болуңуз, сизге узун өмүр каалайм. Мен сизди жакшы көрөм. Карындашыңыз Айпери92.
ОП-109-45. Бекжан базарындагы сиңдим Гүлжамалга, иним Алешко, агам Алмазга жана Жоодарга салам жолдойм. Соодаңарды берсин. Тутай.
ОП-109-46. Кыздар, эмнеге Ильязды сүйөм, күйөм дей бересиңер? Ильяз силерди сүйөбү? Андан алыс болгула, бул Ильязга жакпайт. +770295447хх
ОП-109-47. Алма, мага таарындыңбы? +7701352292хх.
ОП-109-48. Алтын апама: Жаз гүлүндөй күлмүңдөгөн гүлүм болуп,/ Өмүрүмө нурун чачкан күнүм болуп./ Кубанычтуу эч кайгысыз өмүр сүргүн,/ Эң бактылуу аялзаттын бири болуп./ Абда.
ОП-109-49. 16-20 жашка чейинки бою узун оштук кыздар менен таанышам. Атым Айба. +77011949519
ОП-109-50. Мурас 28-март туулган күнүң менен куттуктайм! Бар бол, бай бол, ата-энеңди сыйлаган жаштардан бол! Айба.
ОП-109-51. Бекжан базарындагы досум Айчүрөк, сага ак жол каалайм! Алматыга жакшы жетип ал. Айпери92.
ОП-109-52. Кыргыз элимди майрамы менен куттуктайм! Мээримай.
ОП-109-53. Билинбестен он жыл өтүптүр. Кечээ эле отурган элем партада, сагынамын азыр алтын мектебимди, классташтарымды. Кайдасыңар? Табигат сырдуу Алтынай.
ОП-109-54. Байлыкка көз артпагын, суктанбагын,/ Байлык колдун кири сен аны унутпагын./ Байлар дагы кээ бир кезде ыйлаарын сен эске алгын замандаш./ Бул ырга көз карашыңар кандай? Табигат сырдуу Алтынай.
ОП-109-55. Урматтуу кыргыз калкым, 21-Март Нооруз майрамыңыздар менен! Сиздерге чексиз бакыт каалайм. Кай жерде жүрсөңөр да ар дайым бактылуулардын катарын толуктап бар болуңуздар! 07775275хх
ОП-109-56. Унуталбай келем мен өзүңдү,/ Балбылдап жанган кара көзүңдү./ Сагындым ошол чексиз күндөрдү,/ Саргайтпай келчи жүрөктү./ Сагындым сени сагындым,/ Махабаттын отуна малындым./ Арбалып сүйүү отуна,/ Азаптуу күнгө кабылдым./ +770149168хх
ОП-109-57. Бекжан базарында 3-катарда отурган Тахминага салам жолдойм. Айпери92
ОП-109-58. И. Абдыразаков кыргыздын патриот жигитисиң. Талантың ташкындай берсин, бактылуу бол! 07718993хх
ОП-109-59. Арнадым болгон күчтүн дараметин,/Акактай тунук сүйүү кереметин./ Аттиң ай арнадыбы сага бирөө,/ Айтсаңчы мага окшогон ыйык сезим. 07787650хх
ОП-109-60. Бөкөнбаев айылына ысык салам. Алтымышбаев Бакыт.
ОП-109-61. Сүйүү деген кандай сонун керемет,/ Сүйбөй өмүр өткөргөнүң не керек./ Сүйүп жүрүп өткөргүнүң өмүрдү,/ Мына ошондо жашоо сага керемет./ Айпери92.
ОП-109-62. Урматтадым сизди сагындым, кай жерде жүрөсүз адашып? Мени кыйнадыңыз го… Жүрөгүм сагынычтан калтырап жатат,кайтыңызчы, сизден жалооруп суранам! Ханбийке
ОП-109-63. Супер СМСчилер, чындап сүйүп калган кыз кандай болот? СМС жазгыла. 07725027хх
ОП-109-64. Мээрим29+Айпери92. 07704381хх.
ОП-109-65. Мен дагы эле күтүп атам. Сизден башкага көңүл кое албадым. Сизди сагындым. Алым калбады, алсызмын эми. Кайтыңызчы сураныч. Ханбийке
ОП-109-66. Адыл жаным, сен мени сүйөсүңбү? 07783189хх
ОП-109-67. Эрназаров Урмат Рыскелдиевич, билесизби, сиз деп акылдан адашып жатам. Сиз муну билбейсиз, анткени сиз таш боор доктурсуз, эч качан сүйүп көрбөгөнсүз. Ханбийке.
