п»ї

  кумир менен баарлашуу

Элина Абай кызы:
"Америкадагы жигиттен күтүүсүз белек алдым"
"Боз салкындагы" тамеки тиштеген тентек кыз азыр кыргыз элине кеңири тааныла баштаган белгилүү актрисалардын бири. Таланттуу, назик актрисаны буга чейин кинодон көрүп жүргөнү менен жакындан баарлашууга мүмкүнчүлүк алган күйөрмандары Элина менен маектешип, сүрөткө түшүп, өз колунан белек алышты.

Нурбек:
- Элина деп атыңызды ким койду эле?
- Атам менен Сабира эже ага-ининин балдары, мен төрөлгөндө эжем элдин кызы болсун деп Элина деген ысымды ыйгарыптыр. Өзүмдүн атым мага абдан жагат.
- "Уурунун махабатына" кандайча тартылып калдыңыз?
- "Уурунун махабатында" сүйүүм үчүн күрөшкөн, тоскоолдуктарды жеңгенге аракет кылган кыздын ролун аткардым. Өзүмдү тасмада көргөндө башкы каарманды мага ишенип беришкендерине толкунданып сүйүндүм.
- Ушул ролуңуз тууралуу кандай пикирлерди уктуңуз?
- Көпчүлүгүнө пианинонун үстүндө отурган учур жана ата-энем мага каршы чыккан жеринде көзүмдүн жашын көлдөтүп ыйлайм го ошол жерлери өзгөчө жагыптыр. Өзүмө болсо дискотекада бийлеп жаткан жерим жагат.
- Өзүңүз дискотекаларга барасызбы?
- Ооба, "Версус" тобу менен барам, мурда курбу кыздарым менен алтынчы күн сайын дискотекага барабыз деп аябай камынчубуз, азыр болсо көп деле дискотекага көңүлүм чаппай, башка нерселерге алагды боло баштадым.
- Кино жаатында кандай сунуштар түшүп жатат?
- Алматыга кастингге катышып келгем, "Соблазнить неудачника" деген тасмага чакырышмак болчу, азыр ал кино башкача аталып калыптыр. Кастингге барганда жөнөкөй кийинип алып баргангабы, мага алгач көп деле көңүл бурушкан эмес. Кезегим келип айткан ролду аткарып бергенде тура калышып, телефондорумду алышкан. Казакстандагы Киностудиянын президенти сунуштар болсо чалабыз дешкен. Качан чалышат деп күтүп жатам. Эмнегедир мени бир көргөндө жоош, ишенчээк кыздын ролун ылайыкташат. Терс каармандын деле ролун чагылдырып бере алам.
- "Уурунун махабатынан" канча гонорар алдыңыз?
- Ушул кинону тартып жатканда Эрнист байке каражат издеп абдан кыйналды. Сьёмка учурунда бизди чогулутуп "силер иштеп тургула, мен барып акча издеп келейин" деген күндөр болгон. Оператор, гримдөөчүлөргө кыйын болду. Актёрлор болсо барып тартылып коюшат. Баарыбыз Эрнист байкени түшүнүп, колдоп тартылып берди. Байке "баарыңарга ырахмат, гонорарыңарды эки эсе кылып төлөп берем" деген болчу. Бирок, мен Эрнист байкеден акчаны күткөн деле жокмун, бербесе деле таарынбайм. Тескерисинче талантымды элге тартуулаганга мүмкүнчүлүк түзүп берген үчүн ага ыраазымын. Азыр Россия менен биргеликте "Гаишниктер" сериалынын он биринчи сериясы Кыргызстанда тартылды да, анда аткарган ролум үчүн Эрнист байке мага гонорар берген. Аны атамдай эле көрүп калгандыктан колунан акча алыш мен үчүн ыңгайсыз сезилди. "Байке, жөн эле коюңузчу, сизден акча ала албайм" десем "Бул акчаны сага мен эмес, россиялыктар төлөп берди" деп түшүндүрүп жатпайбы. Буюрса "Гаишниктерди" май айында РТРден көрө аласыздар.
- Сизди 21-кылымдын Таттыбүбүсү дешет, ушул салыштырууга кандай карайсыз?
- Мени Таттыбүбү Турсунбаевага салыштырышканына сыймыктанам, бирок мен ал жасаган иштердин бирин да жасай элекмин. Таттыбүбү Турсунбаева улуу инсан.
