п»ї
 Таанышуу жарыясы


Ат салышкан актёрлор
Бообек Ибраев тууралуу:
Б. Ибраев Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Чоң-Кызыл-Суу айылында төрөлгөн. Болочок режиссёр бала кезинен көркөм өнөргө дилгир болуп өскөн. Ташкенттеги театр жана сүрөтчүлүк институтунун режиссёрлук факультетин бүтүргөн. "Жамийла", "Кызыл жоолук жалжалым", "Курманбек", "Абийир кечирбейт", "Ажал ордуна", "Алтын кыз", "Ай тутулган түндө" ж.б. көптөгөн мыкты спектаклдерди сахналаштырган. Бообек агабыз режиссёр гана болбостон, артисттерди мыкты тарбиялай билген кылдат режиссёр-педагог катары кыргыз академиялык театралдык орто окуу жайында актёрлор студиясын жетектеп келген. Б.Ибраевдин көзү тирүү болгондо быйыл 75 жашка чыкмак.

Кыргыз элинин белгилүү режиссёру, Кыргыз режиссурасынын ветераны, КРнын эл артисти, М.Рыскулов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын режиссёр-коюучусу Бообек Ибраевдин жаркын элесине арналган спорт мелдеши өткөрүлдү. Мелдеш 25-март күнү Чуйков атындагы театралдык окуу жайында болуп өттү.

Т. Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору Кыргызбай Осмонов:
- Кыргызбай агай, бул спорттук мелдеш биринчи саамалыгыңыздар турбайбы?
- Ооба. Өзүң көрүп тургандай, шахмат жана волейбол боюнча спорттук мелдеш өткөрдүк. Театрдын белдүү эл артисттери баш болгон бир команда, "Дем" театрынын актёрлору катышкан бир команда жана театралдык окуу жайынын №1, №2 эки командалары волейбол ойношту. Кыргызстан боюнча бардык театрлар жана искусство окуу жайларынын студенттеринен турган курама командалар катышты. Кудай буюрса, мындан ары жыл сайын өткөрүп турабыз. Мындан сырткары Бообек Ибраевичке арналган мыкты спектаклдер фестивалы да өткөрүлүп турмакчы.
- Бул кимдин демилгеси?
- Бул иш-чараны уюштурган биздин театрдын жамааты, администрациясы, ошондой эле профсоюз комитети болду. Дүйшөн Байдөбөтов баш болгон актерлор муну колдодук.
- Мелдешти өткөрүүнүн негизги максаты эмнеде?
- Иш чаранын келечеги жакшы. Негизги максаты жаңы чыгып келе жаткан жаш режиссёрлорго, жаш актёрлорго стимул берүү. Анткени биздин жаш муундар Бообек Ибраевичти билишпейт. Ошон үчүн улуу инсаныбыз кыргыз элине кандай залкар иштерди кылганын келечек муун билиш керек.
Быйыл спорттун эки түрү менен чектелсек, эмки жылдан баштап төрт түрү (Волейбол, шахмат, бильярд жана үстөл үстүндөгү теннис) боюнча өткөрүлөт.




Күч атасын тааныбайт
Эркек менен теңтайлашкан айымдар
"Спорт" десе эле көз алдыбызга эр азаматтар элестейт. Спорт дүйнөсүндө эркектер гана байгелерди багынтпастан, чүрөктөр да алардан кем калышпай, мыкты ийгиликтерди жаратып жатканын унутпашыбыз керек. Сиздерге физикалык жактан спорттун оор түрү менен машыгып, ийгиликтерди жараткан айымдар тууралуу маалымдайбыз.


Сумонун салмактуусу
Сумо боюнча Россиянын 7 жолку, Европанын 9 жолку, дүйнөнүн 6 жолку чемпиону Анна Жигалова 6 жашынан баштап спорт менен машыга баштаган. 2004-жылдан баштап спорттун сумо түрү менен машыгуусун баштаган. Учурда дүйнө жүзүнүн көрүнүктүү сумоист айымы. Мындан бир жыл мурун турмушка чыкса дагы өзүнүн жүрөгүнө жакын болгон сумону такыр таштабаарын айтты. Ал эми салмагы тууралуу сөз болгондо, эч кимге айтпайт.


Гол киргизген Миа Хэмм
Футбол дүйнөсүнө Миа Хэмм деген ат менен белгилүү болгон Мариэль Маргарет Гарсияпарра айым да футболдо бир канча эрдиктерди жаратып келет. Миа 15 жашынан тартып АКШнын Алабама штатындагы футбол боюнча аялдардын курама командасына кирип ойной баштаган. Миа АКШнын аялдарынын улуттук футбол командасында чабуулчу. Эл аралык мелдештерде эң көп голду мыкты чабуулчу Миа гана киргизген. Учурда эң бай жашаган 125 футболисттин катарына кирет. Хэм спортту гана эмес, чыгармачылыкты да өтө баалаган адам. Ал "Максатка карай" ("Иди к цели") китебинин автору. Жазгандан тышкары актрисалык да жайы бар. Учурда өзү ачкан "Кескин кездешүүчү кан оорулары" боюнча фонд ачып, ооруган адамдарга бекер жардам көрсөтүп иштеп жатат.