ОП-109-68. Амангүл сураныч, маанисиз СМСтер менен "Обондун" бетин толтура бербечи, кыргыз эле экенсиң го, не себептен казакмын дедиң? Жооп берчи, анан адамдардын аттары менен "Обонду" толтура бербечи! Жазсаң жөн жаз, адамды ирээнжитпей! Сени жаман көргөн кыз.
ОП-109-69. Мына менин 17 жаш курагым,/ Мектепти бүтөөр алдында турамын./ Коштошомун мектеп менен мен эми,/ Көз жашымды ыр менен токтото албай турамын./ 92лер силерге ак жол! Айпери92.
ОП-109-70. Ата өзүң бул жашоодо тирегим,/ Жыгылганда таяп турчу жөлөгүм./ Жараткандан сурайм сага ден-соолук,/Арнай келсем бул ыр сага түбөлүк./ Зуля
ОП-109-71. Көз алдыман элесиң кетпейт неге,/ Байланып жан дүйнөмө калдың беле./ Жүрөгүмө батып кеттиң билгизбей,/ Азап тартты дале, дале билинбей./07786074хх
ОП-109-72. Жаштык кез тоодон аккан тунук дайра,/ Ал дайра тоону көздөй акпайт кайра./ Жаштык кез ошол аккан дайра сымал,/ Өткөн соң бир кайрылып келбейт кайра./ Айчүрөк93
ОП-109-73. Мен да сүйдүм махабаттан кур калбай,/Жүрөк сыздайт канжар менен ургандай./ Сүттөй аппак, суудай тунук ак сезим,/ Таза бойдон турбайт экен булганбай./ Айпери92.
ОП-109-74. Сенсиз өтө керек,/ Сенсиз жашоо не керек./ Сенин жылмайганың,/ Мага баасыз белек./ 05582110хх
ОП-109-75. Жаңы-Арыктагы Калинин мектебинин 10"В"классына салам. Жайна93.
ОП-109-76. Б.Бадыева арыктачы, суранам. Күйөрманың.
ОП-109-77. Үшүдүбү жаным назик колдоруң, эми анда коргобойсуң кар төшөлгөн жолдоруң./ Ошо кабыр ичинде мен жатсам болбойт беле, сен эккен гүлдөрүң соолубайт эле./ 07787755хх
ОП-109-78. Менин саламым Бишкек шаарында жашаган ата-энеме жана инилериме жолдонмокчу. Дайыма бар болуңуздар! Чымкенттен Мээримай.
ОП-109-79. Казак кызы Амангүл, "Обонго" жазбай эле койчу! Макулбу? Алиса.
ОП-109-80. Ысык-Көл районунун Тамчы айылында жашап жаткан 90-жылкы Алтынбекти өтө чексиз сүйөм. Жаным мага чалчы, сураныч! Гүлай92.
ОП-109-81. Кусалыктан тажадым,/ Жалгыздыктан чарчадым./ Жандүйнөмө өтө жакын махабат кайрыктары,/ Жашоодо чыныгы дос көп болсо деймин./ Ошондой дос бар болсо мени менен байланыш. 0773846457 Табигат сырдуу Алтынай.
ОП-109-82. Ар күн карайм күзгүгө,/ Эч кандай менин кемим жок./ Мен зормун, мага жеткен адам жок,/ Э.Дима.
ОП-109-83. Бадыева арыктачы, аял болуп баратасың! Алиса.
ОП-109-84. Ажырашуу болот сүйүү болбосо,/ Тамчы төгөт көз жаш болгондо./ Балдар кыздарды таштабайт, кыз башканы ойлобосо. Э.Дима.
ОП-109-85. Э.Дима байке кандайсыз, ден-соолуктар жакшыбы? Иштериңиз болуп жатабы? Мага чалыңызчы. Алина94.
ОП-109-86. Алтындай болгон апам Чынара жана атам Адыл, силерге узун өмүр, чексиз бакыт, ден-соолук каалайм. Апа, мен сизди сагындым. Эки кыз, эки уулдун урматын көрүңүздөр. Алина94.
ОП-109-87. Чолпонбай айылындагы агайым Бекен Жунусалиев, туулган күнүңүз кут болсун! Ишиңизге ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт каалайм! Окуучуңуз
ОП-109-88. Кализа кандайсың? Келе жаткан Нооруз майрамың менен! Жанарбек.
