п»ї

  Сураңыз, жооп беребиз

Гинекологдун кеңеши
Анти-стресс медициналык борборунун гинекологу Нурмамбетовна Асел Токсонбаева жооп берет.

- Дайыма айыз келээр убакта таттуу жегим келе берет. Бир отурганда эле бир килограмм конфетти жеп коём. Бул оору эмеспи? Кыял 17.
- Кыял, демек сенин гормондук функцияң бузулган, анүчүн гормондук анализ тапшырышың керек. Ошондо гана себеби ачык билинет. Таттууну көп жеген биринчиден "кант диабетине", экинчиден ашыкча салмакка алып келээрин унутпашың керек.
- Турмушка чыкканыма эки жыл болду. Балалуу боло элекмин. Күйөөм менен катышкандан кийин эле жылуу суу менен жуунуп салам. Жуугандан улам боюма болбой жаткан жокпу? Альбина 20.
- Альбина, андан шектенсең, бир-эки жолу жуунбай деле байкап көрсөң болот. Бирок, себеби башкада эле болсо керек, эмнеси болсо да күйөөң экөөң тең медициналык текшерүүдөн өтүшүң керек. Эки жыл текшерилбей эмне кылып жүрдүңөр. А бирок, кээ бир үй-бүлө бир-эки жылдан кийин деле балалуу болуп жатышпайбы, иши кылып, шылтоону "жылуу суудан" издебей, аракет кылгыла.
- Кызым 22ге чыкты. Алигиче айызы келе элек. Доктур айтыңызчы, бир жерине суук тийдиби? Жамал 45.
- Кызыңыздын гормондук функциясы бузулуптур. Болбосо кыздардын айызы 7-8-класста эле келе баштайт. А 22 жаштагы кыз эне болууга даяр болушу керек эле. Алгач эндокринологго көрсөтүп, дарылатып көрүңүз. Жыйынтыгы сөзсүз болушу керек.
- Турмушка чыгып, нике түн өткөндөн кийин жолдошум "кыздыгың жок экен" деп урушуп мени менен жатпай жатат. Доктурга барсам "кыз эле бойдон экенсиң" деди. Кимге ишенем? Жанара 23.
- Кыздардын дээрлик 10 пайызынын "кыздык" белгиси чоюлчаак болот. Чоюлчаак кыздык эч убакта канабайт. Эгер жолдошуң ишенбей жатса, сени менен гинекологго кошо кирип, кеңеш алсын. Гинеколог баарын түшүндүрүп, сенин "кыздыгыңды" көрсөтүп берет.
- Айызым келген учурда үч күн төшөктөн турбай калам. Ичим ооруганда "анальгин" ичсем айыгып калат. Дары ичип айыккан адатка айланса, коркунучтуу эмеспи? Кайыр 22.
- Мурда кыз-келиндердин 20 пайызы этек кири келген учурда ичи, бели ооруса, учурда көпчүлүк эле аялзаты бул азапты тартып жатышат. Мындай учурда "Кетанол", "Ношпа" же болбосо "Анальгин" ичсе боло берет. Мунун эч кандай зыяны жок. Болгону бутту анан ичти жылуу алып жүрүш керек.
- Акыркы күндөрү апамдын "аягынан" кан токтобой акчу болду? Өзү 50 жашта. Доктурга барбай жатат. Айтыңызчы, үй шартында бул ооруну чөп дарылар менен айыктырып алса болобу? Айназик 18.
- Айназик, апаңа чалкандан (кропива) кайнатып, күнүнө 3-4 маал 200 граммдан тундуруп берип тур. Апаңдын жатынына эт өсүп кетсе керек. Муну киста деп коет. А эң жакшысы доктурга эле барсаңар болмок. Болбосо өтүшүп кетсе, кан азайып кетиши мүмкүн. Бул оору сенин апаңдагыдай курактагы аялдарда көп кездешет.
- Айызым келээр убакта бетиме безетки жайнап кетет. Чыкпаш үчүн эмне кылсам болот? Назира 19.
- Этек кир келээрде бетке безетки чыккан нормалдуу көрүнүш. Анын зыяны деле жок. Болгону сыкпашың керек, микроб кирип кетсе азабын андан бетер тартасың. Ошондой эле таттуу, майлуу жана куурулган тамактарды жегенден алыс бол.
- Доктур айткандай айызым бүтөөр замат бойго болтуруучу дарыларды иче баштадым. Бирок, арасында унутуп 3-4 жолу ичпей калган учурлар болду. Боюма болбой калышы мүмкүнбү? Айзирек 22.
- Боюңа болбой калышы толук мүмкүн. Доктур жазып берген дарыны убактысынан кечиктирбей ичиш керек. Кайрадан ошол көрүнгөн доктуруңа барып, толук консультация алып, дарыны башынан ичип башта.
- Күйөөм менен катышкандан кийин ичим ооруп турбай калам. Айтыңызчы, бул кандай оору? Эмне кылып айыксам болот? Салтанат 24.
- Салтанат, сага суук тийген. Дайыма бутуңду, ичиңди жылуу алып жүргөнгө аракет кыл. Эмнеси болсо да доктурга барып анализ тапшырышың керек.



