НБТ телеканалынын "Музканал" берүүсүнүн алыпбаруучусу Аскат Алдашев менен маек
Аскат Алдашев,
телеалыпбаруучу, ди-джей:
"Сүйлөгүм келбей калганда кетем"
- Аскат, өзүңдү тааныштырып кетсең?
- 1988-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көк-Сай айылында төрөлгөм. Бишкектеги Финансылык техникумдун "Салык жана салык салуу" факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөм. 2008-жылдан бери Президенттин алдындагы башкаруу академиясында "Бухгалтердик учёт, анализ жана аудит" факультетинде сырттан окуп жатам.
- Жалаң эсеп-кысапка байланышкан кесиптерди тандап алыптырсың, журналистикага кандайча келип жүрөсүң?
- Эсеп-кысапты тандаганым менен чыгармачылыкка абдан жакын адаммын. Журналисттик кесибимдин башатын радиодон баштагам. Ал эми "Музканалда" эмгектенип жатканыма жарым жылдай болуп калды. Биринчи орунда окуган кесибим эмес, учурда эмгектенип жаткан ишим турат.
- Радио менен теленин кандай оорчулугу бар?
- Кээ бирлер "Силердики жыргал, сүйлөп коюп кетип каласыңар" дегендери менен, радионун да, теленин да өзүнчө түйшүгү бар. "Айткан сөз - атылган ок" дегендей, сүйлөп жатып бир жерден жаңылсаң эле бардыгы бузулат. Радиодон камеранын алдында сүрдөгөндөй сүрдөбөй, ээн-эркин сүйлөйсүң. "Музканалга" жаңы келгенде камераны эле карай берчүмүн. Бир жолу келген конокко суроо берип жатып камераны карай берип уят болгом. Бара-бара ал кемчилигимди да жоюп алдым. Азыр камеранын алдында өзүмдүн үйүмдө отургандай эле отура берем.
- Алдыда дагы кандай пландарың бар?
- Пландарым абдан көп. Бирок, убакыт менен акча жетпей жатат. Бардыгы эле "үнүң жакшы экен ырдабайсыңбы?" дегендеринен ырдасамбы деп да ойлонуп жатам. Анан радио толкундарынан жана теледен ошончо эл угуп, көрүп жаткандан кийин, сүйлөө техникасы жана вокал боюнча сабак алсам деген пландарым бар. Алган дипломдорумду да катып койбойм. Сүйлөгүм келбей калганда дипломдорумду сандыктан алып чыгып, чаңын сүртүп, алган кесибим боюнча иштейм.
- Бош убактыңда эмне кылганды жактырасың?
- Сөз байлыгымды өстүрүш үчүн көркөм адабий чыгармаларды көп окуйм. Жусуп Турусбеков атындагы китепканага көп барам.
- Спортко кандайсың?
- Атайын убактымды бөлүп спорт залга барып машыкпасам дагы, турникке тартынып, керилип-чоюлуп турам. Үйүм мектептин жанында болгондуктан, мектептин турнигине күнүгө бир жолу тартынып келбесем башкача боло берем. Жалкоом кармабай калганда эртең менен эрте туруп мектептин спорт аянтчасын эки жолу айланып чуркап келем.
- Башка улуттун кызын жактырып калсаң эмне кылмак элең?
- Андайдан кудай сактасын! Жүрөгүм бош эмес. Сүйлөшкөн кызым бар. Экөөбүз бир айылдан болобуз. Бирок, шаарга келгичекти таанычу эмесмин. Интернеттен таанышканбыз. Жарым жылдан бери эркин баса албай жүрөм. (тамаша)

Төлөбүбү Касымалиева