- Алакачып кетсе отурат белеңиз?
- Жок, отурбайм. Мен үчүн алакачуу -жат көрүнүш.
Нурзат:
- "Боз салкын" киносунда тамеки тартып аткарган ролуңа өкүнбөйсүңбү?
- Эми бул образ да. Байкем да кинону алгач көргөндө жини келип "эмнеге тамекини колуңа алдың" деген болчу. Актёрлук кесип ушундай экенин, бул менин жөн гана аткарган образым экенин түшүндүргөндөн кийин унчукпай калган. Бирок, ошондон кийин кайсыл жакка барбайын менин атым "тамеки тарткан кыз" деп аталып калды.
- Чын эле тарттың беле же жөн эле колуңа кармадыңбы?
- Жок, жөн эле колума кармап тартып жаткан түр көрсөткөм.
- Азыркы кинолордун көбү мага сапатсыз сезилет, өзүң учурдагы тартылып жаткан кыргыз кинолоруна кандай баа бересиң?
- Арасында жакшы кинолор бар. Сапаты жок деп жатпайсызбы, кино тартыш көп түйшүктү талап кылат. Эгерде каражат болсо бизде көп таланттуу режиссерлор, актёрлор бар. Акчанын тартыштыгына байланыштуу көбү чыга албай жатышат. Каражат эле кармап турат, каражат жок болгону үчүн сапаты жок болуп жатат деп ойлойм.
- Диета кармайсыңбы?
- Жо-ок, тамакты жакшы эле жейм. Бир килограмм курутту эки күндө жеп салам, лагман, мантыны жактырам. Өзүм картошканы жакшы кууруйм, бирок убакыттын тардыгынан ашканага көп аралашпайм. Апама жардам берип аарчый турганын аарчып, туурай турганын туурашып коём.
- Канча тилде сүйлөй аласың?
- Кыргыз, орус тилинде сүйлөйм. Англис тилин үйрөнгөнгө убакыт тартыш болуп жатат. Үйдө дайыма кыргызча сүйлөшөбүз. Анткени орусча сүйлөсөң апам жактырбай "орус тилинде көчөдө курбуларыңар менен сүйлөшкүлө" дейт.
Нурлан:
- Эгерде кыргыздын менталитетине туура келбеген, бирок гонорары көп төлөнө турган киного тартылуу сунушу түшсө макул болот белең?
- Негизи эле андай эпизоддорго тартылуу мага кыйын . Эгерде мага ошондой сунуш түшсө биринчи келишим түзмөкмүн, образды ачып берем, бирок физикалык жактан андай жакындыктарга баруудан баш тартмакмын. Ачык көйнөктөрдү кий дешсе да макул болмок эмесмин , анткени өзүңүз айткандай мындай көрүнүштөр биздин менталитетке жатпайт.
- "Версус" тобун ким каржылайт?
- Өзүбүздү-өзүбүз каржылайбыз. Айпери эже баарыбызга баш-көз болуп турат. Бирок, чечим кабыл алаарда сөзсүз биз менен кеңешет.
- Топто сенден башка актрисалык кесипти аркалаган кыздар барбы? Деги эле топтун ичиндеги тартип кандай?
- Асель эже модель, мен актриса. Андан башка эч ким актрисалык кесипти аркалабайт деле. Бир жакка барып бийлээрде алдын-ала баарыбызга эскертилип айтылат, кээде сабакта отурганда бир саатын ичинде келе кал десе болгон жумуштарыңды таштап бийлегенге барыш керек. Болгону бири-бирибизди сыйлайбыз, урматтайбыз. Болгон мыйзам ушул. Мен топтун кичүүсүмүн, үчөө тең менин эжемдей болуп калышкан.
- Өзүң ырдайсыңбы?
- Ырдасам деген көңүлүм бар. Үнүмө деле ишенем.
- Жиниңди кантип чыгарасың?
- Оңой менен жиним келбейт, эгер жинденсем бетке айтып салам. Кээде жинимди топтоп туруп бир чыгарам. Кокус бирөө катуу таарынтып койсо биринчисин, экинчисин, үчүнчүсүн кечирем, төртүнчү, бешинчисине жол бербейм. Айрым учурларда ойлонуп отуруп кайра кечиргенге туура келип калган кырдаалдар кездешет.
- Эң жакын сырдашың ким?
