п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Билгениң оң

Жылдыз белги боюнча арыктайбыз
Жаздын келиши менен айымдардын алдында турган көйгөйлөрдүн бири-ашыкча салмактан арылуу. Диетологдор ар бир жылдыз белгиге карап арыктоонун төмөндөгүдөй ыкмаларын иштеп чыгышкан. Сиз да өз белгиңизге карап, кандай диета сунушталганын байкап көрүңүз.


Кой жылдызы:
Кемчилиги: Таттуу азыктардан баш тарта албайт. Жолду катар азык-түлүк сатылган дүкөндөрдү кыя өтпөй, көзү көргөндү алмайын тура алышпайт. Басып баратканда оозуңузду кыбыратып бир нерсе жемей адатыңызды таштаңыз!
Сизге керектүүсү: Өзүңүздү тамак менен эле чектебестен спорттун ар кандай түрүнө катышып, бий менен да алектениңиз. Бир күндө аз-аздан бирок, төрт ирет тамактанып турууңуз керек. Сууга бышкан жумуртка, картошка, капуста, сабизден жасалган жеңил тамактар арыкташыңызга оңой өбөлгө түзөт.
Букачар:
Кемчилиги: Бир отуруп тоё тамак жеш үчүн көп нерсеге даярсыз. Таттуу азыктарга караганда майлуу тамактарга басым жасайсыз. Спорт көнүгүүлөрүн жасайын деген аракетиңиз бар, бирок денеңизди көп кокустатып, жалакайланып бат тажайсыз.
Керектүүсү: Сизге баарынан да йога менен алектенүү же болбосо сууда сүзүү көбүрөөк пайда алып келет. Түшкү тамактануу учурунда курсагыңызды болушунча тойгузуп, калган убакта өзүңүзгө чек коюуну үйрөнүңүз. Төө буурчактан жасалган шорпо, алма, дарбыз же коон дене -мүчөңүздү бир калыпта кармап жүрүүгө жардам берет.
Эгиздер:
Кемчилиги: Жаңгак, печенье, кечкиден калган тамактардын калдыгын кемирип отурганды жактырасыз. Оозуңуз дайыма кыймылда жүрөт. Сууда сүзгөнгө караганда күнгө кактанып жатканды жактырасыз. Азыраак кыймылда болгонуңуз сиздин толуп жатканыңыздын эң негизги себеби.
Керектүүсү: Спорт менен машыгууну каалабасаңыз да физикалык күч жумшап, кара жумуштарды аткарганга аракет кылыңыз. Суусундуктарга көбүрөөк басым жасап, майлуу, куурулган тамактардан баш тартканыңыз оң. Жер-жемиштер, үй шартында даярдалган сыр, айран сиздин салмагыңыздын көбөйбөшүн көзөмөлдөп турат.
Бөйөн:
Кемчилиги: Эркектин жүрөгүнө жол ашказан аркылуу өтөт деген сөздү ураан тутуп, сүйүктүүңүзгө тамактын даамдуусун даярдагандан эринбейсиз. Албетте өз колуңуз менен жасалган тамактан баш тартуу сизге оорчулукка турат. Ошондо сиздин салмагыңыздын көбөйүшү жеке жашооңузга көз каранды деген жыйынтык чыгарсаңыз болот.
Керектүүсү: Күчүңүздү аябай кара жумуш менен көп алектениңиз. Эрктүү болуп калориясы көп тамактарга азгырылбаңыз. Ушул эки эрежени эске алсаңыз ашыкча салмакты азайтып, өзүңүз каалагандай дене-мүчөгө ээ болосуз. Баса, газдалган суусундуктарга караганда анардын ширеси ден-соолугуңузга көбүрөөк пайда алып келээрин эсиңизге салабыз.
Арстан:
Кемчилиги: Сиз эң жакшысына, эң мыктысына татыктуумун деген ойго жетеленип тамактануучу жайга киргенде менюдагы эң кымбат, майлуу тамакка басым жасайсыз. Күндүз кечке тамактын түрүн жеп, жатаарда оозуна наар албай уктаса адам арыктайт деген оюңуз жаңылыштык.
Керектүүсү: Жогорудагы жаңылыштык эрежеге жетеленбей андан көрө бир күн бою аз-аздан тамактанып, кечкисин күрүчтөн жасалган ботко, тооктун шорпосу, кургатылган нан менен өзөктү алдаганыңыз туура. Спорт менен машыгууга убакыт таппай жатсаңыз төшөк майданында темпиңизди жогорулатып "өзгөчө арыктатуучу" көнүгүүлөр менен машыксаңыз болот.
Бийкеч:
Кемчилиги: Тамакты калтырбай ичүүнү адатка айландырып алганыңыз-сиздин эң негизги катаңыз десек болчудай. "Жакшы тамак калганча жаман курсак айрылсын" деген урааныңызды таштамайын дене-мүчөңүздү оңой менен бир калыпка салып, ашыкча салмактан арыла албайсыз. Дайыма стресстин үстүндө жүргөнүңүздөн салмагыңыздын кошулганы кошулган.