ОП-109-89. Дүйнөдө адам өтөт алмак-салмак,/ Ошон үчүн кыздарды сүй алдап-салдап./ Сүйө албасаң кыздарды алдап-салдап,/ Жүрө бер жүрөгүңдү бекем кармап./ Нурба.
ОП-109-90. Зарыгып күтсөм мейли эле,/ Сарсанаа болбой күндө эле./ Сендикмин күткүн деген сөз,/ Сен жактан чыкса мейли эле./ Уулжан.
ОП-109-91. Нарын шаарынын тургуну Нурлан Сүйүндүковичти 22-март туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Байке, турмуш жолуңуз дайыма ачык болуп, бакыттын даамын жеңем менен бирге татыңыз! Ар убак жүзүңүздөн жылмаюу кетпесин! Ойлогон ой-максаттарыңыз ишке ашсын! Көзүңүздөн жалаң гана жакшылыктын жашы тамсын! Карындаштарыңыз.
ОП-109-92 . Бөжөн сарайында жашап жаткан алтындай ата-апабыз Сүйүндүктү жана Керезди Нооруз майрамы менен куттуктайбыз! Ата-апа, уул-кыздарыңыздардын сый-урматын көрүп, төрүбүздө аманчылыкта жүрө бериңиздер! Уул-кыздарыңыздар.
ОП-109-93. Сиңдибиз Айнураны, күйөө балабыз Өмүрбекти Нооруз майрамы менен куттуктайбыз! Уулдарыңар Алишер менен Алихандын жыргалын көргүлө! Биртуугандарың.
ОП-109-94. Бишкек шаарында жашап жаткан Айгүл эжебизди жана Токтосун жездебизди Нооруз майрамы менен куттуктайбыз! Нооруз майрам сиздердин үйүңүздөргө токчулукту, молчулукту, тынччылыкты алып келсин! Биртуугандарыңар.
ОП-109- 95. Балыкчы шаарынын тургуну чоң атам Бекболотту, чоң апам Ажарды, Улан байкемди, Тилек жездемди жана эң жакшы көргөн Руслан байкемди Нооруз майрамдары менен куттуктайм! Дайыма бар болуңуздар! Жашоонун балын татып жүрө бериңиздер! Кызыңар.
ОП-109-96. Куйбышев айылында жашап жаткан сүйүктүү чоң энем Анипаны, Айтбек байкемди, Кундуз жеңемди, Кумаркүлдү, Чыңгыз, Илгиз, Жылдызбектерди Нооруз майрамы менен куттуктайм! Бишкектен кызыңар.
ОП-109-97. Миң-Булак айылынын тургуну Сыяш таянемди, Эркинбек таякемди, Кайыр жеңемди, кыздары Гүлинаны, Бурулсунду, Айперини кирип келген жаз майрамдары менен куттуктайбыз! Ар дайым жадырап күлүп жүрө бериңиздер! Сүйүндүктүн үй-бүлөсү.
ОП-109-98. Менин жаным Урматты Нооруз майрамы менен куттуктайм! Алтыш, жүзүңдөн жылмаюу кетпесин! Ойлогон ой-максаттарың иш жүзүнө ашсын! Бактылуу бол! Каражанкаң.
ОП-109-99. Менин эң сүйүктүү досторум Мека, Эля, Айтолкун, Перизат, Динара, Нургүлгө ысык салам! Мен силерди абдан жакшы көрөм! Нооруз майрамыңар кут болсун! Башыңарга "ак калпак" консун! Досуңар Мен.
ОП-109-100. Динара Нооруз майрамды жакшы тос! Ой-тилектериң кабыл болсун! Мени унутпа! Т.
ОП-109-101. Рысбек таякеме салам! Таяке, ишиңизге ийгилик! Жээниңиз.
ОП-109-102. Мирбек Иманбековго чоң салам. Мирбек байке, сизге ийгилик каалайм! Айжу.
ОП-109-103. Өзгөндүн Көлдүк айылына салам. Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм! Жанарбек.
ОП-109-104. Назира жигитиң Ильяз Абдыразаков менен бактылуу бол! Калемиң курчуй берсин. Классташтарың.
ОП-109-105. Асылбек мен сени сүйөм. Бирок, убагында кадырыңды билбептирмин. Менин ушундай кыялыма чыдаган сага бакыт каалайм. Аксыдан Айпери.
ОП-109-106. Салам Асыл, сени менен таанышканыма кубанычтамын. Сен мага жактың. Асея.
