Аракет

Өлбөгөн жанга жаз келди...
Жаздын келиши жалгыз гана адамзаты үчүн эмес, жан-жаныбар, канаттуу-куштарга чейин жаңы жашоону улантат эмеспи. Сыртка чыксаң кычыраган кыштын ызгаарынын бири жок, айлана-чөйрө жашыл түскө боёлуп, тирүүлүккө жан киргендей сезилет. "Жаз жарыш, күз күрөш"-дегендей, баарыбыз эле короо-жайды тазалап, үйлөрүбүздү актап, жылуу кийимдерди сандыкка катып, жазга камылга көрөбүз. Ал эми белгилүүлөр бул жагынан кантип жатышты экен, өз ооздорунан угалы.


Башкармага баш ийген Сайра
Сайра Момунбаева, актриса: - Жыл сайын жазында үйдү өзүм актайм. Анткени, төрт бөлмөлүү үйүбүздүн потологтору гана акталат. А короо-жайды тазалап, эшиктин алдындагы бактарды кыркып, көп жылдык гүлдөрүмдү түптөп жардам берген инилерим менен сиңдилерим. Жолдошум Азат болсо сөз менен "Бул жагын мындай кылгыла, тигил жагын андай кылбагыла"-деп сөз менен жардам берет. (Күлүп) Үйдө бизди башкарып турган башкармабызда.


Дайыр эски кийимдерин белек кылып...
Дайыр Исмадияров, ырчы: - Көп кабаттуу үйдө жашагандыктан канчадан бери кара жумушка, жер айдоого катыша элекмин. Быйыл жөн отурбай, өзүмдүн бөлмөмдү жазга байланыштырып кызыл гүл ачкан гүлдөр менен кооздодум. Анан эски кийимдеримдин баарын айылдагы туугандарыма салып жиберип, өзүм башымдан бутума чейин жаңы кийимдерди сатып алдым.


Сьездбек таштанды чыгарып...
Сьездбек Искеналиев, ырчы: - Кыштан чыккандан кийин "Чээнден чыккан аюудай" болуп жыргап эле калдым. Жаз өзгөчө эргүүнү алып келет го. Мен дагы короо-жайымды тазалап, кышында тоңуп калган чөп-чар, майда-чүйдө таштандыларымды чыгарып, өзүмдү жеңил сезип калдым. Эшиктин алдында кичинекей "Огородубуз"бар. Өзүм чарбалык ишке анча эмесмин. Келинчегим гүл-пүл айдап бирдеме кыла берет. (Күлүп) Анан анын гүлдөрү бажырайып ачылып калганда, "Менин үйүмдүн алдында кооз гүлдөр бар"деп мактанып калам.


Сема бакчасын роза менен толтурат
Сема, ырчы: - Менин кичинекей бакчамда үч түп алма, эки түп өрүк, бир түп алча анан бир түп шабдаалы бар. Бакчага кеткен жолдун боюна ар түстөгү роза гүлдөрүн отургузгам. Бир розам былтыр өлүп калган. Күн жакшы ачылса ал розанын ордуна кайра жаңы роза алып келип отургузбасам, орду бош калат. Анткени, ар бир розанын өзүнчө философиясы бар. Өзүм бакчага абдан кызыккандыктан короо-жайдын да таза, көрктүү болуп турганын жактырам.


Буудай айдап сүйүнгөн Акбар
Акбар Сүйүнбаев, ырчы: - Быйыл жаз келээри менен көптөн бери ойлоп жүргөн планымды ишке ашырдым. Жакшы көргөн тайкемдин сунушу менен Канттан 5 гектар айдоо жер алдым. Бул жер буудай айдаганга абдан ыңгайлуу экен. 3 гектарын тааныштарыма ижарага берип, 2 гектарын өзүм буудай экмей болдум. Айдоого керектелүүчү каражаттын баарын дайындагам. Азыр жерди тазалоо иштери жүрүп жатат. Буга чейин талаа иштерине көп эле аралашкам. Бирок, өзүңдүкү башкача болот экен. Чарба жүргүзүп баштаганыма сүйүнүп жатам.


Айнура Касымова