Урологдун кеңеши
Тынара Токсонбаева,
Анти-стресс медициналык
борборунун урологу жооп берет.

- Капустадан тамак жей койсом эле катнашканда алсыз болуп калгандай сезиле берет. Нурбек 23.
- Капустанын ар кандай түрүн жей берүүгө болот. Туздалган, сууга бышырылган капусталарды жей бер. Бирок, мөөнөтүнөн өтүп кеткен капустаны колдонууга болбойт. Анткени ал, ар кандай ооруларды чакыруучу вирустарды алып жүрөт. Ошондуктан дайыма таза гана жер-жемишти колдон. Ал эми сенин жыныстык жактан алсыз болуп калганыңдын себеби капустадан деле эмес. Сен "капустадан" деп мээңе куюп алгансың. Эмнеси болсо да медициналык текшерүүдөн өт. Эгерде чындап эле өзүң айткандай капустадан болсо, тамак-аштын рецебин түзүп берсе болот. Албетте, рецепте капустанын курамы жок болот.
- Эротикалык кинолорду көргөндө "алигим" туруп калып, чыңалып оорутат. Доктурга баргандан уялам. Өзүм эле айыктырып алсам болобу? Же андай кинолорду көрбөшүм керекпи? Айбек 18.
- Бул нормалдуу эле көрүнүш. Бул нерсеге эркектин "алигиси" күчтүү жана алсыз реакция жүргүзөт. Сеникинен күчтүү реакция жүрүп кетсе керек. Мындай учурларда тынчтандыруучу чайлардан ич. Ромашканын, шалфей чөптөрүнүн тундурмасы да жакшы жардам берет. Даярдоо ыкмасы да жөнөкөй: 1 чай кашык кургатылган ромашканы 200 грамм сууга кайнатып алып, муздагандан кийин күнүнө үч маалдан ичип турсаң болот. Ал эми эротикалык кинолорду көргөнгө тыюу салууга болбойт. Болгону анда-санда көр. Болбой эле күнүгө көрө берсең эрте эле алигиң турбай калышы мүмкүн.
- Аялым менен жатканда абдан кыйналам. Башкача айтканда көпкө чейин түшүрө албайм. Эмне кылыш керек? Давлет 24.
- Давлет, сенин табарсыгыңа суук тийген. Ошон үчүн көпкө түшүрө албай жатасың. Кээ бирлер үйүнөн эле койдун майын сүйкөп алып жатышпайбы. Бул туура эмес. Сөзсүз доктурга көрүнүп, керектүү дары жаздырып ал. Дарыланып жатканда жылуу жүр. Дагы бир айтчу жагдай: Эч качан "жыныстык катнаш" учурунда "түшпөй кыйналам го", "Бүгүн кандай болоор экен" деген сыяктуу кыжаалат ойлордон алыс бол.
- Жарым жылаңач кыздарды көрсөм эле суюктук агып кетет. Акыркы күндөрү абдан уялчу болдум. Эмне кылышым керек? Азамат 18.
- Азамат, сеники нормалдуу реакция. Бул оору эмес, кооптонбой эле койсоң болот. Эркек жетилүү стадиясында мындай нерсе башынан көп эле өтөт. Ошентсе да көп эле аларды карап анан ойлоно бербей, андан көрө өзүңө керектүү нерселерди, мисалы, келечектеги пландарың тууралуу ойлон.
- Алигим акыркы учурда көп турбай калды. Табарсыгым да көп ооручу болду. Суук тийгенден эмеспи? Марат 20.
- Айтымыңа караганда сеники цистит оорусу. Куурулган тамактарды азыраак жегенге аракет кылып, суюк тамактарды, чөптөрдүн тундурмаларын көп ич. Чөптү 1 литр сууга кайнатып алып, 250 граммдан күнүнө 4 маал ичип турсаң да жакшы жардамын берет. Эгер анда да болбосо, доктурга келип, заара (мача) тапшырышың керек.
- Менин алигим чала кесилип калган. Кыздарга барганда абдан кыйналам. Анан дагы бат эле жыттанып кетет? Жамалдин 23.
- Албетте, чала кесилгенде гигиеналык жактан кир болот. Шарыят боюнча кестирип жүрүшпөйбү, медицинада кесиш керек. Анткени "заара чыгуучу жерге" микробдор (смегма) толуп калып ар кандай урологиялык ооруларга алып келет. Жамалдин, сен уялбай доктурга барып, кайра толугураак кестирип койсоң жакшы болмок. Кыздарга барганда кыйналып жатканың да чала кесилгенден улам экенин өзүң деле билет турбайсыңбы.
- Менин алигимдин узундугу 19 см. Кызым менен жашап жүрөм. Бирок, ар бир катнаштан кийин эле кызым төшөктөн турбай калат. Ал менен болгондон да коркуп калдым. Бул нормалдуу эле көрүнүшпү? Эркин 23.
- Эркин, сеники орточо узундукка кирет. Кызыңдын жаткандан кийин төшөктөн турбай калганынын ар кандай себептери бар. Эгерде кызыңдын жатыны (маткасы) өтө кичинекей болсо, жатынын айрып кетиши мүмкүн. Ошондуктан, төшөктүн ыкмаларын көбүрөөк билип, ыңгайлуурагын тандап алганыңар дурус.




