п»ї

  киностан

Кыйналып тартылган кадрлар
Айрымдарыбызга актёрлордун жашоосу жыргал сезилиши мүмкүн. Кино көрүп жатканда көбүбүз "актёрлор ушул ролду кантип жаратышты экен" деген ойго жетеленгендин ордуна кемчиликтерин чукуп чыкканга эптүүбүз. Чынында актёрлордун тарткан азабы менен түйшүгү төө көтөргүс. Бир эле эпизодду бир нече дубль менен кыйналып аткарган актерлорго сөз узаттык.


Аскат Сулайманов:
"Ат үркүп, кичинекей баланы тебелеп кете жаздаган"
- Француздар менен биргеликте "Теңри" деген кино тартканбыз. Ошондо Нарын жайлоосуна барып ат менен чабышкан эпизодду тартканга туура келди. Мен жаңыдан ат минген жатсам ар жактан машинанын от алган үнүнөн ат үркүп, жакын жерде ойноп жаткан баланы тебелеп кете жаздаган. Сьемкада жүргөндөрдүн, менин жүрөгүм түшүп, бир топто араң эс алганбыз. Тиги кичинекей бала эч нерсе деле болгон жок. Бирок коркуп калыптыр. Мурда атка жакшы эле минчүмүн, эмне болуп кеткенин түшүнбөй калдым.


Азиз Мурадилаев:
"Карагызда" аябай кыйналгам"
- "Карагыз" тасмасына тартылып жатканда башынан баштап аягына чейин кыйналдым. Шарты, тартылган жерлер анча эмес болчу. Анын үстүнө кино эмоционалдуу болгондуктан дайыма кыйкырыктын үстүндө жүрдүк. Ашып кетсе эки жолу же үч жолу кайталап тартылган учурлар болгон. Негизи мен өзүм тартылган тасмалардын бирөөсүндө да ролдорумду ийнине жеткире аткардым деп айталбайм. Өзүмдү кинодон көргөн сайын улам бир кемчиликтерди таап, кийинкисинде андан жакшы аткарам, мурда кетирген каталарды кайталабайм деп өзүмө-өзүм сөз берип турам.


Жолдошбек
Жанжигит уулу:
"Жашоодо жылдызыбыз келишпей…"
- "Издейм сени" деген телесериалда көлдүн жээгинде Эркин Бекболиева менен ээрчишип сезимдерибизди билдирген эпизод бар эмеспи. Көлдүн жээгинде элдер жайнап жүрсө...уялып аткара албай жаман кыйналгам. Режиссер мени урушуп "кет" дегенге чейин барган. Негизи эле Эркин Бекболиева менен чыныгы жашоодо жылдызыбыз келишпей уруша кетип, бири-бирибизди көп жактырчу эмеспиз. Киного келгенде дайыма кыз-жигиттин, аялы-күйөөсүнүн ролун аткарып калабыз десең. Азыр Эркиндин турмушка чыгып, Турцияда жашаганына төрт жылдын жүзү болду.


Гулсина Чотонова: "Балам үчүн тынчсыздандым"
- "Карагызда" актерлордун дөө-шаалары катышкандыктан алардан аябай сүрдөгөм. Анын үстүнө менин анда тажрыйбам жок болчу, кастингден өткөндөн кийин чачымды кырдырууга туура келди. Ал кезде жай айы болгондуктан көчөгө чыкканда башыма парик кийип жүрчүмүн, аягында башыма ысыктар жайнап чыгып, ачыштырганынан паригимди чечип салганга туура келди. Көчөгө чыксам эле баары мени карашат…Актерлор эртең мененки саат жетиден кечки саат сегизге чейин сьёмка тарткан аянтта болушкандыктан ошол аткарган образы менен жашап калышат. "Карагыз" тасмасында үй-бүлөдөгү аба-ырайы дайыма "напряжённый" эмеспи, кино ортолоп калган кезде боюмда бар экенин билдим. Ошол ызы-чуу, уруш-талаш өкүм сүрүп турган үй-бүлөдөгү жараткан образым үчүн ичимдеги ымыркайым зыянын тартпаса экен деп аябай коркком.




  Жаңы ысым

Зарема Асаналиева:
"Боз салкындагы"
Анарадай жоош эмесмин"
"Боз салкын" киносунда "кой оозунан чөп албаган" Анаранын образы эсиңиздеби. Кино сүйүүчүлөрдүн көбүнүн боорун ооруткан, тагдыры кайдыгер калтырбаган ал кыздын ролун актриса Зарема Асаналиева аткарганы көпчүлүгүнө маалым. Анда Зареманын жеке жашоосу, кесиби тууралуу окурмандарга маалымат беребиз.