Эң мыкты боксёр айым
Бокс боюнча аялдардын эл аралык федерациясы 2009-жылдын профессионалдуу бокстун эң мыкты боксёр-айымы деп Россиялык Наталья Рагозина айымды тандашты. Наталья профессионалдуу бокста утулуу эмне экенин билбейт. Буга чейин 22 жолу жеңсе, атаандаш кыздарын 13 жолу накаутка чапкан. Ал 76,2 кг. салмактагы бокс боюнча дүйнөнүн чемпиону. Былтыркы жылы 3 жолку мелдеште тең жеңишке ээ болгон. Акыркы күрөшүүсүндө да WIBF бокс федерациясынын "Дүйнө чемпиону" титулуна ээ болду.


Эрежесиз күрөштүн ханышасы
Эрежесиз күрөш боюнча дүйнөнүн бир гана чемпиону Юля Березикова. Анын арсеналында Джиу-джитсу, самбо күрөшү жана бокстун техникалары камтылган. Булардын ыкмаларын мыкты билет. Спорттон тышкары илим-билимге да көп маани берет. Мамлекеттик кызмат Академиясын бүтүргөн. Жакында болсо Лесгафт атындагы институтту бүтүргөнү турат. "Атамдар Чита облусунда жашагандыктан менин эрежесиз күрөшкө чыгып жатканымды билишпейт. Канчалык аз билсе - ошончолук жакшы уктайт дегендей. Көп эле күрөшкө чыктым, бирок, бир да жолу мурдумду сындыра элекмин. Атам башынан эле мени колдоп, ар кандай мелдештерге жиберчү. Азыр сүйлөшүп жүргөн жигитим менен бирге китеп жазып жатам. Жигитим да эрежесиз күрөшкө чыгып жүрөт" - дейт Юля. Учурда Санкт-Петербургда жашайт.


27 алтын медалы бар каноист айым
"Мисс Фишер" деген ат менен дүйнө жүзүнө белгилүү болгон Бриджет Шмидт-Фишер Германия республикасынын спортсменкасы, эң мыкты каноист айымы. Бриджет айымдын спорттук карьерасынын тарыхында бардыгы болуп 37 медалы болсо, алардын 27 алтын медалын дүйнөлүк чемпионаттардан алган. Турмушка чыгып, экинчи уулун төрөгөндө дагы спортту таштабастан, тырышып жеңиштерди багынткан. Акыркы жолу 2005-жылы Дүйнөлүк Чемпионатта 2 алтын медалды катарынан тагынган.


100 тонна темир көтөргөн кыз
69 килограмм салмактагы дүйнөнүн жана Европанын оор атлетика боюнча чемпиону Оксана Сливенко гимнастикадан штанг көтөрүүгө чейин жеткен. "Мен штанг көтөрүүгө эмес, ар кандай мелдештерге барганды жактыргандыктан оор атлетикага келгем" - дейт Оксана. Азырынча жигит тууралуу ойлоого убактысы жок. Оксана айым жумасына 100 тоннадан кем эмес "темир" көтөрөт.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
30-март, 2010-ж.:
1-бет
Жаныбек менен Сагынбектин "акыйнеги"
2-бет
Тынай Алыбаев:
"Нуржамал Бурханованын атын укканда гана кызыктым"

3-бет
Камчыбек Сарыбаев:
"Арыктабайм, менин төрт бутум иштейт"

4-бет
Сагынбек МОМБЕКОВ:
"А. Атамбаев мага инисинин эле машинесин берген"

5-бет
Кыздар үчүн эмне гана кылышпайт...
6-бет
Жылдыз рахимдинова, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Саякаттаганга акчам ченелүү"

7-бет
Көпчүлүктүн жинине тийип, айрымдарды суктандырган цыгандар
8-бет
МЕДЕР ЖАңЫ РАДИОНУН ДИРЕКТОРУ
9-бет
"ДЖАЗ"
10-бет
Жылдыз белги боюнча арыктайбыз
11-бет
Гинекологдун кеңеши
12-бет
Аздек Намазбекова
КөЗ МОНЧОК

13-бет
Ат салышкан актёрлор
Бообек Ибраев тууралуу:

14-15-бет
Обон почта
16-бет
"Сүйлөгүм келбей калганда кетем










??.??