  шырмаек

"Менин принцибим - акча бербөө жана албоо"
"Министрдин кызынын махабаты", "Дудук кыз" жана "Кандуу сүйүү" кинолорунда роль жаратып, оозго алына баштаган айым Ырыс Жоомартова бизде мейманда.

Жоомартова Ырыс:
- Ырыс эже, кесибиңиз актрисабы?
- Жок. Мугалиммин. Кыргыз Мамлекеттик Университетинде "Психологиядан" сабак берем. Учурда "Өспүрүмдөрдүн компьютердик көз карандылыгы" тууралуу диссертация жазып жатам. Буюрса, Москвадан барып жактап келем. Андан сырткары жеке бизнес менен алектенем. Тигүү цехин, эки күрөөкана, чач тарач жана "Дордой" базарында эки контейнер иштетип жатам. Ошондой эле курбу кызым экөөбүз "Жажда" деген долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Аталган долбоор булактын суусунун дарычылыгы, пайдасы тууралуу маалымат берип, иш алпарат.
- Кыялыңызда актриса болгуңуз келчү го?
- Туура айттыңыз. "Министрдин кызынын махабаты" киносу тартыла турганын угуп, режиссер Рустам Аташовго барып, роль аткаргым келип жатканын ачык эле айттым. Ал да дароо эле "министрдин аялынын ролун ойноңуз" деп калды. Кино эфирге чыгабы, чыкпайбы деп күмөн санап жатып тартылган элем, болбосо персонажымды ийине жеткире аткарып бермекмин.
- "Министрдин кызынын махабаты" тасмасынан кийин эле "Дудук кыздан" көрүп калдык.
- Ооба. "Министрдин кызынын махабатынан " кийин кино тартууга өзүм да кызыга баштадым. Өзүм "Ырыс" деген киностудия ачып, тушоосун "Дудук кыз" тасмасы менен кестик. А "Дудук кызда" өзүмдүн ролумду ишенүү менен жакшы аткардым деп ойлойм.
- Студияңызда канча адам эмгектенет?
- Чолпон деген администратор кызым дайыма иштейт. А актерлорду кино тартаар маалда кароо-сынактан тандап алабыз. Жакында "Жалгыз турна" деген кино тартканы турабыз. Негизги тема кыз ала качуу болот. Бирок, "Боз салкындагы" Асемадай болуп кыз отуруп калбайт. Тескерисинче, барган жеринен кайтып кетет.
- "Дудук кыз" демекчи, тасмадагы дудук кыз Мээримдикиндей тагдыр сизге туш келип калса эмне кылмак элеңиз?