ОП-109-107. Досторум Замир, Акназ, Нурсейитке салам. Нооруз майрамыңар менен! Жанарбек89.
ОП-109-108. Табигат сырдуу Алтынай, адамдык сапатың жок экен. 07775400хх.
ОП-109-109. Апамды, биртууган сиңдилерим Үмүт, Токуну Нооруз майрамы менен куттуктайм! Токтокан туулган күнүң менен! Гүлнара92.
ОП-109-110. Ноокен районунун Арал орто мектебинин 11 "Б" классынын окуучуларын Нооруз майрамы менен куттуктайм! Нурлан.
ОП-109-111. Менин саламым супер СМСчи Саясатчыга жолдонот. Сени менен таанышкым келет. Депутат.
ОП-109-112. Уулжан, таанышып дос болууга кандай карайсың? Айбек.
ОП-109-113. Урматтуу Уулжан, сиздин жазган жагымдуу СМСиңиз мага аябай жагат, дайыма окуп турам. Айбек.
ОП-109-114. Саламым кыргыз элиме жана бардык Чаткалдыктарга жолдонот. 2008-жылы Чымканаев, С.Мырзалиев, Чакмаксуу, Кайыңсуу орто мектебин аяктаган бардык классташтарыма ийгилик каалайм! Назира90.
ОП-109-115. Салам сырдуу кыз Айпери, мага байланышка чыкчы. Совет. 0777838384
ОП-109-116. Алла деген бул жөн гана сөз эмес, ал сөздү жерден чукуп тапкан эмес. Алла үчүн намаз окубагандар эки дүйнө бакытынан кур калат. Э.Дима.
ОП-109-117. Ноокат районунда жашап жаткан атам Акылбек, апам Нуркандын кирип келген Нооруз майрамы менен куттуктайм! Сиздерге чың ден-соолук, узак жашоо, иштериңизге ийгилик, дайыма кызмат кылуудан чалыкпаңыздар. Жашоодон тапкан перзенттериңиздер менен бактылуу болуңуздар! Кызыңар Чолпон.
ОП-109-118. Б.Бадыеванын фанаткалары, Бадыеванын эмнесин жакшы көрөсүңөр? Жообун күтөм. Алиса.
ОП-109-119. Өзгөндүн жаштарына супер салам. Өзгөн алга! Жылдызбек , Акылбек, Лысый Байтөрө.
ОП-109- 120. Мугалимдер, балдардан акча эмес, билим талап эткиле! Билим менен бийиктиктерге жетиңиз, бул ишти аткара албасаңар, бул иштен беймарал кетиңиз. Э.Дима.
ОП-109-121 . Бапестеп карап чоңойткон, чоң атам кана айтсаңчы,/ Өзүм менен биртууган, кайда сиңдим тапсаңчы./ Айылда чогуу жашаган, чоң энем кана айтсаңчы?/ Зуля.
ОП-109-122. Сагындым кантип сезбейсиң,/ Сезбейсиң сен да эстейсиң./ Армандуу сүйүүм, анда неге бир келип кетпейсиң./ Айпери.
ОП-109-123. Махабат-жукмалуу оору. Жугуу жолдору: Көз аркылуу кирип, жүрөккө таасир этет. Белгилери: Күндүз күлкү, түндө уйку жок, тамакка табит тартпайт. Күтүмү: Күндө жолугуу, ширин-ширин сөздөрдү угуу. Эрик.
ОП-109-124. Салам алейкум кыргыз элим жана "Обондун" окурмандары, кыргызымдын аруу кыздары, Нооруз майрамыңыздар менен! Эрик Барс92
ОП-109-125. Мен эми башка жолго кеттим жөнөп,/ Мээрими, сезимдери бөлөк-бөлөк./ Корктуң го отко күйүп албайын деп,/ Кош жаным, бардыгына өмүр көнөт./ Уулжан.
ОП-109-126. Каражаным кайдасың? Мен сени сагындым. Эмне үчүн сен сезбейсиң? Күтүүдөн тажадым! Жан.
ОП-109-127. Кош жаным, оорулуумун сени менен,/ Кочушум музга толду ээрибеген./ Кошо ыйлап жүрөгүмдү соорото албай,/ Кой дедим, телегейи тегиз болсун теңи менен./ Уулжан.
ОП-109-128. Менин саламым кыргыз элиме жолдонот. Нооруз майрамыңыздар менен! Айдай.