Керектүүсү: Эртең менен болушунча тамактанып, күндүн калган бөлүгүндө жеңил тамактар менен чектелиңиз. Өзүңүздү бир калыпта кармап, жан-дүйнөңүздүн тынчтыгын сактаңыз. Анткени, ар бир көрүнүшкө жинденип отурсаңыз салмагыңыз гана кошулуп тим болбостон ден-соолугуңузду өз колуңуз менен талкалашыңыз мүмкүн.
Тараза:
Кемчилиги: Туздалган тамактардан баш тартпай, ар бир жеген тамагыңызга кетчуп же каймак кошуп жемейин тура албайсыз. Сизге сунушталган тамактардан баарын аз-аздан болсо да даамдап көрүп, жыйынтыгында ашказанга күч келтирип кыйналасыз. Спорт менен чындап машыккандан качып, анда-санда жөн гана башкалардын көзүнө көрүнүш үчүн спорт залга баш багып коюшуңуз мүмкүн.
Керектүүсү: Эртең менен кара нан менен айран, түштө жер-жемиштин түрү менен тамактанган пайдалуу. Кечкисин табитиңизге чек коюп, күрүчтөн жасалган суюк шорпо, кургак нан менен көк чай ичип тим болуңуз.
Чаян:
Кемчилиги: Эртеден-кечке жарытылуу тамак ичпей, болгон күчүңүздү кечки тамактан чыгармай жаман адатыңыз бар. Сэндвичти жаныңыздай көрүп бир күндө жок дегенде бирди жемейин тура албайсыз. Андан сырткары шоколад семиртээрин билсеңиз деле андан баш тартууга эркиңиз жетпейт.
Керектүүсү: Сүйгөн адамыңыз сизди арыктатуунун амалын издеп келет. Анын берген сунуштарынан баш тартпай, жардамын пайдаланыңыз. Жогорудагы саналган тамактарды азыртадан баштап менюдан чыгарып, жеңил азыктарга өткөнүңүз жакшы.
Жаачы:
Кемчиликтер: Чыгыш элинин ашканасына суктанып, тамактанууда аша чаап кеткен учурларыңыз көп. Кийин ашказаныңыз ооруп кыйналаарыңызга кайыл болуп, алдыңызга келген табакты түбүнө түшүрмөйүн жаныңыз тынбайт. Анда-санда жүрөгүңүз ооруксунган жагдайлар кездешет. Мунун баары ачуу, майлуу тамак жегендин кесепетинен келип чыгаары талашсыз.
Керектүүсү: Сиздин энергияңыз көп, ошону чеги менен пайдаланыңыз. Тамакты тоё жеп алаарыңыз менен ашказан жеңилдесин деген ойдо дароо оор жумушка киришкениңиз туура эмес. Абалыңызды ого бетер оорлотуп, ашказандын шорун катырасыз. Кандай күчтүү тамак жебеңиз артынан эч убакта суусундук ичпеңиз.
Текечер:
Кемчиликтер: Жаңы бышкан тамактын жытына бат азгырылып, таттуу токочтордон баш тартмагыңыз тозок. Спорт менен машыга баштасаңыз да аягына чыгарбай таштап салганыңыз да бат. Эгерде өзүңүздү бир калыпта алып жүрүүнү кааласаңыз диета менен эле чектелбей ар кандай көнүгүүлөрдү жасаңыз.
Керектүүсү: Эртең менен сүт азыктарын ичип, түштө жакшылап тамактанып, кечкисин кандай даамдуу тамак жасалбасын эркиңизди кармап баш тартканыңыз сиздин дене-мүчөңүз үчүн да, ашказаныңыз үчүн да туура чечим болот.
Суупери:
Кемчиликтери : Колбаса, сыр менен жасалган тамактарды жактырасыз. Куурулган тамак ден- соолукка пайда алып келбесин билсеңиз да майды чылкылдатып картошка кууруп жегенден ырахат аласыз. Бат чарчагандан улам спорт менен машыккыңыз келбейт.
Керектүүсү: Суусундуктун түрүн көп ичиңиз, кайнатма шорпонун түрү арыктаганга жакшы мүмкүнчүлүк түзөөрүн эске алып, куурулган тамакка караганда суюк тамактардын рационун көбөйтүңүз. Шорподон тажасаңыз сабиз, картошка, пияздан соус жасап жесеңиз болот.
Балык:
Кемчиликтери: Денеңиз борпоң болуп бат чарчап, көп ооруйсуз. Чайды жаныңыздай көрүп бир күн бою чай ичип жүрө берүүңүз да мүмкүн. Жеңил тамактар менен чектелип курсагыңыздын ачка болгонуна караганда дене-мүчөңүз бир калыпта жүргөнү сиз үчүн маанилүүрөөк.
Керектүүсү: Эртең менен жемиштин түрү менен жасалган экзотикалык салаттар менен тамактансаңыз болот. Өзүңүзгө көп эле чектөө коё бербей, анда-санда өзүңүздү эркелетип, көңүлүңүзгө жаккан тамакты жасап жегениңиз ашыкча болбойт.