- Андай тагдыр туш болбой эле койсун. Кудай кечиримдүү адамды сүйөт.Мээримдин ордунда өзүм болуп калсам, мен да энемди кечирмекмин. Жаштык-мастык кезде кыйналып, ары жагын ойлобой таштап кетиши мүмкүн. Эне - баары бир ыйык.
- "Аял үйдүн куту" деп коет эмеспи. Үйдө кандай кожойкесиз?
- Менин сыртта ишим көп болгондуктан үй-жумушуна чолоом такыр тийбейт. А бирок балдарымды тарбиялоого чоң маани берем. Бир кыз, бир уулум бар. Кызым жетинчи класста окуйт. Кызым сабактан келгенден кийин тигүү цехине барып көйнөктөрдү ирээттеп, салыштырат. Мен аны акчанын тартыштыгынан иштетип жаткан жерим жок. Болгону жумушка бышсын деп жатам. Цехтеги айылдан келген кыздар, балдар менен аралашып, турмуштун ачуу-таттуусун ажырата билсин дейм.
- Иш деп жүрүп эс алганга убакыт жетеби?
- Жайкысын жайлоого барып 10-12 күн бээнин сүтүн ичип, андан соң Ысык-Көлгө 3 күнгө барып күнгө күйүп келем. Жайы-кышы мончого барганды үзбөйм. Шар аккан суунун жанында отурсам да көңүлүм жайланып, көп идеялар келет.
- Өзүңүзгө жаккан жана жакпаган сапаттарыңыз кайсы?
- Жаккан сапатым- сөзүмө турам, жумуштарымды тез бүтүрөм, оюма бир нерсе кылт этсе аны аткарыш үчүн тобокелчиликке баргандан коркпойм. Жакпаган сапатым- ак көңүлмүн.
- Жашоо принцибиңиз ?
- Бирөөгө акча бербөө жана албоо - деген принцип менен жашайм.

Төлөбүбү Касымалиева






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
30-март, 2010-ж.:
1-бет
Жаныбек менен Сагынбектин "акыйнеги"
2-бет
Тынай Алыбаев:
"Нуржамал Бурханованын атын укканда гана кызыктым"

3-бет
Камчыбек Сарыбаев:
"Арыктабайм, менин төрт бутум иштейт"

4-бет
Сагынбек МОМБЕКОВ:
"А. Атамбаев мага инисинин эле машинесин берген"

5-бет
Кыздар үчүн эмне гана кылышпайт...
6-бет
Жылдыз рахимдинова, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Саякаттаганга акчам ченелүү"

7-бет
Көпчүлүктүн жинине тийип, айрымдарды суктандырган цыгандар
8-бет
МЕДЕР ЖАңЫ РАДИОНУН ДИРЕКТОРУ
9-бет
"ДЖАЗ"
10-бет
Жылдыз белги боюнча арыктайбыз
11-бет
Гинекологдун кеңеши
12-бет
Аздек Намазбекова
КөЗ МОНЧОК

13-бет
Ат салышкан актёрлор
Бообек Ибраев тууралуу:

14-15-бет
Обон почта
16-бет
"Сүйлөгүм келбей калганда кетем










??.??