Аздек Намазбекова
Көз мончок
(Башталышы өткөн сандарда)
Айрылыш жолдо
Адамды бир көрүп эле мүнөздөмө бериш кыйын го. Ошентсе да төрт сааттай чогуу олтурган убакыт аралыгында Султан мага оюн түз айткан шар, өткүр, ачык-айрым адамдай ой калтырды. Сөзүңдү бөлбөй кунт коюп уга, сыйлай билген жигит экен. Биздин алдыбызда эмне бар-жок экенин илгиртпей байкап, салаттан толуктап салып бере калып, "алыңыз, ичиңиз" деп эпилдеп отурду. Таңсулуунун да үстүнө үйрүлүп түшүп, ал сүйлөсө көзүнөн-көзүн албай суктана тиктеп, анда-санда кыздын колдорун кармалап коюп олтурганына ичим жылып, чындап жакшы көрөөрүнө ынангансып калдым. Таңсулуу да жанында жаркылдап-жайнап экөө жарашып калышат экен. Ыгын келтирип сөз арасында Султандын үй-бүлөсү, иштеген иши жөнүндө сурап биле алдым. Көңүлүм жайлангансып калды.
- Жакшы эле алды-артымды карап, абайлап баскан жигит элем, сиңдиңиз акылдуу, ашыкча айлакер кыз экен, кантип жайган тузагына түшүп калганымды билбей калдым. Жүрөгүмдүн эшиги брондолгон каалгадай бекем, анча-мынча кыздар ачып кире албайт деп жүрсө-өм, Сулушка эбакта эле ал жакта ээлик кылып алыптыр да,- десе, Таңсулуу эркелей таарынымыш этип койсо каткырып күлүп: - Койдум, койдум…тескерисинче, мен жарым жылдан бери артынан калбай чуркап, колун сурап макул кыла албай кыйналып жүрөм. Эми өзүңүз жардамга келбесеңиз болбойт. Менин да бактым тоодой жан экенмин ээ, досумдун досу болуп калганыңызды карачы! Коркпой калдым,- тамашалап Сулууну чычалатып, бизди да күлкүгө бөлөдү.
Алар бийге турушканда гана Дастан мага жакындай отуруп, менин жүзүмөн бир нерсе окучудай бөтөнчө жалооруган көз караш менен тигиле тиктеп сөз баштады:
- Кана достум, айтчы, эртеден бери көңүлүңдү алагды кылып ким эле чалып жатат? Же мен биле элек бирөө-жарым барбы? Өзүң жөнүндө сүйлөп берчи. Мен сен жөнүндө ойлоп, дайыныңды билейин деп беш-алты жолу кат жөнөтүп жооп ала албаган соң, көңүлү жок адамга көп эле асылып, кыйнай бербейин деп тим болуп калгам. Бирок, андан бери канча жыл өтсө деле оюмда жүрдүң. Сени кантип унутайын. Деги кай жерде жүрсө да бактылуу болсо экен деп тилек кылчумун. Сени менен бир көрүшсө-өм деген оюм ойдо жок жерден орундалганына ишене албай отурам. Сен экөөбүздү табыштырган Султан менен Сулууга ырахмат.
Ишенесиңби, телефондон уккан үндү эч унута албай үч күн кадимкидей кыйналдым. Эмне болуп жатасың деп өзүмдү-өзүм сөгүп алган да учурум болду. Өкүртө ичтим-унута албадым. Ошол үндүн ээсин көрбөсөм жаным жай албасын түшүнгөндө Султанга "мен кызыңдын эжесин бир көрүшүм керек" дедим. Көрдүңбү, менин көңүлүм жөн оолукпаптыр да. Көрсө ал сен турбайсыңбы. Мындан ары ички туюмума эми мен ишеним менен мамиле кылам.
- Жакшы сөздөрүңө ыраазымын. Бирок мага таарынбай деле койсоң болот, анткени "тигил жактан" жазган каттарыңдын бирөөсү да колума тийген жок. Орто жолдон жоготуп жибердик деп жооп айтышкан.
- Аа…мен болсо жок дегенде бир ооз сөз жазып койбойбу деп жүрсөм, эми түшүнүктүү…
- Мен сенин ошондой ойдо калганыңды түшүнүп кыжаалат болуп жүрдүм. "Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт" деген кептин төгүн жерден чыкпаганына эми экөөбүз тең ишендик го. Болбосо биздин жолдор минтип биригип калат деп ким ойлоптур ээ. Сенин ачык кабагыңды, каткырык күлкүңдү угуп мен да кубанып турам.