Жылдыздар диетаны кантип кармашат?
Сиз теледен тиктеп, суктанып жүргөн айымдар деле ашыкча салмактан арыла албай, сизден кем эмес жапа чегип келишет. Алардын айрымдары арыктоонун жолдорун өздөрү ойлоп таап, башкаларга да сунуштап келишет.


Дарынын жардамы менен арыктаган Анфиса Чехова
Табиятынан толмоч келген Анфиса Чехова арыктаганын узун уламыш кылып айтып берген. Башында 71 килограмм салмакта болуп, дарынын жардамы менен 20 килограммга арыктап, бою 165 сантиметрди түзсө салмагы 52 килограмм болгон. Кийинчерээк диетологго барганга мүмкүнчүлүк түзүлгөндө анын организми дарынын кесепетинен эч кандай диетаны кабыл албай калган. Тамекини таштап, колуна эмне тийсе кайрадан жеп баштаган Анфисанын салмагы үч жуманын ичинде баягы 20 килограммды кайра толуктаган. Толуктугу үчүн өзүн-өзү жек көргөн алып баруучу стресске чалдыгып кайрадан тамеки тарта баштайт. Ден-соолугу начарлагандан начарлап отуруп акыркы үч жылдын ичинде эсин жоготуп жатып калмайы кармаган. Минтип отурса ден-соолугу бузулаарына көзү жеткен Чехова табият аны кандай кылып жаратса ошол бойдон жүрүүнү туура көрүптүр. Азыр ал эртең менен, кечкисин жер-жемиш, түштө шорпонун түрүн ичип диета кармайт экен.

Арина Шарапова "тыюу салган" жана "уруксат берген" азыктар
Алыпбаруучу Арина Шарапова кырк жаштан кийин дароо салмакты таштоону сунуштабайт. Анткени арыктаганда беттеги бырыштар алда канча көп көрүнөт. Ал эми ашказанды алыпбаруучу төмөндөгүдөй жол менен алдайт. Тамактанаар алдында бир стакан суу ичип алат, суудан кийин тамакка болгон табит бир аз да болсо солгундайт. Майлуу эт, май, балыктын этин эч качан жебейт. Андан сырткары углеводу көп (бал, картошка, банан, газдалган суусундуктар) тамактарды жегенге өзүнө-өзү тыюу салат. Ал эми баскан-турган сайын жер-жемиш, жашылчадан жасалган салаттарды, майы жок быштакты жей берет.

Таттууну жакшы көргөн Тина Канделаки
Грузиндердин ашканасын сүйгөн Тина Канделаки колуна кокус таттуу азыктар тийип калса баш тартпайт. Бирок эртеси сөзсүз диета кармап, жеген шоколадын ашыгы менен чыгарат. Денеси жаш бойдон көрүнүш үчүн ачуу туздалган тамактарга эгерим жолобойт. Эт азыктарын дээрлик жебейт. Лариса Долинадан айырмаланып спортту сүйөт. Анын пикири боюнча спорт аялзатына керектүү эң зарыл нерсе. Канделаки спортсуз жашоосун элестете албайт, анткени спорттун аркасы менен ал убагында он килограммдан ашык салмактан арылган.

Арыктоонун эң оңой ыкмасын Анна билет
Балалык чагынан муз үстүндө бийлеген Анна Семёновичтин салмагын көзөмөлдөгөндөр көп. Анна өзү да он беш жашынан бери күндөлүк ачып, кайсы тамакты жегенде толо баштаарын жазып турат. Бир айдын ичинде он эки килограммга арыктай алган Анна алкымын тыя билет. Салмагын бир калыпта кармап жүрүш үчүн эки жолду колдонот. Биринчиси, үч күн тооктун эти менен бадыраң жесе, экинчиси, үч күн катары менен алма, суудан башка эч нерсе жебейт. Семёновичтин айтымында аялзаты өзүн колго алып, сырткы келбетине кам көрмөйүн жашоосун жакшы нукка бура албайт.
А.Дүйшөналиева







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
30-март, 2010-ж.:
1-бет
Жаныбек менен Сагынбектин "акыйнеги"
2-бет
Тынай Алыбаев:
"Нуржамал Бурханованын атын укканда гана кызыктым"

3-бет
Камчыбек Сарыбаев:
"Арыктабайм, менин төрт бутум иштейт"

4-бет
Сагынбек МОМБЕКОВ:
"А. Атамбаев мага инисинин эле машинесин берген"

5-бет
Кыздар үчүн эмне гана кылышпайт...
6-бет
Жылдыз рахимдинова, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Саякаттаганга акчам ченелүү"

7-бет
Көпчүлүктүн жинине тийип, айрымдарды суктандырган цыгандар
8-бет
МЕДЕР ЖАңЫ РАДИОНУН ДИРЕКТОРУ
9-бет
"ДЖАЗ"
10-бет
Жылдыз белги боюнча арыктайбыз
11-бет
Гинекологдун кеңеши
12-бет
Аздек Намазбекова
КөЗ МОНЧОК

13-бет
Ат салышкан актёрлор
Бообек Ибраев тууралуу:

14-15-бет
Обон почта
16-бет
"Сүйлөгүм келбей калганда кетем










??.??