- Көбү апам деп айтышат го, мен тескерисинче апаман уялып, тартынып турам. Болгон сырымды эжем менен Эрнист байкеге айтам.
- Акча сен үчүн эмне?
- Акча максатыма жеткенге керектелүүчү каражат. Чөнтөгүңдө беш сомуң болсо эч жакка чыга албайсың, жумуштарыңды бүтүрө албайсың. Жашаш үчүн акча табыш керек. Мен акчанын артынан жүгүрүп чуркабайм. Колума акча тийсе берекелүү болуп кетем да, үйгө келгенде эмне сатып алдым, эмне кылып короттум деп ойлонуп отуруп калам.
- Күйөрмандарыңдан өзгөчө белек алдың беле, деги эле сүйүүсүн алар кантип билдиришет?
- Үч айдан бери бир бала телефондон смс жазып жүрөт, жооп берген жокмун. Америкага барганда нарындык кыргыз бала кетээрде сүйүүсүн билдирген. Бишкекке келген атайын бир уюм аркылуу мага Голландиянын он тогуз роза гүлүн белекке берип жибериптир. Өзү Америкада жүрсө үйүмө гүл бердирип жибергенине таң калгам.
Гүлзат:
- Үйдөгүлөрүңүз кесибиңизге кандай карашат?
- "Боз салкын" тасмасына кастингден өткөндө эч кимге айткан эмесмин. Сьемкага кетип баратканда Эрнист байке апаман уруксаат сурап кат жазган. Чынын айтсам апам "Ии макул бара бер" деп көп деле маани берген эмес. Кинонун ачылышында үйдөгүлөрдүн баары көргөнү барышып "Сенде таланат бар турбайбы" деп таң калышты. Ошондон бери менин кесибиме олуттуу мамиле жасашып, "каякка барасың" деп сурашпай ишеним арта башташты. Анан да апам мени көзүмчө такыр мактабайт. Өзүм чыккан газеталардан эки-үчтөн кылып үйгө алып барып коймой адатым бар. Бир жолу жеңем конокко келсе апам ага мен чыккан гезиттерди көрсөтүп мактанып жатыптыр. Мени менен сыймыктанаарын ошондо түшүнгөм.
- Сулуулугуңузду кантип сактайсыз?
- Бетиме маска жасабайм, бетим кургак болгондуктан крем эле сүйкөп коём. Сахнага чыгып бийлегенде боёнбосоң бетиң боппоз болуп калат да, ошондуктан боёнгонго туура келет. Дароо гримди алып салбасам көзүм батташып бир кызыктай боло берем. Бетимди дайым муздак сууга жууйм. Косметологго барып көргөн эмесмин, фотосессия кылаарда эле макияж жасатам.
- Ырчылардын кимиси менен жакшы мамиледесиз?
- Өмүрбек байкеге ага катары жакынмын, Асема, Сьездбек байке менен сүйлөшүп турам. Ырчылардын көбү менен "Версуска" киргенден кийин жакшы тааныша баштадым.
- Таанымал болгондон бери сизде кандай өзгөрүүлөр болду?
- Өзгөчө деле өзгөрүүлөр болгон жок десем болот. Ошол эле курбуларым, досторум. Туугандарым чалып "сени менен сыймыктанабыз" деп калышат. Болгон өзгөрүү-көчөдөн таанып калышты. Коомдук унааларга түшкөндө башыңан ылдый сынай карашат, сөзгө кабылбайын деп тыкан кийингенге аракет кыласың.

А. Сабырова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
23-март, 2010-ж.:
1-бет
Жаныш Бакиевдин кызматкери "Мисс" болду
2-бет
Элина Абай кызы:
"Америкадагы жигиттен күтүүсүз белек алдым"

3-бет
Өлбөгөн жанга жаз келди...
4-бет
Сагынбек МОМБЕКОВ:
"Алгач "көшөгө тарткыч, стул ташыгыч" болуп иштедим"

5-бет
Популярдуу "Патефон"
программасында...

6-бет
Ой жүгүртүүңүз ойдогудайбы?..
7-бет
Кыйналып тартылган кадрлар
8-бет
Сыймык
9-бет
Сулууларга саякат
10-бет
Ит адамдын досу анан киреше булагы
11-бет
Кубатбек Ашырбаев:
"Кир төшөктө төрт жыл жаттым"

12-бет
КөЗ МОНЧОК
13-бет
Шумдугуң кур кур!
14-15-бет
Обон почта










??.??