- Зарема, сени көпчүлүгү "Боз салкындагы" Анаранын образы аркылуу таанып калышты, аталган киного кандайча тартылып калдың?
- Мен мектепти бүткөндөн кийин Караколдон Бишкекке келип Жамал Сейдакматованын кол алдында "Тунгуч" театрында иштеп жүрдүм. Эң биринчи жолу "Махабат Чолпону" спектаклинде ойногом, андан кийин "Мен революция" спекталин Эрнист Абдыжапаров көргөнү келиптир. Сахнада аткарган ролумду жактырып "Боз салкынга" тартылууга чакырган, ошондон кийин Искусство институтуна тапшырдым. Азыр төртүнчү курста сырттан окуйм, тасмаларга тартылуу сунушу түшө баштагандан кийин окуума жетишпей,сырткы бөлүмгө которулуп алгам.
- Анаранын образы өзүңө жагабы?
- Жагат деп айтуудан алысмын. Мага башында Эрнист байке Анаранын образын кенен айтып деле түшүндүргөн эмес, болгону "сенин ордуңа Асеманы ала качып кетишет" деген. Анан кинонун жүрүшүндө улам эмне кылаарымды айтып турушту. Негизи "Боз салкында" Анаранын ролу жок болчу, жөн гана Анара деген ат бир-эки жолу айтылмак экен. Эрнист байке мени менен таанышкандан кийин атайын мага ылайыктап сценарийге кошкон болчу. Качан гана кинонун ачылышы болгондо өзүмдү тасмадан көрө алдым. Негизи мен жашоодо башкача кызмын. Анарадай жоош, токтоо деле эмесмин. Тескерисинче "шустрыймын" десем болот. Ал эми "Уурунун махабатында" башында кайырчы кыз болуп жүрүп, кийин мыйзамдагы уурунун үйүндө үй кызматчы болуп иштеген кыздын ролун аткарам. Азыр актёр болгусу келгендер көп, бирок олуттуу кинолорго илинип кеткендер аз. Менин жашоом ушундай нукка бурулганына ыраазымын, учурдан пайдаланып Эрнист Абдыжапаров менен Жамал Сейдакматовага ыраазычылык билдирем.
- Үй-бүлөң жөнүндө айта кетсең?
- Атам мен бир жашка чыкканда эле каза болуп калыптыр. Үч биртууганбыз. Эжем турмушка чыккан, менден кийинки иним менен апам Караколдо жашашат. Үчөөбүздү апам жалгыз өстүрүп-тарбиялады. Кичинекей кезинде апам актриса болгусу келчү экен, бирок тилеги ишке ашпай калган үчүнбү менин актрисалык кесибимди кош колдоп колдойт, жардамын берип турат. Жамал Сейдакматова Караколго барганда апам ага жолугуп мени дайындаган болчу. Азыр мен катышкан кинолорду калтырбай көрүп, жакшы сөздөрүн айтып турат.
- Жактырган жигитиң барбы?
- Азыр көңүлүмө жаккан жигит бар. Баары жаңыдан башталып жатат, жаңыдан байкаштырып жатам, калганын убакыт көрсөтөт го. Эң негизгиси анын мага жаккан сапаты-жоопкерчиликтүүлүгү менен ыймандуулугу.
- Киного тартылуудан сырткары учурда эмне менен алексиң?
- Кичинемден ырдаганга шыгым бар, учурда эки ыр жаздырып, бирөөнө клип тарттырууну ойлонуп жатам. Буюрса, жакында мени көрөрмандар актрисалык жөндөмүмдү гана эмес, ырчылык талантыма да күбө боло алышат.
- Сен үчүн спектаклде ойногон менен киного тартылгандын кайсынысы оңой?
- Спектаклде ойногон кыйыныраак, анткени сени зал толо көрүүчүлөр көрүп отурат. Ыйлачу жерден ыйлап, күлчү жерден дароо күлүшүң керек. Ал эми кинодон үч-төрт дубль менен тартууга болот. Ролго кире албай жатсаң күтүп турушат дегендей…Анын үстүнө Эрнист Абдыжапаров менен иштешкен оңой, аткара албай калсаң урушпайт. Мисалы, өткөндө эле "Гаишниктер" телесериалына тартылып жатканда ыйлаш керек болду, мен канча аракет кылсам да ыйлай албай койдум. Окшоштура албай жатканымды Эрнист байке да түшүнүп унчуккан жок. Дагы бир айырма атайын актёрдук билим алганга чейин билимиң жок туруп деле аткарган бир чети жакшы экен. Себеби, атайын билимиң жок болсо берилип жандүйнөң менен аткарасың, ал эми окугандан кийин өзүңдү бир аз да болсо "контролировать" эткенге аракет кылып калат экенсиң.

А. Сабырова







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
23-март, 2010-ж.:
1-бет
Жаныш Бакиевдин кызматкери "Мисс" болду
2-бет
Элина Абай кызы:
"Америкадагы жигиттен күтүүсүз белек алдым"

3-бет
Өлбөгөн жанга жаз келди...
4-бет
Сагынбек МОМБЕКОВ:
"Алгач "көшөгө тарткыч, стул ташыгыч" болуп иштедим"

5-бет
Популярдуу "Патефон"
программасында...

6-бет
Ой жүгүртүүңүз ойдогудайбы?..
7-бет
Кыйналып тартылган кадрлар
8-бет
Сыймык
9-бет
Сулууларга саякат
10-бет
Ит адамдын досу анан киреше булагы
11-бет
Кубатбек Ашырбаев:
"Кир төшөктө төрт жыл жаттым"

12-бет
КөЗ МОНЧОК
13-бет
Шумдугуң кур кур!
14-15-бет
Обон почта










??.??