ОП-109-129. Жашоо кыйналганы менен кызык, болбосо бардык адамдар көөп кетип, дөөлөтүн көтөрө албай калмак. Жази.
ОП-109-130. Мен сени көпчүлүктүн арасынан издей берем, бирок карааныңды таппай келем. Биз жолукчу күндөр алыс эмес, мен ага ишенем! МЕН.
ОП-109-131. Саргата айылында жашаган Бактыяр, дайының жокко. Сагындым. 24-үй.
ОП-109-132. Алтындан ардактуу, күмүштөн сымбаттуу, тар жолдо кенен баскан, тамаша сүйлөп көңүл ачкан менин досум Динара, 14-апрель туулган күнүң менен куттуктайм! Окууларыңа ийгилик. Досторуңдун арасында кадыр-баркка ээ болуп жүрө бер. Чолпон.
ОП-109-133. Нурила 19-март туулган күнүң менен куттуктайм! Сага чың ден-соолук, арчадай узун өмүр каалайм! Улук.
ОП-109-134. 20-25 жаштагы ыймандуу кыздар менен таанышам. 0770584202.
ОП-109-135. Бозоруп көзүм туман,/ Жолумду таппай турам./ Жамалым жарык берчи,/ Түбөлүк өчпөй турган./ Унутууга арга жок,/Сен бар үчүн көңүл ток./ Сен турганда жүрөктө,/ Башка жанга орун жок./ Уулжан.
ОП-109-136. "Обондун" жалпы эмгек жамаатына салам жолдойм. Ар дайым бар болуңуздар! Табигат сырдуу Алтынай.
ОП-109-137. Сиз мен үчүн жаралгандайсыз. Сиз бар мен бар! Жази.
ОП-109-138. Кесиптештеримди Нооруз майрамы менен куттуктайм. Ишиңерге ийгилик! Айдай.
ОП-109-139. Салам Кыргызстан!!! Нурболот.
ОП-109-140. Адамдын сулуулугуна эмес, жылдыздуулугуна караш керек. Анткени көпчүлүк сулуулардын баары муздак болот. Мен буга жүз пайыз кепилдик берем. Нурболот.
ОП-109-141. Мен саясаттан, бөлүнүп-жарынуудан тажадым. Анткени булардын таасири ар бир үй-бүлөгө тийип жатат. Сагызган.
ОП-109-142. Группалашым Аймирага салам жолдойм. Окууларыңа ийгилик! Мээрим.
ОП-109-143. Эне деген кандай ыйык сөз. Мен бардык жалпы энелердин алдында башымды ийип таазим кылам! Айтолкун.
ОП-109-144. Мен бирөөнү сүйүп, аны сүйдүргүм келет. Ошондо мен толук кандуу бактылуу болоор элем. Жази.
ОП-109-145. Менин саламым Ат-Башы районунун тургундарына, ата-энеме, биртуугандарыма жолдонот. Ар дайым оору-сыркоодон алыс болуңуздар. Жаннат.
ОП-109-146. Ат-Башылыктар ар дайым алга! Жаннат .
ОП-109-147. Төкөш көп калп айтпачы! Бишкекте эле жүрөсүң го, Токтогулга кетпей эле. Уларбек.
ОП-109-148. Төлөш мен сени 25де алып кетем. Күтүп тур! Уларбек.
ОП-109-149. Тося кандайсың, эмне жаңылык? Жоголуп кеттиң, деги барсыңбы? Жазка.
ОП-109-150. Жүрөгүңөн ий жүрөгүңөн! Каражаным менин! Алтышкаң.
ОП-109-151. Каражаным, маанайыңды түшүрбө, сеники түшсө меники да түшөт. Күлүп койчу. Алтышкаң.
ОП-109-152. Салам курбум. Сага эң башкысы бакыт жана жакын адамдарың менен ар дайым бирге болушуңду каалайм. Майрамды жакшы өткөз! Нури.
ОП-109-153. Майрамыңыз менен сулуу! Марат.
ОП-109-154. Майрам кут болсун. Аллах Таалам ой-максат, тилектериңди кабыл кылсын! Пери.
ОП-109-155. Каражан, ушунча кечке чейин иштейсиңби, караңгыда кантип келесиң? Мен сени жолдон гүл кучактап тосуп алам, бул сага сюрприз! Сенин алтышкаң.
ОП-109-156. Салам Кыргызстаным, салам Ош шаарым, салам Өзгөн шаарым,салам менин сүйүктүү Жапалак-Таш айылым, силерди терең урматтап Токтосунов Азизбек.
