п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  аруузат

Сулууларга саякат
"Сулуулук дүйнөнү сактап турат" деген ураан менен ар бир мамлекет сулуулар конкурсун өткөрүшүп, ар өлкө өз сулуулары менен сыймыктанып келет. Чет мамлекетте гран-прини алган бийкечтин карьерасына жол ачылып, бир заматта ал жылдызга айланат. А биздечи? Өлкөбүздө официалдуу түрдө сулуулар конкурсун өткөрө турган агентствонун жоктугуна байланыштуу, кимдин колунда акча боло калса ар кандай аталыштагы (номинация) "Бишкек сулуусу", "Ала-Тоо ажары", "Туризм сулуусу", "Кыргызстан сулуусу" ж.б. у.с. сулуулар конкурсун өткөрүп эле жүрүшөт. Бирок, бул конкурстар да бир жылы өткөрүлсө, экинчи жылы өткөрүлбөй келет. А чет жерде мекенибиздин атын чыгарган сулууларыбыз канча. Биз бир учурда сулуулар конкурсунун жеңүүчүсү аталып, башына корона кийген сулууларды издеп, учурда ким каякта, эмне менен алектенип жаткандарынан маалымат алдык.


Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн "Евразия сулуусу2005 " наамына биздин модель кыз Зарина Турдубаева татыктуу болгон. Ал убакта Зарина КУУнун юридикалык факультетинин 3-курсунда окучу. Окуусун ийгиликтүү аяктап, Бишкек шаарында кесиби боюнча иштеп жатат.


"Жаз сулуусу -2008 " конкурсунун сулуусу болуп Дарыя Сайдазимова тандалган. Дарыя борбордогу №70 мектепти бүтүргөн. Өз кезегинде Кытайга барып билим алып келген. Учурда НБТ телеканалында телеалыпбаруучу болуп иштейт.



"Дүйнөнүн туризм сулуусу. Кыргызстан-2007" сулуулар сынагынан Асел Мамытбаева жеңүүчү болуп тандалып алынган. Ошол эле жылы Тайванда болгон сулуулар конкурсуна барып, Кыргызстандын атын чыгарып келген. Учурда "Vitline" моделдик агентствосунда модель.



2006- жылы өткөрүлгөн "Мисс Плаза - 2006" сулуулук коронасы Нурзат Жумалиевага ыйгарылган. Нурзат адистиги боюнча доктур, КММАнын аспирантурасын аяктаган. Учурда өз кесиби менен эле иштеп жүрөт.



2004 -жылкы "Ала-Тоо ажарынын" коронасын Сезим Сейдакматова кийген. Турмушка чыгып бир кыздуу болгон, кызы жакында бир жашка чыгат. Учурда жолдошу менен жылдызы келишпей, ажырашып кетип, Россияда иштеп жатат.


2007 -жылкы "Ала-Тоо периси" сулуулар конкурсунун жеңүүчүсү Зарина Исламакунова аттуу кыз ошол учурда мектептин окуучусу эле, азыр студенттик таттуу күндөрдүн кучагында жүргөн кези.


2000- жылы республикалык деңгээлде өткөн сулуулар конкурсунун жеңүүчүсү Замира Жалил аттуу кыз болгон. Замира ошол учурда Кыргыз Кувейт университетинин студенткасы болчу. Ошол эле жылы Россиянын Улуу Новгород шаарына барып, Кыргызстандын атынан сулуулар конкурсуна катышып келген. Учурда турмушта өз жолун таап, жолдошу менен Казакстандын Актау шаарында жашайт. Эки баланын мээримдүү энеси.


2003- жылкы "Кыргызстандын периси" Элиза Айылчиева аттуу айжаркын кыз болгон. Кесиби чач тарач Элиза Токтогулдук жигитке турмушка чыккан. Азыр Бишкекте жашап, бала тарбиялап үйүндө отурган чагы.


2009- жылкы "Бишкек сулуусу" наамы Адинай Кемелова аттуу сулууга ыйгарылган. Адинай борборубуздагы №13 лицейди алтын медаль менен аяктап, шаарыбыздагы университеттердин биринде экономика факультетинде билим алып жатат.


"Ала-Тоо ажары2002 " сынагында Лира Бейшебаева сулууларды артка калтырып жеңүүчү болгон. Лира ал учурда "Esen Air" авиакомпаниясында стюардесса болуп эмгектенчү. Азыр да ошол кесиби менен "Манас" аэропортунда иштейт.


P.S. Айрым сүрөттөр Б.Букаевдин архивинен алынды. Бакыт мырзага алган маалыматтар үчүн да ыраазычылык билдиребиз.




Сулуулук тууралуу:
Сулуулук дүйнөнү сактап турат, а сулуулукту ким сактайт? (Константин Кушнер)
Сулуу аял абдан акылдуу болбош керек - анткени бардык көңүлдү өзүнө буруп коет. (Марк Жильбер Соважон)
Бүкүрлөр көп жүргөн жерде эң сулуу фигура дагы жаман көрүнөт. (Максим Горький)
Чырагы жок жерде бардык аял сулуу көрүнөт. (Максим Горький)
Сүйүү менен карасаң бардык нерсе сулуу. (Кристиан Моргенштерн)


Икая
"Чын сүйгөн жигит башка кызды карабайт!"

Жолдо периштедей сулуу кыз кетип баратса, аркасынан бир жигит калбайт. Кыз бурулуп жигитке карап:
- Сага эмне керек? Эмне үчүн артымдан калбай жатасың?
- Сенин ажарыңды көрүп алып жүрөгүм туйлап кетти. Мен акынмын. Сүйүү ырларын шумдук чыгарам. Оюмдун баары жалгыз сенсиң! Сага сүйүүмдү билдиргим келип ээрчип баратам.
Кыз ары-бери карап:
- Сен мени кантип сүйүп калдың? Менин кичүү сиңдим менден да сулуу. Тигине тээтиги келе жаткан кызды карасаң - десе, жигит артын карап, карыган кемпирден башка эч кимди көрө албайт. Жигит жини келген үнү менен:
- Сен ушунчалык калпычы экенсиң! Аның сулуу кыз эмес, кемпир турбайбы!
Кыз күлүп, - Көрдүңбү, сен мага өз сүйүүңдү арнап жатканда калп айткансың. Чын сүйүп калган жигит башка кызды эч качан карабайт! - деп басып кетиптир.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
23-март, 2010-ж.:
1-бет
Жаныш Бакиевдин кызматкери "Мисс" болду
2-бет
Элина Абай кызы:
"Америкадагы жигиттен күтүүсүз белек алдым"

3-бет
Өлбөгөн жанга жаз келди...
4-бет
Сагынбек МОМБЕКОВ:
"Алгач "көшөгө тарткыч, стул ташыгыч" болуп иштедим"

5-бет
Популярдуу "Патефон"
программасында...

6-бет
Ой жүгүртүүңүз ойдогудайбы?..
7-бет
Кыйналып тартылган кадрлар
8-бет
Сыймык
9-бет
Сулууларга саякат
10-бет
Ит адамдын досу анан киреше булагы
11-бет
Кубатбек Ашырбаев:
"Кир төшөктө төрт жыл жаттым"

12-бет
КөЗ МОНЧОК
13-бет
Шумдугуң кур кур!
14-15-бет
Обон почта










??.??