Менде азыр баары оюмдагыдай. Сен бир кезде айткандай оор күндөрүм бир көргөн жаман түштөй артта калды. Азыр мен…мен азыр бактылуумун. (Мен ошол мүнөттөрдө өзүмдүн бактылуу экенимди сезип туйдум…Бакытты ар ким ар кандай кабылдайт эмеспи. Мен үчүн бактылуу болуу - ата-эне, ага-тууганымдын амандыгы, сүймөнчүк кызымдын күндө уккан күлкүсү, менден кол үзбөй колдоо көрсөткөн дос-курбуларымдын бар экендиги жана…жана эң негизгиси жакын адамымдын сүйүүсү эле!) Менин ал жөнүндө ойлоп койгонумду сезгендей Сүйүндүк кайра чалып калды. Эртеден бери улам-улам чалып "Көпкө отурдуңар го? Алып кетейинби? Келе берейин, сыртта күтүп турам да" деп жаткан эле. Дастан аны байкап сурап жатпайбы. Мен Сүйүндүккө "Азыр он беш, жыйырма мүнөттө чыгып калабыз. Балким убара болуп келбей эле коёттурсуң, жеткизишээр, такси деле толтура" дегениме көнгөн жок. "Мейлиң, күтсөң күтүп ал" дедим.
- Ооба, ооба, туура эле түшүндүң,- дедим жылмая күлүп менин телефон менен сүйлөшкөнүмө эрксизден күбө болуп, унчукпай суроолуу карап олтурган Дастанга. - Сен айткандай бирөө-жарымым бар болуп калган.
Мен өзүм тууралуу кыскача айтып бердим. Өзү тууралуу да уктум. Көлдө иштеп, бул жакка анда-санда келип -кетип тураарын, Султан менен көп жылдан бери жакын тааныштардан экенин билдим. Экөөбүздүн тең көңүлүбүз көтөрүлүп, сүйлөшүп отурдук.
Кайталы десек эки жаш кыйылып араң чыгышты. Ойлоруна койсо кете турган түрлөрү жок. Сыртка чыгып жолдун аркы өйүзүндө машинасына жөлөнүп турган Сүйүндүккө карай шашылдым.
- Мен сени эмне кылайын,ыя?- кызганганын жашыра албай жүзү томсоруп, кайра кара күчкө күлүмүш этип: - Кандай эле мени убара болбо деп калды десе? Ошо-о жүрөгүм сезди…Үчөөбүз эмес мен да түгөйүм менен олтурам дебейт белең? Ай, ай Таңсулуу, эжеңе жаңы жезде таап берейин дедиң беле? Мен эжеңди эч кимге бербейм!- десе Таңсулуу да тим калбай кашын кага, мага көзүн кысып:
- Сиз ары же бери боло албай жүрсөңүз тааныштырам да анан. Байкаңыз…-деди эле мен акырын чымчып, тыйып койдум.
- Мына, мына, угуп жатасыңбы, Аздек, мен ушуну укмакмын. Болду эртең алып кетем…
Сүйүндүк туталанып, кадимкидей чычалап кетти. Сүйлөбөй да калды. Таңсулууну жолдон үйүнө калтырып, меникине жөнөдүк. Жолду катар "Көңүлүн оорутуп алдым, Дастандын да сааттай болуп коштошоордо кучактап бетимден өпкөнүн карасаң" деп күнөөмдү кантип жууп-чаярымды билбей кыйпычыктап бараттым. Ал да үн-сөзү жок түнөрүп, үйгө жеткенде гана:
- Аздек, мага эле оңой дейсиңби?! Ишенсең ичим күйүп, түтөп турам. Тиги киши "кармабайм, көңүлүң каалаган жагыңа кете бер" дегени менен ыйлап калды. Убагында ал мага көп жакшылык жасаганын айттым эле го. Али эч нерсени түшүнө элек балдарым мени жумушка жөнөткөнсүп кол булгалап калгандары дале көз алдымда турат. Мен ошонун баарын сен үчүн, сен деп кыйып баса бердим го. Мага ушул тандоо оңойго турбаганын сен деле түшүнсөң керек. Мен сени кыйнабайм. Же сен мени мурдагыдай сүйбөйсүңбү? Андай болсо мен сени түшүнүүгө аракет кылам. "Бул кайра…" деп мага ишенбей коркуп тургандырсың. Эгер ошондой ойдо болсоң, анда жаңылышасың. Мен Кымбат экөөңдү эми эч качан таштабайм, ыйлатпайм. Бирок, балдарыма каралашып, алардан кол үзбөөрүмдү билишиң керек. Эмне оюң бар экенин мага ачык айтчы, мен билишим керек. Дагы ойлон, бирок көпкө эмес, -деп бетимен муздак өөп коштошту.
ххх
Жүрөктүн ишине эч ким кеңеш бере албайт экен. "Өзүң бил, өзүңө кара" дешет баары эле. Эмне кылсам? Кайсы жолду тандасам адашпайм? Бөтөн эл, бөтөн жерде күйөөм көчөдө калганда карап, багып, киши катарына кошуп, балдарды төрөп берген бөлөк аялдын, жазыгы жок балдарынын көз жашынан кызым экөөбүз кайра бакыт кура алабызбы деп жүрөкзаада болуп турдум.