ОП-109-157. Мен өзүмдү курмандыкка чалсам да, достукту курмандыкка чала албайм. Достугубуз бекем, жашоодогу жолубуз кенен болсун. Ринат.
ОП-109-158. Зуля, бакыттын таттуу балын татып, жашоонун жыргал багында, сүйүүнүн кучагында сүйүктүүңүз менен ар дайым бирге болуңуз. Ринат.
ОП-109-159. Бекжан базарынын 2-кабатында отурган карындашым Анарага ысык салам жолдойм. 07788542хх
ОП-109-160. Асмандан жылдыз учса, ал менин сизге болгон ысык саламым. Шүүдүрүм жел жүрсө, ал менин саамайыңыздан сылаганым. Бар болуңуз. Ринат.
ОП-109- 161. Табигат сырдуу Алтынай, СМС жазганды үйрөнүп алчы. Достукка жолтоо болдуң. Эмне таптың, З… менен болгон достуктан ажыраттың. 07775400хх.
ОП-109-162. Өмүр өтөт, өтө берет билинбе й,/ Сен өткөргөн өткөн күндүн бириндей./ Толкуп кыял кээде жокко урунуп,/ А да кетээр сызып тоонун желиндей./ Айчүрөк93.
ОП-109-163. Айпери колуңдан келсе мени кечир, ишеничиңди актай албадым. Алтынбек.
ОП-109-164. Урматтуу "Тумар" радиосу 2 жашка чыгышыңар менен куттуктайбыз! Туулган күндү кыргыздын жылдыздары менен өткөрсө деле болот да, биздин жылдыздардын деле аброю көтөрүлмөк. Качанкыга чейин өзбектерди жылдыз кылабыз. Элхан.
ОП-109-165. Шымкент шаарында жайгашкан "Бекжан" базарында соода кылган кыргыз элимдин Нооруз майрамы менен куттуктайм! Эч качан оорубагыла, соодаңар болсун! 07780033хх.
ОП-109-166. Эмне демократия деп пикетке чыга беребизби же ажолорду 5 жыл тойгузуп, өзүбүз кайра айдай беребизби? Андай болсо эч качан кыргыз эли оңолбойт. Элим ойгонолучу, уктап жатып түшүбүздөгү нерсени жасабай! Элхан.
ОП-109-167. Кыргыздын жароокер ата-энелери, сиздерди 21-Март Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Ар дайым тынччылык, токчулук, молчулук болсун. Бар болгула кыргыз элим! Элхан.
ОП-109-168. Махабат жумшак да, катуу да. Сүйгөнүң кетет бир күнү алдап, сүйгөнүңөн айрылып бир күнү өкүнүп калба. Сүйдүңбү чын сүй, адал сүй, жалган сүйүп башкага алмаштырба. Мээрим29.
ОП-109-169. Туулган элим тилегим,/ Сен деп согот жүрөгүм./ Керек болсо сен үчүн,/ Жанымды да беремин./ Мээрим29.
ОП-109-170. "Обондун" супер СМСчилерин Нооруз майрамы менен куттуктайм! Ар дайым бар болгула! 07788356хх.
ОП-109-171. Бүткүл кыргыз элимди Нооруз майрамы менен куттуктайм! Кыргызстан алга! Бегимай.
ОП-109-172. Черниовкадагы Бактиярга салам. Нооруз майрамың менен куттуктайм! Мени унутпа! 07788356хх.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
23-март, 2010-ж.:
1-бет
Жаныш Бакиевдин кызматкери "Мисс" болду
2-бет
Элина Абай кызы:
"Америкадагы жигиттен күтүүсүз белек алдым"

3-бет
Өлбөгөн жанга жаз келди...
4-бет
Сагынбек МОМБЕКОВ:
"Алгач "көшөгө тарткыч, стул ташыгыч" болуп иштедим"

5-бет
Популярдуу "Патефон"
программасында...

6-бет
Ой жүгүртүүңүз ойдогудайбы?..
7-бет
Кыйналып тартылган кадрлар
8-бет
Сыймык
9-бет
Сулууларга саякат
10-бет
Ит адамдын досу анан киреше булагы
11-бет
Кубатбек Ашырбаев:
"Кир төшөктө төрт жыл жаттым"

12-бет
КөЗ МОНЧОК
13-бет
Шумдугуң кур кур!
14-15-бет
Обон почта










??.??